Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-ноябры № 634
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2011-жылдын 2-мартындагы
№ 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттѳр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртуү киргизүү тууралуу
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүнде" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөту
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмѳттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
"Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы" позициянын "Өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнун төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |