ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтунүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 634 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттѳр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» токтомуна өзгөртуү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 12-февралы № 55

редакциясына ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-ноябры № 634

Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2011-жылдын 2-мартындагы

№ 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттѳр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртуү киргизүү тууралуу

 

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүнде" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөту

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмѳттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:

"Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясы" позициянын "Өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнун төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев