Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-ноябры № 635
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде улгайган жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө
Улгайган жарандарды социалдык коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө аталган адамдарга көрсөтүлүүчү кызматтарга коюлган талаптарды аныктоо максатында, "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде улгайган жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде улгайган жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыздасын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
1. Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде улгайган жарандарга көрсөтүлүүчү бул социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары (мындан ары - социалдык стандарттар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул социалдык стандарттар күндүз болуу шартында улгайган жарандарга тиешелүү социалдык кызматтарды көрсөткөн жарым-жартылай стационардык уюмдарга жана социалдык тейлөө мекемелерине (мындан ары - социалдык тейлөө борборлору) таркалат жана социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибине, шартына жана сапатына карата талаптарды белгилейт.
3. Турмуштук оор жагдайда калган, өзүн тейлөөгө жана өз алдынча басууга жөндөмдүү улгайган жарандар (63 жаштагы жана андан улуу эркектер, 58 жаштагы жана андан улуу аялдар) социалдык кызматтардын керектөөчүлөрү (мындан ары - кызмат көрсөтүүнү алуучулар) болуп эсептелет.
2. Социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары
4. Социалдык тейлөө борборлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинде каралган социалдык кызматтарды көрсөтөт.
5. Социалдык тейлөө борборлорунда социалдык кызматтарды көрсөтүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) кызмат көрсөтүүнү алуучунун социалдык тейлөө борборуна кайрылуусу;
2) кызмат көрсөтүүнү алуучуну социалдык тейлөө борборунда кабыл алуу;
3) социалдык кызматтарды көрсөтүү.
6. Социалдык тейлөө борборуна кабыл алуу тартиби жөнүндө маалымат телефон аркылуу арыз ээсин жана анын мыйзамдуу өкүлүн кабыл алууда берилет. Тийиштүү шарттар бар болсо, маалымдоо электрондук почта аркылуу кабарланышы мүмкүн.
Социалдык тейлөө борборунун кызматкери кызмат көрсөтүүнү алуучуга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
1) социалдык тейлөө борборуна кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмесин берет;
2) социалдык кызматтарды көрсөтүү тартиби жана шарттар, көлөмү тууралуу маалымат берет.
7. Социалдык кызматтар социалдык тейлөө борборунун ички тартип эрежелеринде белгиленген күндүзгү убакта (күнүнө 6 сааттан кем эмес) көрсөтүлөт.
8. Социалдык кызматтар социалдык тейлөө борборунун иш күндөрүндө көрсөтүлөт.
9. Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде күндүз болуу шартында улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү тиешелүү бекитилген бюджеттердин, социалдык тейлөө борборунун өз каражаттарынын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Социалдык тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабыл алуу
10. Социалдык тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабыл алуу кызмат көрсөтүүнү алуучунун жеке арызынын жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосунун негизинде социалдык тейлөө борборунун жетекчисинин буйругуна ылайык жүргүзүлөт.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) жарандын инсандыгын ырастаган документ;
2) турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысы (социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
3) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу;
4) кандын жалпы клиникалык анализинин, баңгизатка жана аракечтикке көз карандуулук жөнүндө маалыматты, ичеги карын ооруларын козгочулар тобуна, вирустук жана башка инфекциялык ооруларды изилдөөлөрдүн (ичеги карын ооруларын козгоочулар тобуна бактериологиялык изилдөөлөр тууралуу маалымат, эгерде аларды берген күндөн тартып эки айдан ашык эмес мөөнөт өткөн болсо жарактуу) жыйынтыктарын көрсөтүү менен медициналык карточкадан көчүрмө;
5) өпкө флюорографиясы;
6) үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
7) 6x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
11. Документтердин көчүрмөлөрү райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына документтердин түп нускалары менен кошо берилет, алар салыштырып текшерилгенден кийин арыз ээсине кайтарылат.
12. Документтерди кабыл алган социалдык тейлөө борборунун кызматкери:
1) берилген документтердин толуктугун текшерет;
2) берилген документтерден көчүрмө жасайт, аларга "Көчүрмөсү анык" дегенди жазып колун коет, ал эми документтердин түп нускаларын кызмат көрсөтүүнү алуучуга кайтарып берет.
13. Социалдык тейлөө борборунун жетекчиси кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуну кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарат, бул тууралуу баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнү алуучуга жазуу жүзүндө билдирет.
14. Социалдык тейлөөгө кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабыл алууда кызмат көрсөтүүнү алуучу ички тартип эрежелери менен таанышып, кол коет.
15. Ар бир социалдык кызмат алуучунун жекече иши түзүлүп, ага бардык тиешелүү документтер тиркелет. Кызмат көрсөтүүнү алуучу кайрадан кабыл алынган учурда жаңы жекече иш ачылбайт. Бардык документтер кызмат көрсөтүүнү алуучуга мурда ачылган жекече ишке тиркелет.
16. Социалдык тейлөө борборунун социалдык кызматкери Кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабыл алуу журналына жана Кызмат көрсөтүүнү алуучулардын келүүсүн каттоо журналына тиешелүү жазууларды жазат.
17. Ар бир кызмат көрсөтүүнү алуучуга Жекече иш планы түзүлөт, анда кызмат көрсөтүүнү алуучунун керектөөсүн эске алуу менен иш-чаралар көрсөтүлүүгө тийиш.
18. Социалдык тейлөө борборуна кабыл алуу тууралуу арыздын, жарым-жартылай стационардык уюмдарга жана социалдык тейлөө мекемелерине жолдомонун, Кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабыл алуу журналынын, Кызмат көрсөтүүнү алуучулардын келүүсүн каттоо журналынын жана Жекече иш планынын формалары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
19. Социалдык тейлөө борборуна кабыл алуудан баш тартуунун медициналык каршы көрсөтмөлөрү төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- активдүү стадиядагы кургак учук менен ооругандар;
- психикалык оорулуулар (жөөлүү, галлюцинация, агрессия, импульсивдик жүрүм-турум);
- өнөкөт алкоголизм;
- карантиндик инфекциялык оорулар;
- адистештирилген медициналык уюмдарда дарылоону талап кылган венерикалык оорулар.
20. Кызмат көрсөтүүнү алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сапаттуу социалдык кызматтарды эркин алууга;
2) социалдык тейлөө борборунун кызматкерлеринин сый жана гумандуу мамиле кылуусуна;
3) социалдык кызматтарды көрсөтүүдө социалдык тейлөө борборунун кызматкерине белгилүү болуп калган жекече мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугуна;
4) өз укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна;
5) социалдык тейлөө борборунун көрсөткөн социалдык кызматтарынын сапатына, натыйжасыз ишине даттануу менен ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга;
6) социалдык тейлөө борборунун жетекчисине ооруган күндөрүн эске алуу же эске алуусуз оорусуна байланыштуу (стационардык же амбулатордук) кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз менен кайрылууга;
7) социалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга.
21. Социалдык тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүнү алуучунун бир айдын ичинде 2 күндөн кеп болбоосуна уруксат берилет.
Социалдык тейлөө борборунда 3 жана андан ашык күн болбогон учурда, кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын жакын туугандары мөөнөтүн жана себебин көрсөтүү менен болбогондугу тууралуу социалдык тейлөө борборунун жетекчисинин атына арыз (түшүнүк кат) берет.
4. Социалдык тейлөө борборунун социалдык кызматтарды көрсөтүүсүн токтотушу
22. Социалдык тейлөө борборунда социалдык кызматтарды көрсөтүү төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жекече арызда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда;
2) кызмат алуучунун демилгеси менен;
3) социалдык тейлөө борборунун демилгеси менен.
23. Кызмат көрсөтүүнү алуучунун демилгеси менен социалдык кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу жекече арыздын негизинде жүзөгө ашырылат.
24. Социалдык тейлөө борборунун демилгеси менен социалдык кызматтарды көрсөтүү социалдык тейлөө борборунун ички тартип эрежесин бир нече жолу (2 жана андан ашуун) бузганда токтотулат.
25. Социалдык тейлөө борборунда тартип бузууларды жана даттанууларды карап чыгуу үчүн социалдык тейлөө борборунун кызматкерлеринен, кызмат көрсөтүүнү алуучулардан, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлөт.
26. Чыр-чатак кырдаалдар пайда болгон учурда социалдык кызматтарды көрсөтүүнү токтотуу тууралуу чечим аталган комиссия тарабынан кабыл алынат.
27. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга социалдык кызматтарды көрсөтүү токтотулганда буйрук чыгарылат жана себебин көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүнү алуучуларды кабыл алуу журналында тиешелүү жазуу жазылат.
5. Көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга талаптар
28. Социалдык тейлөө борборунда көрсөтүлүүчү социалдык кызматтар төмөнкү минималдуу ченемдерге ылайык келиши керек.
1) Социалдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөргө талаптар:
- социалдык тейлөө борборунда бош убакытты өткөрүү, дарылоо-ден соолукту чыңдоо иш-чаралары үчүн жай, "сенсордук" бөлмө, ашкана (азык-түлүк блогу), китепкана. даараткана каралат;
- жайлар белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык келиши керек;
- социалдык тейлөө борбору жылытуу, суу менен (ысык жана муздак суу) жабдуу, желдетүү, абаны кондиционерлөө системасы менен жабдылууга тийиш;
- жайларды дайыма нымдуу тазалоо (полдорду жана жылмакай беттерди тазалоо) дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен суткасына 1 жолудан кем эмес (күндүзгү маалда) жүргүзүлүүгө тийиш;
- дубалдарды, терезелерди, полдорду, жабдууларды жана шаймандарды тазалоо менен айына 1 жолудан кем эмес график боюнча жайларда жана кызматтык кабинеттерде толук тазалоо иштери жүргүзүлөт;
- имарат атайын пандустар, тосмолор жана таянгычтар менен жабдылууга тийиш;
- имарат жайлар борбордук же спутник антеннасы бар телевизорлор, музыкалык борборлор жана/же DVD, эс алуу убактысын өткөрүү үчүн диван, кресло жана отургучтар, китеп текче, стол оюндары (шашки, шахмат, нарда) менен камсыздалат;
- социалдык тейлөө борборунда консультация жана психологиялык жардам көрсөтүү үчүн "ишеним телефону", даттануу жана сунуштар китеби болушу керек;
- түшкү тамактануучу залдар кызмат көрсөтүүнү алуучулардын баарын бир убакта жайгаштыруу үчүн столдор жана стулдар (бир столго 4 стул коюлат) менен жабдылууга тийиш;
- тамак-ашты даярдоо санитардык-гигиеналык ченемдерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына ылайык келген атайын жабдылган жайда жүргүзүлөт;
- азык-түлүк блогунда тамак-аш азыктарынын товардык түрүн, чийки затты жана даяр продукцияны сактоо үчүн шарт түзүлүүгө тийиш;
- кызмат көрсөтүүнү алуучулар 2 жолку тамак (түшкү тамак жана түштөн кийинки тамак) менен камсыздалат. Ашканада меню (күн сайын) жана ушул социалдык стандарттардын тиркемесине ылайык форма боюнча тамактануунун Жарым-жартылай стационардык уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери (күндүз болуу мекемелери) үчүн тамак-аштын физиологиялык азык-түлүк ченемдери тууралуу маалымат илинет;
- азык-түлүк блогу ысык тамак-аш даярдоо үчүн жетиштүү сандагы жабдуулар, муздаткыч түзүлүштөгү ашкана жана тамак-аш даярдоочу идиштер, бөлүштүрүү жана жыйнап-тазалоочу шаймандар, жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттар менен комплектелүүгө тийиш;
- ашкананы жана тамак-аш идиштерин, инвентарларды жууп-тазалоо тиешелүү нускамага ылайык жүргүзүлүшү керек;
- азык-түлүк блогу түтүк аркылуу келүүчү муздак жана ысык суу менен камсыздалууга тийиш;
- эркектер жана аялдар үчүн даараткана бөлмөлөрү унитаздар жана раковиналар менен жабдылып, даарат кагазы, таштанды үчүн челек, дубал күзгүсү менен камсыздалышы керек;
- ар бир кызмат алуучу жекече гигиена буюмдары (самын, сүлгү, тиш щеткасы жана пастасы) менен камсыздалышы керек.
2) Социалдык-медициналык кызматтарга талаптар:
- кызмат көрсөтүүнү алуучунун ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүү (дене табын, артериялык кан басымын ченөө жана дары-дармектерди кабыл алуу) күн сайын аткарылышы керек;
- дарылоо-дене тарбия иш-чараларын өткөрүү (таңкы көнүгүүлөр, тренажердо машыгуу, сейилдөөнү уюштуруу) жеке керектөөнү жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт;
- кызмат көрсөтүүнү алуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу шашылыш кырдаал пайда болгон учурда медициналык тез жардам бригадасы чакырылып, кызмат алуучунун жакын туугандарына кабар берилүүгө тийиш;
- чакырылган дарыгер келгенге чейин кызмат көрсөтүүнү алуучуга дарыгер келгенге чейинки жардам өз убагында көрсөтүлүүгө тийиш;
- кызмат көрсөтүүнү алуучуну госпиталдаштыруу учурунда ал медициналык-социалдык коштоо менен камсыздалууга тийиш.
3) Социалдык-психологиялык кызматтарга талаптар:
- көрсөтүлгөн кызматтар кызмат көрсөтүүнү алуучулардын көйгөйлөрүн билүүгө жана аларды чечүүгө багытталышы керек;
- инсандын толук кандуу психологиялык өнүгүүсү, кызмат көрсөтүүнү алуучулардын активдүүлүккө умтулуусун калыптандыруу, жашоо тонусун жогорулатуу үчүн шарттар түзүлөт.
4) Социалдык-педагогикалык кызматтарга талаптар:
- педагогикалык диагностика кызмат көрсөтүүнү алуучулардын абалына объективдүү баа берүү максатында алардын инсандыгын ар тараптуу иликтөө үчүн тесттерди пайдалануу менен өткөрүлөт;
- кызмат көрсөтүүнү алуучулардын эмгектик көндүмдөрүн текшерүү боюнча иш-чаралар алардын жекече өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелген деңгээлин, дене-бой жана психикалык абалын эске алуу менен жүргүзүлөт;
- социалдык тейлөө борборлорунда унутулган тиричилик көндүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча көнүгүүлөр, тиричилик багытынын негиздерин окутуу (тамак-ашты даярдоо, кийим-кечекти оңдоо, түйүү, тигүү, турак бөлмөнү кароо, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү), ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуучулардын эмгектик көндүмдөрүн калыптандыруу уюштурулууга тийиш.
5) Социалдык-укуктук кызматтарга талаптар:
- кызмат көрсөтүүнү алуучулардын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын коргоо маселеси боюнча юридикалык консультацияларды берүү;
- пенсиялык жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү жана керек болгон арыздарды, кайрылууларды түзүүгө көмөктөшүү;
- пенсиялык күбөлүк жоготулган же жок болгон учурда аны калыбына келтирүүгө жана тариздөөгө акысыз жардам көрсөтүү.
6) Социалдык-маданий кызматтарга талаптар:
- өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринин ишин уюштуруу кызмат көрсөтүүнү алуучулардын социалдык-маданий жана рухий талаптарын канааттандырууга, карым-катнаш чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталууга тийиш;
- уюштурулган социалдык тейлөө борборунун базасында кызыкчылык топтору боюнча көчмө иш-чараларды өткөрүү;
- театрларга, көргөзмөлөргө, концерттерге, майрамдык иш-чараларга, жолугушууларга, экскурсияларга барууну камтыган маданий иш-чараларды өткөрүү;
- туулган күндөрүндө кызмат көрсөтүүнү алуучулар үчүн куттуктоо иш-чараларын уюштуруу, белгилүү даталарды жана майрамдарды өткөрүү;
- социалдык тейлөө борборунан тышкаркы иш-чараларды уюштурууда (театрга, көргөзмөгө, концертке, экскурсияга, жүрүштөргө барган учурда) кызмат көрсөтүүнү алуучуларды социалдык кызматкерлердин коштоосу камсыздалышы керек.
|
| Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде күндүз болуу шартында улгайган жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына тиркеме |
Жарым-жартылай стационардык уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери (күндүз болуу мекемелери) үчүн тамак-аштын ФИЗИОЛОГИЯЛЫК АЗЫК-ТҮЛҮК ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Тамак-аш азыктарынын аталышы | Тамактануунун ченеми (грамм) |
1 | Буудай наны | 200 |
2 | Кара буудай наны | 100 |
3 | Акшактар, макарондор | 100 |
4 | Картөшкө | 400 |
5 | Жалпы жашылча, анын ичинде: | 325 |
| - кызылча | 55 |
| - сабиз | 50 |
| - капуста | 120 |
| - пияз | 30 |
| Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң ж.б. | 70 |
6 | Мөмө-жемиштер (алма, алмурут) | 60 |
7 | Кургатылган мөмөлөр | 20 |
8 | Ширелер (ар кандай) | 50 |
9 | Кондитер азыктары, анын ичинде: | 20 |
| - ватрушка | 40 |
| - булочка | 25 |
| - кекс | 25 |
10 | Чай | 2 |
11 | Эт | 100 |
12 | Сүт | 200 |
13 | Жуулган май | 10 |
14 | Өсүмдүк майы | 10 |
15 | Маргарин | 5 |
16 | Сыр | 5 |
17 | Кант | 10 |
18 | Туз | 3 |
19 | Балык | 100 |
20 | Жумуртка (даана) | 1 |
Эскертүү:
- эт тамак-ашы балык азыктары менен кезектелип берилет;
- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер (компот үчүн) колдонулат;
- кондитер азыктары кезектелип берилет (ватрушка, булочка, кекс).