Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жободо төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр пайдаланылат:
агент - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан кредиттик келишимдерди тариздөөгө жана мамлекеттик зайымдык каражаттарды эсепке алуу жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мекеме;
өнбөс карыз - жеке жак каза болгон, жеке жак каза болуп калды, дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп табылган, жеке жакка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына аныкталган тартипте соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда, анын мураскору, мыйзамдуу өкүлү жок болгон же бирге жооп берүүчү же субсидиардык жоопкерчилик тарткан жактардын күрөөгө коюлган жана башка мүлкү кредитордун талаптарын канааттандырууга жетишсиз болгон учурда, кредитордун жоюлбай калган талаптарынын суммасы өнбөс карыз деп табылат;
мамлекеттик зайымдык каражаттар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык түзүлгөн, зайым алуучуга кредиттик келишим боюнча берилген акча каражаттарынын же товардык-материалдык ресурстардын суммасы;
карыз - карыздын негизги суммасы боюнча кошуп эсептелген пайыздар жана финансылык санкциялар (туума айып) боюнча төлөө мөөнөтү келген жана келип чыгуучу төлөөлөрдү кошкондо, алынган кредит боюнча сумманын белгиленген датага карай мөөнөтү өткөн төлөнбөгөн калдыктын суммасы;
зайымчы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттары боюнча кредиторго, кредитти пайдалануу жана кайтаруу боюнча милдеттенмелери менен кредит алган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, ошондой эле чарба субъекти;
кредит - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайтарымдуу негизде акча каражаттары же товардык-материалдык ресурстар түрүндө (товардык кредит) берилген зайым. Аларга республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн бюджеттик ссудалар, чет өлкөлүк кредиторлордун эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген кредиттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен бөлүнгөн кредиттер кирет;
кредитор - мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
кредиттик келишим - кредит берүү максатында түзүлүүчү жана аларды пайдалануу жана кайтаруу боюнча шарттарды камтыган кредитор менен зайымчынын ортосундагы юридикалык документ;
мөөнөтү келип калган төлөмдөр - кредиттик келишимде көрсөтүлгөн, кредит боюнча аныкталган датага кайтаруу мөөнөтү келе элек төгүмдөрдүн суммасы;
мөөнөтү келген төлөмдөр - кредиттик келишимде коюлуп, кредит боюнча аныкталган датада кайтаруу мөөнөтү келген жана төлөө мөөнөтү өтө элек төгүмдөрдүн суммасы;
төлөө мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр - кредиттик келишимде коюлуп, кредит боюнча аныкталган датада, кайтаруу мөөнөтү өтүп кеткен төгүмдөрдүн суммасы;
пайыздык коюм - кредиттин суммасына карата пайыз менен туюнтулган, белгиленген мезгилге эсептелген акы;
рекредиттөө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чет өлкөлүк кредиторлордон тартылган каражаттардын эсебинен кредит бөлүп берүү;
айылдык товар өндүрүүчүлөр - негизги иши айыл чарба продуктуларын өндүрүү (өстүрүү) болгон юридикалык же жеке жактар;
эсептен чыгаруу - зайымчыны кредиттик келишим боюнча алынган милдеттенмелерди аткаруудан бир жолку бошотуу;
товардык-материалдык ресурстар - чийки зат же эмгектин буюмдай түрдөгү продуктулары, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жана продуктулары, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, күйүүчү-майлоочу материалдар, жабдуу, айыл чарба жана өнөр жай техникалары, камдык тетиктер, медициналык, ветеринардык препараттар жана дары-дармектер;
чарба субъекти – менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн ишин өз алдынча уюштурган жана ишинен улам пайда болгон тобокелдик үчүн толук жоопкер болгон, жарандык укуктук мамилелердин субъекти болгон жана ишкердигин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жак.
2. Кредит берүүнүн негизги шарттары
3. Кредиттер мамлекеттин экономикалык саясаты жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багытына, ошондой эле чет өлкөлүк кредиторлор менен болгон макулдашуулардын шарттары белгилеген так, максаттуу багытка ээ. Кредиттерди пайдалануунун шарттары кредиттик келишимдер менен жөнгө салынат.
4. Кредиттер төмөнкү принциптерде берилет:
- ачык максат;
- акы төлөө, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук;
- милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо;
- жеңилдиктер.
5. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен кредиттер чарба субъекттеринин менчигинин түрүнө карабастан, мурда берилген кредитти кайтаруу, негизги карызды жана пайдалангандыгы үчүн пайыздардын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарган шартта берилет.
3. Кредиттерди бөлүүнүн тартиби
§ 3.1. Кредиттерди бөлүүнүн негиздери жана критерийлери
6. Кредиттерди бөлүү жөнүндө чечимди, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү жылга республикалык бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарткан ресурстардын чегинде кабыл aлат.
7. Кредит алууга талапкер болгон жактар мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди беришет:
- өзүнөн жогору турган мамлекеттик орган же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашылган, каражаттар кандай максатка пайдаланыла тургандыгы, кредиттерге муктаждыктын суммасы жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн өтүнүч арызын;
- долбоордун баяндамасын, чыгымдардын сметасын, кредиттин өзүн актоосунун эсебин, кредиттерди жана аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө мөөнөттөрүнүн эсебин камтыган техникалык-экономикалык негиздемени (бизнес-план);
- зайымчынын акыркы эки жылдагы балансын жана акыркы датага карата балансын;
- мамлекеттик салык кызматынын жана мамлекеттик бажы кызматынын бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карызынын бардыгы же жоктугу тууралуу маалымкатты;
- кредиттин суммасын жабуучу көлөмдөгү милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу сунушун.
8. Кредитти бөлүп берүүнүн жана аны алуучулардын (зайымчылардын) курамын аныктоонун артыкчылыктуу критерийлери төмөнкүлөр:
- экономикалык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча өлкөнүн өнүгүүсүнүн колдонуудагы стратегиясына ылайык республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн масштабында зайымчынын ишкердик чөйрөсүнүн артыкчылыктуу даражасы;
- мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусу менен зайымчынын ишенимдүүлүк даражасы жана кредиттерди кайтаруунун негизделиши.
9. Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген материалдарды бир айлык мөөнөттө карайт жана арыз ээсине (талапкерге) кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирет.
10. Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сөзсүз түрдө каржылоо булагын көрсөтүү менен кредиттерди бөлүп берүү жөнүндө сунуштарды киргизет, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кредиттин суммасын;
- кредитти кайтаруу мөөнөтүн;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык бааны;
- кредит боюнча төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн төлөмдөрдүн суммасына кошуп эсептелүүчү айыптык санкциялар (бышманалар) боюнча баалардын өлчөмдөрү;
- кредитти камсыздоонун сыпаттамасы жана баасы, ошондой эле кредитти камсыздоонун жоктугу же жетишсиздиги боюнча сунуштар.
§ 3.2. Кредиттик келишимдерди тариздөө
11. Кредиттик келишимдерди тариздөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти бөлүп берүү жөнүндөгү чечиминин негизинде агент тарабынан жүргүзүлөт.
§ 3.3. Кредитти берүү, өткөрүп берүү жана которуу
12. Акча каражаттарын которуу жана товардык-материалдык ресурстарды берүү тартиби кредиттик келишимде белгиленет.
13. Акча каражаттарын зайымчынын алыш-бериш эсебине которуу же зайымчыга товардык-материалдык ресурстарды берүү, кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин гана жүргүзүлөт.
14. Мамлекеттик зайымдык каражаттарды зайымчыга берүү, өткөрүп берүү товардык-материалдык ресурстардын коштомо кагазы жана кабыл алуу-өткөрүү актылары түрүндө таризделет, ал эми акча каражаттарды которууда тиешелүү төлөм документи таризделет.
4. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүп берүүнүн өзгөчөлүктөрү
§ 4.1. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиялардын негизги максаттары жана милдеттери
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бөлүнгөн товардык кредиттерди айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бөлүштүрүүнү мамлекеттик комиссиялар (мындан ары - комиссиялар) ишке ашырат.
16. Комиссиялар төмөнкүдөй максатта түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде бөлүнгөн товардык кредиттерди башкаруу, жөнгө салуу жана пайдалануу;
- товардык кредиттерди бөлүштүрүүдө тийиштүү түрдө калыстыкты жана айкындыкты, анын ичинде айрым айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн басмырлоочу же артыкчылык шарттарын белгилөөгө жол бербөөнү камсыз кылуу;
- мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу үчүн кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди тиешелүү түрдө юридикалык тариздөө;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү алган кредиттерди даректүү жана максатка ылайык пайдалануу жана алардын кепилдүү кайтарылышын камсыз кылуу.
17. Комиссиялар республикалык, райондук деңгээлдерде түзүлөт жана товардык кредиттерди райондор жана дайындуу алуучулар боюнча бөлүштүрүү ишин жүргүзүшөт.
18. Республикалык деңгээлдеги комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт, анын курамына айыл чарба, укук коргоо, атаандаштыкты өнүктүрүү, мамлекеттик материалдык резервдер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, агенттин өкүлдөрү кирет.
19. Райондук деңгээлдеги комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, агенттин, айыл чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, салык кызматынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун аймактык органдарынын өкүлдөрү кирет.
20. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн товардык-материалдык ресурстарды алууга зайымчылардын тиешелүү өтүнмөлөрүн тикелей жана ырааттуу караштыруу комиссиялардын негизги милдети болуп саналат.
21. Комиссиялар өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алышат.
§ 4.2. Товардык кредиттерди бөлүү жана бөлүштүрүү тартиби
22. Республикалык бюджеттин каражаттарынын жана чет өлкөлүк кредиторлордон тартылган каражаттардын, ошондой эле товардык, финансылык же гранттык жардам катары алынган каражаттардын эсебинен товардык-материалдык ресурстар түрүндө товардык кредиттерди бөлүп берүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими облустук, райондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын аткаруу органдары тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө кабарланат.
24. Товардык кредит алууга талапкер болгон айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, өздөрүнүн арыздарын тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга беришет. Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн товардык-материалдык ресурстарга болгон керектөөлөрүнүн эсептөөлөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан, айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
25. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар берген эсептөөлөрдүн негизинде айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды республикалык деңгээлдеги комиссиянын кароосуна жиберет.
26. Республикалык деңгээлдеги комиссия Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бөлүштүрүлүүчү айыл чарба техникасынан башка товардык кредиттерди райондор боюнча бөлүштүрөт.
27. Райондук деңгээлдеги комиссия товардык кредиттерди республикалык деңгээлдеги комиссиянын чечимине ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бөлүштүрөт.
28. Комиссиялардын чечимдери протоколдор түрүндө таризделет жана айылдык товар өндүрүүчү менен кредиттик келишим түзүү үчүн агентке берилет.
29. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары Комиссияларга товардык кредиттерди өз убагында бөлүштүрүүгө көмөк көрсөтүшөт, мамлекеттик зайымдык каражаттарды максатка ылайык пайдаланышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону ишке ашырышат.
30. Комиссиялар айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн өтүнмөлөрүн карабай коет, ал эми агент зайымчыга товардык кредиттерди алууга кредиттик келишимдерди тариздөөдөн баш тартууга укуктуу, эгер:
- айыл чарба товар өндүрүүчүсү айдоо жерлери жөнүндө, милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмалары жөнүндө маалыматтарды, салыктар боюнча жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары бардыгы же жоктугу жөнүндө маалымкаттарды өз учурунда бербесе же берүүдөн баш тартса;
- товардык-материалдык ресурстарга муктаждыктын негизделген эсептөөлөрү жок болсо.
31. Бөлүштүрүлгөн товардык-материалдык ресурстардын көлөмдөрүнөн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү баш тарткан же толук албаган учурда, же айыл чарба тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын каттарынын негизинде, агент товардык-материалдык ресурстардын калдыктарын, айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча гана кайра бөлүштүрүлүүчү кылкандуу дандын супер элита жана элита, ошондой эле башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сортун жаңыртуу жана сортун алмаштыруу максатында республиканын үрөнчүлүк чарбаларына гана бөлүп берүүлөрдү кошпогондо, башка региондордун айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө тез арада кайра бөлүштүрөт.
32. Агент айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирге мамлекеттик зайымдык каражаттардын кайтарылышын белгиленген тартипте камсыз кылат.
§ 4.3. Артыкчылыктын негизги критерийлери
33. Комиссиялар тарабынан товардык-материалдык ресурстарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- күйүүчү-майлоочу материалдар механикалаштырылган жумуштарды жүргүзүүнүн (айдоо, себүү, оруп-жыйноо) көлөмүнө жана башка шарттарга жараша бөлүштүрүлөт;
- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (уулуу химикаттар) райондук өсүмдүктөрдү коргоо станциясы берген айдоолорду фитосанитардык текшерүү актысынын негизинде, ошондой отоо чөптөрдүн, зыянкечтердин жана илдеттердин пайда болуусун алдын алуу максатында бөлүштүрүлөт;
- жаныбарларды коргоо каражаттары (ветеринардык препараттар) райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыктары берген жаныбарларды ветеринардык текшерүү актысынын негизинде, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын очоктору аныкталганда бөлүштүрүлөт;
- минералдык жер семирткичтер кошумча азыктандырууну талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын негизинде, жер семирткичтерди чачуу ченемдерине, ошондой эле чарба субъекттеринде алардын калдыктарынын болушуна жараша бөлүштүрүлөт;
- айыл чарба техникаларынын запастык тетиктери, ченемдик талаптарга жана айыл чарба техникаларынын колдонуу мөөнөттөрүнө ылайык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүндө болгон айыл чарба техникаларынын абалы жөнүндө айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү кызматтарынын текшерүү актыларын тиркөө менен, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн кредит алууга түшкөн өтүнмөлөргө ылайык бөлүштүрүлөт;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү ар бир өсүмдүктү себүү боюнча программага жана колдо болгон себүү аянттарына ылайык кредиттик ресурстарга муктаждыктын негизделген эсептөөлөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.
5. Милдеттенмелерди аткаруу
34. Милдеттенмелер кредиттик келишимдин шарттарына белгиленген мөөнөттө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиешелүү түрдө аткарылууга тийиш.
35. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралгандан башка учурларда, милдеттенмени аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жана кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
36. Мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карызды кайтарууну зайымчылар кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү милдеттенмелерге (кайтаруу графигине) ылайык жүргүзөт.
37. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кредиттик келишимдин шарттарында башкача каралбаса жана анын маани-маңызынан келип чыкпаса, зайымчы милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
38. Зайымчылар милдеттенмелерди бирге аткаруу учурунда кредитор бардык зайымчылардан бирге кайтаруусун, алардын ар биринен карызды толугу менен ошондой эле, карыздын бир бөлүгүн аткаруусун да талап кылууга укуктуу.
39. Акчалай каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө, акчалай каражаттар зайымчынын эсебине которулган күндөн баштап жүргүзүлөт, ал эми кредит товардык ресурс түрүндө бөлүнсө - алар зайымчыга өткөрүп берилген күндөн баштап эсептелет, эгер кредиттик келишимде башкача айтылбаса.
40. Мамлекеттик зайымдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептеп чыгарууда, базалык мезгилдин негизи катары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминде же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарында башкача каралбаса, ар бир айдагы күндөрдүн иш жүзүндөгү санындагы 365 күндүк календардык жыл кабыл алынат.
41. Кайтаруу графигине ылайык, аны аткаруу күнү келгенде кайтарылбаган төлөмдөр, ошол күндөн кийинки күндөн баштап төлөө мөөнөтү өткөн төлөмдөр деп эсептелет.
42. Кошуп эсептелген пайыздардын жана финансылык санкциялардын (бышманалардын) суммасы, зайымчыга жиберилген карызды салыштырып текшерүү актыларында, кабарламаларда, доо-талаптарда жана башка финансылык документтерде көрсөтүлөт.
43. Акча каражаттары менен кайтаруу, кредитор белгилеген тартипте, казыналык система аркылуу өткөрүлгөн төлөм документинин негизинде эсепке алынат.
44. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен карызды аштык буудайды тапшыруу жолу менен кайтаруу мүмкүнчүлүгү берилген учурда, кайтаруу зайымчы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резерв системасынын жооптуу сактоочусу кол койгон, аштык буудайын өткөргөндүгү жөнүндөгү коштомо кагаздын жана сактоо милдеттенмесинин актысынын негизинде эсепке алынат.
6. Милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун ыкмалары
45. Зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу үстөк айып, күрөө, мүлктү кармоо, кепилдик, шертпул жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат.
46. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөөнүн шарттары жана көлөмдөрү, кредитор менен зайымчынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттарында көрсөтүлөт.
47. Суммасы 300 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган жана кайтаруу мөөнөтү 2 жылдан ашпаган кредит боюнча милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу үчүн кепилдик келишимди түзүүгө жол берилет.
48. Күрөө мүлкүн баалоо мүлктүн ушундай түрлөрүнүн базардагы наркы боюнча, кредит алууга өтүнмө түзүлгөн күнгө карай физикалык жана моралдык эскиришин эске алып, суроо-талаптын жана тобокелдиктин төмөндөтүүчү коэффициентин колдонуу менен ишке ашырылат. Суроо-талаптын жана тобокелдиктин коэффициенттеринин чоңдук чектерин кредитор белгилейт.
49. Күрөөнүн реалдуу базар баасын аныктоо, экспертиза жүргүзүү укугуна уруксаты бар эксперттерди чакыруу менен жүргүзүлөт.
50. Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди жабуу үчүн камсыз кылуунун бир нече түрүн караштырган келишимдерди тариздөөгө жол берилет.
51. Күрөө менен милдеттүү камсыздоо боюнча бул Жобонун талаптары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, ошондой эле менчик укугунда турган бүткүл активин мурда күрөөлүк камсыздоого берген юридикалык жактарга (ишкананын мүлк комплекси катары күрөө) колдонулбайт.
7. Кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү
52. Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана өлчөмдөрдө милдеттенмелерди аткаруунун мүмкүндүгүн жокко чыгарган финансылык кыйынчылыктар пайда болгондо же ал жеткис күчтүн (форс-мажор) таасири болгондо, мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүүлөр жөнүндөгү чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Бул учурда зайымчы тарабынан көрүлгөн чаралар, анын ишин турукташтырууга жана кредиттик келишим боюнча алынган милдеттенмелерди андан ары аткарууну активдештирүүгө багытталууга тийиш.
53. Зайымчы же экономиканын тиешелүү тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга милдеттүү министрлик (тармактык министрлик же ведомство) карызды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо үчүн сунуштарды жана карызды кайтаруунун шарттарын мындай өзгөртүүнүн зарылдыгы жөнүндө негизделген материалдарды кредиторго берет.
54. Карызды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндөгү сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
- мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча зайымчынын ар жылкы күтүлүүчү финансылык көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу, карыздарды кайтаруу мөөнөттөрүн узартуунун (пролонгациялоодо) бардык мезгилине карата бизнес-план;
- зайымчынын 3 жылдык кредиттик тарыхы;
- 3 жылдагы бухгалтердик баланс;
- милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу жөнүндөгү сунуш. Күрөө менен камсыздоо жетишсиз болгон учурда же мурда мамлекеттик зайымдык каражаттар күрөөсүз негизде берилген болсо, күрөө менен камсыздоо жөнүндө сунуш мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча берилет.
55. Ушул Жобонүн 52-пунктунда каралган негиздер болсо кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча берилген материалдардын экспертизасынын натыйжалары менен мамлекеттик финансыларды башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну даярдайт.
56. Киргизилген сунуш ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген учурда, ошондой эле зайымчынын финансы-экономикалык абалы канааттандыраарлык болбогон учурда жана анын өнүгүүсүнүн келечеги жок болсо мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терс корутундуну (баш тартуусун) даярдайт.
57. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорунда кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү, анын ичинде төмөнкүлөр каралат:
- карызды кайтаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык баа өзгөртүү;
- жеңилдетилген мезгил берүү;
- аткаруу мөөнөттөрүн узартуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка негиздүү сунуштар.
58. Кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүдө кредиттерди кайтаруунун мөөнөттөрүнүн:
- карыздын калдыгы 1,0 млн. сомго чейин болсо - 5 жылдан ашпаган;
- карыздын калдыгы 1,0 млн. сомдон 10,0 млн. сомго чейин болсо 10 жылдан ашпаган;
- карыздын калдыгы 10,0 млн. сомдон 20,0 млн. сомго чейин болсо 15 жылдан ашпаган;
- карыздын калдыгы 20,0 млн. сомдон 50,0 млн. сомго чейин болсо 20 жылдан ашпаган;
- карыздын калдыгы 50,0 млн. сом жана андан ашык болсо 25 жылдан ашпаган чектеги акыркы мөөнөттөрү.
Кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүдө, кредиттерди кайтаруунун мөөнөттөрүнүн жеткен чеги айыл чарбасындагы товар өндүрүүчүлөргө товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилген товардык кредиттерге жайылтылбайт.
59. Эгер зайымчыга көз каранды болбогон себептерден улам жумуш шарттары олуттуу өзгөрсө, мамлекеттик зайымдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздык баа азайтылып өзгөртүлөт. Мында зайымдык каражаттарды пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелген суммалар кредиттик келишим боюнча негизги карыздын суммасына ылайык келбеген кырдаал түзүлөт.
60. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык баалардын көлөмүн азайтуу боюнча кредиттик келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилген товардык кредиттерден башкаларына, анын өлчөмү жылдык 2,5 пайыздан кем болушу мүмкүн эмес.
61. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген кредиттер боюнча кредитти пайдалангандыгы үчүн башка пайыздык бааларды колдонууга жол берилет. Ошону менен бирге рекредиттелген кредиттер боюнча пайыздык баалардын өлчөмү Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык макулдашууларда аныкталган пайыздык баалардын кем болушу мүмкүн эмес.
62. Төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгүн өзгөртүүнү караштырган карызды кайтаруунун графигин өзгөртүү зайымчынын ишиндеги сезондуулукту, базардагы товардын өтүү өзгөчөлүктөрүн, чийки заттарды жеткирүүнүн, комплекттөөчү жана башка факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
63. Аргасыз кырдаал пайда болгондон улам, кредиттик келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын мындай натыйжалардын болгондугун ырастаган актынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же тийиштүү райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациялары берген билдирме-өтүнүч каттын жана негиздеме-маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт.
64. Кредиттик келишимдин өзгөртүлгөн шарттары колдонуудагы кредиттик келишимдерге кошумча макулдашуулар түрүндө агент тарабынан таризделет.
8. Милдеттенмедеги жактарды алмаштыруу
65. Кредиттик келишимдин негизинде кредиторго таандык болгон талап коюу укугу башка жакка өткөрүп берүү бүтүмү боюнча өткөрүлүп берилиши же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
66. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же кредиттик келишимде башкача белгиленбесе, кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшү үчүн зайымчынын макулдугу талап кылынбайт.
67. Карызды башка жакка которуу, агент менен жаңы зайымчынын ортосунда кайрадан түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарында эске алынып, кредитордун же кредитордун атынан талап кылуу укугу берилген органдын макулдугу менен гана жол берилет.
68. Зайымчынын карызын анын укук мурастоочусуна кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак өзгөртүлүп кайра түзүлгөндө (кошулганда, бириккенде, бөлүнгөндө, бөлүп чыгарылганда, кайта өзгөртүлгөндө ж.б.) жүргүзүлөт.
69. Юридикалык жакты өзгөртүп кайра түзүүдө анын карызын кайра тариздөө бөлүштүрүү балансына жана өткөрүү актысына ылайык жүргүзүлөт. Жаңы юридикалык жак менен келишимдик мамиле, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминде башкача каралбаса, өзгөртүлүп кайра түзүлүүчү юридикалык жак менен болгон кредиттик келишимде аныкталган шарттарда жана сөзсүз түрдө милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууну берүү менен (күрөө коюу же башка ыкма менен) таризделет.
70. Жаңы юридикалык жак үчүн кредит берүүнүн шарттарын өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана жол берилет.
71. Зайымчынын карызын башка жакка өткөрүп берүү, эгерде кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенменин аткарылышынын ишенимдүүлүгү жогорулаган учурда жүргүзүлөт. Финансылык абалы ушул пункттун талаптарына жооп бербеген жакка карызды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
72. Ушул Жобого ылайык зайымчы өзүнүн карызын башка жакка которгон учурда, зайымчынын кредиттик келишим боюнча милдеттенмеси которулган карыздын суммасына бирдей суммада аткарылат.
9. Милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алуу жана мониторингдөө
73. Мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну эсепке алуу жана мониторингдөө агент тарабынан ишке ашырылат.
74. Зайымчы кредитордун милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндө талабын аткарбаган учурда, агент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карызды мажбурлап өндүрүү чараларын көрөт.
75. Эгерде ушул Жобонун 74-пунктуна тиешелүү аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелер аткарылбаган бойдон калса, агентке мамлекетке болгон милдеттенмелери бар зайымчыга карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кудуретсиздик (банкроттук) жол-жобосун демилгелөө ыйгарым укугу берилет. Мындай учурда агент зайымчыга карата кудуретсиздик (банкроттук) жол-жобосун демилгелөө ниети жөнүндө эскертүүгө тийиш. Эскертүүдө кредиттик келишимдеги милдеттенмелердин аткарылбагандыгы көрсөтүлүшү жана зайымчы эскертүүдө көрсөтүлгөн мезгил ичинде милдеттенмени аткарбаган учурда, агент кудуретсиздик (банкроттук) жол-жобосун аныктоо үчүн сотко кайрыла тургандыгы жөнүндө эскертиши керек.
76. Зайымчынын кудуретсиздигинде (банкроттугунда) кредитордун талаптарын канааттандыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10. Милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик
77. Мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн суммасына финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөө алар пайда болгон күндөн баштап жүргүзүлөт.
78. Финансылык санкциялар (бышманалар) боюнча пайыздык баа кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык баанын эки эсе өлчөмүндө, ал эми эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен пайызсыз негизде берилген учурда - 6 жылдык пайыз өлчөмүндө белгиленет. Финансылык санкциялар (бышманалар) боюнча баалардын максималдуу өлчөмү, мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган орточо номиналдык пайыздык баадан жогору болбойт.
79. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотула турат:
- ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун аракеттеринен улам милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу таасир берген, өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлар үчүн пайда болгон аргасыз (форс-мажор) кырдаал башталган күндөн баштап аргасыз кырдаалдын кесепеттерин жоюуга зарыл мезгилге, бирок ал 1 жылдан ашпайт;
- адам каза болгондо - зайымчы каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскору аныкталганга чейин, бирок ал 1 жылдан ашпайт;
- мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карызды кайтаруу эсебинен үрөн даярдоо жөнүндө зайымчы, агент жана айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда үч тараптуу макулдашууну түзүү, анын ичинен жазгы себүү үчүн - макулдашуу түзүлгөн күндөн баштап 25-майга чейин, күзгү себүү үчүн - макулдашуу түзүлгөн күндөн баштап 15-ноябрга чейин.
80. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- карызды өндүрүү жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген күндөн баштап, соттун чечиминде көрсөтүлгөн суммада;
- кошуп эсептелген финансылык санкциялардын (бышманалардын) суммасы кредиттик келишим боюнча карыздын негизги суммасынан 20%дан ашкан учурда;
- карыздын суммасын өнбөс карыз деп табуу үчүн, ушул Жободо каралган негиздер келип чыккан күндөн баштап.
81. Ушул Жобонун 78 жана 79-пункттарында каралган негиздер боюнча финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошум эсептөөнү токтотуу же убактылуу токтотуу зайымчыны кредиттик келишим боюнча алган милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруудан бошотпойт.
82. Зайымчылар кредиттерди пайдалануу жана кайтаруу боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, ошондой эле финансылык абалы начарлаган жана жок болуп кеткен күрөөнү алмаштыруудан баш тарткан учурда агент милдеттенмелерди толук көлөмдө мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндөгү талапты зайымчыга жиберет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде карызды мажбурлап өндүрүүгө киришет.
11. Милдеттенмелерди токтотуу
83. Зайымчынын кредиттик келишим боюнча милдеттенмеси кредиттик келишимдин шарттарына ылайык, ал талаптагыдай аткарылганда токтойт. Бирге жооп берүүчү милдеттенмени зайымчылардын биринин толугу менен аткаруусу калган зайымчыларды милдеттенмелерди аткаруудан бошотот.
84. Агент аткарууну кабыл алып жатып, зайымчынын талабы боюнча карызы жоктугун ырастаган карызды салыштырып текшерүү актысын ага берет.
85. Милдеттенме эки тараптын тең макулдашуусу боюнча зайымчынын кредиторго болгон карызынын ордуна зайымчынын акы төлөөсү (акча төлөө, мүлк өткөрүп берүү ж.у.с.) менен токтотулат. Акы төлөөнүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана тартибин кредиттик келишимдин тараптары аныкташат.
86. Колдонуудагы кредиттик келишимдердин шарттарында каралбаган учурларда милдеттенме:
- соттун чечиминин негизинде;
- жоюлган юридикалык жактын кредиторго болгон милдеттенмелеринин аткарылышы юридикалык жактын жоюлушу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жол берген негиздер боюнча башка жакка жүктөлгөндөн башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, сот тарабынан төлөмөрдү банкрот деп тапкан учурда токтотулат.
87. Мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча өнбөс карыздарды эсептен чыгарып, жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынат.