Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 667
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жыл., № 7, 1019-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын:
“21-берене. Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат.
Финансы кызматтарын көрсөтүү (банк кызматтарын көрсөтүүдөн тышкары) рыногунда монополиялык ишке, атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө байланыштуу мамилелерди жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Банк кызматтарын көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу коммерциялык банктардын жана башка финансы-насыялык мекемелердин аткарышы үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлөт.”.
2. 3-беренеде:
- жетинчи абзац “үстөмдүк” деген сөздөн кийин “(монопсониялык)” деген сөз менен толукталсын;
- он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
монополиялык кымбат баа – үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген товардын баасы, эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдардын жана пайданын суммасынан жана товарды сатып алуучулардын же сатуучулардын курамы, товарды жүгүртүү шарттары, товардык рынокко чыгуу шарттары, мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча салыштырылуучу товардык рынокто (мындан ары – салыштырылуучу товардык рынок) атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашса. Табигый монополиянын субъектиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарга аныкталган тарифтин чегинде белгиленген кымбат баа монополиялык кымбат баа деп таанылбайт;
монополиялык арзан баа - үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген товардын баасы, эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдардын жана пайданын суммасынан төмөн болсо жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо, салыштырылуучу товардык рыноктогу атаандаштык шарттарында түзүлгөн баадан төмөн болсо. Табигый монополиянын субъектиси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарга аныкталган тарифтин чегинде белгиленген кымбат баа монополиялык кымбат баа деп таанылбайт.
рынок (товардык рынок) - товарды жүгүртүү чөйрөсү, анын чегинде (анын ичинде географиялык) ал башка товар же өз ара алмашылуучу товарлар менен алмашылышы мүмкүн эмес, экономикалык, техникалык же башка мүмкүнчүлүктөн же максатка ылайыктуулуктан улам сатып алуучу товарды сатып ала алат жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүк же максатка ылайыктуулук жок;»
- жыйырма экинчи абзац “кызмат көрсөтүү” деген сөздөрдөн кийин «финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда” деген сөздөр менен толукталсын;»;
- жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«чарба жүргүзүүчү субъекттер – пайда алып келген иш жүргүзүүчү коммерциялык уюм, коммерциялык эмес уюм, ошондой эле киреше алып келүүчү профессионалдык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө жана (же) лицензияланууга тийиш болгон жеке ишкер;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“банктык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын улуттук банкы лицензия берүүчү жана жөнгө салуучу коммерциялык банктар жана башка финансылык-кредиттик мекемелер көрсөтүүчү кызматтар;
вертикаль макулдашуу – бирөө товарды алуучу же потенциалдуу аларман болгон, ал эми экинчиси товарды берүүчү же потенциалдуу сатуучу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри – табигый монополия абалындагы рыноктордон башка тийиштүү товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмеси;
мамлекеттик же муниципалдык преференциялар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдары айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге мамлекеттик же муниципалдык мүлктү, жарандык укуктун башка объекттерин берүү жолу менен, же мүлктүк жеңилдиктерди, мамлекеттик же муниципалдык кепилдиктерди берүү жолу менен иштин кыйла пайдалуу шарттарын камсыздоочу артыкчылыктарды берүүсү;
жактардын тобу – жеке жана (же) юридикалык жактардын тобу;
финансылык кызмат көрсөтүүнүн атаандаштык баасы – финансылык кызмат атаандаштык шартта көрсөтүлүшү мүмкүн болгон финансылык кызматтын баасы;
финансылык кызмат көрсөтүүнүн негизсиз кымбат баасы, финансылык кызмат көрсөтүүнүн негизсиз арзан баасы – үстөмдүк абалды ээлеген финансылык уюм тарабынан финансылык кызмат көрсөтүү же финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгиленген, атаандаш финансылык кызмат көрсөтүүнүн баасынан орчундуу айырмаланган жана (же) башка финансылык уюмдарга товардык рынокко чыгууну кыйындаткан жана (же) атаандаштыкка терс таасирин тийгизген баа;
финансылык кызмат көрсөтүү – банктык кызмат көрсөтүү, камсыздандыруучу кызмат көрсөтүү, баалуу кагаздар рыногундагы кызмат көрсөтүү, лизинг келишими боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле финансылык уюм көрсөтүүчү жана юридикалык жактардын жана жеке адамдардын акча каражаттарын тартууга жана (же) жайгаштырууга байланыштуу кызмат көрсөтүү;».
финансылык уюм - финансылык кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак;».
3. 4-беренеде:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Эгерде төмөнкүдөй шарттардын бири аткарылса, рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдан башкалардын) абалы үстөмдүк болуп таанылат:”;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«2. Атаандаштыктын абалына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү товардын рыногундагы үлүшү отуз беш пайыздан азды түзгөн жана тийиштүү товардык рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнөн ашкан, бирок эгерде төмөнкү шарттар чогуусу менен сакталса товардык рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизе алышы мүмкүн болгон чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүктүү деп таанылат:
1) чарба жүргүзүүчү субъект товардын баасынын деңгээлин бир жактуу тартипте аныктоого жана тийиштүү товардык рынокто товарды сатуунун жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизүүгө мүмкүндүгү бар болсо;
2) жаңы атаандаштардын тийиштүү товардык рынокко чыгуусу кыйындаса, анын ичинде экономикалык, технологиялык, административдик же башка чектөөлөрдүн натыйжасында кыйындаса;
3) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмашылышы мүмкүн эмес болсо;
4) товардын баасын өзгөртүү товарга болгон суроо-талаптын азайышын шарттабаса.
Эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча үстөмдүк деп таанылбаса, чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиздер боюнча үстөмдүк деп таанылышы мүмкүн эмес.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4, 5-бөлүктөр менен толукталсын:
«3. Финансылык уюмдун абалы үстөмдүк болуп таанылат, эгерде:
1) финансылык уюмдун тийиштүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан жогору болсо;
2) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон эки финансылык уюмдун биргелешкен үлүшү элүү жана андан көп пайызды түзсө;
3) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон үч финансылык уюмдун биргелешкен үлүшү жетимиш жана андан көп пайызды түзсө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көзөмөлдөнүүчү финансылык уюмдун абалын үстөмдүк катары таануунун шарттары ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет. Башка финансылык уюмдун үстөмдүк абалын таануу шарты ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Үстөмдүк абал деп табигый монополия абалындагы товардык рынокто табигый монополиянын субъектиси болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы таанылат.
5. Үстөмдүк абалды аныктоодо атаандаштыктын абалына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте баалоо жүргүзөт.
Атаандаштык чөйрөнүн абалын баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте туруктуу экономикалык-статистикалык байкоонун зонасындагы чарбакер субъекттердин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.».
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 41, 42, 43 жана 44-беренелер менен толукталсын:
«41-берене. Товардын монополиялык кымбат баасынын белгилери
1. Товардын монополиялык кымбат баасы үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген баа болуп саналат, анын ичинде төмөнкү аркылуу белгиленген:
1) эгерде бул учурда төмөнкү шарттар биригип аткарылса, товардын мурун белгиленген баасын кымбаттатуу жолу менен:
- товарды өндүрүү жана сатуу үчүн керектүү чыгымдар өзгөрүлбөгөн бойдон калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө туура келбесе;
- товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүлбөгөн бойдон калса же товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү анча олуттуу эмес болсо;
- товардык рынокто, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары, мунун ичинде салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу өзгөртүлбөгөн бойдон калса же алардын өзгөрүшү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
2) эгерде бул учурда төмөнкү шарттар биригип аткарылса, товардын мурун белгиленген баасын сактап туруу же арзандатпоо жолу менен:
- товарды өндүрүү жана сатуу үчүн керектүү чыгымдар бир топ азайды;
- товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасынын арзандатуу жагына өзгөртүү мүмкүндүгүн шарттайт;
- товардык рынокто, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары, мунун ичинде салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу товардын баасынын арзандатуу жагына өзгөрүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.
2. Товардын баасы салыштырма товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашпаган учурда монополиялык кымбат деп таанылбайт.
42-берене. Товардын монополиялык арзан баасынын белгилери
1. Товардын монополиялык арзан баасы үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген товардын баасы эсептелет:
1) эгерде бул учурда төмөнкү шарттар биригип аткарылса, товардын мурун белгиленген баасын арзандатуу жолу менен:
- товарды өндүрүү жана сатуу үчүн керектүү чыгымдар өзгөрүлбөгөн бойдон калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө туура келбесе;
- товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүлбөгөн бойдон калса же товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү анча олуттуу эмес болсо;
- товардык рынокто, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары, мунун ичинде салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу өзгөртүлбөгөн бойдон калса же алардын өзгөрүшү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
2) эгерде бул учурда төмөнкү шарттар биригип аткарылса, товардын мурун белгиленген баасын сактап туруу же арзандатпоо жолу менен:
- товарды өндүрүү жана сатуу үчүн керектүү чыгымдар бир топ азайды;
- товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасынын арзандатуу жагына өзгөртүү мүмкүндүгүн шарттайт;
- товардык рынокто, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары, мунун ичинде салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу товардын баасынын арзандатуу жагына өзгөрүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.
2. Төмөнкү учурда товардын баасы монополиялык арзан деп таанылбайт, эгерде:
1) ал салыштырма товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан арзан болсо;
2) товардын сатуучусу тарабынан аны белгилөө товардын сатуучулары же сатып алуучулары менен тиешелүү товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир тобуна кирбеген адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу атаандаштыкты чектөөгө алып келбесе же алып келиши мүмкүн болбосо.
43-берене. Монопсониялык абал жана монопсониялык арзан баа
1. Монопсониялык абал деп чарба жүргүзүүчү субъекттин же адамдардын тобунун же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттин же белгилүү товардын рыногундагы адамдардын тобунун үстөмдүк абалы таанылат, анда мындай чарба жүргүзүүчү субъект же адамдардын тобу же бир нече чарба жүргүзүүчү субъект же адамдардын тобу товарды сатып алууну жүргүзүшөт.
2. Монопсониялык абал ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык белгиленет.
3. Монопсониялык арзан баа монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы болуп саналат, эгерде:
1) бул баа монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектке товарды өндүрүүгө жана (же) сатууга чыгымдарды азайтуу жолу менен кошумча киреше алууга мүмкүндүк берсе;
2) бул баа мындай товарды өндүрүүнү жана сатууну жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъектке керектүү суммадан, аны өндүрүү жана сатуу үчүн чыгымдардан жана пайдадан арзан болсо.
44-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттеринин шарттары
1. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттери төмөнкү шарттарды бириктирип канааттандырган товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери болуп саналат:
1) мындай иш-аракеттердин жыйынтыктары чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин кызыкчылыктарына туура келет;
2) иш-аракеттер алардын биринин мындай иш-аракеттерди аткарганы жөнүндө эл алдындагы билдирүүсүнө байланыштуу аларда катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар бирине алдын ала белгилүү;
3) рыноктун көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ар биринин иш-аракеттери макулдашылган иш-аракеттерге катышкан башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттеринен улам келип чыккан жана тиешелүү товардык рыноктогу бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге тең өлчөмдө таасирин тийгизген жагдайлардын натыйжасы болуп саналбайт. Мындай жагдайлар атап айтканда, жөнгө салынуучу тарифтердин өзгөрүшү, товарды өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки затка баалардын өзгөрүшү, дүйнөлүк товардык рыноктордо товарга болгон баалардын өзгөрүшү, кеминде 1 жыл ичинде же эгерде бул мөөнөт бирден аз жылды түзсө, тиешелүү товардык рынок иштеген мөөнөт ичинде товарга болгон суроо-талаптын олуттуу өзгөрүшү.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери жазуу жүзүндөгү макулдашуунун бар экендигине карабастан макулдашылган болуп таанылат.».
5. 6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
«14) финансы уюму тарабынан финансы кызматынын негизсиз кымбат же негизсиз арзан баасын белгилөө.».
6. 7-беренеде:
- 1-бөлүктүн 2-пункту «рынокто» деген сөздөн кийин «жана тооруктарда» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул берененин 2-пунктунун жоболору адамдардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда макулдашууларга колдонулушу мүмкүн.»;
- 2-бөлүк «ар кандай түрдө жетишилген атаандаштыкка каршы» деген сөздөрдөн кийин «вертикалдуу» деген сөз менен толукталсын, «атаандашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин» деген сөздөр алып салынсын;
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы биринчи сүйлөм менен толукталсын:
«Ушул Мыйзамга ылайык жол берилиши мүмкүн деп тааныла турган макулдашууга жетишүүгө ниеттенген чарба субъекттери монополияга каршы органга макулдашуунун долбоорунун монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө (жазуу жүзүндө) арызы менен кайрылууга укуктуу.».
7. 8-беренеде:
- 1-бөлүктүн 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«16) тийиштүү рынокто товардын кайсы бир түрүн атаандаш шарттарга караганда арзан бааларда же атаандаштыкты чектөөгө багытталган өздүк наркынан атайылап арзан сатууну жүзөгө ашыруу.»;
- 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
8. 9-беренеде:
- 1-бөлүктүн 6-пункту «, анын ичинде артыкчылыктуу тартипте маалыматты алууга» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
«12) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл жана милдеттүү болуп саналган кызматтарды көрсөтүүдө мыйзам тарабынан каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана (же) алууга.»;
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
9. Төмөнкүдөй мазмундагы 91-берене менен толукталсын:
«91-берене. Мамлекеттик же муниципалдык преференциялар
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде төмөнкү максаттарда гана көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү;
2) илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
3) айлана-чөйрөнү коргоо;
4) Кыргыз Республикасынын маданий мурас (тарыхый жана маданий эстеликтерин) объектилерин сактоо, пайдалануу, популяризациялоо жана мамлекеттик коргоо;
5) маданиятты, искусствону өнүктүрүү жана маданий баалуулуктарды сактоо;
6) дене тарбия жана спортту өнүктүрүү;
7) өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу;
8) айыл чарба продукциясын өндүрүү;
9) калкты социалдык жактан камсыз кылуу;
10) эмгекти коргоо;
11) жарандардын саламаттыгын сактоо;
12) чакан жана орто ишкердик субъектилерин колдоо;
13) коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык социалдык тармакка багытталган коммерциялык эмес уюмдарды колдоо;
2. Төмөнкүлөр мамлекеттик же муниципалдык преференциялар болуп саналбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган тооруктардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу чөйрөсүндө келишим системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка процедуралардын жыйынтыктары боюнча мүлктү жана (же) жарандык укуктардын башка объектилерин берүү;
2) өзгөчө кырдаалдардын, согуштук аракеттердин, контртеррористтик операциялардын кесепеттерин жоюу максатында мамлекеттик же муниципалдык мүлктү айрым адамдарга өткөрүп берүү, бөлүп берүү, бөлүштүрүү;
3) чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда чарбакер субъекттерге мамлекеттик же муниципалдык мүлктү бекитип берүү;
4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде мүлктү жана (же) жарандык укуктун башка объектилерин берүү;
5) мүлктү жана (же) жарандык укуктун башка объектилерин товардык рыноктун ар бир катышуучусуна бирдей өлчөмдө берүү.
3. Мамлекеттик же муниципалдык преференцияларды көрсөтүү тартибин ылайыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы белгилейт.».
10. Төмөнкүдөй мазмундагы 18¹-берене менен толукталсын:
«181-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүү
1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында монополияга каршы орган чарба жүргүзүүчү субъектинин кызмат адамына монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү (мындан ары – эскертүү) жөнөтөт.
2. Эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болсо жана ошол эле учурда монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, эскертүү жөнөтүү үчүн негиз товардык рынокто пландаштырылган аракет жөнүндө ушул берененин бөлүгүндө көрсөтүлгөн кызмат адамынын жалпы элдик билдирүүсү болуп саналат.
3. Эскертүү берүү тартибин жана анын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.».
2-берене
«Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2002-жыл, № 5, 199-б) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
11-беренеде:
- 3-бөлүктөгү «социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын тизмеги жана аларга бааны жөнгө салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет» деген сөздөр «социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлардын чекене бааларына 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
«Бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашуун пайызга өскөн шартта чекене бааларга мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
Социалдык маанилүү товарлардын тизмеси жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.».
3-берене
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 2, 5-б) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«товарлардын (иштер, кызматтар) баасын, далдалчылык акылары жана тарифтер улуттук валютада жана/же проценттик ставкаларда, ошондой эле жана сатып алуу шарттарын;».
4-берене
1. Ушул Мыйзам Евразия экономикалык союзу жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти