Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 673 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарында иштөө үчүн конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарында иштөө үчүн конкурс (мындан ары – конкурс) өткөрүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
Конкурс Кыргыз Республикасынын жарандарынын жөндөмүнө жана кесиптик даярдыгына жараша ички иштер органдарына кызматка кирүүдөгү тең укуктуулугун камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы кызматка тандап алуу процессинин жана кызматы боюнча текшерүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылат.
1. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамында иштөө үчүн кызмат ордунун квалификациялык талаптарына туура келген, даярдыгы бар талапкерлерди аныктоо жана тандап алуу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат ордунда (мындан ары – бош кызмат орду) иштөө үчүн талапкерлерди тандап алуу ушул Жобого ылайык конкурс өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
3. Бош кызмат орду – бул Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы кенже, орто жана жогорку жетектөөчү курамынын бош штаттык бирдиги.
Конкурстук негизде кабыл алынуучу кызмат орундарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Конкурстун катышуучусу – ушул Жободо белгиленген тартипте конкурска катышууга арыз берген жана конкурска катышууга уруксат берилген адам.
5. Тийиштүү бош кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобосу (мындан ары – кызмат өтөө жөнүндө жобо) менен аныкталат.
Айрым бош кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишинин өзгөчөлүгүн жана өзгөчө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри (мындан ары – министр) аныктоочу кошумча квалификациялык талаптар коюлат.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары – ички иштер органдары) аймактык жана адистештирилген бөлүктөрүндө, окуу жайларында конкурстук комиссиялардын конкурс өткөрүү боюнча иштерин жалпы координациялоо, методикалык жана консультациялык жардам берүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
7. Конкурстун катышуучуларын жазуу түрүндөгү негизги жана предметтик тестирлөөдөн өткөрүү бекитилген кызмат орундарынын тизмесине жана квалификациялык талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде, ички иштер органдарынын аймактык жана адистештирилген бөлүктөрүндө, окуу жайларында жүргүзүлөт.
2. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
8. Конкурс бош кызмат орду пайда болгон учурдан беш жумушчу күн өткөндөн кийин жарыяланат.
Биринчи кезекте, конкурс ички иштер органдарынын кадрлар резервинде (мындан ары – кадрлар резерви) турган жана бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга туура келген адамдар арасында уюштурулат.
Конкурс өткөрүү тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык ишти жүргүзгөн бөлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча бекитилген кызмат орундарынын тизмесине ылайык министрдин буйругу түрүндө кабыл алынат, ички иштер органдарынын аймактык жана адистештирилген бөлүктөрүндө, окуу жайларында конкурсту өткөрүү жөнүндө буйруктары кадрдык иштерди жүргүзүү кызматы боюнча орун басарынын же болбосо кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүктүн жетекчисинин сунушу боюнча ушул бөлүктүн жетекчиси тарабынан чыгарылат.
9. Конкурс бош кызмат ордуна гана өткөрүлөт
10. Конкурс бир катар ырааттуу этаптардан турат:
- конкурс өткөрүү жөнүндө буйрук чыгаруудан;
- ачык конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоодон;
- талапкерлердин бош кызмат ордуна жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн талапкерлерди аскердик-врачтык комиссиядан ырастоодон өткөрүүдөн;
- конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуудан;
- ички иштер органдарынын кызматкерлеринен башка, талапкерге, анын бир туугандарына жана жакын байланыштарына тийиштүү маалыматтарды атайын текшерүү жүргүзүүдөн;
- конкурстун катышуучуларынын документтеринин бош кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарына туура келишин кароодон;
- кызматтык-спорттук комплекс (мындан ары – КСК) боюнча ченемдерди тапшыруудан;
- конкурстун катышуучуларын жазуу түрүндөгү тестирлөөдөн өткөрүүдөн;
- конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүүдөн.
Жазуу түрүндөгү тестирлөө, КСК боюнча ченемдерди тапшыруу конкурстук комиссиянын кеминде үчтөн эки курамынын катышуусунда жүргүзүлөт.
11. Бош кызмат орунун ээлөө үчүн жалгыз катышуучу талапкер болсо же бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер жок болсо, конкурс өткөн жок деп эсептелинет.
Конкурстун өтпөй калгандыгы тууралуу чечим талапкерлердин документтерди тапшыруу мөөнөтү бүткөн учурдан жети жумушчу күнү өткөндөн кийин конкурстук комиссия тарабынан чыгарылат.
12. Эгер кадрлар резервинде турган адамдар үчүн конкурс алардын ага катышуудан баш тартышынын натыйжасында, ошондой эле ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча болбой калган учурда, ачык конкурс өткөрүлөт.
13. Ачык конкурс кадрлар резервинде турушкан адамдар үчүн конкурс өткөрүү болбой калган күндөн беш жумушчу күн өткөндөн кийин жарыяланат.
14. Ачык конкурска Кызмат өтөө жөнүндө жободо аныкталган ички иштер органдарына кабыл алуу жана кызмат өтөө шарттарына жана квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде кадрлар резервинде турушкан адамдар жана ички иштер органдарынын кызматкерлери да катышууга укуктуу.
15. Тартиптик жазасы алына элек ички иштер органынын кызматкерине жогору турган бош кызмат ордунда иштөө үчүн конкурска катышууга жол берилбейт.
Ээлеген кызмат ордунан тартиптик түрдө төмөндөтүү менен кызматынан бошотулган ички иштер органынын кызматкерине жогору жана бирдей маанидеги бош кызмат ордунда иштөө үчүн конкурска катышууга жол берилбейт.
16. Ачык конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, ички иштер органдарынын аймактык жана адистештирилген бөлүктөрүнүн, окуу жайларынын веб-сайттарында жайгаштырылат.
17. Ачык конкурс жөнүндө кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтар жайгаштырылат:
- конкурс өткөрүлүп жаткан ички иштер органдарынын аталышы почталык дареги, телефону менен факсынын номери;
- бош кызмат ордунун аталышы;
- бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптар;
- конкурска катышуу жөнүндөгү арызга же рапортко тиркеле турган документтердин тизмеси;
- конкурска катышуу жөнүндөгү арыздарды же рапортторду тапшыруу мөөнөтү;
- ички иштер органдарынын ишин жөнгө салуучу укуктук ченемдик актылардын тизмеси;
- негизги жана предметтик жазуу түрүндөгү тестирлөө боюнча суроолордун тизмеси.
Ошондой эле кулактандырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча маалыматтар да жайгаштырылат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 1 айды түзөт.
Конкурстун катышуучуларынын документтерин карап чыгуу документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин жети жумушчу күндүн ичинде өткөрүлөт.
18. Конкурска катышууга арыз берген талапкердин ага катышуусуна Кызмат өтөө жөнүндө жободо аныкталган ички иштер органдарында кабыл алуу жана кызмат өтөө шарттарына, квалификациялык талаптарга жана ушул Жобонун 5-пунктунда каралган тартипте белгиленген кошумча квалификациялык талаптарга шайкеш келбеген учурда жол берилбейт.
3. Конкурстук комиссия
19. Бош кызмат орундарына конкурстарды өткөрүү үчүн министрдин буйругу менен он үч адамдан турган конкурстук комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт, комиссиянын курамы бир жылдык мөөнөткө бекитилет.
Иштөө үчүн конкурстук негизде кабыл алынуучу кызмат орундары каралган ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүндө, окуу жайында, ушуга окшош конкурстук комиссия түзүлөт жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүгүнүн жетекчисинин макулдугу менен ошол мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
20. Ички иштер органдарынын комиссияларынын түзүмү жана курамы:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде комиссиянын төрагасы болуп министр аныктаган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары дайындалат.
Ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүндө жана окуу жайында комиссиянын төрагасы болуп ошол бөлүктүн жетекчиси аныктаган жетекчинин орун басарларынын бири дайындалат;
- комиссиянын катчысы – кадрдык ишти жүргүзүүчү бөлүктүн кызматкери;
Комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүнүн, окуу жайынын) адеп боюнча комиссия мүчөсү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү;
- Ички иштер органына караштуу Коомдук кеңештин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүгүнүн жетекчиси (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүндө, окуу жайында – укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча жооптуу башкармалыктын же бөлүмдүн жетекчиси);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүгүнүн жетекчиси (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүндө, окуу жайында – жетекчинин кадрдык иштерди жүргүзүү кызматы боюнча орун басары, мындай кызмат оруну жок болгон учурда кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүктүн жетекчиси);
-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук кызматынын жетекчиси (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүндө, окуу жайында – тийиштүү ушул бөлүктүн жетекчиси;
- кызыкдар кызматтардын жана ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилери;
- жарандык коом институттарынын өкүлдөрү;
- тиешелүү тармактык багыттагы адистер.
Келбей калган комиссия мүчөлөрүнүн ордуна башкалардын катышуусуна жол берилбейт.
Комиссиянын жыйыны, эгерде ага анын курамынын кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
21. Конкурс өткөрүүдө комиссия:
- конкурс өткөрүүнүн мөөнөтүн жана ишинин регламентин аныктайт;
- конкурстун катышуучулары тапшырган документтерди карап чыгышат жана аларды конкурска киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- конкурстун катышуучуларына КСК боюнча ченемдиктерди, жазуу түрүндөгү тесттерди тапшыруунун тартибин жана мөөнөтүн аныктайт;
- конкурстун катышуучулары менен аңгемелешет;
- конкурстан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча конкурстун катышуучуларына карата чечим кабыл алат.
22. Кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүктөрдүн кызматкерлери конкурс өткөрүүдө:
- бош кызмат ордун ээлөөгө талаптанган адамдардан документтерди кабыл алууну ишке ашырат;
- бош кызмат ордуна талапкер адамдарды конкурс өткөрүүнүн шарттары менен тааныштырат;
- комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгышат жана даярдашат;
- тестирлөөнүн катышуучуларынын тизмесин түзүшөт;
-КСК боюнча ченемдиктерди тапшырууну, жазуу түрүндөгү тестирлөөнү, аңгемелешүүнү өткөрүүнүн ордун, датасы менен убактысын конкурстун катышуучуларына кабарлайт.
4. Документтерди кабыл алуу жана карап чыгуу
23. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси Кызмат өтөө жөнүндө жобонун 29-пункту менен аныкталат, конкурска катышып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мамлекеттик сыр болгон маалыматтардан башка кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүктөрү тарабынан өздүк көктөмдөрү берилет.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер талапкердин каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.
Конкурстун катышуучусуна арызы боюнча документтер кайтарылып жаткан документтердин тизмесин көрсөтүү менен, кол койдурулуп кайтарылып берилет.
24. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди тапшырганга чейин талапкерлер бош кызмат ордуна жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын күбөлөндүрүлүүсүнөн өтүүгө тийиш.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери бош кызмат ордунда андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн аскердик-врачтык комиссиянын күбөлөндүрүлүүсүнөн өтүүгө тийиш.
25. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринен башка, талапкердин өзүнө, анын жакын туугандары менен жакын байланыштарына тийиштүү маалыматтарды тактоо максатында, Кызмат өтөө жөнүндө жобого ылайык атайын текшерүү жүргүзүлөт.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринен башка конкурстун катышуучусуна ал тапшырган документтерден өздүк көктөм таризделет.
26. Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган адамдардын конкурска катышуусуна жол берилбейт.
Конкурска катышууга жол берилбеген адамдардын тизмеси комиссиянын катчысы тарабынан комиссияга себептери көрсөтүлүп берилет.
Конкурска катышууга жол берилбеген адамдар, кадрдык иштерди жүзгүзүүчү бөлүктүн кызматкерлери тарабынан почта же башка жол аркылуу кулактандырылат.
27. Берилген документтерди талдоонун негизинде комиссия алардын тиешелүү бош кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга туура келээри жана конкурска катышууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
28. Конкурска катышууга жол берилген адамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, ички иштер органдарынын аймактык жана адистештирилген бөлүктөрүнүн, окуу жайларынын веб-сайттарында жайгаштырылат.
5. Конкурстун катышуучуларынын дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин, жалпы жана кесиптик билимин текшерүү
29. Конкурстун катышуучуларынын дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин текшерүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Окуу-машыгуу борборунун кызматкерлери тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн КСК боюнча белгиленген ченемдериктерге ылайык жүргүзүлөт.
КСК боюнча ченемдиктерди тапшыра албаган конкурстун катышуучулары тестирлөөгө киргизилбейт.
30. Конкурстун катышуучуларынын жалпы жана кесиптик билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн текшерүү жазуу жүзүндөгү тестирлөө түрүндө анын каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилдерде өткөрүлөт.
Жазуу түрүндөгү тестирлөөнүн максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле ички иштер органдарынын ишин уюштурулушун билүүсүнүн жалпы деңгээлин аныктоо болуп эсептелинет.
Жалпы билиминин деңгээлин текшерүү негизги тесттер боюнча жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Конкурстун катышуучуларынын кесиптик билимин жана жөндөмдөрүн текшерүү жазуу түрүндөгү предметтик тесттер боюнча бааланат.
Жазуу түрүндөгү тестирлөө конкурс жарыяланган учурдагы варианттар жана суроолор боюнча өткөрүлөт.
Жазуу жүзүндөгү тесттик тапшырмалардын варианттары менен суроолорунун тизмеси министр тарабынан бир жылдык мөөнөткө бекитилет.
31. Негизги жана предметтик жазуу түрүндөгү тесттердин суроолору жана варианттары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүгү тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде конкурстун катышуучулары үчүн жообу жок түзүлөт.
Катардагы жана кенже жетектөөчү курам үчүн жазуу түрүндөгү тесттер 4 вариантта түзүлүп, ар бир вариант 40 суроону камтыйт. Суроолордун жалпы саны 120ны түзөт.
Орто жана жогорку жетектөөчү курам үчүн жазуу түрүндөгү тесттер 4 вариантта түзүлүп, ар бир вариант 60 суроону камтыйт. Болгон суроолордун жалпы саны 180ди түзөт.
Предметтик жазуу түрүндөгү тесттер ички иштер органдарынын ишинин багыттары боюнча, тестирлөөнүн катышуучуларынын билим деңгээлдерин аныктоочу суроолорду камтыйт.
Жазуу түрүндөгү тестирлөөнүн жыйынтыктары тестирлөө жүргүзүлгөн күнү протокол түрүндө таризделип жана комиссиянын катчысына тапшырылат.
32. Эгерде конкурстун катышуучусу жазуу түрүндөгү тестирлөөнүн 50 пайыздан ашык суроолоруна туура жооп бербесе, ал тестирлөөдөн өткөн жок деп саналат жана аңгемелешүүгө киргизилбейт.
33. Конкурстун катышуучуларынын конкурстун ар бир этабынан өткөндүгүнүн натыйжалары тууралуу бардык маалымат конкурстун ар бир этабы аяктагандан кийин аларга түздөн-түз кулактандырылат.
6. Конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүү
34. Аңгемелешүү конкурстун катышуучуларынын жекече жана кесиптик сапаттарын жана алардын келечектеги иши жөнүндө түшүнүктөрүн, жекече жүйө-себептерин аныктоо максатында жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү тарабынан конкурстун катышуучусуна бош кызмат ордуна талапкердин кесиптик кызмат иши боюнча суроолор берилет.
Аңгемелешүү конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
Бир эле бош кызмат ордуна талапкер болгон конкурстун катышуучуларына бирдей суроолор берилет. Ички иштер органынын бош кызмат ордун ээлөөгө тиешелүү башка шарттарды аныктоо керек болгон учурда, кошумча суроолор берилет.
Аңгемелешүү өткөрүүдө видео жазуу жүргүзүлөт.
Конкурстун катышуучусунун өтүнүчү боюнча суранган күндөн баштап ага тиешелүү болгон бөлүкчөсүнүн видео жазуусунун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде берилет.
Аңгемелешүүнүн видео жазуусу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүгүндө (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүнүн, окуу жайынын кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүгүндө) бир жыл бою сакталат, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин акт түзүү менен жок кылынууга жатат.
35. Аңгемелешүүнү жүргүзүүдө комиссия конкурстун катышуучуларынын конкурстун этаптарындагы кесиптик билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн текшерүүнүн натыйжаларын эске алат, ошол эле учурда жеке моралдык-адептик, кесиптик сапаттары да эсепке алынат.
36. Жыйында катышып жаткан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен комиссиянын чечими кабыл алынат.
Тандап алуу конкурсунун жүрүшүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
- бош кызмат ордун ээлөөгө сунуш кылынат;
- бош кызмат ордун ээлөөгө сунуш кылынбайт;
- кадрлар резервине киргизүүгө сунуш кылынат.
37. Эгерде конкурстун катышуучулары бирдей добуш алышса, чечимди комиссиянын төрагасы кабыл алат.
Чечим кабыл алууда жалпы эсептен көп балл алган конкурстун катышуучусу жеңүүчү болуп эсептелинет, алынган балл бирдей болсо кесиби боюнча эмгек стажы (тажрыйбасы) эске алынат.
Алынган балл жана эмгек стажы (тажрыйбасы) бирдей болгон учурда ички иштер органындагы бош кызмат орду боюнча өкүлдөрү жетишсиз этностук же гендердик топтун катышуучусу жеңүүчү болуп эсептелинет.
38. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими конкурстун катышуучусуз кабыл алынат. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы конкурстун катышуучусуна анын аякташы менен жарыялайт.
39. Конкурстук тандап алуунун натыйжасы протокол түрүндө түзүлүп, ага жыйынга катышкан комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат.
Кадрдык иштерди жүргүзүүчү бөлүмдүн кызматкерлери протоколдун көчүрмөсүн алган күндөн тартып министр тарабынан бекитилген кызмат орундарынын тизмесине ылайык үч жумушчу күндөн кечиктирбестен конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндө министрге, тийиштүү ички иштер органынын бөлүгүнүн, окуу жайынын жетекчисине сунуш киргизүүгө милдеттүү.
40. Эгерде конкурс өткөрүүнүн натыйжасында бош кызмат ордун ээлөө үчүн коюлган талаптарга жооп берген адамдар аныкталбаса, анда министр (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүнүн, окуу жайынын жетекчиси) кайталап конкурс өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алат.
41. Конкурстун жыйынтыгы боюнча КСК боюнча ченемдиктерди тапшырууда, жазуу түрүндөгү тесттен өтүүдө баллдын жалпы саны 75 пайыздан кем болбой, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган конкурстун катышуучулары комиссия тарабынан кадрлар резервине киргизүүгө сунушталат.
Конкурстун катышуучусуна карата чыгарылган комиссиянын корутундусу анын жекече көктөмүнө тиркелет. Корутундунун формасы министр тарабынан бекитилет.
42. Конкурс өткөрүүгө байланышкан талаштар министр тарабынан (ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүктөрүнүн, окуу жайынын жетекчилери тарабынан) каралат.
Ички иштер органдарынын аймактык же адистештирилген бөлүгүнүн, окуу жайынын жетекчисинин чечими менен макул болбогон учурда конкурстун катышуучусу ушул чечимдин үстүнөн жогору турган ички иштер органынын жетекчисине же министрге даттанууга укуктуу.
43. Конкурстан ийгиликтүү өткөн конкурстун катышуучулары Кызмат өтөө жөнүндө жобого ылайык бош кызмат ордуна дайындалышат.