Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-декабры № 695
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча
камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү
тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ч. Текебаев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “5“ декабры № 695 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ч.Текебаев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган Мыйзамдын долбоору менен “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү сунушталат, ага ылайык диний уюмдар жана алардын кызматкерлери зыярат уюштуруу жана өткөрүү боюнча көрсөткөн кызматы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери боюнча 2014-жылдын 1-январына чейин эсептелген төлөмдөрдөн бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесине ылайык жарандарга улгайган, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болгон, багар-көрөөрүнөн ажыраган учурларда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет.
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат, камсыздандырылган адамдарды социалдык жактан коргоонун жалпыга бирдей жана милдеттүү мүнөздө болушу мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун негизги принциптеринин бири болуп эсептелет.
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), дыйкан (фермердик) чарбалары, жеке жактар саналат.
Диний уюмдарды жана алардын кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу камсыздандырылгандардын келечекте пенсияларынын өлчөмүнүн аз болушуна алып келет.
Мындан тышкары, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча жеке жеңилдиктердин берилиши мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жатышкан башка жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузат.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 11 жана 12-беренелеринде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган субъектилердин тизмеси, ошону менен камсыздандыруу төгүмдөрдүн чегерилбей турган төлөмдөрүнүн түрлөрү көрсөтүлгөн.
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган граждандары мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алууга укуктуу.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт деп белгиленген. Кыргыз Республикасында пенсионерлердин саны акырындап өсүп жатат, пенсияларды өлчөмү жыл сайын көбөйтүлүүдө, бул пенсия төлөөгө акча каражаттарынын суммасын көбөйтүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматы боюнча, эки эле диний уюмду жана алардын кызматкерлерин зыяратты уюштуруу жана өткөрүү кызматтарын көрсөткөндүк үчүн 2014-жылдын 1-январына чейин эсептелген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошоткондо алынбай калуучу каражат 12,9 млн. сомго жакын болот.
Мыйзам долбоорунда 2014-жылдын 1-январына чейин эсептелген суммалардын ордун толтуруу үчүн каржылоо булагы каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылынган долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейбиз.