Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 531 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 32
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин ички баалоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишинин натыйжалуулугун системалуу баалоо жана иштин акыркы натыйжаларына жетишүүгө багыттоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин ички баалоонун методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына Методиканы иш жүзүндө колдонууга, анын ичинде тиешелүү нускамалык материалдарды иштеп чыгуу жана бекитүү жолу менен жардам көрсөтсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин ички баалоо методикасы (мындан ары - Методика)
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишинин натыйжалуулугун баалоону кошо камтуу менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун баалоонун бирдиктүү системасынын негизги бөлүгү болуп саналат.
2. Методика:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин;
- администрациялык ведомстволордун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган мамлекеттик органдардын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн (мындан ары - бөлүнүштөрдүн) ишин баалоо үчүн арналган.
3. Бөлүнүштөрдүн ишин баалоо көрсөткүчтөрдүн жана индикаторлордун системасынын негизинде жүргүзүлөт.
4. Бөлүнүштөрдүн ишин баалоону мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан түзүлүүчү Комиссия жүргүзөт.
5. Бөлүнүштөрдүн ишин баалоо боюнча комиссияны ( мындан ары - Баалоо боюнча комиссия) мамлекеттик органдын статс-катчысы (же жетекчинин биринчи орун басары) же мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси жетектейт.
6. Баалоо боюнча комиссиянын курамына кирүүчүлөр:
- мамлекеттик органдын статс-катчысы (же жетекчинин биринчи орун басары) же аппаратынын жетекчиси;
- персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, укуктук камсыздоо, финансы жана бухгалтердик эсеп функцияларын аткаруучу түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери (кызматчылары).
7. Комиссиянын жыйыны анда анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет. Баалоо боюнча комиссиянын жок болгон мүчөсүн алмаштырууга жол берилбейт.
8. Баалоо боюнча комиссиянын ишинин регламенти мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
9. Баалоо жылына эки жолу, ар бир жарым жылдын аягында жүргүзүлөт.
10. Баалоо боюнча комиссия баалоо индикаторлорунун пландык маанилерин жана анын салмактык маанилерин отчеттук мезгил башталганга чейин аныктайт жана мамлекеттик органдын жетекчисинин кароосуна киргизет.
11. Баалоо индикаторлорунун пландык маанилери жана алардын салмактык маанилери мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
12. Баалоонун тиешелүү индикаторуна жооптуу баалануучу бөлүм отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейинки мөөнөттө отчеттук мезгилде индикаторлордун иш жүзүндө жетишилген маанилери жөнүндө маалыматты даярдайт жана Баалоо боюнча комиссияга киргизет.
13. Баалоо боюнча комиссия отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнө чейинки мөөнөттө индикаторлорго жетишүүнүн натыйжалары жана бөлүнүштөрдүн ишин баалоо көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматты жалпылайт жана мамлекеттик органдын жетекчисине:
- бөлүнүштөрдүн ишин баалоонун жыйынтыктарына талдоону;
- бөлүнүштөр боюнча жыйынтык баалоону;
- бөлүнүштөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча рекомендацияларды киргизет.
14. Бөлүнүштөрдүн отчеттук мезгилдеги ишин баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет жана стратегиялык пландоо жана башкаруу процессинде башкаруу инструменттеринин бири катары пайдаланылат.
15. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин баалоо көрсөткүчтөрү жана индикаторлору 1-таблицага ылайык белгиленет.
1-таблица
№ | Көрсөткүч | Индикатор | Булак | Балл |
1. 1. | 2. Мамлекеттик органдын алдында турган маселелерге шайкештик (*)
| Мамлекеттик органды баалоонун базалык көрсөткүчтөрүнүн жалпыланган мааниси (КРӨ 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтомуна ылайык) | Тиешелүү индикаторго жооптуу түзүмдүк бөлүнүш | 10
|
Жетекчинин «жеке» планынын аткаруу деңгээли | 10 | |||
Эл аралык рейтингдин өзгөрүү деңгээли (КРӨ 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтомуна ылайык) | 5 | |||
3. 2. | Натыйжалуулук | Бөлүнүштүн планын аткаруу пайызы | 5 | |
Пландан ашык иштерди аткаруу пайызы | 10 | |||
4. 3. | 5. Бөлүнүштүн персоналынын ишинин натыйжалуулугу | Бөлүнүштүн мамлекеттик кызматчыларын баалоонун орточо мааниси | 10 | |
6. 4. | Өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу | Бардык кызматкерлер квалификацияны жогорулатуу максатында өз убагында окутуудан өтүп турушат | 5 | |
Бөлүнүштү өнүктүрүүнүн планы (стратегиясы) бар | 5 | |||
Мамлекеттик тилди өздөштүрүү | 7 | |||
7. 5. | Демилгелүүлүк жана инновациялык мамиле | (1) Бөлүнүштүн, мамлекеттик органдын же тейлеген чөйрөнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишке ашырылган демилгенин болушу | 8 | |
8. 6. | Электрондук башкарууну киргизүү | IT-технологияларын өздөштүрүү (КРӨ 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтомуна ылайык) | 10 | |
7. | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана сапаттуу аткарылган документтердин санынын катышы, % | 5 | |
9. 8. | Эмгектик тартип | Эмгек тартибин бузган фактылардын, жетекчиликтен эскертүүлөрдүн жана тартиптик жазалардын жоктугу | 10 | |
| Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | ||
Эскертүү:
(*) Ушул көрсөткүч боюнча түз милдеттерге ээ болбогон бөлүнүштөр үчүн баалоодогу баллдын саны мамлекеттик органдын бардык бөлүнүштөрү тарабынан жетишилген көрсөткүчтөрдүн орточо маанисине бирдей алынат.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын бөлүнүштөрүнүн ишин баалоо көрсөткүчтөрү жана индикаторлору 2-таблицага ылайык белгиленет.
2-таблица
№ | Көрсөткүч | Индикатор | Булак | Балл |
1. | Мамлекеттик органдын алдында турган маселелерге шайкештик (*)
| Баалоонун базалык көрсөткүчтөрүнүн жалпыланган мааниси (КРӨ 2012-жылдын 17-февралындагы №105 токтомуна ылайык) | Тиешелүү индикатор үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүнүш | 10
|
Мамлекеттик органдын жетекчисинин «жеке» планынын аткаруу деңгээли | 10 | |||
2. | Натыйжалуулук | Бөлүнүштүн планын аткаруу пайызы | 10 | |
Пландан ашык иштерди аткаруу пайызы | 10 | |||
1. | Бөлүмдүн персоналынын ишинин натыйжалуулугу | Бөлүмдүн мамлекеттик кызматчыларын баалоонун орточо мааниси | 10 | |
4. | Өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу | Бардык кызматкерлер квалификацияны жогорулатуу максатында өз убагында окутуудан өтүп турушат | 5 | |
Бөлүнүштү өнүктүрүүнүн планы (стратегиясы) бар | 5 | |||
Мамлекеттик тилди өздөштүрүү | 7 | |||
5. | Демилгелүүлүк жана инновациялык мамиле | (2) Бөлүнүштүн, мамлекеттик органдын же тейлеген чөйрөнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишке ашырылган демилгенин бар болушу | 8 | |
6. | Электрондук башкарууну киргизүү | IT-технологияларын өздөштүрүү (КРӨ 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтомуна ылайык) | 10 | |
7. | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана сапаттуу аткарылган документтердин санынын катышы, % | 5 | |
8. | Эмгек тартиби | Эмгек тартибин бузган фактылардын, жетекчиликтен эскертүүлөрдүн жана тартиптик жазалардын жоктугу | 10 | |
| Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | ||
Эскертүү:
(*) Ушул көрсөткүч боюнча түз милдеттерге ээ болбогон бөлүнүштөр үчүн баалоодогу баллдын саны мамлекеттик органдын бардык бөлүнүштөрү тарабынан жетишилген көрсөткүчтөрдүн орточо маанисине бирдей алынат.
17. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бөлүнүштөрүн баалоонун көрсөткүчтөрү жана индикаторлору 3-таблицага ылайык белгиленет.
3-таблица
№ | Көрсөткүч | Индикатор | Булак | Балл |
1. | Мамлекеттик органдын алдында турган маселелерге шайкештик (*) | Жетекчинин «жеке» планынын аткаруу деңгээли
| Тиешелүү индикаторуүчүн жооптуу бөлүнүш | 10
|
2. | Натыйжалуулук | Бөлүнүштүн планын аткаруу пайызы | 10 | |
Пландан ашык иштерди аткаруу пайызы | 10 | |||
3. | Бөлүнүштүн персоналынын ишинин натыйжалуулугу | Бөлүнүштүн мамлекеттик кызматчыларын баалоонун орточо мааниси | 10 | |
4. | Өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу | Бардык кызматкерлер квалификацияны жогорулатуу максатында өз убагында окутуудан өтүп турушат | 5 | |
Бөлүнүштү өнүктүрүүнүн планы (стратегиясы) бар | 10 | |||
Мамлекеттик тилди өздөштүрүү | 7 | |||
5. | Демилгелүүлүк жана инновациялык мамиле | (3) Бөлүнүштүн, мамлекеттик органдын же тейлеген чөйрөнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишке ашырылган демилгенин бар болушу | 8 | |
6. | Электрондук башкарууну киргизүү | IT-технологияларын өздөштүрүү (Өкмөттүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтомуна ылайык) | 10 | |
7. | Аткаруучулук тартип | Иштеги документтердин жалпы санына карата өз убагында жана сапаттуу аткарылган документтердин санынын катышы, пайыз менен | 10 | |
8. | Эмгектик тартип | Эмгек тартибин бузган фактылардын, жетекчиликтен эскертүүлөрдүн жана тартиптик жазалардын жоктугу | 10 | |
| Максималдуу мүмкүн болгон баа | 100 | ||
Эскертүү:
(*) Ушул көрсөткүч боюнча түз милдеттерге ээ болбогон бөлүнүштөр үчүн баалоодогу баллдын саны мамлекеттик органдын бардык бөлүнүштөрү тарабынан жетишилген көрсөткүчтөрдүн орточо маанисине бирдей алынат.
18. Баалоонун көрсөткүчтөрүнүн маанилерин эсептөө тартиби 4-таблицага ылайык белгиленет.
4-таблица
Көрсөт-күчтүн аталы-шы | Көрсөт-күчтүн балл менен макси-мум мааниси | Инди-катор-дун ата-лышы | Инди-катор-дун балл менен салма-гы | Инди-каторго жети-шүүнүн план-дык маани-си | Инди-катор-го жети-шүү-нүн иш жүзүн-дөгү маани-си | Инди-катор-го жети-шүү дара-жасы % | Көрсөт-күчкө жети-шүүнү балл менен баалоо |
КА | КММ | ИА | ИС | ИПМ | ИИМ | ИЖД | КББ |
|
| ИА 1 | ИС 1 | ИПМ 1 | ИИМ 1 | ИЖД 1 |
|
ИА 2 | ИС 2 | ИПМ 2 | ИИМ 2 | ИЖД 2 | |||
*** | *** | *** | *** | *** | |||
ИА n | ИС n | ИПМ n | ИИМ n | ИЖД n | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
19. Ар бир индикаторго жетишүү даражасы (мындан ары - ИЖД) индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанисин (мындан ары - ИИМ) анын Пландык маанисине (ИПМ) бөлүү жолу менен эсептелет.
ИЖД n = ИИМ n / ИПМ n |
Эгерде эсептегенде ИЖД бирден көбүрөөк болсо, мындан аркы эсептөөлөрдө ИЖД бир катары кабыл алынат.
Эгер иш жүзүндөгү көрсөткүч белгисин өзгөртсө (мисалы, «азаюу» пландаштырылса, ал эми иш жүзүндө «көбөйүү» болуп калса), анда ИЖД терс мааниге ээ болот жана тийиштүү түрдө мындан ары кошууда анын мааниси кемитилет.
20. Көрсөткүчкө жетишүүнү балл менен баалоо мааниси ИЖД ага тиешелүү маанилерин кошуу жолу менен төмөнкү формула боюнча эсептелет:
КЖБ = (ИЖД 1 х ИС 1) + (ИЖД 2 х ИС 2) + (***) + (ИЖД n х ИС n) |
21. Бөлүнүштөрдү жалпы баалоо (БЖБ) балл менен берилген бардык көрсөткүчтөргө жетишүүнү баалоо суммасы катары эсептелет.
БЖБ = КЖБ 1 + КЖБ 2 + *** + КЖБ к |
22. БЖБ максимум мүмкүн болуучу мааниси бөлүнүштөрдүн бардык категориялары үчүн 100 баллды түзөт, бул бөлүнүштөрдүн рейтингдерин салыштыруу жана түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.
23. Топтолгон баллга ылайык баалоонун төмөнкү квалификациясы киргизилет:
Бөлүнүштөрдү балл менен жалпы баалоонун (БЖБ) цифралык мааниси
| Баалоо квалификациясы |
91 - 100 балл | Эң жакшы |
71 - 90 балл | Жакшы |
51 - 70 балл | Канааттанарлык |
50 баллдан аз | Канааттанарлык эмес |
Эскертүү:
Текстте пайдаланылган терминдер жана кыскартуулар:
ИЖД | Ар бир индикаторго жетишүү деңгээли |
ИИМ | Индикаторго жетишүүнүн иш жүзүндөгү мааниси |
ИПМ | Индикаторго жетишүүнүн пландык мааниси |
КА | Көрсөткүчтүн аталышы |
КММ | Көрсөткүчтүн балл менен максимум мааниси |
ИА | Индикатордун аталышы |
ИС | Бул индикатордун балл менен салмагы |
КЖБ | Көрсөткүчкө жетишүүнү балл менен баалоо |
ТБЖЖ | Түзүмдүк бөлүнүштөрдү жалпы баалоо |
КРӨ 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтому | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
|
КРӨ 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 токтому | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну (“электрондук өкмөт”) киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө” токтому |