Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 531
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын мындан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоо системасын иш жүзүндө колдонуу боюнча окутуу семинарларын өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин ички баалоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тескеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин баалоонун тартибин аныктайт (мындан ары - органдар).
2. Жетекчилеринин бири тескөөчү жана иштери түздөн-түз тышкы натыйжаларга жетүүгө багытталган борбордук аппараттын, органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү бааланууга тийиш.
3. Ушул Жобонун аракети коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын ишин баалоого жайылтылбайт.
4. Органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин баалоонун принциптери:
- документтештирилген маалыматтардын объективдүүлүгү жана колдонуу;
- жол-жоболордун ачыктыгы, айкындуулугу жана баалоонун маалыматтарынын жеткиликтүүлүгү;
- белгилеген мөөнөттөрдө туруктуу баалоо;
- жогорку натыйжаларга жеткен түзүмдүк бөлүмдөрдү сыйлоо.
5. Органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин баалоонун милдеттери:
- органдын жылдык планынын жана анын жетекчисинин аракеттер/милдеттенмелер планынын негизинде ишти пландоо;
- органдын максаттарына жана милдеттерине, анын жетекчисинин аракеттер/милдеттенмелер планына жетүүдө алардын салымынын даражасын аныктоо;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун салыштыруу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн кадрдык потенциалын жогорулатуу;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн кесиптик активдүүлүгүн жана демилгелерин өнүктүрүү;
- аткаруу жана эмгек тартибин камсыз кылуу;
- органдын жана анын уюштуруучу түзүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
6. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин баалоону статс-катчы/органдын аппарат жетекчиси уюштурат.
7. Баалоонун жыйынтыктары төмөнкүдөй башкаруу чечимдерин кабыл алууда эске алынат:
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш пландарын оңдоодо;
- иштин жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн рейтингин аныктоодо;
- түзүмдүк бөлүмдөрдү материалдык жана материалдык эмес сыйлоодо;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн кадрдык потенциалын жогорулатууда;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ишин баалоодо;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин өркүндөтүүдө.
2. Баалоону уюштуруу
8. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн иши баалоо көрсөткүчтөрүнүн, индикаторлордун жана алардын балл боюнча салмагынын негизинде 1-таблицага ылайык бааланат.
1-таблица
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Баалоо индикатору | Индикатордун салмагы |
1 | Бөлүмдүн ишинин натыйжалуулугу | Түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын аткарылышы | 30 |
2 | Бөлүмдүн кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугу | Бөлүмдүн кызматчыларынын ишин орточо баалоо | 15 |
3 | Бөлүмдүн кадрдык потенциалынын өсүшү | Бөлүмдүн кызматчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу | 10 |
4 | Бөлүмдүн активдүүлүгү жана демилгелүүлүгү | Бөлүмдүн, органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу же алардын иш чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүү боюнча демилгелер | 15 |
5 | Аткаруу тартиби | Документтердин өз учурунда аткарылышы | 15 |
6 | Эмгек тартиби | Бөлүмдүн кызматчыларынын тартиптик жазасынын жоктугу | 15 |
9. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин баалоо квартал сайын жана жарым жылдык боюнча жүргүзүлөт.
Кварталдык баалоо түзүмдүк бөлүмдөрдү тескөөчү органдын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт (түзүмдүк бөлүмдөрдүн учурдагы ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибинде).
Жарым жылдык баалоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобого (мындан ары - мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобо) ылайык мамлекеттик органдын жетекчиси түзгөн баалоо боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Жарым жылдык баалоолор кварталдык баалоолордун жыйынтыгын эске алуу менен жүргүзүлөт. Экинчи жарым жылдык үчүн баалоо жетишилген натыйжаларга ылайык жылдык жыйынтык баалоону кабыл алууга багытталган.
10. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин баалоо үчүн органдын тиешелүү бөлүмдөрү тескөөчү жетекчиге жана баалоо боюнча комиссияга зарыл болгон маалыматтарды беришет.
3. Баалоонун тартиби
11. Түзүмдүк бөлүмдүн иш планын түзүүдө түзүмдүк бөлүмдү тескөөчү органдын жетекчиси анын түздөн-түз жетекчиси менен бирге ар бир кварталга түзүмдүк бөлүмдүн баалоо индикаторлорунун пландык маанилерин аныкташат.
Түзүмдүк бөлүмдүн иш планы жана баалоо индикаторлорунун мааниси органга бекитилген милдеттерди жана чараларды эске алуу менен төмөнкүдөй документтерде аныкталат:
- Кыргыз Республикасынын улуттук, мамлекеттик стратегияларда жана программаларда;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоордук иштеринин планында;
- органдын жетекчисинин аракеттер/милдеттенмелер планында;
- органды өнүктүрүү стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар планында жана түзүмдүк бөлүмдүн ишине тиешеси бар башка документтерде.
12. Отчеттук квартал үчүн түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси отчеттук кварталдан кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө тескөөчү жетекчиге ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык формада баалоо индикаторлорунун жетишилген маанилери жөнүндө отчет даярдайт жана берет.
13. Баалоо индикаторлорунун пландалган жана иш жүзүндө жетишилген сандык маанилерин аныктоодо, ошондой эле баалоо индикаторлорунун жетишилген маанилери (3 жана 4-графалар) жөнүндө отчет даярдоодо төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу керек:
- "Бөлүмдүн ишинин натыйжалуулугу" көрсөткүчүн баалоо үчүн "Түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын аткарылышы боюнча отчеттогу" маалыматтар пайдаланылат (Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемеси).
Ушуну эске алуу менен, 3-графада түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын аткарылышы үчүн баллдын суммасынын максималдык мүмкүн болуучу мааниси, ал эми 4-графада баллдын суммасынын иш жүзүндө түзүлгөн мааниси көрсөтүлөт (Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобонун 6-тиркемесиндеги Отчет формасында "Баллдын жалпы саны");
- "Бөлүмдүн кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугу" көрсөткүчүн баалоо үчүн "Кызматчылардын кварталдык иш планынын аткарылышы боюнча отчеттогу" маалыматтар пайдаланылат (Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси).
3-графада кызматчынын алуусу мүмкүн болгон баллдын суммасынын максималдык мааниси, ал эми 4-графада түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларын баалоонун иш жүзүндө түзүлгөн баллынын орточо арифметикалык мааниси көрсөтүлөт;
- "Бөлүмдүн кадрдык потенциалын жогорулатуу" көрсөткүчүн баалоо үчүн 3 жана 4-графаларда тиешелүү документтер менен ырасталган, өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулаткан, анын ичинде окуунун бардык формаларын (кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, тренингдер, стажировка жана башкалар) пландаган кызматкерлердин саны көрсөтүлөт;
- "Бөлүмдүн активдүүлүгү жана демилгелүүлүгү" көрсөткүчүн баалоо үчүн 3 жана 4-графаларда түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларынын ишке ашырууга кабыл алынган иш жүзүндөгү жана пландалган демилгелеринин саны көрсөтүлөт;
- "Бөлүмдүн аткаруу тартиби" көрсөткүчүн баалоо үчүн 3 жана 4-графаларда 100% жана мөөнөтүндө аткарылган документтердин үлүшү көрсөтүлөт (% менен);
- "Бөлүмдүн кызматчыларынын эмгек тартиби" көрсөткүчүн баалоо үчүн 3 жана 4-графаларда 100% жана тартип жазасын албаган кызматкерлердин үлүшү көрсөтүлөт (% менен).
14. Түзүмдүк бөлүмдү тескөөчү жетекчи отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө берилген материалдарды карап чыгат (түзүмдүк бөлүмдүн ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибинде).
15. Жарым жылдыкты баалоо үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдү тескөөчү органдын жетекчилери отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 30уна чейинки мөөнөттө баалоо боюнча комиссияга түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин кварталдык баалоо жөнүндө тиешелүү маалыматтарды даярдашат жана беришет (2-тиркеме).
16. Баалоо боюнча комиссия берилген материалдарды карап чыгат жана отчеттук жарым жылдыктан кийинки экинчи айдын 15ине чейинки мөөнөттө түзүмдүк бөлүмдөрдү баалоонун жыйынтыгын чыгарат жана алардын рейтингин түзөт.
Баалоо боюнча комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана түзүмдүк бөлүмдүн түздөн-түз жетекчилерине маалымат үчүн берилет.
17. Баалоо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде органдын жетекчиси 3 күндүн ичинде жарым жылдык үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин баалоонун жыйынтыктары жөнүндө буйрук чыгарат.
Жылдын жыйынтыгына жараша баалоо боюнча комиссия жыл үчүн ар бир түзүмдүк бөлүмдүн ишинин орточо баасын чыгарат жана эң жогорку натыйжаларга ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөрдү сыйлоо жөнүндө сунушун органдын жетекчисине киргизет.
18. Түзүмдүк бөлүмдөрдү тескөөчү органдын жетекчилери кварталдык жана жарым жылдык баалоолордун жыйынтыгына талдоо жүргүзөт жана зарылдыкка жараша түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алат, түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш планына оңдоолорду киргизет.
4. Баалоонун көрсөткүчтөрүн эсептөө тартиби жана анын жыйынтыктарын квалификациялоо
19. Баалоонун көрсөткүчтөрүн эсептөө 2-таблицаны колдонуу менен жүргүзүлөт.
2-таблица
Көрсөткүчтүн аталышы | Индикатордун аталышы | Балл боюнча индикатордун салмагы | Индикатордун пландык мааниси | Индикатордун иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторго жетишүүнүн даражасы, % | Балл боюнча көрсөткүчкө жетишүүнү баалоо |
КА1 | ИА1 | ИС1 | ИПМ1 | ИИМ1 | ИЖД1 | КЖБ1 |
КА2 | ИА2 | ИС2 | ИПМ2 | ИИМ2 | ИЖД2 | КЖБ2 |
... | ... | ... | ... | ... | ... | ... |
КА6 | ИА6 | ИС6 | ИПМ6 | ИИМ6 | ИЖД6 | КЖБ6 |
20. Индикаторго жетишүүнүн даражасы (ИЖД) баалоо индикаторунун иш жүзүндө маанисин (ИИМ) анын пландык маанисине (ИПМ) бөлүү менен эсептелет:
ИЖДn = ИИМn / ИПМn
мында, n - индакатордун номери.
Эгерде ИЖД мааниси бирден жогору болуп калса, анда ал андан аркы эсептөөлөрдө бир деп алынат.
21. Балл боюнча көрсөткүчкө жетишүүнү баалоо (КЖБ) индикатордун салмагына (ИС) ИЖДнын ага тиешелүү маанисин көбөйтүү аркылуу эсептелет:
КЖБn = (ИЖДn х ИСn)
n - көрсөткүчтүн/индикатордун номери.
22. Бөлүмдөрдүн жалпы баасы (БЖБ) бардык көрсөткүчтөргө жетишүү бааларынын суммасы катары эсептелет:
БЖБ = КЖБ1 + КЖБ2 + *** + КЖБ6
23. Чогулган баллды эсепке алуу менен баалардын төмөнкүдөй квалификациясы киргизилет:
3-таблица
Баалардын квалификациясы | Бөлүмдүн жалпы баасынын сандык мааниси |
Мыкты | 81-100 балл |
Жакшы | 71-80 балл |
Канааттандырарлык | 56-70 балл |
Канааттандырарлык эмес | 55 баллдан кем |
4-таблицада түзүмдүк бөлүмдүн ишин баалоо көрсөткүчтөрүн эсептөө мисалы келтирилген.
4-таблица
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Индикатордун аталышы | Балл боюнча индикатордун салмагы | Индикатордун пландык мааниси | Индикатордун иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторго жетишүү даражасы | Балл боюнча көрсөткүчкө жетишүүнү баалоо |
1 | Бөлүмдүн ишинин натыйжалуулугу | Түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын аткарылышы | 30 | 50 | 45 | 0,9 | 27 |
2 | Бөлүмдүн кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугу | Бөлүмдүн кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугу | 15 | 50 | 40 | 0,8 | 12 |
3 | Бөлүмдүн кадрдык потенциалынын өсүшү | Бөлүмдүн кызматчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу | 10 | 2 | 3 | 1,0 | 10 |
4 | Бөлүмдүн активдүүлүгү жана демилгелүүлүгү | Бөлүмдүн, органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу же алардын иш чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүү боюнча демилгелер | 15 | 1 | 0 | 0 | 0 |
5 | Бөлүмдүн аткаруу тартиби | Катталган документтердин өз убагында аткарылышы | 15 | 100 | 95 | 0,95 | 14 |
6 | Бөлүмдүн кызматчыларынын эмгек тартиби | Бөлүмдүн кызматчыларынын тартиптик жазасынын жоктугу | 15 | 100 | 90 | 0,9 | 13 |
| Бардыгы | 76 | |||||
|
| Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоонун тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Түзүмдүк бөлүмдүн ишин баалоо индикаторлорунун жетишилген маанилери жөнүндө ОТЧЕТ
________________________________________________________________
(Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы)
201__-жылдын кварталынын номери _______
№ | Баалоо көрсөткүчүнүн аталышы | Баалоо индикаторунун аталышы | Индикаторлордун пландык мааниси | Индикаторлордун иш жүзүндөгү мааниси |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Бөлүмдүн ишинин натыйжалуулугу | Түзүмдүк бөлүмдүн иш планынын аткарылышы |
|
|
2 | Бөлүмдүн кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугу | Бөлүмдүн кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугу |
|
|
3 | Бөлүмдүн кадрдык потенциалынын өсүшү | Бөлүмдүн кызматчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу |
|
|
4 | Бөлүмдүн активдүүлүгү жана демилгелүүлүгү | Бөлүмдүн, органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу же алардын иш чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүү боюнча демилгелер |
|
|
5 | Бөлүмдүн аткаруу тартиби | Катталган документтердин өз убагында аткарылышы |
|
|
6 | Бөлүмдүн эмгек тартиби | Бөлүмдүн кызматчыларынын тартиптик жазасынын жоктугу |
|
|
Түзүмдүк бөлүмдүн түздөн-түз жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы | Колу | Датасы |
|
| Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин ички баалоонун тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин кварталдык баалоо жөнүндө МААЛЫМАТ
__________________________________________________
(органдын аталышы)
201__-жылдын кварталынын номери _______
№ | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы | Кварталдык баалоо (балл менен) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Түзүмдүк бөлүмдөрдү тескөөчү органдын жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы | Колу | Датасы |