Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-февралы № 45
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- II бөлүм төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-баптар менен толукталсын:
“
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жолугушуу үчүн бөлмө бөлүп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 10-пункт | ||
2. | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Жазык-аткаруу тутумунун маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ЖАМК) | ||
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Соттолгон жана камакка алынган адамдардын туугандары, ошондой эле: - туугандары (эже, байке, карындаш (сиңди), ини, кайната, кайнене жана башкалар); - башка жыныстагы адамдар (колукту, жигит, чогуу жашаган же чогуу балалуу болгондор, классташтары, курсташтары, акыркы иштеген жериндеги кесиптештери); - 18 жашка чыга элек адамдар улуу адамдардын коштоосунда келишет | ||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси; “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2006-жылдын 30-августундагы № 631 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө”; - 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө” | ||
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерине ылайык узакка жолугушуу үчүн бөлмө бөлүнүп берилди: - кыска мөөнөттүү – 4 саатка чейин; - узак мөөнөттүү – үч суткага чейин | ||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү иш күндөрү берилет: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш бөлмөлөрдө; - бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДЧМА), өзгөчө майыптык кресло-коляскада жүргөн ДЧМА имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кириши үчүн имараттарды, бөлмөлөрдү кармагыч, пандустар менен жабдуу; - жер-жерлерде кезек күтүү принциби боюнча. Мекеме күтүү жайы, жылыткыч, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДЧМА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу боюнча керектүү документтердин тизмеги, арыздын үлгүлөрү, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү тиричилик жактан камсыздоо ченемдеринин тизмеги жайгаштырылат | ||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Арызды кабыл алуу мөөнөтү – 10 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү: узактыгы 4 саатка чейинки кыска мөөнөттүү жолугушуулар, узактыгы үч суткага чейин узак мөөнөттүү жолугушуулар. Кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз боюнча чечим алуу мөөнөтү - арыз кабыл алынган учурдан тартып 30 мүнөткө чейин | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жарандар төмөнкүлөрдөн ала алышат: - ЖАМКда же ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган адамга берилиши кепилденет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке кезиккенде); - электрондук форматта; - мамлекеттик жана расмий тилдеги маалымат такталарында; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими ЖАМКнын сайтында жайгашат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерде аны көрсөтүүгө тартылган кызматкер-лердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттенмелерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн | ||
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз берүүчү ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылышы керек. Мында арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: - өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди берүүгө; - белгиленген үлгүдөгү арыз жазууга. Арыздар каттоо журналына жазылат (журнал – көктөлгөн жана номер коюлган, начальниктин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана мекеменин мөөрү менен бекитилген), жазуулар арыз берген адамдын колу менен тастыкталат | ||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | ||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - алуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында жана толук көлөмдө; - кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлардын, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графигинин, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин так жана сыпайы болушу, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам берүү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши | ||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта жарым- жартылай арыз берүү этабында көрсөтүлөт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - 3 жана 12-пункттарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда; - улуу адам коштоп жүрбөгөн, 18 жашка толо элек адамдарга; - алкоголдук мас болгон учурда; - өзгөчө кырдаалдар учурунда; - камакка алынган адам жаза өтөп жаткан мезгилде тартиптик жосун жасаган учурда | ||
17. | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз берүүчү ЖАМК мекемесинин начальнигине оозеки же жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет, ага арыз берүүчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы жазылып, кол коюлат. Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир иш күндүн ичинде каттоого алып, мекеменин начальнигинин кароосуна жөнөтөт. Арыздар жана дооматтар бекитилген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз берүүчү тарабынан жооп алуу мөөнөтү, ал катталган мезгилден тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда арыз берүүчү жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын борбордук органына кайрадан арыз берүүгө укуктуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же кызмат көрсөтүү сапатсыз берилген учурда арыз берүүчү көзөмөлдөөчү прокурорго, сот органдарына кайрылууга укуктуу | ||
18. | Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мөөнөттөрү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу зарыл | ||
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмө бөлүп берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 3-бап, 11-пункт | ||
2. | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жазык-аткаруу тутумунун маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ЖАМК) | ||
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Соттолгон жана камакка алынган адамдардын туугандары, ошондой эле: - туугандары (эже, байке, карындаш (сиңди), ини, кайната, кайнене жана башкалар); - башка жыныстагы адамдар (колукту, жигит, чогуу жашаган же чогуу балалуу болгондор, классташтары, курсташтары, акыркы иштеген жериндеги кесиптештери); - 18 жашка чыга элек адамдар улуу адамдардын коштоосунда келишет | ||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси; “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2006-жылдын 30-августундагы № 631 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө”; - 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө”; - 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо ченемдерин бекитүү жөнүндө” | ||
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерине ылайык узактыктагы жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмө бөлүнүп берилди: - кыска мөөнөттүү – 4 саатка чейин; - узак мөөнөттүү – үч суткага чейин | ||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү акы төлөмө негизде берилет: - өрт коопсуздугунун талаптарына жана санитардык-эпидемиялык эрежелерге ылайык келген бөлмөлөрдө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бөлмө жогорку ыңгайлуу тиричилик камсыздоонун белгиленген ченемдери менен камсыз болгон учурда; - бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДЧМА), өзгөчө майыптык кресло-коляскада жүргөн ДЧМА имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кириши үчүн имараттарды, бөлмөлөрдү кармагыч, пандустар менен жабдуу; - жер-жерлерде кезек күтүү принциби боюнча. Мекеме күтүү жайы, жылыткыч, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДЧМА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу боюнча керектүү документтердин тизмеги, арыздын үлгүлөрү, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмөлөрдү тиричилик жактан камсыздоо ченемдеринин тизмеги жайгаштырылат | ||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Арызды алуу мөөнөтү – 10 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү: узактыгы 4 саатка чейинки кыска мөөнөттүү жолугушуулар, узактыгы үч суткага чейин узак мөөнөттүү жолугушуулар. Кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз боюнча чечим алуу мөөнөтү - арыз кабыл алынган учурдан тартып 30 мүнөткө чейин
| ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жарандар төмөнкүлөрдөн ала алышат: - ЖАМКда же ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган адамга берилиши кепилденет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке кезиккенде); - электрондук форматта; - мамлекеттик жана расмий тилдеги маалымат такталарында; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими ЖАМКнын сайтында жайгашат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерде аны көрсөтүүгө тартылган кызматкер-лердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттенмелерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүч-төр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Кызмат алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн | ||
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси . | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз берүүчү ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылышы керек. Мында арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: - өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди берүүгө; - белгиленген үлгүдөгү арыз жазууга; - мекеменин кассасына кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөп, акы төлөнгөндүгү жөнүндө кириш ордеринин квитанциясын алууга. Арыздар каттоо журналына жазылат (журнал – көктөлгөн жана номер коюлган, начальниктин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана мекеменин мөөрү менен бекитилген), жазуулар арыз берген адамдын колу менен тастыкталат | ||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга ылайык ЖАМКнын буйругу менен бекитилет. Баалардын тизмеги маалымат такталарында жана расмий сайтта жайгаштырылат | ||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - алуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык өз убагында жана толук көлөмдө; - кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлардын, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графигинин, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин так жана сыпайы болушу, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам берүү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши | ||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта жарым- жартылай арыз берүү этабында көрсөтүлөт | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - 3 жана 12-пункттарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген учурда; - улуу адам коштоп жүрбөгөн, 18 жашка толо элек адамдарга; - алкоголдук мас болгон учурда; - өзгөчө кырдаалдар учурунда | ||
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз берүүчү ЖАМК мекемесинин начальнигине оозеки же жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет, ага арыз берүүчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы жазылып, кол коюлат. Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир иш күндүн ичинде каттоого алып, мекеменин начальнигинин кароосуна жөнөтөт. Арыздар жана дооматтар бекитилген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз берүүчү тарабынан жооп алуу мөөнөтү, ал катталган мезгилден тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда арыз берүүчү жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын борбордук органына кайрадан арыз берүүгө укуктуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же кызмат көрсөтүү сапатсыз берилген учурда арыз берүүчү көзөмөлдөөчү прокурорго, сот органдарына кайрылууга укуктуу | ||
18. | Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мөөнөттөрү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу зарыл | ||
”; - III бөлүм төмөнкү мазмундагы 3-бап менен толукталсын: “ | ||||
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Бошонгондугу жөнүндө тактаманы кайрадан берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги) – 4-бап, 14-пункт | ||
2. | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жазык-аткаруу тутумунун маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ЖАМК) | ||
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| ЖАМК мекемелеринен бошотулган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар | ||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси | ||
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | ЖАМК мекемелеринен мурда бошотулган адамдарга бошотулгандан кийин бир айдын ичинде бошотулгандыгы жөнүндө маалымкаттын жуп нускасы менен бир нече ирет камсыздоо | ||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү иш күндөрү берилет: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш бөлмөлөрдө; - бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДЧМА), өзгөчө майыптык кресло-коляскада жүргөн ДЧМА имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кириши үчүн имараттарды, бөлмөлөрдү кармагыч, пандустар менен жабдуу. Мекеме күтүү жайы, жылыткыч, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДЧМА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги, арыздын үлгүлөрү жайгаштырылат | ||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Арызды кабыл алуунун чектик мөөнөтү – 10 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү/берүү мөөнөтү – иш күн ичинде (8 саат); Жыйынтык берүүнүн чектик мөөнөтү – 30 мүнөткө чейин | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жарандар төмөнкүлөрдөн ала алышат: - ЖАМКда же ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган адамга берилиши кепилденет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке кезиккенде); - электрондук форматта; - мамлекеттик жана расмий тилдеги маалымат такталарында; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими ЖАМКнын сайтында жайгашат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерде аны көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттенмелерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Кызмат алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн | ||
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз берүүчү ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылышы керек. Мында арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: - өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди берүүгө; - белгиленген үлгүдөгү арыз жазууга; - мекеменин кассасына кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөп, акы төлөнгөндүгү жөнүндө кириш ордеринин квитанциясын алууга. Арыздар каттоо журналына жазылат (журнал – көктөлгөн жана номер коюлган, начальниктин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана мекеменин мөөрү менен бекитилген), жазуулар арыз берген адамдын колу менен тастыкталат | ||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга ылайык ЖАМКнын буйругу менен бекитилет. Баалардын тизмеги маалымат такталарында жана расмий сайтта жайгаштырылат | ||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - алуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү жана өз убагында болушу; - кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүл-гөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлардын, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графигинин, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин так жана сыпайы болушу, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам берүү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши | ||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт | ||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси тарабынан зарыл болгон документтердин толук тизмеси берилбеген учурда; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин (кириштөө ордеринин квитанциясы) жоктугу; - бошотулгандан кийин бир ай өткөндөн кийин | ||
17. | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз берүүчү ЖАМК мекемесинин начальнигине оозеки же жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет, ага арыз берүүчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы жазылып, кол коюлат. Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир иш күндүн ичинде каттоого алып, мекеменин начальнигинин кароосуна жөнөтөт. Арыздар жана дооматтар бекитилген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз берүүчү тарабынан жооп алуу мөөнөтү, ал катталган мезгилден тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда арыз берүүчү жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын борбордук органына кайрадан арыз берүүгө укуктуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же кызмат көрсөтүү сапатсыз берилген учурда арыз берүүчү көзөмөлдөөчү прокурорго, сот органдарына кайрылууга укуктуу | ||
18. | Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мөөнөттөрү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу зарыл | ||
”; - VI-бөлүм төмөнкү мазмундагы 4-бап менен толукталсын: “ | ||||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| ЖАМКнын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 2-пункт | ||
2. | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жазык-аткаруу тутумунун маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ЖАМК) | ||
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Кызмат көрсөтүүнү алууга төмөнкүлөр укуктуу: - жеке адамдар; - юридикалык жактар | ||
4. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| “Жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтому | ||
5. | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Техникалык параметрлерге ылайык ЖАМКнын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо (суу түтүгүн өткөрүү) | ||
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат арыздын негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар арыз берүүчүлөр ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылса болот. Кызмат төмөнкү шарттарда көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш бөлмөлөрдө; - бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДЧМА), өзгөчө майыптык кресло-коляскада жүргөн ДЧМА имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кириши үчүн имараттарды, бөлмөлөрдү кармагыч, пандустар менен жабдуу; - жер-жерлерде кезек күтүү принциби боюнча. Мекеме күтүү жайы, жылыткыч, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДЧМА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөр үчүн ыңгайлуу болуш кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги, арыздын үлгүлөрү, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү тиричилик жактан камсыздоо ченемдеринин тизмеги жайгаштырылат | ||
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Документтерди кабыл алуу мөөнөтү – 10 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү – үч иш күнгө чейин; Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын алуу мөөнөтү – дайыма | ||
Мамлекеттик кызмат алуучуларды маалымдоо | ||||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жарандар ЖАМКда же ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде ала алышат. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9. | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган адамга берилиши кепилденет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке кезиккенде); - электрондук форматта; - мамлекеттик жана расмий тилдеги маалымат такталарында; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими ЖАМКнын сайтында жайгашат | ||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерде аны көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттенмелерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт | ||
11. | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Кызмат алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн | ||
12. | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз берүүчү ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылышы керек. Мында арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: - өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди берүүгө; - жашаган жери тууралуу маалымкат берүүгө; - белгиленген үлгүдөгү арыз жазууга; - мекеменин кассасына кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөп, акы төлөнгөндүгү жөнүндө кириш ордеринин квитанциясын алууга. Белгиленген үлгүдөгү арыздардын бланктарын жарандар ЖАМКнын мекемелеринен акысыз ала алышат. Арыздар каттоо журналына жазылат (журнал – көктөлгөн жана номер коюлган, начальниктин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана мекеменин мөөрү менен бекитилген), жазуулар арыз берген адамдын колу менен тастыкталат | ||
13. | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ЖАМКнын буйругу менен бекитилет. Баалардын тизмеги маалымат такталарында жана расмий сайтта жайгаштырылат | ||
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - алуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү жана өз убагында болушу; - кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүл-гөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлардын, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графигинин, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин так жана сыпайы болушу, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам берүү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши | ||
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта жарым- жартылай арыз берүү этабында көрсөтүлөт | ||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси тарабынан зарыл болгон документтердин толук тизмеси берилбеген учурда; - техникалык чектөөлөр боюнча | ||

|
|
|
|
|
”