Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 52
Бажы союзунун алкагында техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бажы союзунун берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларацияларынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүү жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
2. Бажы союзунун сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзүүчү жана жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору аныкталсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“- Бажы союзунун сертификациялоо жана сыноо лабораториялары (борборлору) боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзөт жана жүргүзөт;”.
5. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |