Редакцияот 13.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 13-февралы № 59

Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобону жана чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобо 1-тиркемеге ылайык;

- чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелери 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев