Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) уюштуруу-укуктук формасына карабастан чаң-газ тазалоочу орнотмолору бар жана аларды пайдалануучу Кыргыз Республикасынын бардык чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн арналган.
Эрежелер радиоактивдүү заттарды чыгарган агрегаттардын чаң-газ тазалоочу орнотмолоруна (мындан ары - ЧГТО) жайылтылбайт.
2. ЧГТОсу бар чарба жүргүзүүчү субъекттер ЧГТОну пайдалануу жана тейлөө боюнча өздөрүнүн нускамаларын алардын иштөө шарттарын, даярдап чыгарган заводдун нускамаларын, келип чыгуу сертификатын, долбоорлоочу жана ишке киргизүүчү уюмдардын сунуштамаларын эске алуу менен иштеп чыгышат жана бекитишет. Технологиялык процесс өзгөртүлгөн учурда чарба жүргүзүүчү субъекттер ЧГТОну пайдалануу жана тейлөө боюнча өздөрүнүн нускамаларын кайра карап чыгышат.
3. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ЧГТОну пайдалануу жана тейлөө боюнча талаптарды камтыган тармактык нускамалары ушул Эрежелерге шайкеш келиши керек.
2. Негизги түшүнүктөр
Чаң-газ тазалоочу орнотмо (ЧГТО) - технологиялык же желдеткич булактардан чыгарылган зыяндуу компоненттерди (катуу чаң же газ сыяктуу) тосуп калуу (зыянсыздандыруу) үчүн пайдаланылган аппарат же аппараттардын тобу аларга таандык болгон механизмдери, жабдуусу, коммуникациялары жана приборлору менен.
Тазалоочу аппарат - орнотмонун атмосфераны булгоочу заттарды тосуп калуунун же зыянсыздандыруунун иргөө процесси жүрүүчү элементи.
3. ЧГТОну пайдалануу жана тейлөө боюнча нускама
4. Чарба жүргүзүүчү субъекттин нускамасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- ЧГТОнун түзүлүшүнүн жана башкаруусунун схемасын;
- ЧГТОнун тазалоочу аппараттарынын техникалык мүнөздөмөсүн, долбоордо каралган контролдук приборлордун жана автоматиканын болушун;
- долбоорго же ишке киргизүүчү уюмдардын сунуштамаларына ылайык ЧГТОнун ишинин натыйжалуулугун азайтпаган оптималдуу параметрлерин;
- ЧГТОну пайдалануунун оптималдуу параметрлерин камсыз кылуучу технологиялык жабдуулардын иштөө режимин;
- ЧГТОну ишке киргизүү жана токтотуу тартибин, тейлөөчү персоналдын авариялык кырдаалдардагы (технологиялык жабдууларда жана ЧГТОдо) иш-аракеттерин;
- ЧГТОну пайдалануу жана тейлөө боюнча эсепке алуу жана отчеттук документтердин тизмеги, аны толтуруунун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен;
- орнотмону пайдалануу жана тейлөө үчүн көмөкчү түзүлүштөрдүн жана инвентарлардын (аянтчалар, тосмолор, ылайыкталган, өрт өчүрүү жана жеке коргонуу каражаттары, эскертүүчү жана тыюу салуу плакаттар, жерге туташтыруучу түзүлүштөр ж.б.) тизмеги менен ЧГТОну пайдалануудагы жана тейлөөдөгү коопсуздук эрежелерин;
- тез иштен чыгуучу түйүндөрдүн жана көп кездешүүчү бузулуулардын тизмеси, аларды четтетүү ыкмаларын көрсөтүү менен;
- ЧГТОнун иштөө параметрлерин ченөө үчүн чекиттердин жайгашуу схемасын.
5. Чарба жүргүзүүчү субъект төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- ЧГТОну пайдаланууга жана тейлөөгө жооптуу адамдарга техникалык окууларды өткөрүүнү жана алардын билимдерин текшерүүнү;
- ЧГТОну пайдаланган жана тейлеген персонал үчүн кызматтык нускамаларды иштеп чыгууну;
- ЧГТОну тейлөө үчүн компетенттүү адистерди тандоону;
- ЧГТОго зарыл болгон техникалык документтерди;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттин аймагында мамлекеттик экологиялык контроль жүргүзүүдө мамлекеттик органдын өкүлүнүн ишинин коопсуздугун;
- ЧГТОну пайдалануу жана тейлөө боюнча ушул Эрежелердин жана нускамалардын талаптарын сактоону;
- ЧГТОго өз убагында күндөлүк жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү жана реконструкциялоону;
- сынам алуу түзүлүштөрүн оң абалда кармоону;
- ЧГТОнун пайдалануу жана тейлөө боюнча эсепке алуу-отчеттук документтерди жүргүзүүнү;
- мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарууну.
4. ЧГТОнун классификациясы
6. Өзүнүн тазалоо методдору боюнча тазалоочу аппараттар төмөнкү топторго бөлүнөт:
1) биринчи топ (С) - кургак механикалык чаң тоскучтар (гравитациялык, кургак инверсиялык жана ротациялык);
2) экинчи топ (М) - нымдуу чаң тоскучтар (инерциялык, көбүктүү, конденсациялык), скрубберлер (механикалык, сокмо-инерциялык, көңдөй, кийгизилме, борбордон четтегич), Вентури скрубберлери ж.б.у.с.;
3) үчүнчү топ (Ф) - регенерация импульстук үйлөмө, механикалык ультра үнү жана силкилдетип күбүү менен өнөр жай чыпкалары (жең сымал, булалуу, бүртүктүү);
4) төртүнчү топ (Э) - электрдик чаң тоскучтар (кургак, нымдуу, электрочыпкалар);
5) бешинчи топ (X) - газ түрүндөгү аралашмадан газды сорбциялык (химиялык) тазалоо аппараттары (адсорберлер, абсорберлер);
6) алтынчы топ (Т) - газ түрүндөгү аралашмалардан газды термикалык жана термокатализдик тазалоочу аппараттар (күйгүзүүчү мештер, катализдик реакторлор);
7) жетинчи топ (Д) - тазалоонун башка методдорундагы аппараттар.
7. ЧГТО техникалык абалы боюнча натыйжасыз, бузулган жана авариялык болуп бөлүнөт.
Натыйжасыз ЧГТО - оң абалда турганда зыяндуу заттардан чыгарууларды тазалоону же долбоордо белгиленген концентрацияларга чейин зыянсыздандырууну төмөнкү себептерден улам камсыз кыла албаган:
- газдын кирүүдөгү оптималдуу параметрлери сакталбагандыктан;
- конструкциялык кемчиликтерден же ЧГТОнун курамына кирген жабдуу төмөнкү сапатта жасалгандыктан;
- чаң чогулган бункерлерден, чаң чөгүп чогулуучу камералардан чогулган чаңдын атмосферага чыгарылышына алып келүүчү чогулган чаң өз убагында чыгарылбагандыктан.
Бузулган ЧГТО - зыяндуу заттардын калдык концентрациясынын жогорулашына же орнотмонун ишине ишенимдин начарлашына алып келүүчү, ошондой эле аны пайдаланууну жана тейлөөнү кыйындатуучу механикалык, электрдик жана башка түйүндөрү бузук орнотмо.
Бузулган ЧГТО деп төмөнкү учурда саналат:
- конструкциялык кемчиликтерден же жабдуунун начар сапатта жасалышынан улам пайдаланылбаган;
- иштеп жаткан технологиялык жабдуулар оңдоо иштерин жүргүзүү, реконструкциялоо же башка максаттар үчүн өчүрүлгөн;
- айланма газ өткөргүч тазалоо процессинен улам четтетилген;
- (аппараттын) жок дегенде бир баскычта тазалоочу агентин алып салуу же айланма газ өткөргүчтү колдонуу менен пайдаланылуучу.
Авариялык ЧГТО деп төмөнкү учурда саналат:
1) тазалоочу аппараттардын өлчөмү, температурасы, басымы, газдын чаң менен аралашкандыгы, химиялык курамы, нымдуулугу, физико-химиялык курамы, чаңдын дисперсиялык курамы боюнча тазалануучу газдын параметрлерин четтөө менен, долбоордо, ишке киргизүүчү уюм тарабынан, ЧГТОнун техникалык паспортунда белгиленген чектерден ашып иштөөсү:
- эгерде чаңды түшүрүүчү түзүлүш тазалоочу аппараттын талаптагыдай иштөө режиминде иштебесе же тосулган продуктуну түшүрүүнү камсыз кылбаса;
- аппаратка аба ченемдик чоңдуктан ашыкча сордурулуп жатса;
- тазалоочу аппараттардын жумушчу элементтеринин күбүү, жуу же үйлөө режими (электроддор, жең сымал түтүктөр, кийгизмелер ж.б.) бузулганда;
2) газды электрдик тазалоочу орнотмолор үчүн:
- электрчыпкасы чыңалуу берилбей иштегенде;
- чыңалуу бардык талааларга берилбегенде же аны ишке киргизүүчү уюмдардын сунуштамаларынын, өндүрүштүк нускамалардын долбоорунда көрсөтүлгөндөн төмөн кармап турууда;
- коронациялык же өзүнө тартып алуучу электроддордун рамаларын которгондо;
- эгер майышуунун кесепетинен коронациялык жана өзүнө тартып алуучу электроддордун огунун ортосундагы жылчык өндүрүш нускамасында, жөндөөчү уюмдардын сунуштамаларында көрсөтүлгөндөн кичине болуп калса;
3) жең сымал чыпкалары бар орнотмолор үчүн:
- жең сымал түтүктөрдүн бири үзүлсө же эгер жең сымал түтүктөрдүн тешиктеринин суммалык аянты алардын жешилишинен же бузулушунан улам бир жең сымал түтүктүн аянтынын эквиваленттүү аянтынан ашып кетсе;
- эгер жең сымал түтүктөрдүн кездемеси чыпкалоо касиетин жоготсо;
- эгерде чыпкалар кездеменин иштөө температурасынан жогору болгон тазалануучу газдын жогорку температурасында иштесе;
4) химиялык же нымдуу тазалоочу орнотмолор үчүн, эгерде:
- орнотмого суу же эритме жетиштүү өлчөмдө берилбесе же аларды аппараттын бүткүл көлөмү боюнча тегиз бөлүштүрүү камсыз кылынбаса;
- суунун (эритменин) тутумундагы катуу заттардын өлчөмү белгиленген ченемден ашса;
- катализатордун, абсорбенттин же адсорбенттин чыпкалоочу катмары толуп (булганып) турса;
- активдүү катмарды, катализаторлорду, абсорбентти же адсорбентти жууп тазалоо, регенерациялоо режими бузулса;
- эритмелердин концентрациясы регламентке туура келбесе.
5. ЧГТОну пайдаланууга карата жалпы талаптар
8. ЧГТО ишенимдүү, үзгүлтүксүз жана долбоорлоо же жөнгө салуу иштеринин натыйжасында алынган жана долбоорду иштеп чыгуучу менен макулдашылган көрсөткүчтөргө шайкеш келген көрсөткүчтөр менен иштеши керек.
9. ЧГТОну пайдаланууда орнотмонун иштөө режимин мүнөздөгөн (оптималдык иштөө режиминен четтөө, табылган бузулуулар, айрым агрегаттардын иштөө режиминен четтөөсү же бүт орнотмонун иштен чыгышы ж.б.) негизги көрсөткүчтөрдү камтыган документтер жүргүзүлөт.
10. ЧГТОнун бардыгы курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдарында катталышы керек (ушул Эрежелердин 12-бөлүмүнө ылайык).
11. ЧГТОнун абалын баалоо үчүн чарба жүргүзүүчү субъект мезгил-мезгили менен (кварталына 1 жолу) аны техникалык кароодон өткөрүп турушу керек.
Кароонун жыйынтыгы боюнча ЧГТОну пайдалануудагы аныкталган бузууларды жоюу үчүн чаралар көрүлөт.
12. ЧГТО жылына бир жолудан кем эмес иш жүзүндө зыяндуу заттарды тосуп калуусу боюнча, ошондой эле төмөнкү учурларда инструменталдык контролдон өтүүгө тийиш:
1) ЧГТОнун параметрлерине шайкеш келбеген технологиялык жабдуулардын иштөөсү өзгөртүлгөндө;
2) орнотмолорду куруудан, капиталдык оңдоодон же реконструкциялоодон кийин.
Уулуу аралашмалары жогору болгондорду тазалоочу орнотмолор жарым жылда бир жолу инструменталдык контролдон өтүүгө тийиш.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары акты менен таризделет жана ЧГТОнун паспортуна жазылат. Орнотмонун иштөө параметрлери долбоорго туура келбесе, ал оңдолот, реконструкцияланат же алмаштырылат.
13. ЧГТО өчүрүлүп турганда технологиялык жабдууларды пайдаланууга тыюу салынат. ЧГТОну өз убагында өчүрүү курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдары менен макулдашылат.
14. Технологиялык агрегаттардын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү, ошондой эле иштеп жаткан ЧГТОго жаңы агрегаттарды кошуу зыяндуу заттарды тосуп калуу боюнча ЧГТОнун кубаттуулугу тиешелүү түрдө жогорулатылгандан кийин гана ишке ашырылат.
15. Күйүүчү (жарылууга кооптуу) компоненттери жогору болгон газды тазалоочу ЧГТОну пайдаланууда жарылууга жана өрткө жол бербөө үчүн газдын басымынын жана курулмалардын жылчыксыздыгынын белгиленген параметрлерин сактоо, ошондой эле коммуникацияларды жана аппараттарды жел менен туура үйлөтүп тазалоо өзгөчө кылдат камсыз кылынат. Ошол эле убакта булактарды ачык оттон тосуу жана атайын нускамалардын жана эрежелердин талаптарын сактоо ишке ашырылат.
16. Уулуу аралашмалары жогору болгон газды тазалоого арналган ЧГТОну пайдаланууда курулмалардын жылчыксыздыгын өзгөчө кылдат камсыз кылуу, ошондой эле зарыл болгон учурда газдан коргоочу каражаттарды колдонуу жана атайын нускамалардын, эрежелердин талаптарын сактоо талап кылынат.
6. Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду оңдоо иштерине карата талаптар
17. ЧГТОну оңдоо иштери техникалык агрегат токтотулганда жүргүзүлөт.
18. Газды тазалоо ишенимдүүлүгүн жана деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү ЧГТОну модернизациялоо боюнча иш-чаралар капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү учурунда аткарылышы керек.
19. ЧГТОну күнүмдүк капиталдык оңдоо иштери чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.
7. Кургак механикалык чаң тоскучтарды пайдаланууга жана тейлөөгө карата талаптар
20. Кургак механикалык чаң тоскучтарды пайдаланган чарба жүргүзүүчү субъект аларды ишке киргизүүнүн алдында төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- чаң тоскучтардын корпусунун, бункерлердин, люктардын, фланецтүү туташтыруулардын жылчыксыздыгын;
- топтоочу бункерлердеги чаңдын долбоорго ылайык жол берилген чектеги деңгээлин;
- чаңды чыгаруучу механизмдердин жана аны ташуучу каражаттардын оң абалын жана ишке даярдыгын;
- оңдоо иштеринин бүтүшүн, чаң тоскучтардын оң абалын жана пайдаланууга даярдыгын (люктар жабылган, жыгачтар демонтаждалган, башка буюмдар алып салынган);
- контролдоо жана автоматика приборлорунун болушун жана алардын оң абалын.
21. Кургак механикалык чаң тоскучтарды пайдалануу мезгилинде чарба жүргүзүүчү субъект:
- газдын агып чыгуусуна (басым менен иштөөдө) же абанын сорулуп кетишине (аба суюлтулганда) жол бербестен чаң тоскучтардын жана коммуникациялардын жылчыксыздыгын көзөмөлдөөсү;
- тосулган чаңды бункерден өз убагында чыгаруусу жана аны ташууну камсыз кылуусу;
- чаң топтоочу жана чаң чогултуучу тутумдарында чаңдын туруп жана катып калышына бул боюнча каралган методдорду колдонуу, анын ичинде орнотмонун бардык түйүндөрүнүн температурасын газдын "шүүдүрүм чекитинен" жогору кармоо менен жол бербөөсү;
- жөнгө салуучу түзүлүштөр болгон учурда чаң тоскучтардын оптималдуу режимин камсыз кылуусу зарыл.
8. Нымдуу механикалык чаң тоскучтарды пайдаланууга жана тейлөөгө карата талаптар
22. Нымдуу механикалык чаң тоскучтарда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- чаңды басуучу суунун берилишин контролдоо үчүн чыгымды ченегичтер жана манометрлер;
- шламды чыгарууда абанын сорулушун четтетүү үчүн гидрожапкычар.
23. Нымдуу механикалык чаң тоскучтарды ишке киргизүүнүн алдында чарба жүргүзүүчү субъект төмөнкүлөргө ынануусу керек:
- аппараттардын гидрожапкычтарында суунун же башка чаңды басуучу реагенттин деңгээли оптималдуу чектерде экенине;
- чаңды басуучу сууну берүү жана шламды жыйноо тутумдарынын оң абалда жана иштөөгө даяр экенине;
- чаңды басуучу суунун берилгенине;
- оңдоо иштери бүткөндүгүнө, курулмалар, механизмдер жана аппаратуралар оң абалда жана пайдаланууга даяр экенине;
- контролдоо жана автоматика приборлорунун болушуна жана оң абалда экенине.
24. Нымдуу механикалык чаң тоскучтарды пайдалануу мезгилинде чарба жүргүзүүчү субъект:
- чаңды басуучу суунун агып кетишине, абанын сорулушуна жол бербестен нымдуу механикалык чаң тоскучтардын жана коммуникациялардын жылчыксыздыгын көзөмөлдөөсү;
- нымдуу механикалык чаң тоскучтардын иштешинин оптималдуу суу режимин, ошондой эле алардын ичинен шламды дайыма чыгарып турууну жана аны белгиленген жерине ташууну камсыз кылуусу;
- иштин оптималдуу газ режимин камсыз кылуусу;
- чаңды басуучу сууну регенерациялоочу (тундуруу, муздатуу, иштеп чыгуу ж.б.) жабдуунун оптималдуу иштөө режимин камсыз кылуусу;
- курулмаларда шламдын топтолушуна же анын түтүктөрдө жана айланма суу менен камсыз кылуучу жабдууларда калып калышына бул боюнча каралган методдорду жана каражаттарды пайдалануу менен жол бербөөсү;
- нымдуу механикалык чаң тоскучтардан кийин орнотулган атайын тамчы тосуучулардын иштешин көзөмөлдөөсү зарыл.
25. Чаңды басуучу суунун берилиши газ тазалоого келип түшкөндөн кийин гана токтотулат.
9. Өнөр жай чыпкаларын пайдаланууга жана тейлөөгө карата талаптар
26. Өнөр жай чыпкаларын пайдаланган чарба жүргүзүүчү субъект аларды ишке киргизүүнүн алдында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- өнөр жай чыпкаларынын чыпкалоо элементтеринин бекитилген жерлерде ишенимдүү тыгыздалышын, деформациялардын, бузулуулардын болбошун жана жол берилүүчү чекте бул элементтердин чыпкалоочу катмарынын тазалыгын;
- чыпкалоочу элементтердин регенерациялоо тутумунун жана чаң жыйноо тутумдарынын оң абалда болушун жана иштөөгө даярдыгын;
- оңдоо иштеринин бүтүшүн, өнөр жай чыпкаларынын оң абалда болушун жана пайдаланууга даярдыгын;
- контролдоо жана автоматика приборлорунун болушун жана оң абалын.
27. Өнөр жай чыпкаларын пайдалануу мезгилинде чарба жүргүзүүчү субъект:
- өнөр жай чыпкасынын гидравликалык каршылыгын контролдоосу;
- тазалануучу газдын температурасын белгиленген чекте кармоосу;
- өнөр жай чыпкаларынын чыпкалоочу катмарын регенерациялоочу түзүлүштөрдүн жана чаң тосуучу, чаңды ташуучу түзүлүштөрдүн иштешинин талап кылынган мезгилдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуусу зарыл.
10. Электр чаң тоскучтарын пайдаланууга жана тейлөөгө карата талаптар
28. Электр чаң тоскучтарын пайдаланган чарба жүргүзүүчү субъект аларды ишке киргизүүнүн алдында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- өзүнө тартып алуучу жана коронациялык электроддордо деформациялардын болбошун, туура түздөлүшүн, электроддордун бетинде тосулган продуктунун калып калбашын, электроддордун ортосундагы аралыктар жол берилген чекте болушун;
- электр чыпкасынын түйүндөрү жана механизмдери майлоо картасына ылайык майланышын;
- электр чыпкасынын изоляторлорунда жаракалардын болбошун, изоляциялык кутуларды (буу менен электрдик) жылытуунун талаптагыдай иштешин;
- корпустун жылуулук изоляциясын;
- контролдоо жана автоматика приборлорунун болушун жана оң абалын;
- электр чыпкаларынын корпусунун, бункерлердин, люктардын, фланецтик туташтыруулардын жылчыксыздыгын;
- оңдоо иштеринин бүтүшүн; электр чыпкаларынын, анын ичинде көмөкчү түзүлүштөрдүн жана электр азыктануу агрегаттарынын оң абалда болушун жана пайдаланууга даярдыгын.
29. Электр чаң тоскучтарын пайдалануу мезгилинде чарба жүргүзүүчү субъект:
- электр режиминин (токтун күчүн, чыңалуусун), газдын жана чаңдын көбөйүүсүнүн (жумуш зонасындагы газдын ылдамдыгы, аппаратка кирүүдөгү чаңдын гидравликалык каршылыгы, көлөмү жана концентрациясы), тазалануучу газдын температурасынын оптималдуу чекте кармалуусун көзөмөлдөөсү;
- электр чыпкасынын сырткы түйүндөрүн жана механизмдерин мезгил-мезгили менен кароодон өткөрүүсү жана табылган бузулууларды четтетүүсү;
- чаңды күбүү жана чаңды түшүрүү тутумдарынын талаптагыдай иштешин көзөмөлдөөсү, электроддордо чаңдын жугушуна (кургак электр чыпкалары үчүн) же чаңды басуучу сууну жайылтуу жана электроддорду жууп тазалоо режиминин бузулушуна жол бербөөсү;
- тосулган чаңды (шламды) өз убагында чыгаруусу жана аны белгиленген жерге ташуусу зарыл.
11. Газды термикалык жана термокатализдик тазалоочу аппараттарды пайдаланууга жана тейлөөгө карата талаптар
30. Газды термикалык жана термокатализдик тазалоочу аппараттарды пайдаланган чарба жүргүзүүчү субъект аларды ишке киргизүүнүн алдында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- газ өткөргүч тутумдарынын жана жагылуучу жана тазалануучу газды берүү үчүн орнотулган жабдуунун оң абалда болушун, түйүндөрдүн жана орнотмолордун иштешин жалпысынан абада сынап көрүүнү;
- түтүк өткөргүч тутумдарынын жана тазалануучу газды мештерге жеткирүү үчүн орнотулган жабдуунун оң абалда болушун жана иштөөгө даярдыгын;
- катализатордун сапатынын жана санынын ченемге шайкеш келишин;
- жагылуучу газдын күйгүзгүчтө туруктуу күйүүсүн, түтүн газдарынын чыгарылышын;
- контролдоо жана автоматика приборлорунун болушун жана оң абалын.
31. Газды термикалык жана термокатализдик тазалоо аппараттары иштеген мезгилде чарба жүргүзүүчү субъект:
- тазалануучу газдын курамында болгон атмосфераны булгоочу заттарды күйгүзүүнүн оптималдуу режимин жана орнотмону пайдалануу боюнча технологиялык регламентке ылайык жарылуу коопсуздугун камсыз кылуусу;
- колдонулуучу катализаторлордун абалын көзөмөлдөөсү, алардын регенерацияланышын же алмашылышын камсыз кылуусу;
- тутумду иштөө параметрлерине чейин абада жылытуусу зарыл.
12. ЧГТОну мамлекеттик эсепке алуу
32. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ЧГТОлору мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.
33. Чарба жүргүзүүчү субъекттер мамлекеттик эсепке алууну камсыздоо үчүн ЧГТОлорду курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдарында каттоодон өткөрүшөт.
Каттоо үчүн төмөнкү документтер берилет:
1) ЧГТОнун паспорту (ЧГТОну пайдалануу Эрежелеринин 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча);
2) ЧГТОну пайдаланууга кабыл алуу актысы;
3) пайдалануудагы ЧГТО үчүн белгиленген тартипте түзүлгөн, анын техникалык абалын мүнөздөгөн акты берилет.
34. Каттоо ЧГТОнун паспортуна жана мамлекеттик органдын мамлекеттик каттоо журналына каттоо номерин берүү аркылуу тийиштүү жазуу менен таризделет.
35. ЧГТОну каттоодон алып салуу ага орнотулган технологиялык жабдууну жок кылуу учурунда № 4-КТЧ "Жаратылышты коргоого күнүмдүк чыгымдардын отчету" мамлекеттик статистикалык отчеттун формасы боюнча негизги каражаттарды жок кылуу жөнүндө актынын негизинде ишке ашырылат.
36. ЧГТОну реконструкциялоодон (модернизациялоодон) кийин ал мурдагы каттоо номеринин сактоо менен каттоодон (жаңы паспорт түзүлөт) өтөт.
|
| Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелеринин 1-тиркемеси |
№ _______________________________ Чаң-газ тазалоочу орнотмонун курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органында катталган номери
______________________________________________ Каттаган адамдын кызматы
______________________ |
| "__" ________ 201__-ж. |
Колу, аты-жөнү |
|
|
Чаң жана газ тазалоочу орнотмонун ПАСПОРТУ
1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы жана дареги
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
2. ЧГТОнун аталышы жана арналышы, пайдаланууга киргизилген жылы
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
3. ЧГТОнун схемасы (технологиялык агрегаттан тартып атмосферага газдар чыгарылган жерге чейинки газ алып барылуучу тракт схема түрүндө көрсөтүлөт)
Толтуруунун үлгүсү
Фрезерлөөчү станоктор 10 даана | 6 циклондон турган топ ЦН-15 | Желдеткич ЦП-7-40 № 8 | Желдеткич труба Н-20м |
4. ЧГТОнун ишинин пайдалануудагы көрсөткүчтөрү
1-таблица
Булгоочу булактын аталышы | Саны | Карта-схема боюнча чыгаруучу булактын № | Тазалоочу аппараттар | ЧГТОнун иштешинин долбоордук көрсөткүчтөрү | |||
баскычы | саны | газ боюнча жүктөм, м3/саат | булгоочу заттардын концентрациясы, г/м3 | Тазалоонун натыйжалуулугу % | |||
кирүүдөгү/чыгуудагы | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
ЧГТОнун жылдар боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү | |||||||
Жылдар | газ боюнча жүктөм, м3/саат | булгоочу заттардын концентрациясы, г/ м3 | Тазалоонун натыйжалуулугу % |
кирүүдөгү/чыгуудагы | |||
9 | 10 | 11 | 12 |
2015-ж. |
|
|
|
2016-ж. |
|
|
|
Андан ары |
|
|
|
Эскертүү: "ЧГТОнун жылдар боюнча иш жүзүндөгү иштешинин" көрсөткүчтөрү учурдагы жыл боюнча толтурулат.
5. Тазалоочу аппараттар
Аппараттын аталышы жана тиби | Жасаган завод | Пайдаланууга киргизилген дата |
1 | 2 | 3 |
6. ЧГТОнун жабдуусунун айрым түйүндөрүнө жүргүзүлгөн оңдоо иштери, алмаштыруу же модернизациялоо тууралуу маалыматтар
Датасы (к.а.ж.) | Аппараттын, түйүндүн аталышы | Бузулуунун мүнөздөмөсү же иштен чыгуунун себеби | Аткарылган иштер |
1 | 2 | 3 | 4 |
Паспорт 200__-жылдын "__" ____________ түзүлгөн.
ЧГТОнун иштешине жооптуу адам |
| ________________________________ |
|
| (колу, аты-жөнү) |
Ишкананын жетекчиси |
| ________________________________ |
|
| (колу, аты-жөнү) |
7. Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органында ЧГТОну каттоодон чыгаруу тууралуу белгилер:
Дата (к.а.ж.) | ЧГТОну каттоодон чыгаруунун себеби |
|
|
Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органынын өкүлү |
| _________________________________________ |
|
| (колу, аты-жөнү) |
|
| Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелеринин 2-тиркемеси |
1. Жалпы көрсөтмөлөр
1. ЧГТОнун паспорту (мындан ары - паспорт) чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерине ылайык толтурулат.
2. Паспорт ЧГТОнун техникалык абалын жана иштешинин параметрлерин мүнөздөгөн документ болуп саналат.
3. Паспортко орнотмого кирген аппараттарды жасаган заводдун документтери, келип чыгуу сертификаты, ошондой эле долбоорго ылайык орнотмонун контролдоп-ченөөчү приборлорунун жана автоматташтырылуусунун схемасы тиркелет.
2. Паспорттун бөлүмдөрүн толтуруу боюнча көрсөтмөлөр
4. 1-бөлүм. Чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы жана дареги. Ишкананын, чарба жүргүзүүчү субъектинин толук аталышы көрсөтүлөт.
5. 2-бөлүм. ЧГТОнун аталышы жана арналышы, пайдаланууга киргизилген жылы. ЧГТОнун аталышы жана арналышы долбоорго шайкеш келүүсү тийиш.
6. 3-бөлүм. ЧГТОнун схемасы.
Схема түрүндө, атмосфераны булгоочу булактардын аталыштарын атап өтүү менен алардын саны көрсөтүлөт; тазалоо аппараттарынын аталыштары, алардын тиби жана саны; соруп-үйлөө механизмдеринин аталышы, тиби жана саны; булгоочу заттарды чыгаруучу булактын аталышы, чыгаруу бийиктиги метр менен көрсөтүлөт.
7. 4-бөлүм. ЧГТОнун ишинин пайдалануудагы көрсөткүчтөрү (1-таблица).
ЧГТОнун пайдалануу көрсөткүчтөрү келип чыгуу сертификатынын долбоордук маалыматтары жана ЧГТОнун жумушчу көрсөткүчтөрү боюнча толтурулат.
Булгоочу булактардын аталыштары, алардын саны иш жүзүндө иштеп жаткан жабдуу (ЧГТОго чейин) боюнча толтурулат.
Карта-схема боюнча булгоочу заттарды чыгаруучу булактын номери булактарды инвентаризациялоонун же атмосферага булгоочу заттардын жол берилүүчү чектелген чыгарууларынын (ЧЖЧ) долбоорунун булгоочу заттарды чыгаруучу булактарынын карта-схемасы боюнча толтурулат.
Тазалоочу аппарат: баскычы, тиби тазалоо баскычтары боюнча долбоорго ылайык толтурулат.
Газ боюнча аппараттарга келтирилген күч, булгоочу заттардын кирүүдөгү жана чыгуудагы концентрациясы; булгоочу заттардан тазалоонун натыйжалуулугу долбоордук маалыматтар же ишке киргизүүчү-жөнгө салуучу уюмдардын маалыматтары боюнча толтурулат.
ЧГТОнун жылдар боюнча иш жүзүндө иштеши (газ боюнча аппараттарга келтирилген күч, булгоочу заттардын кирүүдөгү жана чыгуудагы концентрациясы; булгоочу заттардын тазалоо деңгээли) ЧГТОну пайдалануу эрежелеринин 12-пунктуна ылайык жыл сайын толтурулат.
8. 5-бөлүм. Тазалоочу аппараттар.
Аппараттардын аталышы долбоорго жана аппараттын паспортуна ылайык көрсөтүлөт. Бул бөлүмдүн графалары орнотмого кирген жана 3-бөлүмдө аталган аппараттардын бардык типтери үчүн толтурулат.
Аппараттын паспортуна ылайык жасаган заводдун аталышы жана пайдаланууга киргизилген датасы көрсөтүлөт.
9. 6-бөлүм. ЧГТОнун жабдууларынын айрым түйүндөрүнө жүргүзүлгөн оңдоо иштери, аларды алмаштыруу же модернизациялоо тууралуу маалыматтар.
ЧГТОнун жабдууларынын айрым түйүндөрүнө оңдоо иштери жүргүзүлгөн, алар алмаштырылган же модернизацияланган дата көрсөтүлөт. Бузулуунун мүнөздөмөсү же иштен чыгуунун себеби жана аткарылган иштер көрсөтүлөт.
10. 7-бөлүм. Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органында ЧГТОну каттоодон чыгаруу тууралуу белгилер.
Каттоодон чыгарылган дата жана анын кыскача себеби көрсөтүлөт (ЧГТОну пайдалануу эрежелеринин 35-пунктуна ылайык).