Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Кыргыз Республикасында атмосфералык абаны коргоо боюнча жобо (мындан ары - Жобо) уюштуруу-укуктук формасына карабастан туруктуу жана көчмө булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин атмосфералык абаны коргоо боюнча иштерди уюштуруусу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат, ошондой эле атмосферага булгоочу заттарды чыгарууларды кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартибин регламенттештирет.
2. Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер атмосфералык абаны коргоо боюнча өзүнүн ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.
Убактылуу макулдашылган чыгаруу (УМЧ) - жол берилүүчү чектелген чыгаруунун ченемдерине этап-этабы менен жетүү максатында атмосфералык абанын сапатын жана тийиштүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү шарттарын эске алуу менен булгоочу заттарды чыгаруучу туруктуу булактар үчүн белгиленүүчү булгоочу заттардын атмосфералык абага чыгарылышынын ченеми.
Атмосфераны булгоо булагы - атмосферага булгоочу заттарды чыгаруучу объект.
Атмосфералык абаны коргоо - мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан ишке ашырылуучу атмосфералык абанын булганышын алдын алууга багытталган уюштуруучулук, экономикалык, техникалык, укуктук жана башка иш-чаралардын жыйындысы.
Жол берилүүчү чектелген чыгаруу (ЖЧЧ) - атмосфераны булгоочу ар бир конкреттүү булак үчүн, андан жана ошол аймактагы булактардын бүт жыйындысынан булгоочу заттардын чыгарылышы алардын атмосферага таралышын жана бууланышын эске алуу менен, ошондой эле ишканалардын өнүгүү келечеги абанын сапатынын белгиленген ченемдеринен ашкан жер бетиндеги концентрацияларды пайда кылбайт деген шарт менен белгиленген ченем.
Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу көчмө булактар - бензин, дизель отуну, керосин, суюлтулган жана кысылган газ, бензогаз жана газдизель аралашмалары менен иштеген ички күйүүчү кыймылдаткычтар менен жабдылган автомобиль, темир жол, аба, деңиз жана дарыя унаа каражаттары, айыл чарба, жол жана курулуш техникасы жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин башка көчмө каражаттары.
Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу туруктуу булактар - уюштурулган же уюштурулбаган түрдө атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарган жана объекттин, ишкананын, юридикалык же жеке жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага таандык болгон же ага бекитип берилген аймагынын (жеринин) участкасынын чектеринде туруктуу же убактылуу жайгашкан же иштеген ар кандай (чекиттик, линиялык жана аянттык) булак.
Чыгаруулардын чекиттик булагы - заттардын чыгуусу координатор тутумунда чекит түрүндө белгиленген тешик, жылчык аркылуу ишке ашырылуучу булгоочу заттарды атмосферага чыгаруучу булак.
Чыгаруулардын линиялык булагы - заттардын чыгуусу координатор тутумунун башталышы менен аягындагы линия түрүндө белгиленген тешик, жылчык аркылуу ишке ашырылуучу булгоочу заттарды атмосферага чыгаруучу булак.
Чыгаруулардын аянттык булагы - заттардын чыгуусу координаттар тутумунда аймактык координаттарынын үстүнкү бети аркылуу ишке ашырылуучу булгоочу заттарды атмосферага чыгаруучу булак.
Чыгаруулардын уюштурулган булагы - заттардын чыгуусу булгоочу заттарды атмосферага багыттап чыгаруу үчүн атайын жабдылган түзүлүштөр аркылуу ишке ашырылуучу булгоочу заттарды атмосферага чыгаруучу булак.
Чыгаруулардын уюштурулбаган булагы - заттардын чыгуусу багытталбаган газдын агымы түрүндө ишке ашырылуучу атайын техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган булгоочу заттарды атмосферага чыгаруучу булак.
3. Чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык атмосфералык абанын булганышын алдын алуу, төмөндөтүү жана жоюу боюнча чараларды көрүшөт.
4. Чарба жүргүзүүчү субъекттер төмөнкүлөрдү камсыз кылышат:
- атмосфералык абаны коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону;
- атмосферага булгоочу заттардын жол берилүүчү чектелген жана/же убактылуу макулдашылган чыгарууларынын (ЖЧЧ/УМЧ) ченемдерин өз убагында иштеп чыгууну (кайра иштеп чыгуу), макулдашууну жана бекитүүнү жана курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органынан атмосферага булгоочу заттарды чыгарууга белгиленген мөөнөттө уруксат алууну;
- чыгарууларды кыскартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана аткарууну;
- атмосфераны булгоочу заттардын бекитилген ЖЧЧ/УМЧларынын жана булгоочу заттарды чыгарууга уруксаттан шарттарынын сакталышына өндүрүштүк контроль жүргүзүүнү;
- атмосфераны булгоочу булактарга жана чаң-газ тазалоочу орнотмолордун (мындан ары - ЧГТО) иштешинин натыйжалуулугуна инструменталдык контроль жүргүзүүчү аккредитацияланган лабораторияларда лабораториялык изилдөөлөрдү;
- ЖЧЧ/УМЧнын бекитилген ченемдерин сактоону;
- атмосферага чыгарылган булгоочу заттарды тазалоо үчүн курулмалардын, жабдуулардын жана аппаратуралардын үзгүлтүксүз натыйжалуу иштөөсүн жана оң абалда кармоону;
- атмосферага булгоочу заттардын жапырт жана авариялык чыгышын алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
- пестициддерди, минералдык жер семирткичтерди жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды сактоодо, ташууда жана пайдаланууда атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоону;
- объектилерди жайгаштырууда, аларды долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууга киргизүүдө атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоону.
Чарба жүргүзүүчү субъекттер авариялык чыгуулар, атмосфераны экстремалдык жогору булгоо фактылары, булгануунун себептерин жана кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу, ошондой эле атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзамдардын бузулушуна күнөөлүү кызмат адамдары жөнүндө тиешелүү органдарга өз убагында маалымдашат.
Пайдалуу кендерди казууда, жардыруу иштерин жүргүзүүдө, террикондорду, урандыларды жана таштанды таштоочу жайларды, өндүрүштүк калдыктардын полигондорун жайгаштырууда жана пайдаланууда чарба жүргүзүүчү субъекттер төмөнкүлөрдү камсыз кылышат:
- атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгуусунун жана чаңдардын бөлүнүүсүнүн ургалдуулугун төмөндөтүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү;
- пайдалуу кендерди казуу боюнча тилкелерди, карьерлерди, террикондорду, урандыларды жана өндүрүштүк полигондорду долбоорлоо учурунда санитардык коргоо аймактарын түзүүдө санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарын аткарууну, аларды турак-жай курулуштарынын өнүгүү келечегин эске алуу менен, анын чегинен тышкары жайгаштырууну;
- террикондорду жана урандыларды, көмүр шахталарын, байытуучу фабрикаларды пайдаланууда өзүнөн-өзү күйүүнүн алдын-алуу боюнча чараларды ишке ашырууну;
- тоотекти, аны андан ары тыгыздоо, ар кандай эмульсиялар (эритмелер) менен нымдаштырып катмарлап жасоо же тоотектин үстүнө инерттүү жергиликтүү материалдарды коюу менен, анын ичинде жантайыңкы жерлерге төшөөнү;
- тоотек урандыларын кайра калыбына келтирүүнү;
- булгоочу заттардын атмосферага чыгышын төмөндөтүүнү камсыздаган жардырууну башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүүнү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин булгоочу заттарды чыгаруучу туруктуу булактары (алардын ишке жана пайдаланууга киргизилген убагына карабастан) атмосферага чыгарууларды тазалоо үчүн курулмалар, жабдуулар, аппаратуралар жана чыгарылуучу булгоочу заттардын санын жана курамын контролдоо каражаттары менен жабдылат.
6. Атмосфераны булгоочу булактарды газ тазалоочу жана чаң тосуучу жабдык менен жабдуу ишканаларды куруу, кеңейтүү жана реконструкциялоо боюнча долбоордук чечимдерге жана ЖЧЧ ченемдеринин долбоорлоруна ылайык ишке ашырылат.
7. ЧГТОну пайдалануу Чаң-газ тазалоочу орнотмолорду пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат.
8. ЧГТОнун техникалык абалын жана аларды пайдалануунун эрежелерин сактоону контролдоо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
9. ЖЧЧ/УМЧнын ченемдеринин долбоорун иштеп чыгууну чарба жүргүзүүчү субъект камсыздайт.
10. ЖЧЧ/УМЧнын ченемдеринин иштелип чыккан долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органына берилет.
ЖЧЧ/УМЧнын ченемдери мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алган учурда бекитилет.
11. ЖЧЧ(УМЧнын) ченемдери беш жылда 1 жолудан кем эмес, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттин өндүрүшүнүн кубаттуулугу, технологиясы же иштөө режими өзгөргөн учурда кайра каралат.
12. Булгоочу заттардын чыгарууларын баштапкы эсепке алуу жана чыгаруучу булактарды инвентаризациялоо чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ЖЧЧ/УМЧнын ченемдеринин долбоорун иштеп чыгуунун алкагында ишке ашырылат.
13. ЧЖЧ/УМЧны белгилөөнүн методдору стандарттар жана башка ченемдик-техникалык документтер менен аныкталат.
14. Бир райондо жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттер же чарба жүргүзүүчү субъекттердин тобунун тез арада ЖЧЧ көрсөткүчүнө жетишүүлөрүнө мүмкүн болбогон учурда, мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча ар бир этаптын узактыгын көрсөтүп, зыяндуу заттарды чыгарууларды этап-этабы менен азайтуу графиги түзүлөт. Ар бир этап үчүн чыгаруулардын (г/с /жыл ичинде) жол берилүүчү чоңдугу белгиленет.
Заманбап каражаттар менен ЖЧЧга жетишүүгө мүмкүн болбогон учурда, чарба жүргүзүүчү субъект технологиялык ЖЧЧга жетишүү боюнча иш-чаралар планын жана технологиялык процессти өзгөртүү, ишкананын кубаттуулугун азайтуу же кайра профилдөө аркылуу мындай булгоону кыскартуу же жок кылуу боюнча конкреттүү мөөнөттөрдү иштеп чыгат.
ЧЖЧга жетишүү боюнча иш-чаралар планында ЖЧЧга жетишүүнүн айрым этаптарында зыяндуу заттардын чыгарууларынын тийиштүү чегинен ашырууга жол берилбейт.
Долбоорлонуучу жана реконструкциялануучу объекттер ЖЧЧдан ашпоого тийиш.
15. Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруучу көчмө булактар (мындан ары - көчмө булактар) иштелген газдардын түтүнүнүн уулуулугунун белгиленген ченемдерине шайкеш келиши керек.
16. Көчмө булактардын иштелген газдарынын уулуулугунун жана түтүндүүлүгүнүн шайкештигин баалоо Евразия экономикалык бирлигинин бекитилген техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Атмосферага булгоочу заттардын чыгуусуна таасирин тийгизген оң абалдагы жана туура жөнгө салынган тутумдары жана агрегаттары бар көчмө булактарды пайдаланууга жол берилет. Көчмө булактарга белгиленген ченемдерден ашкан булгоочу заттарды чыгаруу менен линияга чыгуусуна жол берилбейт.
18. Эл аралык стандарттарга шайкеш келген кыймылдаткычты пайдалануу боюнча нускаманы сактоодо кыймылдаткычтын ишенимдүү ишке кириши жана анын бардык пайдалануу режимдеринде туруктуу иштеши камсыздалууга тийиш.
19. Отундун суюк түрлөрү менен иштеген көчмө булактардын азыктануу тутумдары кыймылдаткычтын пайдаланылып бүткөн газдары менен атмосферага зыяндуу заттарды азыраак чыгаргыдай кылып жөнгө салынышы керек.
20. Кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруу тутуму иштетилген газдарды чыгаруу тутумунун конструкциясынын элементтери менен ишенимдүү жана тыгыз туташтырылууга жана үндүн басаңдаткычтан сырткары чыгып кетүүсүнө жол берилбөөсү тийиш.
21. Көчмө булактардын, кыймылдаткычтардын жана анын тутумдарынын техникалык абалы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык иштетилген газдардагы булгоочу заттардын кармалышын камсыз кылууга тийиш.
22. Атмосфералык абанын корголушуна мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүүчү мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
23. Атмосфералык абанын корголушуна өндүрүштүк контроль чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан ишке ашырылат.
Өндүрүштүк контролдун алкагында чарба жүргүзүүчү субъекттер төмөнкүлөрдү контролдошот:
- өндүрүштүк заттарды чыгаруулар менен атмосфераны булгоочу булактарды;
- ЧГТОнун пайдаланылышын;
- атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышын төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын;
- курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик органдарынын жазма буйруктарынын аткарылышын.
24. Атмосфералык абаны булгоочу булактарга контроль жүргүзүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттер төмөнкү методдорду колдонушат:
- контролдонуучу булактардан чыккан газдардын сынамдарын аларды кийин химиялык лабораторияларда иштеп чыгуу менен тандап алууга жана аларды талдоого негизделген инструменталдык-лабораториялык методду;
- кызыкдар органдарга чыгаруулардын деңгээли жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды берүү жана контролдонуучу булактардын экономикалык көз-караш менен алгандагы оптималдуу иштөө режимин кармап турууга багытталган башкаруучу белгилерди берүү максатында баштапкы өлчөөчү түзүлүштөрдөн булгоочу заттардын концентрациясы, термодинамикалык параметрлери, технологиялык режимдери жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө жыйноого жана иштеп чыгууга негизделген автоматтык контролдоо тутумдарын пайдалануу;
- баштапкы чийки заттардын курамы жана сапаты, технологиялык режим жана даяр продукциянын саны жөнүндө жана башка маалыматтар боюнча чыгып жаткан газдардагы булгоочу заттардын концентрациясын (же чыгымын) эсептеп чыгарууга негизделген эсептөө методу.
Техникалык жактан мүмкүн болгон бардык учурларда контролдоо инструменталдык же лабораториялык метод менен ишке ашырылышы керек.
Инструменталдык-лабораториялык метод менен контроль жүргүзүүдө чыгып жаткан газдардын параметрлеринин аткарылган ченөөлөрүнүн негизинде төмөнкүлөр аныкталат:
- газ агымдарынын көлөмдөрү жана анын мүнөздөмөлөрү;
- чыгып жаткан газдардагы булгоочу заттардын концентрациясы;
- чыгып жаткан булгоочу заттардын саны;
- ЧГТОго булгоочу заттарды кармап калуу даражасы;
- атмосфералык абага чыгарылуучу булгоочу заттардын саны.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 411 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Булактан булгоочу заттардын максималдуу чыгарылышы ошол булак үчүн белгиленген ЖЧЧ/УМЧнын (г/сек) контролдук маанисинен ашпоого тийиш. Булактан жыл ичиндеги чыгаруулар ошол булак үчүн белгиленген ЖЧЧ/УМЧнын (т/жыл) бир жылдык деңгээлинен ашпоого тийиш.