Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 91
2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө
Химиялык заттарды коопсуз башкарууну камсыздоо, химиялык заттарды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды координациялоону жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- жыл сайын 15-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчал турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- Программаны ишке ашырууну координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын;
- жыл сайын 25-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |