Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 91 токтому менен бекитилген |
2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Химиялык заттар республиканын калкынын жашоо тиричилигинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, алар өнөр жайдын, айыл чарбанын, саламаттыкты сактоонун көптөгөн чөйрөлөрүндө, ошондой эле турмуш-тиричиликте жогорку жашоо деңгээлине жетүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен кеңири колдонулат.
Учурда химиялык заттардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизүүчү терс таасирлерине дайыма эле көңүл бурууга мүмкүнчүлүк боло бербейт. Кыргыз Республикасында химиялык заттарды колдонуу чөйрөсүндөгү башкарууну талаптагыдай координациялоого байланыштуу химиялык заттардын жашоо циклинин конкреттүү этаптары үчүн ведомстволордун жоопкерчиликтери аныкталган эмес.
Ошентип, химиялык заттарды колдонуудагы коопсуздук туруктуу өнүгүү жолундагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп калууда.
1. Кыргыз Республикасында химиялык заттарды колдонуу жаатындагы азыркы кырдаалды талдоо
1.1. Химиялык заттарды колдонуу жаатындагы укуктук жана институционалдык камсыздоо
2009-жылы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун көптөгөн актылары, анын ичинде химиялык заттарды колдонуу маселелерин жөнгө салуучу актылар да юридикалык күчүн жоготту. Бул базалык документтердин ченемдеринин сакталбашына, демек химиялык заттар адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Айлана-чөйрөнүн объекттеринде (атмосфералык аба, чарбалык-ичүүчү жана маданий-турмуш-тиричилик суу пайдалануунун суу объекттери, кыртыш ж.б.) химиялык заттардын чектелген жол берилген концентрациясынын (мындан ары - ЧЖК) бекитилген маанилеринин жоктугу бир кыйла маанилүү болуп саналат.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы продукцияларга, өндүрүш процесстерине, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптарды белгилөөнүн жана колдонуунун жаңы тутумун аныктады.
Бирок химиялык заттарды колдонуу көйгөйлөрүнүн бир кыйласы колдонуудагы мыйзамдарда камтылган эмес.
Кыргыз Республикасы тарабынан химиялык заттарды талаптагыдай башкарууга багытталган жана айлана-чөйрөнү жана адамдын ден соолугун коргоо боюнча талаптардын аткарылышы каралган бир катар конвенциялар (Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясы, Эл аралык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол жобосу жөнүндө Роттердам конвенциясы жана Коркунучтуу калдыктарды чек аралар аралык ташуу жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясы) ратификацияланган. Бирок алардын аткарылышы айлана-чөйрөнүн абалынын көрсөткүчтөрүнүн толук маалымат базасынын болуусун талап кылат.
Учурда иш жүзүндө химиялык заттардын иштетилген идиштери жана таңгактары, курамына коргошун кирген иштетилген аккумуляторлор, сырлар сыяктуу коркунучтуу калдыктарды, ошондой эле туруктуу органикалык булгоочуларды (мындан ары - ТОБ) камтыган калдыктарды, электрондук жабдуулардын калдыктарын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук база иштелип чыккан эмес.
Экологиялык коопсуздукту жана калктын саламаттыгын камсыздоо үчүн сымап жана сымапты камтыган калдыктар менен коопсуз иштөө көйгөйлөрү ченемдик жактан толук өлчөмдө жөнгө салынган эмес.
Кыргыз Республикасында химиялык заттарды башкаруу маселеси көптөгөн мамлекеттик органдардын күн тартибинде турат жана алардын жашоо циклинде химикаттарды колдонуунун бардык өңүттөрү үчүн толук жоопкерчилик камсыздалбайт.
Министрликтердин жана ведомстволордун бири да өзүнүн түзүмүндөгү иш-милдетине химиялык заттарды сарамжалдуу жана коопсуз пайдаланууну камсыздоо маселелери кирген атайын түзүмгө (же штаттык бирдикке) ээ эмес.
Кызыкдар мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке менчик сектордун өз ара аракеттерин координациялоо жана натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 335-б буйругу менен Кыргыз Республикасында химиялык заттарды, анын ичинде полихлордифенилдерди камтыгандарды коопсуз башкарууга көмөктөшүү боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Координациялык комиссия) түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги (мындан ары - Айыл чарба министрлиги) бул комиссиянын негизги уюштуруучу жумушчу органы катары аныкталган.
Айыл чарба министрлигине пестициддерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын башкаруу боюнча гана иш-милдеттер бекитилген, ал эми химиялык заттарды башкаруу жана эл аралык жаратылышты коргоо, анын ичинде химиялык конвенциялар боюнча милдеттенмелерди аткарууну координациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине (мындан ары - Токой агенттиги) бекитилип берилген.
1.2. Айлана-чөйрөнүн абалы
Кыргыз Республикасы - тоолуу өлкө экенин, жаратылыштык жана антропогендик таасирлерге өзгөчө аярлуу экендигин эске алганда, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу маселелери өзгөчө мааниге ээ болот. Айлана-чөйрө объекттеринин химиялык заттар менен булгануусу мындай таасир этүүнүн олуттуу факторлорунун бири болуп саналат, анткени аларды колдонуунун тенденциясы өсүп баратканы байкалууда.
Айлана-чөйрө компоненттеринин (аба, суу, кыртыш) булгануусунун деңгээли мониторингдин иштеп жаткан тутумунун негизинде аныкталат. Мониторинг тутуму чачкын жана ар түрдүү ведомстволордон турат. Ведомстволук лабораториялардын бир бөлүгү аккредиттелген эмес, көпчүлүгү мониторинг жүргүзүү жана айлана-чөйрөнүн химиялык заттар менен булгануу деңгээлине ишенимдүү баа берүү үчүн жетиштүү жабдылбаган.
1.2.1. Абанын абалын баалоо
Атмосфералык абанын сапатынын мониторинги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги (мындан ары - Кыргызгидромет) тарабынан, республиканын шаар калкынын 64% жашап турган, Кыргыз Республикасынын беш шаарында жайгашкан 14 стационардык посттордо жүргүзүлөт. Анда 5 булгоочу зат: күкүрттүн диоксиди, азоттун оксиди жана диоксиди, формальдегид жана аммиак аныкталат.
Кыргызгидрометтин стационардык посттору моралдык жана физикалык жактан эскирген комплекстүү лабораториялар менен жабдылган. 1990-жылдан тартып эл аралык деңгээлде калктын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн эң зыяндуу катары таанылган чан, кычкылтектин оксиди, бензапирен, эрүүчү сульфаттар, цианиддер, фенолдор жана башка оор металлдар аныкталбайт.
Энергетика, кен өндүрүү жана кайра иштетүү тармактарынын, курулуш материалдар өнөр жайынын ишканалары, коммуналдык жана жеке менчик сектор атмосфералык абанын булгануусунун негизги булактары болуп саналат.
Калктуу жерлердин булгануу деңгээлине көчмө булактар кыйла көбүрөөк салым кошууда.
Айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экологиялык мониторинг бөлүнүштөрү тарабынан атмосфералык абага булгоочу заттардын бөлүнүп чыгышына мониторинг жүргүзүүгө 32 ишкана тартылган, бөлүнүп чыккан заттарда 18 булгоочу зат аныкталат.
1.2.2. Суунун абалын баалоо
Республиканын аймагында 3500дөн ашуун өзөн суу жана 1923 көл, анын ичинде Ысык-Көл да бар, бирок Кыргызгидромет тарабынан Чү дарыясынын бассейнинин суу объекттеринде гана системалуу мониторинг жүргүзүлөт.
Суунун сапаты 33 ингредиент боюнча аныкталат. Суунун химиялык курамы табигый факторлордун таасири алдында да, адамдын антропогендик ишинин натыйжасында да калыптанат. Булгануунун булактары негизинен дарыянын ортоңку жана төмөнкү агымдарында жайгашкан.
Саркындыларды чыгаруучу агын суулардын сапатын жана алардын жер бетиндеги суу көлмөлөрүнө тийгизген таасирлерин көзөмөлдөөнү айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын экологиялык мониторинг бөлүнүштөрү жүзөгө ашырышат.
Экономикалык абалдын начарлоосу тазалоо жана каналдаштыруу курулмаларынын жумуштарында олуттуу көйгөйлөрдү жаратты. Тазаланбаган саркындыларды чыгарган агынды суулар нитраттарды, хлориддерди, хромду, оор металлдарды, мунайзат азыктарын жана башкаларды камтыйт. Агын сууларды тазалоо боюнча болгон 350 курулманын 40%ы агындылардын ченемдик тазалануусун камсыз кылбайт.
Саламаттык сактоо органдары тарабынан ичүүчү суулардын сапатынын мониторинги жүргүзүлөт, анын жыйынтыктарына караганда бүткүл Кыргызстан боюнча четтөө 2,6%ды түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча айыл региондорундагы суу бөлүштүрүүчү тармактардагы ичүүчү суунун сапаты "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбейт. Сынамдарда аммиак, нитраттар, темир, марганец, мышьяк, хлориддер боюнча чектелген жол берилүүчү концентрациясынын (ЧЖК) ашыктыгы табылган. Борборлоштурулган суу менен жабдуунун жоктугу ичүү муктаждыктары үчүн жер үстүндөгү сууларды ашыкча пайдаланууга алып келүүдө.
Жер бетиндеги суу көлмөлөрүнөн алынган сынамдар мышьяк, нитраттар, мунайзат өнүмдөрү, аммиак сыяктуу мындай көрсөткүчтөр боюнча санитардык ченемдерге шайкеш келбейт.
1.2.3. Кыртыштын абалын баалоо
Айыл чарба багытындагы жерлердин биологиялык азыктуулугу бат эле төмөндөп кетет, бул эрозиялык процесстерге, шорлонууга, саз басууга жана булганууга байланыштуу.
1993-жылдан тартып финансылык ресурстардын чектелүүлүгүнөн улам Кыргызгидромет тарабынан кыртыштардын булгануу абалына мониторинг жүргүзүү токтотулган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, ишканалардагы уулуу калдыктардын (цианиддердин, кислоталардын, силикаттардын, нитраттардын, оор металлдардын, сульфаттардын ж.б.) саны көбөйүүдө. Уулуу калдыктарды көмүүгө көбүрөөк аянт талап кылынат.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери, отоо чөптөр жана илдеттерди козгогучтар менен күрөшүү үчүн пестициддер колдонулат.
Мониторингдин жыйынтыктарын талдоо дихлордифенилтрихлорэтандын (мындан ары - ДДТ) калдыктары жана анын чиринди продукттары менен кыртыштын булгануу деңгээли кыйла жогору экенин көрсөтүүдө. Жер иштетүүнүн ургаалдуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ассортиментин эске алганда, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кыртыштын булгануусунун деңгээли абдан жогору, Чүй облусунда - орто, Талас жана Ысык-Көл облустарында - булгануу деңгээли төмөн.
1.3. Химиялык продукцияларды өндүрүү, пайдалануу, алып келүү жана алып чыгуу
Кыргыз Республикасында химиялык өндүрүш начар өнүккөн жана металлургиялык комплекс, лак-сыр чыгаруучу ишканалардан, фармацевтикалык өндүрүштөн, ошондой эле желим буюмдарын, турмуш-тиричиликтик химия жана мунайзатты кайра иштетүү ишканаларынан турат.
Металлургиялык комплекс ишканаларына "Кадамжай сурьма комбинаты" жана "Кыргыз химиялык-металлургиялык завод" ачык акционердик коому кирет.
Химиялык өндүрүштү "Айдаркен сымап акционердик коому" ачык акционердик коому, "Бишкек" жана "Ак-Чий" эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарында жайгашкан сыр, лак, эмалдарды жана минералдык пигменттерди чыгаруу боюнча ишканалары жүргүзөт. Желим буюмдарды "Деташ ЛТД" фабрикасы чыгарат, ал ошол эле убакта самын-кир жуугуч продукцияларды да өндүрөт. Республиканын фармацевтикалык өнөр жайы негизинен тамак-аш кошулмаларын өндүрүүчү жана дары-дармектерди, дары чөптөрдү таңгактоочу ишканалардан турат. Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан "Ак-Таш" ачык акционердик коому акиташ чыгарат.
Кыргызстанда химиялык заттарды өндүрүү анча көп болбогондугуна байланыштуу, көптөгөн өндүрүштөр үчүн химикаттар башка өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтары боюнча акыркы жылдары республикага 300дөн ашуун аталыштагы химиялык заттар алынып келген. Алардын ичинде катуу таасир этүүчү уулуу заттар, медициналык препараттар, турмуш-тиричилик химиясы жана өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, жер семирткичтер, прекурсорлор жана башкалар бар. Кыргызстан экспортко сымап, сурьма, сейрек кездешүүчү металлдарды чыгарат.
Кыргыз Республикасында химиялык заттар негизинен кен өндүрүү комплексинин ишканаларында, энергетикалык тармакта, мунайзатты кайра иштетүү ишканаларында көп санда пайдаланылат, ал эми азыраак өлчөмдө турмуш-тиричилик химия продукттарын чыгаруучу, желим буюмдарын өндүрүүчү ишканаларда, лак, сыр жана фармацевтика өнөр жайында, ошондой эле курулуш индустрия ишканаларында пайдаланылат. Алардын ичинде уулуу химиялык заттар болгон органикалык жана органикалык эмес бирикмелер да пайдаланылат. Мисалы, ишканаларда полихлорирленген дифенилдерди (мындан ары - ПХД) камтыган трансформаторлор жана конденсаторлор пайдаланылат.
Жогорку түшүм алыш үчүн кыртышка баары өлкөгө ташылып келинүүчү минералдык жер семирткичтер (азоттук, фосфордук жана калийдик) берилет.
Айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн колдонууга уруксат берилген пестициддер алынып келет.
1.4. Өндүрүш жана керектөө калдыктары
Кыргызстанда чарбачылык иштердин узак мезгилинде оор металлдарды (кадмий, коргошун, цинк, сымап, сурьма), ошондой эле уулуу заттарды (цианиддерди, кислоталарды, силикаттарды, нитраттарды, сульфаттарды ж.б.) камтыган көп сандаган өнөр жай калдыктары топтолгон.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2012-жылы Кыргызстанда 99805,2 миң тонна калдыктар топтолгон, алардын 4771,3 миң тоннасын же 47%ын коркунучтуу калдыктар түзөт. Уулуу калдыктар жайгашкан жалпы аянт 485,2 гектарды түзөт, жердин саны - 43. Аларда 89 млн. тоннадан ашуун уулуу калдыктар чогулган.
Өнөр жайлык уулуу калдыктардын негизги бөлүгү Ысык-Көл (61,4%) жана Баткен (25,8%) облустарынын аймактарында жайгашкан. Баткен облусунда алардын топтолушунун башкы булактары "Айдаркен сымап акционердик коому" жана "Кадамжай сурьма комбинаты" болуп саналат. Ысык-Көл облусунда уулуу калдыктардын саны 1997-жылдан тартып алтын казып алуучу ишканасынын - "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишке киргизилгендигине байланыштуу кескин өсүп кеткен.
Кыргызстанда советтик мезгилде зыянкечтер жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттери менен күрөшүү үчүн 100дөн ашуун аталыштагы пестициддер пайдаланылган, анын ичинде туруктуу органикалык булгоочулардын (ТОБ) тобуна киргендер да болгон.
Сексенинчи жылдардын аягында хлор органикалык пестициддерди колдонууга тыюу салынган. Алардын пайдаланылбай калгандары атайын адистештирилген уулуу заттар көмүлүүчү жайларга көмүлгөн, белгилүү бир бөлүгү кампаларда калган. Азыркы убакта эскирген пестициддерди утилдештирүү тууралуу маселе өзгөчө курч турат. Узак убакыттар бою пестициддер көмүлгөн жайлардын абалы көзөмөлгө алынган эмес, алардын коркунучтуулугу тууралуу алдын ала эскерткен атайын белгилер жок, мындай уулуу заттар көмүлгөн жайларды ачуу фактылары да бар. Пестициддерди көмүү эки облуста - Нарын жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлгөн.
Республикада турмуш-тиричилик калдыктарын иргеп чогултуу жолго коюлган эмес, ошондуктан алар чогултулган жерлерде сымап камтыган лампалар, аккумулятордук батареялар, өлчөөчү жабдуулар, электр өчүргүчтөрү, релелер жана башкалар сыяктуу уулуу химиялык заттар да болуп калышы мүмкүн. Республикада курамында сымап камтылган калдыктарды демеркуризациялоочу ишкана жок.
2. Максаты жана багыттары
Ушул Программанын негизги максаты болуп химиялык заттардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн аларды төмөнкүдөй маанилүү багыттар боюнча туруктуу башкарууну камсыздоо саналат:
- адамдын ден соолугуна, калктын өзгөчө аярлуу топторуна химиялык заттардын токсиканттуу оорчулугун төмөндөтүү жолу менен калктын жашоо турмушунун сапатын жана ден соолугунун абалын жакшыртуу;
- экологиялык коопсуздукту жана жашоо циклинин бардык баскычтарында сымаптын жана анын аралашмаларынын терс таасиринен калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо;
- айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна ПХД кошо алганда, өндүрүштүн коркунучтуу калдыктарынын терс экологиялык кесепеттерин төмөндөтүү;
- өндүрүлгөн жана алынып келген айыл чарба продукцияларынын коопсуздугун камсыздоо;
- химиялык заттарды жөнгө салуу жаатында бирдиктүү маалыматтык жана билим берүү базасын уюштуруу.
Коюлган максаттарды жана негизги багыттарды эске алуу менен 6 артыкчылык жана 19 милдет аныкталган.
3. Артыкчылыктар жана милдеттер
Химиялык заттарды башкарууда кездешкен көйгөйлөрдү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүгө карай алган саясий багытын эске алуу менен ушул Программанын артыкчылыктары катары жакынкы 3 жылга төмөнкүлөр аныкталды:
- химиялык заттарды туруктуу колдонуунун укуктук жана институционалдык негиздери;
- калктын ден соолугун химиялык заттардын зыяндуу таасирлеринен коргоо;
- курамында сымап бар товарларды жана калдыктарды колдонууну жакшыртуу;
- коркунучтуу калдыктарды, анын ичинде курамында ПХД бар заттарды, колдонууну жакшыртуу;
- талаптагыдай айыл чарба практикасы;
- калктын потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу.
1-артыкчылык. Химиялык заттарды талаптагыдай башкаруунун укуктук жана институционалдык негиздери
Базалык талаптар айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана химиялык заттарды башкаруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган химиялык заттарды башкаруу жаатындагы эл аралык келишимдерде аныкталган.
Химиялык заттарды коопсуз пайдаланууга карата талаптар ар түрдүү укуктук документтерде чагылдырылган, бирок дагы көп сандаган көйгөйлөр мыйзамдык жактан жөнгө салынбаган бойдон калууда.
Химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу маселелери иш-милдеттерине кирген көп сандаган мамлекеттик органдардын болушу алардын жашоо циклиндеги химикаттарды колдонуунун бардык өңүттөрү үчүн толук жоопкерчиликти камсыздабайт.
Бул артыкчылык төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен жетишилет:
1-милдет. Химиялык заттарды башкаруу жаатында алардын бүткүл жашоо циклинде химиялык заттарды коопсуз колдонууну камсыздоочу мыйзамдарды жана саясатты өркүндөтүү.
2-милдет. Химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу өңүттөрүн секторалдык жана улуттук пландарга, республиканын өнүгүү процесстерине интеграциялоо.
2-артыкчылык. Химиялык заттардын зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун сактоо
Айлана-чөйрөнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасиринин маселелери өзгөчө мамилени жана конкреттүү чечимдерди талап кылат, алар республиканы туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында чагылдырылган.
Ооруга чалдыгуу айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирине кыйла мүнөздүү реакция болуп саналат. Жакынкы жылдарда өндүрүштүк кубаттуулуктардын кеңейүүсүнө байланыштуу химиялык заттарды колдонуу көбөйүшү мүмкүн, бул алардын адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир этүү тобокелдигин жогорулатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоосу боюнча калктын ооруга чалдыгуусунун 25 пайыздан ашыгын экологиялык факторлордун, анын ичинде химиялык заттардын таасиринин эсебине киргизүүгө болот.
Бул артыкчылык төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен жетишилет:
1-милдет. Химиялык заттардын зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун сактоо боюнча чаралардын комплексин түзүү.
2-милдет. Химиялык заттардын зыяндуу таасирине кабылган калктын ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди төмөндөтүү.
3-милдет. Химиялык заттардын калктын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөө үчүн потенциалды чыңдоо.
4-милдет. Экомониторинг тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү.
3-артыкчылык. Курамында сымап бар товарлар жана калдыктар менен иштөөнү жакшыртуу
Сымап кумулятивдик таасирге ээ болгон бирден бир коркунучтуу жана жогорку уулуулуктагы айлана-чөйрөнү булгоочулардан болуп саналат. Курамында сымап бар калдыктар уулуулук даражасы боюнча I класстагы коркунучтуу заттарга кирет.
Сымап менен булгоонун негизги үлүшү 1941-жылдан тартып сымапты өндүрүүнү жүзөгө алгач ашыруучу ишкана катары "Айдаркен сымап акционердик коому" ачык типтеги акционердик коомуна туура келет. Мында кен ачык да, жер алдынан казуу ыкмасы менен да алынган.
Ишканаларда, уюмдарда жана турмуш-тиричиликте курамында сымап камтылган буюмдардын жана приборлордун көбү колдонулат.
Сымаптын белгилүү бир саны алтынды кустардык казып алууда да пайдаланылышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө республикада коркунучтуу калдыктар катары классификацияланган, көбүнчө коммуналдык-турмуш-тиричилик калдыктарынын таштандыларына туура келген курамында сымап бар калдыктарды коопсуз колдонуу тутуму жок.
Бул артыкчылык төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен жетишилет:
1-милдет. Жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен сымапты өндүрүүдө жана пайдаланууда айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген терс экологиялык кесепеттерди төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү.
2-милдет. Курамында сымап бар калдыктардын айлана-чөйрөгө тароосунун алдын алуу.
4-артыкчылык. Коркунучтуу калдыктар, анын ичинде курамында ПХД бар заттар менен иштөөнү жакшыртуу
Кыргыз Республикасында коркунучтуу калдыктар менен иштөөдөгү негизги көйгөй болуп алардын "жашоо циклинин" ичинде коркунучтуу калдыктар менен коопсуз иштөөнү регламенттөөчү жетиштүү мыйзамдык чаралардын жоктугу саналат.
Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгоочу коркунучтуу калдыктардын пайда болушуна негизги жагымсыз салым кошуп жаткандар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тоо кендерин казып алуу өнөр жайы;
2) айыл чарбасы;
3) энергетика жана өнөр жайы.
Өнөр жай калдыктарында оор металлдар (сымап, коргошун, кадмий), пестициддер, эриткичтер, пайдаланылган майлар, туруктуу органикалык булгоочулар сыяктуу жана башка коркунучтуу калдыктар камтылгандыктан, ден соолук үчүн тобокелчиликтердин булагы болуп саналат.
Андан тышкары Кыргыз Республикасында ПХД запасы абдан көп жана алардын көпчүлүгү өлкөнүн энергия секторунда камтылган.
Эскирген жана тыюу салынган пестициддерди сактоочу жана утилдештирүүчү жайлар көпчүлүк учурларда санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп бербейт.
Бул артыкчылык төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен жетишилет:
1 -милдет. Өндүрүштүн коркунучтуу калдыктарынын, анын ичинде курамында ПХД бар заттардын, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс экологиялык таасирин төмөндөтүүгө багытталган жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү.
2-милдет. Туруктуу органикалык булгоочуларды кошо алганда, коркунучтуу калдыктарды инвентаризациялоону, аларды коопсуз сактоону жана утилдештирүүнү камсыздоо.
3-милдет. Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу тутумун киргизүүгө көмөктөшүү.
4-милдет. Коркунучтуу калдыктарды көмүү боюнча адистешкен полигонду түзүүгө көмөктөшүү.
5-артыкчылык. Талаптагыдай айыл чарба практикасы
Айыл чарбасы - Кыргыз Республикасынын экономикасындагы негизги тармак болуп саналат. Кыргыз Республикасында айыл чарбасын жүргүзүүнүн негизги маселелери 1991-жылдагы жер-агрардык реформасына байланышкан. Анын натыйжасында пайдаланылуучу пестициддердин сапатын жана санын эсепке алуу жана контролдоо тутуму бузулуп, аларды борборлоштуруп берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тутуму жоюлган.
Айыл чарба өндүрүшүн өстүрүүнүн зарылдыгы анын негизги табигый ресурстарын - жерди жана сууну, табигый эмес ресурстарын - жер семирткичтерди жана пестициддерди натыйжалуу пайдаланууну актуалдаштырат.
Химиялык заттар айыл чарбасынын өнүмдүүлүгүн жогорулатуунун ажырагыс атрибуту болуп калды. Ондогон жылдар бою Кыргыз Республикасы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын кеңири спектрин (100дөн ашуун түрүн) интенсивдүү (ургаалдуу) колдонгон өнүккөн айыл чарба өндүрүшү менен айырмаланып келген, бул болсо колдо бар жер ресурстарынын сапатына жана бул жерлерде өстүрүлгөн продукцияга белгилүү бир таасирин тийгизген.
Азыркы убакта пестициддерди өлкөгө жеке ишкерлер алып келишүүдө. Пестициддерди жана минералдык жер семирткичтерди алып келүүчүлөр талаптагыдай жабдууларга ээ эмес жана алардын кызматкерлери да кесипкөй эмес, ушуга байланыштуу пестициддерди талаптагыдай сактабаган жана колдонбогон учурлар болушу мүмкүн.
Химикаттарды талаптагыдай эмес маркалоо жана сактоо - калктын уулануусунун эң кеңири таралган себеби болуп саналат.
Бул артыкчылык төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен жетишилет:
1-милдет. Пестициддерди интеграцияланган башкарууну камсыздоо.
2-милдет. Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү.
3-милдет. Өндүрүлүүчү жана алып келинүүчү продукциянын санитариялык, токсикологиялык жана экологиялык ченемдерге жана стандарттарга ылайык келүүсүн камсыздоо.
6-артыкчылык. Химиялык заттар менен иштөө жагындагы жарандык коомдун потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу
Билим, маалымат жана жарандык коомдун кабардар болуусун жогорулатуу химиялык заттарды сарамжалдуу жөнгө салуу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл өбөлгөлөр болуп саналат.
Стокгольм, Базель жана Роттердам конвенцияларынын милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн министрликтер, ведомстволор жана башкаруунун региондук органдары тарабынан гана эмес, ошондой эле жарандык коомдон да иш-чараларды жүзөгө ашырууну талап кылат.
Химиялык заттардын коркунучтуулугу жана аларга контролдук кылуу боюнча тиешелүү чаралар жөнүндө зарыл маалыматтардын жоктугу химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун (ГМТ) тез арада киргизүүнү талап кылат.
Бул артыкчылык боюнча негизги иштер төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:
1-милдет. Химиялык заттар менен иштөө жагында потенциалды жогорулатуу тутумун өркүндөтүү.
2-милдет. Химиялык заттарды коопсуз колдонуу маселелери боюнча жарандык коомдун маалымдуулугун жогорулатуу.
3-милдет. Химиялык коопсуздукту камсыздоонун артыкчылыктуу маселелерине тиешелүү жаңы демилгелер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында улуттук, региондук деңгээлдерде химиялык заттарды жөнгө салуу маселелери боюнча дискуссияларга өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусуна көмөктөшүү.
4. Күтүлгөн натыйжалар
Программаны ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларды алууга мүмкүнчүлүк берет:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын 2002-жылы жогорку деңгээлдеги Йоханнесбург жолугушуусунда макулдашылган башкы максатка жетүүгө умтулуусун бекемдөө: 2020-жылы химиялык заттардын адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрөгө тийгизген олуттуу зыяндуу кесепеттерин төмөндөткүдөй өндүрүлүшүн жана пайдаланылышын камсыздоо;
- химиялык заттарды башкаруу маселелеринде колдонулуп жаткан мыйзамдарды өркүндөтүү;
- химиялык заттарды талаптагыдай башкаруунун натыйжасында калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн булгануусуна тиешелүү тобокелдиктерди төмөндөтүү;
- химиялык заттарды башкаруу жаатында ведомстволор аралык координациянын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жакырчылык менен күрөшүү, калктын аярлуу топторун коргоо процессине көмөктөшүү;
- эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жеке сектор үчүн:
- өнөр жай ишканаларында жана айыл чарбасында химиялык заттарды пайдалануунун коопсуздугун жогорулатуу;
- химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо тутумдарын иштеп чыгуу жолу менен химиялык коопсуздукка тийиштүү маалыматтарды алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- республикада сымапты казып алууга байланыштуу глобалдык жана жергиликтүү экономикалык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча шарттарды аныктоо;
- ПХД камтылган жабдуулардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- уулуу калдыктарды коопсуз колдонуу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн аныктоо.
Коомчулук үчүн:
- калктын химиялык заттарды коопсуз колдонуу жаатындагы маалымдуулугун арттыруу;
- калктын аз камсыз болгон катмарларына өзгөчө көңүл буруу менен химиялык заттардын коркунучтуу өзгөчөлүктөрү тууралуу билимди жайылтуу.
5. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
5.1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Кыргыз Республикасында экологиялык саясатты ишке ашырууда экологиялык программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу маанилүү орунду ээлейт, ушул Программа, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча аракеттердин Планы (ушул Программага тиркеме) алардын бири болуп саналат.
Документти иштеп чыгуу 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чараларынын планы каралган. Химиялык заттарды башкаруу жаатындагы мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү бул багыттагы укуктук аспекттерди иретке келтирет, коркунучтуулугу алардын организмге таасир этүүсүндө терс реакцияларды пайда кылуу жөндөмүнө ээ болуучу химиялык заттарды талаптагыдай колдонууну жана пайдаланууну олуттуу деңгээлде камсыз кылат.
Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдары химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча иш-аракеттердин планы (мындан ары - Иш-аракеттердин планы) мамлекеттик органдардын, өнөр жай ишканаларынын, бийликтин жергиликтүү органдарынын химиялык заттарды башкаруу боюнча потенциалын жогорулатууну карайт. Документ республикада химиялык заттарды талаптагыдай башкарууга байланышкан максаттарда эл аралык донорлорду тартууну карайт.
5.2. Тобокелдиктер
Тобокелдиктин түрлөрү | Пайда болуу себептери | Тобокелдиктерди төмөндөтүү механизми |
Социалдык-саясий тобокелдиктер | Өлкөдөгү саясий туруксуздук; - химиялык заттарды башкаруу чечимдерди кабыл алуучу адамдардын ишинин артыкчылыктуу чөйрөсү болуп саналбайт; - мамлекеттик органдарда химиялык коопсуздук маселелерине карата артыкчылыктардын айырмалуулугу | Чечимдерди кабыл алуучу адамдардын, мамлекеттик органдардын химиялык заттарды башкарууга жооп берүүчү адистеринин көңүлүн ушул көйгөйгө буруу, анткени 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылга иш-чараларынын планы Иш-аракеттер планынын бөлүгү болуп саналат |
Экономикалык тобокелдиктер | Иш-аракеттердин планын ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каржылоо бөлүүнү талап кылбагандыктан экономикалык тобокелдиктер жок. Иш-аракеттер планынын чараларын аткаруу үчүн каралган бюджеттик каржылоонун чегерилген суммасы жыл сайын бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын алкактарында тиешелүү мамлекеттик органга жана Иш-аракеттердин планынын милдеттерин чечүүгө тартылган мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын төлөөгө гана каралган |
|
Уюштуруу-укуктук тобокелдиктер | Ченемдик укуктук актыларды жетишсиз билүүнүн натыйжасында мыйзамды жетишсиз колдонуу; - колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жаңы кабыл алынгандарына толук эмес шайкеш келтирүү; - мамлекеттик органдарда иш-милдеттердин бирин-бири кайталоосу | Мыйзамды пайдалануу жаатында көзөмөлдү камсыздоо; - иштелип чыгып жаткан документтердин сапатын жогорулатуу; - Кыргыз Республикасында химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенилдер камтылгандарды коопсуз башкарууга көмөктөшүү боюнча координациялык комиссияга маалыматтарды өз убагында берүү |
Экологиялык тобокелдиктер | Жаратылышты коргоочу ченемдик укуктук актыларында декларативдик беренелердин болушу жаратылышты пайдаланууну контролдоого мүмкүнчүлүк бербейт; - "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирилбеген ченемдик укуктук актыларды саламаттыкты жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө колдонуунун мүмкүн эместиги | Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана аларды жаңы кабыл алынгандарга шайкеш келтирүү максатында укуктук мониторинг жүргүзүү |
Маалыматтык тобокелдиктер | Мамлекеттик органдардын ички ведомстволук жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрүнүн төмөнкү деңгээли; - химиялык жөнгө салууга тийиштиги бар адамдардын маалыматтарга жетишсиз деңгээлде ээ болушу; - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабарландыруунун жетишсиздиги | Мамлекеттик органдардын ички ведомстволук жана ведомстволор аралык коммуникацияларынын маалымат алмашуу процессин жигердендирүү; - мамлекеттик мекемелерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалыматтык материалдарга жетүүнү камсыздоо; - ЖМКда химиялык заттардын коркунучтуу өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берүүчү макалаларды жана берүүлөрдү көбөйтүү |
Климаттык тобокелдиктер | Программаны ишке ашырууга таасирин тийгизбейт | Иш-аракеттердин планын аткаруу айлана-чөйрөнүн химиялык заттар менен булгануу деңгээлин төмөндөтөт |
Кадрдык тобокелдиктер | Адистердин квалификациялык деңгээлинин жетишсиздиги; - кадрлардын туруксуздугу; - кадрларды даярдоо тутуму химиялык заттарды башкарууга тиешелүү тематиканы камтыбайт | Квалификацияны жогорулатуу курстарын үзгүлтүксүз өткөрүү; - аттестациялык программаларга химиялык заттарды башкаруу маселелерине тиешелүү бөлүмдөрдү киргизүү |
6. Иш-аракеттердин планынын финансылык ресурстары жана каржылоо механизмдери
Иш-аракеттердин планын ишке ашыруу үчүн каралган финансылык ресурстар республикалык бюджеттин каражаттарыyан жана эл аралык донорлордун каражаттарынан турат, мында химиялык заттарды талаптагыдай колдонуу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ишке жергиликтүү бийлик органдарынын тартылышы боюнча ченемдердин мыйзамдарда каралгандыгына карабастан, жергиликтүү бюджеттердин финансылык каражаттары бүгүнкү күндө каралган эмес.
Иш-аракеттердин планын ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каржылоо бөлүүнү талап кылбайт. Иш-аракеттердин планынын чараларын аткаруу үчүн чегерилген бюджеттик каржылоонун суммасы тиешелүү мамлекеттик органга жыл сайын бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын алкактарында каралган.
6.1. Каржылоонун ички булактары
Республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү жылга бюджет жөнүндө жыл сайын мыйзам менен бекитилүүчү каражаттардын алкагында колдо болгон ресурстарды мобилизациялоону болжолдойт.
Республикалык бюджеттин каражаттары ошондой эле жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун каражаттарын камтыйт, алар жеке сектордун химиялык заттарды башкаруу боюнча кырдаалды жакшыртууга, кесиптик потенциалды чыңдоого, изилдөөлөрдү жана мониторингди жүргүзүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана тобокелдиктерди кыскартууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Республикалык бюджеттен финансылык каражаттар аларга жүктөлгөн иш-милдеттерге ылайык химиялык заттарды башкарууга тартылган мамлекеттик түзүмдөргө бөлүнөт. Каралган аракеттерди финансылык жактан ишке ашыруу мамлекеттик органдардын программалык бюджетин түзүүнүн механизмдерине негизденет.
6.2. Каржылоонун тышкы булактары
Каржылоонун тышкы булактары эл аралык донорлордун техникалык жана финансылык жардамдарын камтыйт. Иш-аракеттердин планын ишке ашыруу үчүн каржылоонун эл аралык булактары химиялык заттарды талаптагыдай колдонуу жагында Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн колдоосу менен берилет.
Кыргыз Республикасы тарабынан тиешелүү макулдашуулардын алкагында кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерди, ошондой эле химиялык заттарды башкаруунун глобалдык тутумун чыңдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу Иш-аракеттердин планын аткаруу үчүн эл аралык техникалык жардамды тартуунун негизги өзөгү болуп саналат. Стокгольм, Базель, Роттердам конвенцияларынын ж.б. жоболорун киргизүү боюнча демилгелердин негизинде тышкы ресурстарды тартуу жана пайдалануу пландалып жатат.
Тышкы каржылоо учурда ишке ашырылып жаткан жана жакынкы эки жыл аралыгында болжолдонгон долбоорлордун эсебинен ишке ашырылат: ''Айдаркендеги сымапты алуудагы глобалдык жана экологиялык тобокелдикти азайтуу" (ЮНЕП/ГЭФ, 950 миң AKШ доллары, жооптуу мамлекеттик орган - Токой агенттиги), "Кыргызстанда медициналык калдыктар менен талаптагыдай иштебегендиктин натыйжасында туруктуу органикалык булгоочулардын жана сымаптын атайылабаган булгоосунан адамдын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо", (ПРООН/ГЭФ, 1,4 млн. AKШ доллары, жооптуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Токой агенттиги), "Кыргыз Республикасында химиялык заттарды эл аралык жөнгө салууга карата стратегиялык мамилени колдоо жана ГМТны киргизүү" (ЮНИТАР, 250 миң АКШ доллары, жооптуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги), ''Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө трансмиссивдик ооруларды контролдоо үчүн ДДТга туруктуу альтернативаларды берүү жана көбөйтүү", (ЮНЕП/ГЭФ, жооптуу мамлекеттик органдар - Токой агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги), 2012-2015-жылдар, "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу" (23,4 млн. евро, ЕББР, жооптуу орган - Бишкек шаарынын мэриясы), "Мурдагы СССРдин аймагында колдонулбаган коркунучтуу химиялык заттарды жөнгө салуу үчүн модель катары колдонуудан чыгарылган пестициддердин запасынын пайда болуусунун алдын алуу жана жоюу жаатында потенциалды бекемдөө" (ФАО), "Кыргызстанда ПХДны башкаруу жана жайгаштыруу" (ГЭФ/ПРООН, жооптуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги).
Экологиялык көйгөйлөрдү же алар менен байланышкан милдеттерди чечүүнү артыкчылык катары алдыга коюп жаткан жана бул тармакта финансылык жана кадрдык потенциалга ээ болгон эл аралык жана региондук уюмдар, бирикмелер менен кызматташтыкты улантуу жана өнүктүрүү зарыл. Алардын ичинде: Европалык Комиссия, Глобалдык Экологиялык Фонд, Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программасы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Эл аралык эмгек уюму жана башка донорлор бар. Бул уюмдар көрсөткөн жардам тармактар аралык чыгымдарга, Иш-аракеттердин планында эске алынган химиялык заттарды башкаруу процессине тартылган мекемелердин жана адам ресурстарынын потенциалын түзүүгө жана күчөтүүгө бөлүштүрүлөт.
7. Процессти башкаруу
Иш-аракеттердин планын ишке ашыруу химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу маселелерин иштеп чыгуу, иштин ар жылдагы сектордук пландарына киргизүү жана байкоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Иш-аракеттердин планын оңдоп-түздөө жөнүндө чечимдер мониторингдин маалыматтарынын жана ар жылдагы пландарды ишке ашыруунун натыйжаларына баа берүүнүн негизинде кабыл алынат.
Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу процессин башкаруу төмөнкүлөрдү караштырат: аткаруудагы прогресске карата саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн Иш-аракеттердин планынын ар жылдагы аткарылышын ишке ашыруу жөнүндө отчетторду дайыма талдоо жана баалоо; долбоорлорду жана сектордук программаларды ишке ашырууга зарыл болгон чыгымдардын негиздүүлүгү; чараларды ишке ашырууга каржылоонун мүмкүн болгон булактарын аныктоо; сектордук программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү; Иш-аракеттердин планын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жөнгө салуучу-башкаруу чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү; мониторинг жана баа берүү тутумун уюштуруу, билдирилген максаттардан жана милдеттерден четтөөлөрдү аныктоо, себептерди талдоо жана зарыл оңдоолорду киргизүү.
Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу боюнча бардык кызыкдар тараптардын аракеттеринин макулдашылышы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жалпы координациялоосу менен камсыздалат. Аткаруу бийлик органдарынын негизги милдеттери: зарыл каражаттарды мобилизациялоо; экономика секторлорунун аракеттерин координациялоо жана макулдашуу; Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашырууга жеке сектордун жана жарандык коомдун жигердүү катышуусуна көмөктөшүү.
8. Мониторинг жана баа берүү
Иш-аракеттердин планын аткарууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруудагы прогрессти байкоонун натыйжалуу инструменти болуп калат, ал илгерилетүү процессине оңдоолорду киргизүү аркылуу алдын алуучу чечимдерди кабыл алууга жана аткаруунун прогрессине баа берүүгө мүмкүндүк берет.
Индикаторлордун тутуму бар Иш-аракеттердин планы прогресстин мониторингинин жана аны баалоонун ажырагыс курамы болот. Иш-аракеттердин планына мониторинг жүргүзүүнүн жана аны баалоонун индикаторлору сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөргө ээ болот.
Мониторинг жана баалоо индикаторлорунун комплекси күтүлгөн натыйжалар менен бирдикте төмөнкүлөргө байкоо жүргүзүүгө жана аларды өлчөөгө мүмкүндүк берет: жумшалган ресурстарды эске алуу менен Иш-аракеттердин планын аткаруу прогрессинин аралык натыйжаларын; коюлган максаттар менен милдеттерди аткаруу индикаторлору аркылуу түпкү натыйжаларды.
Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Иш-аракеттердин планын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен баа берилет. Ушундай баа берүүнүн жүрүшүндө жетишилген прогресс талданат, иш-чараларды аткаруудагы "солгун жерлери" жана кемчиликтери аныкталат, алардын негизинде Иш-аракеттердин планын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана оптималдуу пайдалануу, күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Иш-аракеттердин планына туруктуу мониторинг жүргүзүү жана аткарылышын баалоо аны турмушка ашырууда прогрессти байкоонун натыйжалуу өбөлгөсү болуп калат.
Каралган иш-аракеттердин жүзөгө ашырылышына, ошондой эле алардын натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана аларды баалоо Токой агенттигине жүктөлөт. Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу болгон башка мамлекеттик башкаруу органдары көрүлгөн иш-аракеттер жөнүндө отчет берет.
Токой агенттигине аткарылган иш-чаралардын натыйжаларын жыйноо, талдоо жана чагылдыруу, жетишкендиктер жөнүндө жылдык отчетту түзүү аркылуу Иш-аракеттердин планын аткаруу жана мониторинг жүргүзүү процессинин координаторунун ролу берилет жана ал төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) химиялык заттарды башкаруу тармагында учурдагы кырдаалды, ошондой эле өнүгүү тенденцияларын талдоо жана баалоо;
2) улуттук деңгээлде түпкү жана аралыктык натыйжаларга туруктуу мониторинг жүргүзүү;
3) прогрессти баалоо;
4) мониторинг, маалымат жыйноо, отчетторду талдоо жана иштеп чыгуу боюнча маалыматтар менен мамлекеттик башкаруу органдарын, өкмөттүк эмес уюмдарды ж.б. камсыздоо;
5) каралган чараларды ишке ашыруу ыкмаларын жакшыртуу жөнүндө сунуштарды жана рекомендацияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берүү;
6) Иш-аракеттердин планын аткаруу тууралуу отчетторду даярдоо;
7) химиялык заттарды башкаруу чөйрөсүндө кызыкдар тараптарга мониторингдин жана отчеттордун жыйынтыктарын таратуу.
Иш-аракеттердин планынын алкагындагы иштин мониторинги туруктуу мүнөздө болот, аны жүзөгө ашыруунун бүткүл мезгилинде жүргүзүлөт жана мониторингдин маалыматтарын чогултуу, иштетүү жана талдоо, каталарды же күтүлбөгөн натыйжаларды табуу, ошондой эле тиешелүү иш-чаралар жана пландалган иш-аракеттер боюнча мүмкүн болгон сунуштарды киргизүү сыяктуу иш-чараларды камтыйт.
Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу процессинде ачыктыкты жана байкоочулукту камсыздоо максатында Токой агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн веб-сайттарында баалоо боюнча жылдык отчеттор, ошондой эле жыйынтыктоочу отчет жайгаштырылат.
|
| 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына тиркеме |
2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Күтүлгөн натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржылоого муктаждык, миң сом | Мүмкүнчүлүктөр, миң сом | Жооптуу аткаруучулар | ||||
Бюджет | Тышкы ресурстар | Бардыгы | Бюджет | Тышкы ресурстар | Бардыгы | |||||
1 | 1-артыкчылык. Химиялык заттарды туруктуу колдонуунун укуктук жана институционалдык негиздери | |||||||||
2 | 1.1-милдет. Химиялык заттарды жашоо циклинин бүткүл аралыгында коопсуз колдонууну камсыздоочу химиялык заттарды башкаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү | |||||||||
3 | 1.1.1. Кенемтелерди жана коллизияларды табуу максатында ХЗТБ жаатында колдонуудагы мыйзамдарды жана статистикалык отчет берүүнү инвентаризациялоо жана баалоо | Химиялык заттарды башкаруу боюнча ченемдик укуктук актылардагы кенемтелер жана коллизиялар, ХЗТБ боюнча статистикалык отчеттун көрсөткүчтөрүндө кемчиликтер табылды жана тиешелүү сунуштар иштелип чыкты | 2015 | 32,2 | 0,0 | 32,2 | 32,2 | 0 | 32,2 | Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча), АЧММ |
4 | 1.1.2. ХЗТБ боюнча табылган кенемтелерди жана коллизияларды эске алуу менен ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдоо | ХЗТБ жаатындагы ченемдик укуктук актылар КРӨ тарабынан бекитилди | 2015-2016 | 369,6 | 0,0 | 369,6 | 369,6 |
| 369,6 | Токой агенттиги, ССМ, АЧММ, ЭМ |
5 | 1.1.3. Химиялык заттардын пайдаланылган тараларын жана таңгактарын коопсуз колдонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Химиялык заттардын пайдаланылган тарасын жана таңгагын колдонуу боюнча ченемдик укуктук акты иштелип чыкты жана КРӨнүн кароосуна коюлду | 2015-2016 | 52,8 | 0,0 | 52,8 | 52,8 | 0 | 52,8 | Токой агенттиги, ССМ, АЧММ, ЭМ |
6 | 1.1.4. Курамында сымап камтылган калдыктарды экинчи жолу иштетүүнүн, иштеп бүткөн аккумуляторду, курамына боекту, оор металлдарды камтыган калдыктарды утилдештирүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Сымапты камтыган калдыктарды, иштеп бүткөн аккумуляторду, оор металлдарды камтыган боекту жок кылуунун жана демеркуризациялоонун тартибин аныктаган ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты | 2015-2016 | 158,4 | 0,0 | 158,4 | 158,4 | 0 | 158,4 | Токой агенттиги |
7 | 1.1.5. "Жардыргыч заттардын жана аларды камтыган буюмдардын, аларды өндүрүү, колдонуу, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процесстеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" жана "Катуу таасир этүүчү уулуу заттарды өндүрүү, сатып алуу, сатуу, колдонуу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу КР мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыгуу | "Жардыргыч заттардын жана аларды камтыган буюмдардын, аларды өндүрүү, колдонуу, сактоо, ташуу, сатуу жана жок кылуу процесстеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" жана "Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды өндүрүү, сатып алуу, сатуу, колдонуу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу КР мыйзамдарынын долбоорлору иштелип чыкта жана КР ЖК кароосуна жиберилди | 2015 | 410 | 0,0 | 410 | 410 | 0 | 410 | Геология агенттиги, ЭМ, Токой агенттиги, АЧММ |
8 | 1.1.6. Химиялык заттардын түрлөрүн жана көлөмүн эсепке алуу бөлүгүндө эсепке алуунун жана отчет берүүнүн учурдагы тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | Мамлекеттик жана администрациялык статистикалык отчет берүүнүн формаларынын саны өзгөртүлдү | 2015-2017 | 219,6 | 0,0 | 219,6 | 219,6 | 0 | 219,6 | Токой агенттиги, УСК (макулдашуу боюнча), ЭӨМ, АЧММ, ӨКМ |
9 | 1.1.7. КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 371-б буйругу менен жактырылган ТОБ боюнча Стокгольм конвенциясын аткаруунун Улуттук планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | ТОБ боюнча Стокгольм конвенциясын аткаруунун Улуттук планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди | 2015 | 50 | 0,0 | 50 | 50 | 0 | 50 | Токой агенттиги |
10 | 1.2-милдет. Химиялык заттарды талаптагыдай башкаруунун өңүттөрүн сектордук жана улуттук пландарга жана республиканы өнүктүрүү процесстерине интеграциялоо | |||||||||
11 | 1.2.1. Эл аралык талаптарга ылайык төмөнкүлөргө толуктоо киргизилсин: 1) "Эл аралык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жобосу жөнүндө Роттердам конвенциясын ратификациялоо тууралуу" КРнын Мыйзамына; 2) "Кыргыз Республикасы 2002-жылдын 16-майында кол койгон Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө 2001-жылдын 22-майындагы Стокгольм конвенциясын ратификациялоо тууралуу" КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү | ХЗТБ жаатындагы эл аралык конвенциялар боюнча КРнын милдеттенмелерин (Роттердам, Базель, Стокгольм) аткарууда ченемдик укуктук актылар мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынды | 2015-2016 | 174,6 | 0,0 | 174,6 | 174,6 | 0 | 174,6 | Токой агенттиги |
12 | 1.2.2. ХЗТБ маселелерин КР туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча иштелип жаткан документтерге киргизүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | ХЗТБ маселелерин иштелип жаткан стратегиялык документтерге киргизүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты жана кызыкдар органдар тарабынан каралды | 2015 | 21 | 0,0 | 21 | 21 | 0 | 21 | АЧММ, Токой агенттиги, ССМ, ӨКМ, ЭМ, SAICM (макулдашуу боюнча) |
13 | 1.3-милдет. Мамлекеттик органдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна химиялык заттардын зыяндуу таасирин азайтуу максатында химиялык заттарды колдонуу маселелерин чечүүчү органдардын ишин координациялоого багытталган ыйгарым укуктарын институционалдык оптимизациялоо | |||||||||
14 | 1.3.1. Токой агенттигин КР химиялык заттарды, анын ичинде полихлордифенилди камтыган заттарды коопсуз башкарууга көмөктөшүү боюнча координациялык комиссиянын (мындан ары - Координациялык комиссия) негизги уюштуруучу жумушчу органы деп аныктоо максатында КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 335-б буйругунун 3-пунктуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Кыргыз Республикасында химиялык заттарды, анын ичинде полихлордифенилди камтыган заттарды коопсуз башкарууга көмөктөшүү боюнча координациялык комиссияны башкаруу механизминин иштеши оптималдаштырылды | 2015 | 30 | 0,0 | 30 | 30 | 0 | 30 | АЧММ, Токой агенттиги |
15 | 1.3.2. Мамлекеттик органдардын айрым бөлүмдөрүнө ХЗТБ боюнча жоопкерчиликти бекитип берүү | ХЗТБ боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын бөлүнүштөрү аныкталды | 2015-2016 | 21 | 0,0 | 21 | 21 | 0 | 21 | Токой агенттиги, ССМ, ЭМ, АЧММ, ЭӨМ |
16 |
|
|
| 1539,2 | 0,0 | 1539,2 | 1539,2 | 0,0 | 1539,2 |
|
17 | 2-артыкчылык. Химиялык заттардын зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун сактоо | |||||||||
18 | 2.1-милдет. Химиялык заттардын зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун сактоо боюнча чаралардын комплексин түзүү | |||||||||
19 | 2.1.1. Өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүндө химиялык заттарды коопсуз колдонууну жөнгө салуучу механизмдер жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлору иштелип чыкты жана мамлекеттик органдардын кароосуна сунуш кылынды | 2015-2017 | 107,0 | 0,0 | 107,0 | 107,0 | 0,0 | 107,0 | ССМ, Токой агенттиги, ЭМ, Экотехинспекция, АЧММ |
20 | 2.1.2. Химиялык заттардын калктын ден соолугуна зыяндуу таасирин азайтуу максатында саламаттык сактоо тутумун өркүндөтүү жана өнүктүрүү пландарына ХЗТБ маселелерин киргизүү | ХЗТБ маселелери иштелип чыкты жана саламаттык сактоо тутумун өркүндөтүү жана өнүктүрүү пландарына киргизилди | 2015-2017 | 60,0 | 0,0 | 60,0 | 60,0 | 0,0 | 60,0 | ССМ, Токой агенттиги, ЭМ, АЧММ |
21 | 2.2-милдет. Химиялык заттардын зыяндуу таасирине кабылган калктын ден соолугу үчүн тобокелдиктерди төмөндөтүү | |||||||||
22 | 2.2.1. Коркунучтуу объекттерге (уулуу заттар көмүлгөн жерлер, малдын өлүгү көмүлгөн жер, зыяндуу өндүрүш ж.б.) жакын жашаган калк, өзгөчө балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган адамдар үчүн тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | Коркунучтуу объекттерге жакын жашаган калк үчүн тобокелдиктерди азайтуу үчүн иштелип чыккан сунуштамалардын негизинде буклеттер, маалымат баракчалары ж.б. даярдалды жана таратылды | 2015 | 0,0 | 40,0 | 40,0 | 0,0 | 40,0 | 40,0 | ССМ, Токой агенттиги, ӨКМ, АЧММ, ЭӨМ, Экотехинспекция |
23 | 2.2.2. Айлана-чөйрөнүн булганышынын калктын ден соолугуна таасири жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу | Семинарларды өткөрүү (жылына кеминде 2 семинар); окутулгандардын саны - 80 адам | 2015-2017 | 200,0 | 0,0 | 200,0 | 200,0 | 0,0 | 200,0 | ССМ, Токой агенттиги, ЭМ, АЧММ |
24 | 2.2.3. Калк үчүн айлана-чөйрөнү булгоо тобокелдиктерин баалоо боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды, пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү формада макалаларды, буклеттерди, эскертмелерди басып чыгаруу | Калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында 5 түрдөн кем эмес маалыматтык материалдар иштелип чыкты жана таркатылды | 2015-2017 | 50,0 |
| 50,0 | 50,0 |
| 50,0 | ССМ, "Алдын алуучу медицина" ИӨБ (макулдашуу боюнча) |
25 | 2.2.4. Дарылоо-алдын алуу уюмдарында температураны өлчөөнүн альтернативдүү ыкмаларын киргизүү | Бишкек шаарынын стационарларында 1 миң сымап термометрди сымап камтыбаган приборлорго алмаштыруу жүргүзүлдү | 2015 | 0,0 | 200,0 | 200,0 | 0,0 | 200,0 | 200,0 | ССМ |
26 | 2.3-милдет. Химиялык заттардын калктын ден соолугуна жагымсыз таасиринин алдын алуу боюнча саламаттык сактоо органдарынын потенциалын күчөтүү | |||||||||
27 | 2.3.1. HELI (ДСУ) методологиясын айлана-чөйрөнүн абалынын калктын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөлөрдүн жана баалоонун практикасына киргизүү | НЕLI методологиясын пайдалануу боюнча нускама иштелип чыкты жана айлана-чөйрөнүн абалынын калктын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөө жана баалоо практикасына киргизилди | 2015-2017 | 30,7 | 0,0 | 30,7 | 30,7 | 0,0 | 30,7 | ССМ |
28 | 2.3.2. Химиялык заттардын калктын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө баштапкы звенодогу медициналык кызматкерлер үчүн окутуучу модулду иштеп чыгуу | Окутуучу модуль иштелип чыкты жана ССМ кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тутумуна киргизилди | 2016 | 0,0 | 25,0 | 25,0 | 0,0 | 25,0 | 25,0 | ССМ |
29 | 2.3.3. Коркунучтуу өндүрүштөрдө балдардын эмгегин пайдаланууну аныктоо жана чара көрүү | 1) Коркунучтуу өндүрүштөрдө балдардын эмгегин пайдаланууну изилдөөлөрдү талдоо. 2) Коркунучтуу өндүрүштөрдө балдардын эмгегин пайдаланууну четтетүү боюнча чаралар иштелип чыкты | 2015-2016 | 32,1 | 0,0 | 32,1 | 32,1 | 0,0 | 32,1 | ССМ, ЭМЖМ, Экотехинспекция |
30 | 2.3.4. Химиялык заттарды пайдаланган ишканаларда алдын ала текшерүүнү жүргүзгөн профпатологдорду окутуу программасын өркүндөтүү | Химиялык заттарды пайдаланган ишканаларда алдын ала текшерүүнү жүргүзгөн профпатологдорду окутуу программасы өркүндөтүлдү | 2015-2016 | 20,0 | 0,0 | 20,0 | 20,0 | 0,0 | 20,0 | ССМ, ЭМЖМ |
31 | 2.4-милдет. Экомониторинг тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү | |||||||||
32 | 2.4.1. Экомониторинг тутумун өркүндөтүү боюнча чаралардын программаларын жана планын иштеп чыгуу | Экомониторинг тутумун өркүндөтүү боюнча чаралардын ведомстволор аралык программасы менен планы иштелип чыкты жана кызыкдар тараптардын талкуусуна киргизилди | 2016-2017 |
| 150,0 | 150,0 | 0,0 | 150,0 | 150,0 | ССМ, АЧММ, ӨКМ, Токой агенттиги |
33 | 2.4.2. Ыйгарым укуктуу органдардын лабораториялык базасын чыңдоо үчүн ресурстарды, анын ичинде эл аралык донорлордун каражаттарын мобилизациялоо | Эл аралык ресурстарды тартуу максатында долбоордук өтүнмөлөр даярдалды | 2015-2016 | 50,0 | 57,0 | 107,0 | 50,0 | 57,0 | 107,0 | ССМ, АЧММ, ӨКМ, Токой агенттиги, Геология агенттиги |
34 | 2.4.3. Коркунучтуу химиялык заттарды пайдалануучу өнөр жай ишканаларына өндүрүштүк контролдун пландарын иштеп чыгуу жана киргизүү | 20 ишканада өндүрүштүк контролдун пландары даярдалды жана киргизилди | 2015-2016 | 80,0 | 0,0 | 80,0 | 80,0 | 0,0 | 80,0 | Экотехинспекция, ССМ, Токой агенттиги |
35 | 2.4.4. Айлана-чөйрө объекттеринде химиялык заттарды ченемдөөгө багытталган "Санитардык-коргоо зоналарын жана ишканаларды, курулуштарды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" 2.2.1/2.1.1. 006-03 СанЭжЧ, "Калктуу жерлердин атмосфера абасында булгоочу заттардын чектелген жол берилген концентрациясы" 2.1.6.1338-03 ГЧ жана ''Чарбалык-ичүүчү жана маданий-турмуш-тиричилик суу пайдалануунун суу объекттеринин суусунда химиялык заттардын чектелген жол берилген концентрациясы" 2.1.5. 1315-03 ГН бекитүү | СанЭжЧ жана ГЧ КР Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген | 2015-2017 | 123,1 | 0,0 | 123,1 | 123,1 | 0,0 | 123,1 | ССМ |
36 | 2.4.5. Айлана-чөйрөнүн компоненттеринде химиялык заттарды аныктоо боюнча изилдөөлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү | Айлана-чөйрөдө ПХД курамын аныктоо ыкмасы киргизилди | 2016-2017 | 100,0 | 0,0 | 100,0 | 100,0 | 0,0 | 100,0 | ССМ, АЧММ, Токой агенттиги |
37 | 2.4.6. Улуттук аккредитациялоо тутумунда ССМнын 13 лабораториясын аккредитациялоо | Улуттук аккредитациялоо тутумунда ССМ 13 лабораториясы аккредитацияланды | 2016-2017 | 2784,0 | 0,0 | 2784,0 | 2784,0 | 0,0 | 2784,0 | ССМ |
38 |
|
|
| 3636,9 | 472,0 | 4108,9 | 3636,9 | 472,0 | 4108,9 |
|
39 | 3-артыкчылык: Курамында сымап бар товарлар жана калдыктар менен иштөөнү жакшыртуу | |||||||||
40 | 3.1-милдет. Жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен сымапты өндүрүүдө жана пайдаланууда айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген терс экологиялык кесепеттерди төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү | |||||||||
41 | 3.1.1. Сымапты жана курамында сымап бар товарларды жана калдыктарды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды (техникалык талаптарды, санитардык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди) иштеп чыгуу | Сымапты жана курамында сымап бар товарларды жана калдыктарды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | 2015-2016 | 201,2 | 0,0 | 201,2 | 201,2 | 0,0 | 201,2 | ССМ, ЭМ, Токой агенттиги |
42 | 3.1.2. Курамында сымап бар товарларды алып кирүүгө алымды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Курамында сымап бар товарларды алып кирүүгө алымды киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | 2015-2016 | 50,0 | 0,0 | 50,0 | 50,0 | 0,0 | 50,0 | ФМ, ЭМ, Токой агенттиги |
43 | 3.1.3. Сымап менен булганган аймактарды этап-этап боюнча рекультивациялоо чараларынын методологиясын жана планын иштеп чыгуу жана бекитүү | Сымап менен булганган аймактарды этап-этап боюнча рекультивациялоо чараларынын методологиясы жана планы иштелип чыкты | 2015-2016 | 0,0 | 50,0 | 50,0 | 0,0 | 50,0 | 50,0 | Токой агенттиги, Экотехинспекция |
44 | 3.1.4. Сымап менен булганган пилоттук аймакты рекультивациялоо үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүү жана ТЭН иштеп чыгуу | ТЭНди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитти | 2016-2017 | 0,0 | 100,0 | 100,0 | 0,0 | 100,0 | 100,0 | Токой агенттиги, Экотехинспекция, "АСАК" ААК (макулдашуу боюнча) |
45 | 3.2-милдет. Курамында сымап бар калдыктардын айлана-чөйрөгө тароосунун алдын алуу | |||||||||
46 | 3.2.1. Курамында сымап бар калдыктарды чогултуунун финансылык механизмдери жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Курамында сымап бар калдыктарды чогултуунун механизмдери жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорлору иштелип чыкты жана кызыкдар тараптардын талкуусуна коюлду | 2016-2017 | 0,0 | 50,0 | 50,0 | 0,0 | 50,0 | 50,0 | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
47 | 3.2.2. Мыкты практикалардын мисалында курамында сымап бар калдыктарды кайра иштетүү технологияларын издөө | Курамында сымап бар калдыктарды кайра иштетүү боюнча мыкты практикалардын маалымат банкы түзүлдү | 2016 | 0,0 | 20,0 | 20,0 | 0,0 | 20,0 | 20,0 | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
48 | 3.2.3. Курамында сымап бар калдыктарды өндүрүүчүлөрдү каттоону жүргүзүү жана аларды андан ары утилдештирүү үчүн сымап булактарынын жана курамында сымап бар калдыктардын маалымат базасын түзүү | Курамында сымап бар калдыктарды өндүрүүчүлөрдүн маалымат базасы түзүлдү жана жүргүзүлүп жатат | 2015-2016 | 0,0 | 100,0 | 100,0 | 0,0 | 100,0 | 100,0 | Токой агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) УСК (макулдашуу боюнча) |
49 |
|
|
| 251,2 | 320,0 | 571,2 | 251,2 | 320,0 | 571,2 |
|
50 | 4-артыкчылык: Коркунучтуу калдыктар, анын ичинде курамында ПХД бар заттар менен иштөөнү жакшыруу | |||||||||
51 | 4.1-милдет. Өндүрүштүн коркунучтуу калдыктарынын, анын ичинде курамында ПХД бар заттардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс экологиялык таасирин төмөндөтүүгө багытталган жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү | |||||||||
52 | 4.1.1. Коркунучтуу калдыктардын коопсуздугу үчүн алар топтолгон жерлерди пайдаланган мамлекеттик бийлик органдарынын жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө аныктоо максатында "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу КР Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу КР Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | 2015-2016 | 50,0 | 0,0 | 50,0 | 50,0 | 0,0 | 50,0 | Токой агенттиги |
53 | 4.1.2. "Полихлорлонгон бифенилдерди (дифенилдерди) камтыган жабдууларды жана калдыктарды колдонууда коопсуздук боюнча талаптардын" техникалык регламенти" тууралуу КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | "Полихлорлонгон бифенилдерди (дифенилдерди) камтыган жабдууларды жана калдыктарды колдонууда коопсуздук боюнча талаптар" жөнүндө техникалык регламент" тууралуу КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана КРӨнүн кароосуна коюлду | 2015-2016 | 250 | 0,0 | 250 | 250 | 0 | 250 | Токой агенттиги, ЭӨМ, ӨКМ |
54 | 4.1.3. Конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу максатында экологиялык ыңгайсыз калктуу конуштарда жашаган адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди Координациялык комиссиянын жыйынында кароо | Жыл сайын Координациялык комиссиянын кеминде 2 жыйынын өткөрүү жана системалык отчет берүүнү түзүү | 2015-2017 | 50 | 0,0 | 50 | 50 | 0 | 50 | АЧММ, Токой агенттиги, ССМ, ЭМ |
55 | 4.1.4. Мотор майын коопсуз утилдештирүү максатында аларды импорттоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Мотор майын алгылыктуу утилдештирүү боюнча импортгоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты жана КР Өкмөтүнүн кароосуна коюлду | 2015-2016 | 35 | 0,0 | 35 | 35 | 0 | 35 | Токой агенттиги, ЭМ, Экотехинспекция |
56 | 4.1.5. Билбей туруп диоксиндерди түзүүнү четтетүү максатында хлорду камтыбаган медициналык товарларды сатып алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" КР Мыйзамына хлорду камтыган медициналык товарларды сатып алууну жана пайдаланууну чектеген толуктоолор иштелип чыкты | 2015-2016 | 58,3 | 0,0 | 58,3 | 58,3 | 0 | 58,3 | ССМ, Токой агенттиги |
57 | 4.1.6. Коргошундун негизинде иштеген аккумуляторлорду жыйноонун жана кайра иштетүүнүн эрежелери жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Аккумуляторлорду жыйноонун жана кайра иштетүүнүн эрежелери жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | 2015-2016 | 35 | 0,0 | 35 | 35 | 0 | 35 | Токой агенттиги |
58 | 4.1.7. Чыгарылуучу жана алынып кирүүчү потенциалдуу коркунучтуу химиялык продукцияларды утилдештирүүгө чыгымдарды продукциянын наркында эсепке алуу боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Чыгарылуучу жана алынып кирүүчү потенциалдуу коркунучтуу химиялык продукцияларды утилдештирүүгө чыгымдарды продукциянын наркында эсепке алуу боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты жана белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын кароосуна коюлду | 2015 | 30 | 0,0 | 30 | 30 | 0 | 30 | Токой агенттиги, ЭМ |
59 | 4.2-милдет. Туруктуу органикалык булгоочуларды кошо алганда, коркунучтуу калдыктарды инвентаризациялоону, аларды коопсуз сактоону | |||||||||
60 | 4.2.1. Туруктуу органикалык булгоочуларды (ТОБ) кошо алганда, коркунучтуу калдыктардын абалына жана аларды кайтаруунун, коргоонун ишенимдүүлүгүнүн даражасына баа берүү үчүн аларды инвентаризациялоонун тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | Коркунучтуу калдыктардын абалына жана аларды кайтаруунун жана коргоонун ишенимдүүлүгүнүн даражасына баа берүү үчүн аларды инвентаризациялоонун тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты жана белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын кароосуна коюлду | 2015-2016 | 58,3 | 0,0 | 58,3 | 58,3 | 0 | 58,3 | Токой агенттиги, ӨКМ, Экотехинспекция, УСК (макулдашуу боюнча) |
61 | 4.2.2. Инвентаризацияланган жана 500 т көлөмүндө кайра таңгакталган бардык эскирген ТОБ-пестициддерди коопсуз сактоо үчүн борборлоштурулган кампаны уюштуруу жана куруу | Эскирген жана ТОБ-пестициддерди коопсуз сактоо үчүн кампа курулган | 2015-2016 | 0 | 19656,0 | 19656 | 0 | 19656,0 | 19656 | АЧММ, Токой агенттиги, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) |
62 | 4.2.3. ТОБ жөнүндө Стокгольм конвенциясынын талаптарына ылайык ПХД-трансформаторлорду жана конденсаторлорду этап-этабы менен жүгүртүүдөн чыгаруу планын иштеп чыгуу | ТОБ жөнүндө Стокгольм конвенциясынын талаптарына ылайык ПХД-трансформаторлорду жана конденсаторлорду этап-этабы менен жүгүртүүдөн чыгаруу планы кызыкдар ведомстволор менен макулдашылды жана ЭӨМ буйругу менен бекитилди | 2015-2016 | 0 | 550,0 | 550 | 0 | 550 | 550 | ЭӨМ, Токой агенттиги, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) |
63 | 4.2.4. Курамында ПХДны камтыган жабдууну инвентаризациялоо боюнча ишти уюштуруу | 1) Курамында ПХДны камтыган жабдууну инвентаризациялоо жүргүзүлдү. 2) Жабдуу лабораторияда идентификациялоодон өттү | 2015-2017 | 0 | 1500,0 | 1500 | 0 | 1500 | 1500 | ЭӨМ, ССМ, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) |
64 | 4.3-милдет. Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу тутумун киргизүүгө көмөктөшүү | |||||||||
65 | 4.3.1. Коркунучтуу калдыктардын турмуш-тиричилик калдыктарына түшүшүнө жол бербөө боюнча Бишкек шаары үчүн программаны иштеп чыгуу | Программаны Бишкек шаарынын мэриясы жактырды жана киргизди | 2015-2016 | 0 | 250,0 | 250 | 0 | 250,0 | 250 | Токой агенттиги, ССМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
66 | 4.3.2. Калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну стимулдаштырууга багытталган экономикалык механизмдерди иштеп чыгуу | Калдыктарды өз-өзүнчө чогултууну өбөлгөлөгөн экономикалык механизмдер боюнча долбоордук сунуштар иштелип чыкты | 2015-2016 | 0 | 58,3 | 58,3 | 0 | 58,3 | 58,3 | ЭМ, Этностор агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
67 | 4.3.3. Коркунучтуу калдыктарды коопсуз утилдештирүү боюнча КР мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана баалоо | Комиссия карап чыгышы үчүн коркунучтуу калдыктарды коопсуз утилдештирүү боюнча КР мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана баалоо жүргүзүлдү | 2015-2016 | 0 | 200,0 | 200 | 0 | 200 | 200 | Токой агенттиги, АЧММ, ЭӨМ, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) |
68 | 4.4-милдет. Коркунучтуу калдыктарды көмүү боюнча адистешкен полигонду түзүүгө көмөктөшүү | |||||||||
69 | 4.4.1. Полигонду куруу зарылчылыгынын сунуштамаларын жана негиздемелерин даярдоо үчүн ресурстарды мобилизациялоо | Долбоордук сунуштар иштелип чыкты жана алга илгерилетүү үчүн ыйгарым укуктуу органга берилди | 2015 | 40 | 0,0 | 40 | 40 | 0 | 40 | Токой агенттиги, ЭӨМ, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) |
70 | 4.4.2. ПХД-калдыктарды коопсуз сактоо боюнча убактылуу кампаны уюштуруу | ПХД-калдыктарды коопсуз сактоо боюнча кампаны куруу үчүн аймак даярдалды | 2015 | 0 | 250,0 | 250 | 0 | 250,0 | 250 | ЭӨМ, Токой агенттиги, эл аралык долбоорлор (макулдашуу боюнча) |
71 |
|
|
| 606,6 | 22464,3 | 23070,9 | 606,6 | 22464,3 | 23070,9 |
|
72 | 5-артыкчылык. Талаптагыдай айыл чарба практикасы | |||||||||
73 | 5.1-милдет. Пестициддерди интеграцияланган башкарууну камсыздоо | |||||||||
74 | 5.1.1. Ден соолук үчүн тобокелдиги төмөн болгон пестициддерди сатуу учурунда пайдалуу шарттарды камсыздоо механизмин иштеп чыгуу | Ден соолук үчүн алда канча коопсуз пестициддерди сатуу учурунда ыңгайлуу шарттарды түзүү механизмдерине тиешелүү сунуштар иштелип чыкты | 2015-2016 | 58,3 | 0,0 | 58,3 | 58,3 | 0 | 58,3 | АЧММ |
75 | 5.1.2. "Пестициддерди коопсуз пайдалануу боюнча талаптар" техникалык регламент" жөнүндө КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | "Пестициддерди коопсуз пайдалануу боюнча талаптар" техникалык регламент" жөнүндө КР Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты жана белгиленген тартипте КРӨнүн кароосуна киргизилди | 2015 | 0 | 190,0 | 190 | 0 | 190,0 | 190 | Токой агенттиги |
76 | 5.2-милдет. Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү | |||||||||
77 | 5.2.1. Органикалык айыл чарбасынын кластерин түзүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу | Органикалык айыл чарбасынын кластерин түзүү программасынын долбоору иштелип чыкты жана коомдук талкууга жана мамлекеттик органдар менен макулдашууга коюлду | 2015-2016 | 321,6 | 0,0 | 321,6 | 321,6 | 0 | 321,6 | АЧММ |
78 | 5.2.2. Пестициддерди жана жер семирткичтерди колдонууну негиздөө үчүн фитосанитардык, апрохимиялык жана экологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү | Пестициддерди жана жер семирткичтерди колдонууну негиздөө үчүн фитосанитардык, агрохимиялык жана экологиялык кырдаал боюнча жалпыланган отчеттор даярдалды | 2015-2017 | 150 | 0,0 | 150 | 150 | 0 | 150 | АЧММ, Токой агенттиги |
79 | 5.2.3. Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын өндүрүүнү жана колдонууну стимулдаштырган механизмдерди иштеп чыгуу | Өсүмдүктөрдү коргоонун экологиялык жактан коопсуз каражаттарын өндүрүүнү жана колдонууну өбөлгөлөгөн механизмдерди колдонуу боюнча сунуштар иштелип чыкты | 2015-2017 | 60 | 0,0 | 60 | 60 | 0 | 60 | АЧММ, Токой агенттиги |
80 | 5.2.4. Экологиялык таза продукцияны, анын ичинде органикалык айыл чарбасынын технологиялары колдонулган жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү стимулдаштырган продукцияны өндүрүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу | Экологиялык таза продукцияны өндүрүү программасы иштелип чыкты | 2017 | 100 | 100,0 | 200 | 100 | 100,0 | 200 | АЧММ, ЭМ, ССМ, Токой агенттиги |
81 | 5.3. Өндүрүлгөн жана алып кирилген продукциянын биологиялык, токсикологиялык жана экологиялык ченемдерге жана стандарттарга шайкештигин камсыздоо | |||||||||
82 | 5.3.1. Экологиялык таза продукцияны сертификаттоого мүмкүндүк берген сертификаттоо борборлорунун потенциалын жогорулатуу үчүн окутуучу программаны иштеп чыгуу | Экологиялык таза продукцияны сертификаттоого мүмкүндүк берген сертификаттоо борборлорунун потенциалын жогорулатуу үчүн окутуучу программа иштелип чыкты | 2015-2016 | 60 | 0,0 | 60 | 60 | 0 | 60 | АЧММ, БИМ, Токой агенттиги |
83 | 5.3.2. Ченемдик укуктук актыларды сактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен ветеринардык, фитосанитардык жана экологиялык бакубаттуулуктун учурдагы деңгээлин талдоо | Ченемдик талаптарды сактоо боюнча сунуштар жана чаралар иштелип чыкты | 2015-2016 | 150 | 0,0 | 150 | 150 | 0 | 150 | АЧММ, ЭМ, ССМ, Токой агенттиги, Экотехинспекция, Ветинспекция |
84 | 5.3.3. Товарларды (жүктөрдү) экспорттоо, импорттоо жана транзиттөө учурунда убактылуу сактоо кампаларында (УСК) санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык ченемдердин жана регламенттердин талаптагыдай сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу | УСКда жүктөрдү сактоо учурунда ченемдердин жана регламенттердин сакталышына контролду күчөтүү боюнча механизмдер иштелип чыкты | 2015-2016 | 50 | 0.0 | 50,0 | 50 | 0 | 50 | ССМ, Токой агенттиги, Экотехинспекция, Ветинспекция |
85 |
|
|
| 949,9 | 290 | 1239,9 | 949,9 | 290 | 1239,9 |
|
86 | 6-артыкчылык: Химиялык заттар менен иштөө жагындагы жарандык коомдун потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуу | |||||||||
87 | 6.1-милдет. Химиялык заттар менен иштөө жагында потенциалды жогорулатуу тутумун өркүндөтүү | |||||||||
88 | 6.1.1. Химиялык коопсуздук маселелери боюнча кызыкдар тараптар үчүн электрондук китепкананын маалымат ресурсун (сайтын) түзүү | Химиялык коопсуздук маселелери боюнча кызыкдар тараптар үчүн сайт ишке киргизилди | 2015 | 0 | 200,0 | 200 | 0 | 200,0 | 200 | Токой агенттиги, ӨКМ, АЧММ, Экотехинспекция, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
89 | 6.1.2. Коркунучтуу химиялык заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин кесепеттеринин маселелери боюнча балдар үчүн мектептен тышкаркы окуу куралдарын, коомдук-агартуу колдонмолорун иштеп чыгуу жана киргизүү | Окуу куралдары жана колдонмолор иштелип чыкты жана максаттуу топтордун арасында таратылды | 2017 | 60 | 60,0 | 120 | 60 | 60,0 | 120 | УИА, БИМ, Токой агенттиги |
90 | 6.1.3. КР ӨКМдин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун базасында химиялык заттарды колдонуу жагында квалификацияны жогорулатуу курсун уюштуруу | Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн химиялык заттарды колдонуу жагында квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө | 2015-2016 | 200 | 0,0 | 200 | 200 | 0 | 200 | ӨКМ, Токой агенттиги, АЧММ |
91 | 6.2-милдет. Химиялык заттарды коопсуз колдонуу маселелери боюнча жарандык коомдун маалымдуулугун жогорулатуу | |||||||||
92 | 6.2.1. Маалыматты ЖМКга, интернет-ресурстарга жана коомдук пайдалануудагы жерлерге жайгаштыруу аркылуу химиялык заттарды (токсиндүү калдыктар, эскирген жана жараксыз пестициддердин запастары, сымап менен булгануу ж.б.) башкаруу жагындагы көйгөйлөр боюнча кеңири коомчулук үчүн маалымат берүү | Тиешелүү маалыматты ЖМКга, интернет-ресурстарга жана башкаларга жайгаштыруу аркылуу химиялык заттарды башкаруу жагындагы көйгөйлөр боюнча коомчулуктун маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | 2015-2017 | 96 | 0,0 | 96 | 96 | 0 | 96 | Токой агенттиги, АЧММ, ЭӨМ |
93 | 6.2.2. Химиялык заттарды коопсуз колдонуу жана химиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча долбоорлорду, пландарды, программаларды жана отчетторду коомдук талкуулоону демилгелөө | Коомдук экологиялык экспертизаларды жүргүзүү | 2015 | 20 | 0,0 | 20 | 20 | 0 | 20 | Токой агенттиги |
94 | 6.2.3. КРда химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана аларды маркалоонун глобалдык эл аралык тутумун киргизүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу | Химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутуму боюнча стратегия иштелип чыкты жана бекитилди | 2015-2017 | 0 | 200,0 | 200 | 0 | 200,0 | 200 | ЭМ |
95 | 6.3-милдет. Химиялык коопсуздукту камсыздоонун артыкчылыктуу маселелерине тиешелүү жаңы демилгелер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында улуттук, региондук деңгээлдерде химиялык заттарды жөнгө салуу маселелери боюнча дискуссияларга өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) катышуусуна көмөктөшүү | |||||||||
96 | 6.3.1. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө иштеген ӨЭУнун маалымат базасын түзүү, Дискуссияларга катышууга ӨЭУ тартуу үчүн ЖМКда ӨЭУ маалымат базасын жайгаштыруу | Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө иштеген ӨЭУ маалымат базасы түзүлдү жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы ведомствонун сайтына жайгаштырылган | 2015 | 0 | 50,0 | 50 | 0 | 50,0 | 50 | Токой агенттигинин алдындагы КБК (макулдашуу боюнча) ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
97 | 6.3.2. Маалыматтарды жана билимдерди андан ары жайылтуу максатында химиялык коопсуздук маселелери боюнча адистер үчүн окутуучу тренингдерди жана башка коммуникациялык иш-чараларды жүргүзүү | Жергиликтүү деңгээлде жана өзгөчө аярлуу аймактарда адистердин потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатуучу тренингдерди өткөрүү. Окутуудан өткөн адистердин саны 50 адамдан кем эмес | 2015-2016 | 100 | 100,0 | 200 | 100 | 100 | 200 | ЭМ, ЭӨМ, ӨКМ, АЧММ, Токой агенттиги, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) |
|
|
|
| 476 | 610 | 1086 | 476 | 610 | 1086 |
|
|
|
|
| 7459,8 | 24156,3 | 31616,1 | 7459,8 | 24156,3 | 31616,1 |
|
Каржылоого муктаждык менен каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосунда финансылык ажырым жок.
Кыскартуулардын тизмеси:
ХЗТБ | - | химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу |
HELI | - | мамлекеттин ден соолук менен айлана-чөйрөнүн ортосундагы байланышты аныктаган көп профилдүү иши |
ХЗ | - | химиялык заттар |
ГМТ | - | Химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутуму |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар |
ДСУ | - | Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму |
СанЭжЧ | - | санитардык эрежелер жана ченемдер |
ГЧ | - | гигиеналык ченемдер |
ТЭН | - | техникалык-экономикалык негиздеме |
ПХД | - | полихлориддифенилдери |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КР ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
КРӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ПТХЗ | - | потенциалдуу токсиндүү химиялык заттар |
ТОБ | - | туруктуу органикалык булгоочулар |
БС | - | Бажы союзу |
УСК | - | убактылуу сактоо кампасы |
ОС | - | айлана-чөйрө |
БЗ | - | булгоочу зат |
СКЗ | - | санитардык-коргоо зонасы |
ОАЧ | - | органикалык айыл чарбасы |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Геология агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
"Алдын алуучу медицина" ИӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси |
Ветинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
КР УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
КБК | - | Коомдук байкоочу кеңеш |
ТР | - | техникалык регламент |
"АСАК" ААК | - | "Айдаркен сымап акционердик коому" ачык акционердик коому |
SAICM | - | Химиялык заттарды эл аралык жөнгө салууга стратегиялык мамиле |