Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 107
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кенже, орто, улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын жана аларга ылайык атайын наамдардын, ошондой эле кызматкерлерге карата квалификациялык талаптардын тизмесинде:
- 1-пунктта:
- биринчи саптагы "Кызмат орду" графасы "Инспектор" деген сөздөн кийин ", оперкызматкери" деген сөз менен толукталсын;
- үчүнчү сапта:
"Кызмат орду" графасы "улук тергөөчү" деген сөздөн кийин улук оперкызматкери" деген сөздөр менен толукталсын;
"Квалификациялык талаптар" графасындагы "5" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын;
- төртүнчү саптагы "Квалификациялык талаптар" графасындагы "7" деген цифра "5" деген цифра менен алмаштырылсын;
- бешинчи саптагы "Квалификациялык талаптар" графасындагы "8" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын;
- алтынчы сапта:
"Кызмат орду" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун начальниги, басма сөз кызматынын начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери";
"Квалификациялык талаптар" графасындагы "8" деген цифра "6" деген цифра менен алмаштырылсын;
2-пункттун 1-пунктчасында:
- биринчи сапта:
"Атайын наам" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты";
"Квалификациялык талаптар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин";
- экинчи саптагы "Атайын наам" графасындагы "Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты" деген сөздөр "Бажы кызматынын лейтенанты - бажы кызматынын улук лейтенанты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү саптагы "Атайын наам" графасындагы "Бажы кызматынын улук лейтенанты" деген сөздөр "Бажы кызматынын капитаны" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү сапта:
"Кызмат орду" графасындагы "начальниги, сектор башчысы" деген сөздөр сектордун начальниги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Атайын наам" графасы "Бажы кызматынын капитаны" деген сөздөрдөн кийин "- бажы кызматынын майору" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи саптагы "Атайын наам" графасындагы "Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги" деген сөздөр Бажы кызматынын подполковниги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункттун 2-пунктчасынын "Кесипкөй даярдоо боюнча бөлүк" бөлүгүнүн үчүнчү сабындагы "Кызмат орду" графасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бөлүмдүн, бөлүктүн, сектордун начальниги";
2-пункттун 2-пунктчасынын "Кинология кызматы" бөлүгүндө: биринчи сапта:
"Атайын наам" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажы кызматынын кенже лейтенанты - бажы кызматынын лейтенанты";
"Квалификациялык талаптар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку билим, компьютердик сабаттуулук, кызматка кабыл алуу - 35 жашка чейин";
- экинчи саптагы "Атайын наам" графасындагы "Бажы кызматынын кенже лейтенанты" деген сөздөр "Бажы кызматынын лейтенанты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү сапта:
"Кызмат орду" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бөлүмдүн, бөлүктүн, сектордун начальниги";
"Атайын наам" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажы кызматынын майору - бажы кызматынын подполковниги";
2-пункттун 3-пунктчасында:
- биринчи саптагы "Кызмат орду" графасы "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", оперкызматкери" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи саптагы "Кызмат орду" графасы "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", улук оперкызматкери" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү саптагы "Кызмат орду" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бөлүмдүн, бөлүктүн, борбордун, сектордун начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери";
2-пункттун 3-пунктчасынын "Алдын ала бажы жол-жоболору боюнча бөлүктөр" бөлүгүнүн үчүнчү сабындагы "Кызмат орду" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өткөрмө пункттун начальниги".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |