Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-марты № 118
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктта:
биринчи абзацындагы "2011-жылдын 1-майынан баштап" деген цифралар жана сөздөр алып салынсын;
пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- спорт боюнча инструкторлордун кызматтык маяналары 6-тиркемеге ылайык.";
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
4-пунктунун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Олимпиялык резервдин республикалык окуу жайына спортсмендерди даярдагандыгы жана өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ошол спортсмен окуу жайда окуган бүткүл мезгилде ар бир спортсмен үчүн кызматтык маянасына 10 пайызга чейин өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт. Республикалык олимпиялык даярдоо борборуна өткөрүп берген ар бир спортсмен үчүн машыктыруучунун кызматтык маянасына 20 пайыз үстөк акы төлөнөт.";
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 6-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
"6-тиркеме
Спорт боюнча инструкторлордун КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орунунун аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Спорт боюнча инструктор | 6000 |
Эскерүү:
Спорт боюнча инструкторлорго иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмү дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык-башкаруу персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн үстөктүн бекитилген өлчөмүнө ылайык, ал эми бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.".