Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 419 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-марты № 127
2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоорун жактыруу жөнүндө
Уюшкан кылмыштуулукка каршы натыйжалуу аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин түзүү максатында, "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Концепциянын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Концепциянын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1. Учурдагы кырдаалды талдоо жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөр
Уюшкан кылмыштуулук коомдун жашоо-тиричилигинин бардык чөйрөлөрүнө олуттуу таасир тийгизип, республиканын социалдык жана экономикалык институттарынын нормалдуу иштешин бузат, адамдын коопсуздугуна келтирилген негизги коркунучтардын бири болуп эсептелет жана өлкөбүздү социалдык-экономикалык, саясий, маданий жактан өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат. Укук коргоо органдары кылмыштарды даярдоонун, жасоонун жана изин жашыруунун жана тергөөгө каршы аракет көрүүнүн жаңы модификацияланган ыкмалары жана механизмдери менен дайыма урунгандыктан, мунун бардыгы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кечиктирилгис мыйзамдык жана уюштуруу-башкаруучулук чараларды көрүүнү талап кылган криминогендик кырдаалды жаратат.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн абалына жүргүзүлгөн талдоодон улам, укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан криминогендик кырдаал оор бойдон калгандыгы жөнүндө жыйынтык чыгарууга болот.
2011-жылдан баштап 2014-жылга чейин ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан кылмыштуулуктун 800 субъектиси кармалган жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган, мында уюшкан кылмыштуулуктун 93 субъектиси гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде жазаларын өтөшкөн, ал жоопкерчиликке тартылгандардын жалпы санынын 11%ын түзөт.
Жасалган кылмыштардын оордугуна жана уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) мүчөлөрүнүн криминалдык тарыхына карабастан, аларга карата эреже катары камакка алуу менен байланышпаган жаза чаралары көрүлүүдө.
УКТ мүчөлөрүнө карата колдонулуучу жазалардын түрлөрүнүн олуттуу бөлүгүн шарттуу соттоо, жазасын жатак-абактарда өтөө менен эркиндигинен ажыратуу, айыптар түзө тургандыгын белгилөө зарыл. УКТнын активдүү мүчөлөрүн жатак-абактарга которуу жөнүндө, ошондой эле мөөнөтүнө чейин шарттуу бошотуу же мунапыс актыларын колдонуу тууралуу сунуштар киргизилген учурлар болгон.
УКТга таандык болгон оор жана өзгөчө оор жасалган кылмыштардын өсүүсү байкалууда. Алсак, 2002-2014-жылдары "тапшырык" мүнөзүндөгү жана криминалдык кагылыштардын көрүнүштөрүнө ээ болгон 79 адам өлтүрүү жана адам өмүрүнө кол салуу жасалган. Мында, 2014-жылы эле аталган категориядагы 8 кылмыш жасалган, алардын ичинен 5нүн бети ачыла элек.
Азыркы учурдагы кылмыштуу коомдоштуктар көп функциялуу жана региондордун масштабында гана иштебестен, кеңири жайылган конспирацияланган кылмыштуу байланыштары бар трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун (баңги бизнеси, коррупция, контрабанда, терроризм, экстремизм, адам сатуу, курал жана технологияларды сатуу) формасына айлана алат. Келип түшкөн ыкчам маалыматтарга жүргүзүлгөн талдоо Кыргыз Республикасынын жарандарына карата опузалоо жана башка бейукук зомбулук иштер менен алектенген Кыргыз Республикасынан чыккан адамдардан турган Россия Федерациясындагы криминалдуу топтордун иштери күчөтүлгөндүгүн айгинелеп турат.
Уюшкан кылмыштуулук коррупциясыз болушу мүмкүн эмес, анткени криминалдык коомдоштуктар олуттуу финансылык ресурстарын колдонуу менен өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга аралашкан кызмат адамдары аркылуу өзүнүн мүчөлөрүн шайлануучу органдарга жана мамлекеттик бийлик органдарына кирүүсүн уюштурууга аракеттенишүүдө.
Кылмыш жолу менен алынган каражаттарды адалдоо сыяктуу кылмыштардын айрым курамдарын далилдөөдө практикада кыйынчылыктар пайда болууда, буга бөгөт коюш үчүн бир катар чет мамлекеттерде киргизилгендей финансылык контролдоону жүргүзүүгө жана банктардан шектүү операциялар жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берген ченемдерди киргизүү талап кылынууда.
УКТнын жогорку даражадагы конспирацияланышын эсепке алуу менен аларга карата таасир көрсөтүү чаралары оперативдүү-издөө иштерин кыйла тереңдетип жүргүзүү менен коштолушу керек, ушуга байланыштуу уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга алдын алуу мүнөзүндөгү бардык чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү зарыл.
Жабыр тарткандарды, күбөлөрдү, шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды коргоо механизмдеринин жок болушу дагы уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжаларына терс таасирин тийгизүүдө. Соттук процесстерди күбөлөрдү жана жабыр тарткандарды коргоо максатында аларды катыштырбастан өткөрүү механизмдерин (тергөөнүн жана соттук процесстердин жүрүшүндө визуалдык байланыш түзбөстөн же видеотехникалык каражаттарды колдонуу менен) иштеп чыгуу керек.
Мындан тышкары, айыптоо жана коргоо тараптарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө сотко чейинки макулдашуунун (тергөө менен бүтүм түзүү) механизмдерин киргизүү зарыл, анын натыйжасында мыйзамдардын негизинде кылмыштуу коомдоштуктардын жетекчилерин айыптоого макул болгон адамдарга тийиштүү коргоону кепилдөө менен компромисстин алкактарын кеңейтүү керек.
Жөнгө салуучу объекттин мүнөзү өзгөчө оор болгондугун эсепке алуу менен сот жана прокуратура органдарынын адистешкен бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө маселени дагы чечүү зарыл болуп эсептелет. Кылмыш жоопкерчилигине тартылган же уюшкан кылмыштуулук субъекттеринин жаза өтөп жаткан адамдарын кармоо жерлеринин атайын системасын өркүндөтүү керек.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн негизги көйгөйлөрү болуп уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө күчтүү аналитикалык же болжолдоо иштеринин жоктугу эсептелет, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык системасынын дайындары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тийиштүү маалыматтары менен салыштырылбайт, аяктаган кылмыш иштери боюнча соттук статистика жүргүзүлбөйт.
Укук коргоо ишинин жаңы чөйрөсүнүн өзгөчөлүгү уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешти түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча координациялык борборго (мындан ары - КР ИИМ УККББ алдындагы Координациялык борбор) өзгөчө статус берүүнү талап кылат, мында анын ишине министрликтердин жана ведомстволордун адистеринин кеңири чөйрөсүн тартып, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин уюштуруу жана координациялоо, бул жаатта мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү ишин жүргүзгөн жана ага көмөктөшкөн органдардын ыкчам жана статистикалык маалыматтарын координациялоо менен байланышкан маселелердин комплексине жоопкерчиликти киргизүү зарыл.
Кылмыштуулуктун ушул түрүнө каршы күрөшүүгө тартылган күч-аракеттердин жана каражаттардын бардыгын бириктирүү керек.
2. Концепциянын негизги принциптери
Концепциянын негизги принциптери "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде көрсөтүлгөн уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү принциптерине шайкеш келет:
1) адам жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоо;
2) мыйзамдуулук;
3) жоопкерчиликтин милдеттүүлүгү;
4) адилеттүүлүк.
Мында төмөнкү принциптер кошумча бөлүнүп чыгарылат:
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жаатында эл аралык стандарттарды кармануу;
- укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- жарандык коомчулук менен кызматташуу;
- транспаренттүүлүк.
3. Концепциянын стратегиялык багыты
Ушул Концепциянын максаты уюшкан кылмыштуулуктун масштабдарын кыскартууга жөндөм түзүүчү шарттарды түзүү болуп эсептелет.
Концепция төмөнкүлөргө багытталган:
- уюшкан кылмыштуулуктан чыккан коркунучтарды эсепке алуу менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- күбөлөрдү, жабыр тарткандарды жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларын коргоо боюнча натыйжалуу мамлекеттик жана социалдык чаралар системасын белгилөө;
- алдын алуучу жана репрессиялык мамилелерди талаптагыдай айкалыштыруу аркылуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ушул чөйрөдөгү ишин координациялоо.
4. Концепциянын күтүлүүчү натыйжаларына жетүү үчүн зарыл болгон артыкчылыктар, милдеттер жана чаралар
1-артыкчылык: Уюшкан кылмыштуулуктан чыккан коркунучтарды эсепке алуу менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Милдет: уюшкан кылмыштуулук субъекттерине карата кылмыш жоопкерчилигин жана жазаны күчөтүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү.
Чаралар:
1. Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоокерчилик жөнүндө кодексине жана "Ыкчам-издөө иши жөнүндө", "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкүлөр боюнча киргизүү:
а) уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасаган адамдарга карата мөөнөтүнө чейин шарттуу түрдө бошотпоо;
б) уюшкан кылмыштуулук субъекттерине карата кылмыш иштери боюнча өндүрүш тартибин аныктоо;
в) уюшкан кылмыштуулук субъекттерине карата оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүү тартибин аныктоо;
г) "тергөө менен бүтүм түзүү" институтун киргизүү, мында уюшкан кылмыштуулук субъекттери тарабынан өндүрүштүн жүрүшүндө өкүнүү же тергөөгө жардам көрсөтүү иштерине жазадан бошотууга чейин кылмыш жоопкерчилигин жумшартуу зарыл;
д) уюшкан кылмыштуулук субъектин оперативдүү-превентивдүү каттоого алуу тартибин аныктоо.
2. Ведомстволор аралык координациялык кеңештин жана КР ИИМ УККББ алдындагы Координациялык борбордун ишин жөнгө салуучу ченемдик актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү.
2-артыкчылык: уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенген мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү.
Милдет: уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кабыл алынган башкаруучулук чечимдердин, ошондой эле институттук чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана уюшкан кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзүү жана ага каршы күрөшүү практикасы боюнча потенциалды күчөтүү.
Чаралар:
1. уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана анын өнүгүү тенденциясын болжолдоо методикасын камтыган репрезентативдүү жана системалуу изилдөөлөрдү квалификациялуу илимий кадрларды жана зарыл болгон каражаттарды тартуу менен жүргүзүү.
2. Окуу программаларын иштеп чыгуу жана туруктуу негизде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуучу адистештирилген курстарды өткөрүү.
3. Сот жана прокуратура органдарынын адистештирилген бөлүмдөрүн түзүү, чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаны пайдалануу менен уюшкан кылмыштуулук субъекттери үчүн эркиндигинен ажыратуу жерлериндеги кармоо шарттарын өркүндөтүү.
4. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү максатында маалыматтык технологияларды киргизүү.
3-артыкчылык: Уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү.
Милдет: Кылмыштуу коомдоштуктун түзүлүшүнө жөндөм берген себептерди жана шарттарды четтетүү, кылмыш иштерине жаңы адамдардын тартылышын жана криминал таасир тийгизген чөйрөнүн жайылтылышын болтурбоо.
Чаралар:
1. Төмөнкүлөргө багытталган оперативдүү-профилактикалык жана издөө иш-чараларын жүргүзүү:
а) уюшкан кылмыштуулуктун трансулуттук түрлөрүнө бөгөт коюу (баңги бизнес, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу, адам сатуу);
б) жалпы жазык уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу (пайда көздөп зомбулук кылуу, опузалоо, тапшырык адам өлтүрүүлөр жана башка оор жана өзгөчө оор кылмыштардын түрлөрү).
2. Криминалдуу субмаданияттын идеологиясын жана калыптарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасында бузууга багытталган чаралар комплексин иштеп чыгуу, уюшкан кылмыштуу топтордун түзүлүшүн алдын алуу жана уюшкан кылмыштуулукка жашы жетпегендердин тартылуусун болтурбоо.
3. Уюшкан кылмыштуулуктун соттолгон субъекттерин социалдык контролдоо, реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо системасын калыбына келтирүү боюнча программаны иштеп чыгуу.
4. Сот процессинин катышуучуларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коргоо системасынын механизмдерин иштеп чыгуу.
4-артыкчылык: Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана иштерди координациялоо.
Милдет: уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча дыкат иштелип чыккан өз ара аракеттенүү программасы менен бирдиктүү ведомстволор аралык координациялык органды түзүү аркылуу бардык укук коргоо жана башка органдардын күч-аракеттерин бириктирүү.
Чаралар:
1. Ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдын жетекчилеринин курамында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш түзүү, ал уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды уюштуруу жана координациялоо, ушул чөйрөдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу менен байланышкан иш-чараларды ишке ашырат, оперативдүү жана статистикалык маалыматтарды жүргүзүүгө, ошондой эле ушул саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын бардык иш-чараларына жалпы жетекчилик жана координациялоо жүргүзөт.
2. КР ИИМ УККББ алдындагы Координациялык борборго өзгөчө статус ыйгаруу жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү, мында анын ишине ыйгарым укуктуу жана көмөктөшүүчү органдардын адистеринин кеңири чөйрөсүн ишке тартуу менен.
3. Туруктуу негизде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык оперативдүү-профилактикалык жана издөө боюнча макулдашылган иш-чараларды өткөрүү.
5-артыкчылык: Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү.
Милдет: Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер, ошондой эле эл аралык мекемелер менен кызматташуу жана өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу эл аралык кызматташууну чыңдоо.
Эл аралык уюмдардын жана форумдардын алкагында, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эл аралык мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүү зарыл.
Чаралар:
1. Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укуктук жардам көрсөтүү боюнча жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер, ошондой эле эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү.
2. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча адистештирилген бөлүмдөрүндө консультациялар жана такшалмалар аркылуу келишимдик негизде өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
5. Концепцияда каралган чаралардын ишке ашырылышына таасир тийгизүүчү факторлор жана тобокелдиктер
"Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышына жана Концепцияда каралган чаралардын ишке ашырылышына ар түрдүү факторлор таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мында, терс факторлор катары төмөнкүлөрдү келтирсе болот:
- Кыргыз Республикасынын географиялык жайгашуусу, анын аймагы аркылуу трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун маршруттары өтөт;
- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, адамдарды сатуу, баңги зат, курал жана ок дарыларды, радиоактивдүү жана стратегиялык материалдарды сатуу боюнча трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун тармактарынын жайылуусу;
- жашоонун криминалдуу мүнөзүн үгүттөөнүн күчөшү;
- социалдык, саясий жана экономикалык туруксуздуулук;
- калктын ишеним деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн болгон укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын, сот системасынын субъекттеринин коррупцияга аралашуу деңгээли;
- уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү жүргүзгөн укук коргоо органдарынын каржылоосунун жоктугу же анын жетишсиздиги.
6. Күтүлүүчү натыйжалар жана индикаторлор
Күтүлүүчү натыйжалар:
- уюшкан кылмыштуулуктун өлкөдөгү криминогендик жана коомдук-саясий кырдаалга тийгизген таасиринин деңгээлин минималдаштыруу;
- уюшкан кылмыштуулук субъекттери жасаган кылмыштардын деңгээлин азайтуу жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу;
- уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн иштерге калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу (калктын ишеним индексин жакшыртуу);
- уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча улуттук күч-аракеттерин координациялоо жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү.
Индикаторлор:
- улуттук мыйзамдар, стратегиялар, программалар жана иш-аракеттер пландары эл аралык жана региондук милдеттенмелерге жана алдыңкы практикага ылайык иштелип чыккан;
- күбөлөр коргоого алынган жана жазык процессине катышууда;
- координациялоо жана кызматташуу жаатында тийиштүү мамлекеттик механизмдерди түзүү;
- укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташууну чыңдоо.
7. Концепцияга мониторинг жүргүзүү жана аткарылышын контролдоо
Ушул Концепция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө ушул Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү чаралар камтылган 2015-2020-жылдарга чаралар планын иштеп чыгат.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш алынган жыйынтыктарга баа берүү же тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү максатында мониторинг жүргүзүп турат. Максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн жооптуу министрлик жана ведомство ар бир стратегиялык максат үчүн так иш-аракеттерди караштырган өзүнүн иш-аракеттер планын иштеп чыгуусу зарыл.
Концепцияда каралган чараларда ишке ашыруу жана аткаруу жөнүндө ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин отчету Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралып турат.