Редакцияот 30.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 30 августу № 471

2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоору кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы № 127 “2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча концепциянын долбоорун жактыруу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министр                                                                                                                                                                                                 С.Ш.Жээнбеков