Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 129
2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө
Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана бизнес-чөйрөсүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор:
- Программаны жана Иш-чаралардын планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, Программанын жана Иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Программанын жана Иш-чаралардын планынын ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо планын бекитсин;
- Программаны жана Иш-чаралардын планын ишке ашырууну жалпы координацияласын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалыматты берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
I. Киришүү
Ушул Программанын максаты Кыргыз Республикасында атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен экономикага түз инвестицияларды тартуу үчүн өлкөнүн эл аралык рейтингдеги позициясын жакшыртууга багытталган реформаларды жүргүзүү болуп саналат.
Программаны реформалоо:
- соңку жылдарда өлкөдө жеке секторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн реформалардын негизинде;
- Кыргыз Республикасында реформалардын таасирдүү жана натыйжалуу саясатын жүргүзүү үчүн учурдагы өбөлгөлөрдү жана чектөөлөрдү эске алуу менен;
- Борбордук Азия регионунда жана Евразия экономикалык союзуна (мындан ары - ЕАЭС) мүчө мамлекеттерде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жакшыртуу үчүн өлкөнүн салыштырмалуу артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу менен;
- жалпысынан бизнес-чөйрөнү жакшырууга жана экономиканы диверсификациялоо үчүн бардык секторлордо инвесторлор үчүн бирдей шарттарды түзүүгө концентрациялоо менен аткарылат.
Жеке секторду өнүктүрүү боюнча реформалар төмөнкүлөргө багытталган:
1) соода жана бажы чөйрөлөрүн жөнгө салууга;
2) салыктык башкарууга;
3) эмгек мыйзамдарына;
4) атаандаштык жана бааларды жөнгө салууга;
5) продукциянын коопсуздугун контролдоону жөнгө салууга;
6) горизонталдык реформаларга.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өткөн жылдары жеке секторду өнүктүрүү жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча реформаларды жүргүзүү үчүн чараларды көргөн; оң натыйжаларга жетишилген, мисалы, бизнести жана мүлктү каттоо чөйрөсүндө. Бирок, көпчүлүк реформалар аягына чыккан эмес жана күтүлгөн жыйынтыктарга жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга алып келген эмес, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке секторду өнүктүрүү боюнча реформаларды илгерилетүүгө багытталган чараларды ишке ашырууну улантат.
Программаны ишке ашыруу коррупцияны кыскартуу боюнча таасирдүү жана натыйжалуу чараларга багытталган, Ушуга байланыштуу Программанын реформалары Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө коррупция үчүн өбөлгөлөрдүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн алдын алуу жана кыйла кыскартуу максатында институционалдык жол-жоболорду рационалдаштырууга багытталган.
Жеке сектор бизнес-чөйрөнү жакшыртууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган реформалардын негизги максаттуу тобу жана бенефициарийи болуп саналат; реформа жүргүзүү процессине жеке секторду интенсивдүү тартууну камсыздоо биринчи кезектеги мааниге ээ. Реформаларды жүргүзүү процессинде жеке сектор менен кайтарым байланышты түзүү Программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
II. Учурдагы жагдайды талдоо
1. Реформаларды жүргүзүү үчүн өбөлгөлөр
Кыргыз Республикасы ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган реформаларды жүргүзүү үчүн пайдубалды түзүүчү бир катар күчтүү өбөлгөлөргө ээ:
- Кыргыз Республикасы жеке секторду өнүктүрүүгө багытталган бир катар реформаларды өткөргөн жана реформаларды өткөрүү боюнча баалуу тажрыйбага ээ;
- өлкө бир катар эл аралык рейтингдерде жакшы позицияларды ээлейт. 2014-жылдагы Doing Business рейтингинде Кыргыз Республикасы 189 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээлеген, бул Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн орточо көрсөткүчтөн (71) жогору;
- активдүү жеке сектор, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы менен институционалдык форматтагы диалогго ээ.
2. Реформаларды жүргүзүү үчүн чектөөлөр
Бизнес-чөйрөнү атаандаштыкка жөндөмдүү деңгээлге чейин кайра түзүүдө байкалаарлык алдыга озуу үчүн башкаруу процесси натыйжалуу жана ачык болушу зарыл.
Жеке секторду өнүктүрүү өлкөнүн салыштырмалуу артыкчылыктарын ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жоюу зарыл болгон бир катар фундаменталдык көйгөйлөргө дуушар болууда.
Көйгөйлөр төмөнкүлөрдө камтылат:
- бир катар реформалар соңку жылдарда ишке ашырылган, бирок негизги чөйрөлөр жарым-жартылай эле реформаланган, ошондуктан бизнес-чөйрөдө реалдуу жакшыруулар болгон жок;
- көптөгөн чөйрөлөрдө мыйзамдардын жакшыртылгандыгына жана рационалдаштырылгандыгына карабастан, дагы деле коррупциялык көрүнүштөрдүн фактысы сакталууда;
- менчик укуктарын коргоо же ар кандай органдар тарабынан тез-тез жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы текшерүүлөр сыяктуу чөйрөлөрдө бир катар фундаменталдуу маселелер боюнча маанилүү чечимдердин жоктугу;
- Кыргыз Республикасы "Transparency International" боюнча 2014-жылдагы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 177 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлейт;
- бизнеске багытталган реформалар ЕАЭСке кошулуу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине шайкеш келиши керек. Бул мүчөлүк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн айрыкча инфратүзүмдүн жана продукциянын коопсуздугун контролдоо тутумунун сапатына инвестицияларды талап кылат;
- энергия тутумуна кошулууга байланышкан документтерди даярдоо процесси, убактысы жана чыгымдар салыштырмалуу жогору жана татаал болуп саналат, бул бизнес-климатка терс таасирин тийгизүүдө жана потенциалдуу инвесторлордун келишин токтотот;
- ИДПдагы көмүскө экономиканын үлүшү салыштырмалуу жогору жана ал 39%га барабар. Көмүскө экономиканын масштабынын себептеринин бири болуп ишкердик ишин татаал жөнгө салуу, эмгек жана монополияга каршы мыйзамдарды, текшерүүлөрдүн тутумун кошкондо, салыктык жана бажылык башкаруу эсептелет.
III. Реформанын принциптери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган реформалары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- өтө чоң эмес, бирок кварталдык жана жылдык негизде орто аралык жыйынтыктарды оңдоп-түзөө мүмкүндүгүнө ээ болуу менен ырааттуу кадамдар саясатын жүргүзүү, мында жаңы реформалар мурдагы кайра түзүүлөрдү толуктап турушу керек;
- жаңы реформалар үчүн "шайкеш келүү ыкмасын" колдонуу, б.а. реформа башталган, бирок аягына чыга элек, жеке сектор үчүн пайда келтирбестен, жарым-жартылай гана жакшыртууга алып келген чөйрөлөргө көңүл бурулат;
- ишкердик ишин жөнгө салуу формалдуу эмес экономикадан формалдууга өтүү үчүн мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүлүшү керек;
- ишкердиктин субъекттерин, менчикке болгон укуктарына текшерүү жүргүзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарды талаптагыдай ишке ашыруу камсыздалышы керек. Иш жүзүндө ишкерлердин көпчүлүгү ыйгарым укуктуу текшерүүчү жактардын мыйзамдардын ченемдерин талаптагыдай аткарбагандыгына туш болушат;
- реформалар мамлекеттик кызматчынын эмес, ишкердин көз карашынан ишке ашырылышы керек, ошондуктан ишке ашыруунун ачык индикаторлору менен жана жеке секторго активдүү роль бөлүнгөн жеке сектор менен кайтарым байланышта жолго коюлган иш-чараларга туруктуу негизде иштөөчү контроль иштелип чыгат;
- коррупциянын деңгээлин дайыма төмөндөтүү реформаларды киргизүү үчүн жетектөөчү принцип болуп калат; бизнести жөнгө салуу боюнча кайсы бир эрежелер жана жол-жоболук талаптар коррупциянын себеби болсо, алар жокко чыгарылышы керек;
- аткаруучулук дисциплинаны чыңдоо үчүн мамлекеттик кызматка реформа жүргүзүлөт, анткени ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу реформаларды ишке ашыруу таасирдүү иштеген мамлекеттик кызмат болмоюнча анча ишеничтүү эмес;
- реформалардын процесси түздөн-түз жогору жактагы кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт, аларга реформалардын күтүлүүчү натыйжалары бекитилип берилген, жоопкерчилик жана сыйлоо чаралары аныкталган;
- бизнес-коомчулугу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен үзгүлтүксүз жолугуу жана реформаларды жүргүзүү процессине карата өзүнүн позициясын билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
IV. Ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган реформалар
1. Соода жана бажы жол-жоболорун мындан ары жөнөкөйлөтүү
Кыргыз Республикасындагы бажы тарифтери төмөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү болгондугуна карабастан, 2014-жылдагы Doing Business отчетунун маалыматтары боюнча бажы жол-жоболору татаал жана чыгашалуу бойдон калууда. Учурда Кыргыз Республикасы чек аралар аралык соода көрсөткүчү боюнча 189 өлкөнүн ичинен 182-орунда турат.
Ушуга байланыштуу тышкы экономикалык ишти андан ары өркүндөтүү үчүн соода жана бажы жол-жоболору боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
2. Импорттоого документтердин санын кыскартуу
Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы импортту тариздөө үчүн 11 документти талап кылууда, ал Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) өлкөлөрү үчүн орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору (4 документ), Европа жана Борбордук Азия (8 документ), мында Гонконгдо (Кытай) жана Сингапурда, Грузияда жана Эстонияда жол-жоболорду тариздөөгө 4 гана документ талап кылынат.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылы импортту тариздөөгө талап кылынган документтердин санын акырындык менен 11ден 4кө кыскартат - транспорттук коштомо кат, коммерциялык инвойс, импортко бажы декларациясы жана бажы жыйымдары төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
3. Экспортко карата сатуудан салыкты жокко чыгаруу
Сатуудан салык экспорт үчүн дагы деле колдонулууда, бул экспорттук жол-жоболорду айрыкча түйшүктүү жана кымбат кылууда.
Чаралар
Экспортко карата сатуудан салык КНС жана сатуудан салыкты оптималдаштыруудан кийин жокко чыгарылат.
4. Бажылык контролдоо тутумун оптималдаштыруу
Учурда Кыргыз Республикасында тобокелдиктердин негизинде бажылык контролдоонун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму колдонулууда: мындай система эки гана коридорго ээ - "кызыл" жана "жашыл". Бажыда алдын ала бажылык тариздөө мүмкүндүгү жана/же бажылык тариздөө процессин рационалдаштырган жана тездеткен башка тез өткөрүүчү жол-жоболор жок.
Чаралар
Кыргыз Республикасында тобокелдиктердин негизинде бажылык контролдоонун заманбап тутуму жайылтылат: "жашыл" коридорго жөнөтүлгөн товарлар автоматтык түрдө, кароосуз жөнөтүлөт; "сары" коридор товарларды эмес, документтер гана текшериле тургандыгын билдирет; "кызыл" коридор жакшылап негиздүү текшерүүнү караштырат б.а. документация жана товар текшерилет. Импорттолуучу товарлардын тибине, чыгарган өлкөгө жана компаниянын репутациясына жараша ар бир коммерциялык жүк тобокелдиктин даражасы боюнча классификацияланат.
Бажыда күтүү убактысын азайтуу үчүн кийинки чара - бул алдын ала бажылык тариздөөнү киргизүү, мында ишкер товарларды күн мурунтан декларациялайт жана жүк бажы контролуна келип түшкөндө тариздөөнү аяктайт.
Мындан тышкары, "Ак тизме" (Golden List) түзүлөт, ал жогорку репутациясы менен ак ниет компанияларды камтыйт. Тизмеге киргизилген компаниялар бажылык контролдон өтүшпөйт.
Бажылык контролдоо тутумун оптималдаштыруу бажылык контролдоо пункттарынын инфратүзүмүн техникалык жактан модернизациялоо менен бир убакта жүргүзүлөт.
5. Бажы өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз ишин жүргүзүү
Учурда Кыргыз Республикасында чек арадан өтүүнүн бажы пункттары дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле иш күндөрү жумуш убактысы аяктагандан кийин жабылат. Мыйзамдарда дем алыш жана майрам күндөрү жогорулатылган баа боюнча бажылык тариздөөнүн мүмкүндүгү каралгандыгына карабастан, жеке сектордун өкүлдөрүн сурамжылоо көрсөткөндөй, бул тутум натыйжалуу иштебейт.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек араны кесип өтүүчү негизги бажы пункттарында (ЧКБП) үзгүлтүксүз иш жүргүзүү мүмкүндүгүн караштырат жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндөгү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
6. Келип чыгышы жөнүндө сертификатты берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
Учурда келип чыгышы жөнүндө сертификат Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (мындан ары - СӨП) тарабынан берилет, мында жол-жоболук талаптар салыштырмалуу татаал жана экспортту илгерилетүүгө көмөк көрсөтпөйт. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты берүү үчүн зарыл болгон документтердин саны эл аралык көрсөткүчтөрдөн жогору. Сертификатты берүү үчүн Соода-өнөр жай палатасы товардын келип чыгышын бекемдөө үчүн продуктунун эрежелерге шайкеш өндүрүлгөндүгүн ырастоочу атайын экспертизанын актысын талап кылат. Продукциянын сапатына жана санына контроль жүргүзүүнү "Кыргызэкспертиза" жүзөгө ашырат, ал Соода-өнөр жай палатасынын түзүмдүк бөлүнүшү болуп саналат.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке сектор үчүн келип чыгышы жөнүндө сертификатты алуу процессин жөнөкөйлөтүү максатында келип чыгышы жөнүндө сертификатты алуу үчүн керектүү талаптарды карал чыгат. Келип чыгышы жөнүндө сертификат экспортердун декларациясынын негизинде берилиши мүмкүн, мында экспортерлор продукция товарлардын келип чыгышы жөнүндө эрежелерге ылайык өндүрүлгөндүгүн өз алдынча тастыктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Декларациянын бекитилген формасында экспортер товарлар кайсы эрежелер боюнча жана кандай сырьедон өндүрүлгөндүгүн маалымдайт, маалыматтардын аныктыгын ырастайт.
Сапатты контролдоо сертификатты берген уюмдун функциясына кирбегендиктен, СӨПтүн эксперттери тарабынан түзүлгөн сапатты экспертизалоо актынын талаптарын жокко чыгаруу мүмкүндүгү каралат.
V. Салыктык башкарууну оптималдаштыруу
Кыргыз Республикасы 2009-жылы салыктык реформаны жүргүзгөн жана салыктардын санын 16дан 8ге чейин кыскарткан, жергиликтүү салыктардын көбү кыскартылган, тобокелдиктердин негизинде салыктык текшерүүлөр, жеңилдетилген салыктык режимдер киргизилген жана салыктык ставкалар төмөндөтүлгөн (мисалы, КНС 20%дан 12%га чейин).
Кыргыз Республикасындагы салык тутумун регионалдык жана глобалдык келечекте атаандаш кылууга мүмкүндүк бербеген көйгөйлөр дагы деле бар. 2014-жылдагы Doing Business отчетунда "Салыктарды төлөө" көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасы 189 өлкөнүн ичинен 127-орунду ээлейт, мында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн орточо көрсөткүч 91ди түзөт.
1. Төлөмдөрдүн жана салыктык отчет берүүнүн мезгилдүүлүгүн кыскартуу
2014-жылдагы Doing Business отчетундагы маалыматтарга ылайык бир жылдагы (51) салыктык төлөмдөрдүн саны регион үчүн (26) жана ЭКӨУ өлкөлөрү (12) үчүн орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору, мында салыктык отчет берүүнү толтуруу үчүн керектүү сааттардын саны 210дон ашык саатты түзөт, ошондуктан сурамжыланган ишкерлердин 52,5% салыктык башкарууну бизнести өнүктүрүү үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири катары эсептешет. Негизинен тез-тез төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык мүлккө салык жана жерге салык боюнча жүргүзүлөт.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салыктык башкарууну оптималдаштыруу максатында жер салыгы, мүлк салыгы боюнча төлөмдөрдүн жылдык мезгилдүүлүгүнө акырындык менен өтөт, мында салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча "төлөмдөрдүн ийкемдүүлүгү" сакталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыйыр салыктар боюнча салык отчетун берүүнүн кварталдык негизине өтөт (товарлардын баасына же кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифине кошумча акы түрүндө белгиленүүчү жана салык төлөөчүлөрдүн кирешесинен көз каранды болбогон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктар), салык отчетун берүүнүн формасы жөнөкөйлөтүлөт.
Кийинки кадам катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бирдей салыкты киргизүү үчүн мүлк салыгын жана жер салыгын бириктирүү мүмкүнчүлүгүн караштырат.
2. Салык төлөмдөрүн автоматташтыруу жана салыктык отчет берүү
Салыктык отчет берүүнүн электрондук формасы биринчи жолу 2010-жылы киргизилген жана азыркы учурда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым райондорунда гана колдонулат. Салык отчетун электрондук формада берүүнүн мыйзамдуу мүмкүндүгүнүн бар экендигине карабастан, компаниялардын чектелүү гана саны ушул кызматтан пайдаланышат.
Салык отчетун электрондук берүү тутуму ортомчу компаниялардын болушу менен татаалданып кеткен, ал ири салык төлөөчүлөр салык отчетун берүүнүн электрондук формасын берүүнү башкарат.
Салык отчетун электрондук формада берүү салыктарды электрондук формада төлөө мүмкүндүгүнө ээ эмес; салыктарды төлөө кагаз жүзүндө жүргүзүлөт, бул узак кезек күтүүгө жана ыңгайсыздыктарга алып келет.
Чаралар
Салык отчетун электрондук формада берүү жана салыктарды электрондук формада төлөө республиканын бардык аймагына жеткиликтүү болушу керек.
Салык отчетун берүүгө өтүү үчүн тездик менен ордун толтуруу үчүн КНС боюнча декларацияларга байкоо жүргүзүү, салыктык төлөмдөрдүн санын кыскартуу жана салык отчетун берүү сыяктуу өбөлгөлөө чараларынын тутуму иштелип чыгат.
3. Салыктык текшерүүлөрдүн санын кыскартуу
Чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) IFC (Эл аралык финансы корпорациясы) сурамжылоосуна ылайык жеке ишкерлердин 83% жана ЧОБдун 81% салыктык текшерүүлөргө дуушар болушкан, мында ЧОБ жылына орточо эсеп менен 2 жолу жана жеке ишкерлер жылына 4 жолу инспекцияланышкан. Мындай тез-тез жүргүзүлүүчү текшерүүлөр, кеңири камтуу жана салыктык текшерүүлөргө байланыштуу чыгымдар чакан жана орто бизнес үчүн сунушталган жөнөкөйлөтүлгөн салыктык режимдин оң натыйжаларынан жогору болууда.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тобокелдиктердин негизинде салыктык текшерүүлөр тутумун киргизүүнү аяктайт жана салыктык текшерүүлөр тажрыйбасын ишке ашырууну жакшыртат. Тобокелдиктин ачык критерийлери киргизилет, бул тобокелдиги жогорку деңгээлдеги компанияларды так аныктоого мүмкүндүк берет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан тышкары башка органдарга милдеттүү отчет берүүнү алып салуу
Учурда компаниялар жана ишкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна да жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине дагы отчет берүүгө милдеттүү, бул милдеттүү отчет берүүгө байланышкан чыгымдарды жана убакытты көбөйтөт.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берилүүчү отчетторду салык отчетун берүүгө бириктирүү мүмкүнчүлүгүн караштырат, мында отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына гана берилет, ал жактан көчүрмөлөр Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берилет.
5. Социалдык чегерүүлөрдүн тутумун өркүндөтүү
Учурда социалдык чегерүүлөрдү чогултууну Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жүргүзөт. Иш берүүчүлөр Пенсиялык фондго - 15%, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2% жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25% төлөшү керек. Социалдык чегерүүлөрдүн ар бир түрү үчүн отчет берүү ай сайын толтурулушу керек, мында төлөмдү электрондук түрдө жүргүзүү мүмкүндүгү болбосо, төлөм белгилүү гана банктарда жүргүзүлүшү мүмкүн, бул ишкерлер үчүн кыйла ыңгайсыздыкты жаратат.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык чегерүүлөрдү чогултуу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берет жана отчетторду электрондук түрдө берүү мүмкүндүгү менен салык отчетун берүүнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна отчет берүүгө бириктирүү мүмкүндүгү каралат.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна 0,25% өлчөмүндөгү милдеттүү чегерүүлөр алып салынат.
Киреше салыгынын жана милдеттүү социалдык чегерүүлөрдүн негизинде бирдиктүү киреше салыгын киргизүү мүмкүндүгү каралат, ал кызматкер тарабынан гана төлөнөт.
6. Салыктык жана салыктык эмес жеңилдиктерди берүүнү тутумдаштыруу
Кыргыз Республикасында жеңилдиктердин көбү эреже катары, тиешелүү мыйзамдардын негизинде берилет, мында жеңилдик берүүнүн талаптары жана критерийлери жөнүндө маалыматтарды дайыма эле табууга мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында салыктык эмес жеңилдиктерди берүү процесси татаал жана дайыма эле ачык боло бербейт, көпчүлүк учурда бир эле жеңилдиктер үчүн ар кандай максаттар жана жеңилдиктер жарыяланат.
Инвестицияларды өбөлгөлөө боюнча мамлекеттик саясат толук көлөмдө иштелип чыккан эмес, жеңилдиктерди берүүчү айрым мамлекеттик органдар ар кандай жол-жоболорду жана механизмдерди колдонушат. Мамлекеттик саясат максаттуу секторлорго жана региондорго карата ар кандай жеңилдиктердин көбүнүн макулдашылгандыгын, таасирдүүлүгүн жана так багытын камсыздоо үчүн зарыл болуп саналат.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине: а) берилген жеңилдиктер жөнүндө; б) жеңилдиктерди берүүдөгү баш тартуулар жөнүндө; в) жеңилдиктерди алган инвесторлор жөнүндө; г) жеңилдиктерди берүүдө республикалык бюджеттен эсептелген чыгымдар жөнүндө маалыматтарды топтоого жана белгилөөгө, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине аларды үзгүлтүксүз негизде жиберүүгө ыйгарым укук берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдиктерди берүүгө жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан чечимдердин кабыл алынышы жеке сектор үчүн түшүнүктүү жана айкын болушу үчүн ачык эрежелердин жана жол-жоболордун негизинде салыктык жана салыктык эмес жеңилдиктерди берүү боюнча жол-жоболорду иштеп чыгат.
VI. Эмгек мыйзамдарын реформалоо
Кыргыз Республикасындагы формалдуу эмес экономиканын жогорку үлүшүн эске алуу менен (39%), эмгек мыйзамдарын реформалоонун максаты болуп иш берүүчүлөрдө легалдуу ишке алууда өбөлгө болушу үчүн эмгек мамилелеринин эрежелерин жөнөкөйлөтүү эсептелет.
Жумушчулардын позициясы иш берүүчүнүкүнө караганда басымдуулук кылгандыктан, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Эмгек мыйзамдары эмгек мамилелеринде бир гана тарапты коргобостон, иш берүүчүгө жана жумушчуга бирдей мамилени сунушташы керек.
Колдонуудагы эмгек мыйзамдарынын талаптары формалдык эмес жумуштарды көбөйтүү себебинин бири болуп саналат. Номиналдык минималдык эмгек акынын болушу өлкөдөгү реалдуу эмгек акынын деңгээлине эч кандай таасирин тийгизбейт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин колдонулбаган же толук эмес колдонулуучу, бирок ошол эле учурда өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун төмөндөткөн ченемдери, атап айтканда жумушка орноштуруу боюнча бюрого милдеттүү түрдө вакансиялар жөнүндө кабарлоо жана жумушка алуудан негиздүү баш тартуу талаптары кайрадан каралып чыгат же эмгек мыйзамдарынан алып салынат.
1. Туруктуу иштөө үчүн мөөнөттүү контракттарды түзүү
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде компаниялардын туруктуу иши (негизги) үчүн мөөнөттүү контракттарды түзүү каралган эмес, бул эмгектик мамилелерди токтотуу боюнча татаал жана кымбат турган жол-жоболорду эске алуу менен, иш берүүчүнүн жумушка мыйзамдуу кабыл алуу демилгесин түшүрөт, ушундай эрежелер иш берүүчүнүн жумушка мыйзамдуу кабыл алуусуна тоскоол болуп, формалдык эмес жумуштарга алып келет.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жумуштун бардык түрлөрүнө мөөнөттүү эмгек келишими боюнча ишке кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн караштыруучу өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине киргизүүнү демилге кылат, натыйжада иш менен камсыз кылуу рыногу кыйла ийкемдүү болуп, иш берүүчүлөр тарабынан жумушчуну ишке расмий түрдө алуусуна өбөлгө түзүлөт.
2. Мөөнөттөн ашыкча жумушка жана бошоо жөлөкпулуна акыны кыскартуу
Кыргыз Республикасында дем алыш жана майрам күндөрү иштегендиги, түнкү убакытта жана мөөнөттөн ашыкча иштегендиги үчүн төлөмдөр өтө жогору. Түнкү убакытта иштеген жумушу үчүн үстөк саатына төлөнүүчү акынын 50%ын түзөт, мөөнөттөн ашыкча, майрам жана дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн үстөк саатына төлөнүүчү акынын 100%ын түзөт, бошоо жөлөкпулу эки эмгек акыдан кем эмес өлчөмдө төлөнөт. Иш жүзүндө бул талаптар аткарылбайт, бирок потенциалдуу инвесторлорду тартууга терс таасирин тийгизүүдө.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттөн ашыкча жумуштун, түнкү убакытта, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген жумуштун орду келишимдик негизде толтурууну караштыруучу өзгөртүүлөрдү эмгек мыйзамдарына киргизүүнү демилгелейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошонуу жөлөкпулунун минималдуу суммасын бир айлык эмгек акынын өлчөмүнө чейин кыскартууну демилге кылат, мында андан көбүрөөк суммалар эмгек келишиминде келишимдик негизде бекитилиши мүмкүн.
3. Иш берүүчүлөр менен жумушчулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун белгилөө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде иш берүүчүлөр менен жумушчулардын укуктары бирдей бөлүштүрүлгөн эмес, көпчүлүк негизги жоболор жумушчулардын жана профсоюздардын пайдасына багытталган. Мисалы, жумушчу иштен бошонгусу келсе, ал иш берүүчүгө эки жумага чейин бул тууралуу кабарлашы керек, ал эми иш берүүчү бир ай мурун жумушчуну кабарлашы керек жана стандарттуу учурда эки эмгек акынын өлчөмүндө бошонуу жөлөкпулун кошумча берет.
Иш берүүчүнүн чечими боюнча жумуштан бошотуу процесси профсоюздун мүчөсү болуп эсептелген жумушчуну профсоюз менен алдын ала макулдашпастан бошотууга мүмкүн болбогон талапка ылайык татаалдаштырылган.
Чаралар
Иш берүүчүлөр менен жумушчуларга бирдей укуктарды берген эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү каралат. Эмгек мыйзамдарында иш берүүчүлөр менен жумушчуларга укуктарды жана милдеттенмелерди келишимдик негизде талкуулоо укугун берүү тууралуу негизги принциптер белгиленет.
Ошондой эле жумушчуну кызматтан бошотуу маселесин профсоюздар же жумушчулар ассоциациясы менен макулдашуу жол-жобосун караштыруучу ченемди алып салуу каралат.
VII. Монополияга каршы мыйзамды реформалоо
Монополияга каршы мыйзамдын максаты рынокто эркин жана ачык-айкын атаандашууну камсыз кылуу, бизнеске мамлекеттик органдардын ашыкча кийлигишүүсүн кыскартуу болушу керек.
1. Монополияга каршы мыйзамдардагы түшүнүксүздөрдү четтетүү
Колдонуудагы монополияга каршы мыйзамдар өркүндөтүүнү талап кылат: анда так эмес түшүнүктөр камтылган, аларды каалагандай чечмелөө мүмкүнчүлүгү монополияга каршы жөнгө салуунун ыйгарым укуктуу органдарына аракет көрүү боюнча толук эркиндик берүүдө.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдан тышкары) абалы үстөмдүк абал болуп төмөнкү шарт таанылат: "узак мезгилдин ичинде (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо тиешелүү рыноктун иштөө мезгилинде) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырма өлчөмдөрү өзгөрбөсө же бир аз гана өзгөрсө, ошондой эле жаңы атаандаштардын тиешелүү товар рыногуна кирүүсү кыйындаган болсо". Бул үстөмдүк абалды аныктоочу критерийди түшүнүүгө кыйын жана аны ар түрдүү чечмелөөгө болот.
Өзгөрбөгөн үлүш өзүнөн-өзү атаандашуу үчүн кыйынчылык болуп эсептелбейт. Анын ордуна ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар рынокко кирүүдөгү орун алган тоскоолдуктарды четтетиши керек жана ал тоскоолдуктар үстөмдүк позицияны аныктоо үчүн критерий катары пайдаланылышы керек.
Үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдаланууну аныктоо үчүн критерий болуп контракт боюнча милдеттерди аткаруудан форс-мажордук жагдайларга таандык болбогон негизсиз баш тартуу эсептелет.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү монополияга каршы жалпы мыйзамдарды карап чыгат жана кайчы пикирге же болбосо монополияга каршы жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнө негиз болуп эсептелген ашкере функцияларына алып келген ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизет. Рыноктогу мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды мамлекеттин кийлигишүүсүн кыскартуу аркылуу өркүндөтүү инвесторлор үчүн жагымдуу болор эле.
Мындан сырткары, атаандаштыкты коргоо жана монополияны жөнгө салуу боюнча ченемдик база бирдейлештирилет жана монополисттик иш менен атаандаштыкты регламенттөөчү мыйзамдарды интеграциялоо үчүн негиз түзүлөт.
2. Үстөмдүк абалды аныктоо
Монополияга каршы жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын көпчүлүк ыйгарым укуктары жана иш-аракеттери үчүн негизги компонент жана негиз болуп эсептелген үстөмдүк абалдын түшүнүктүн чаржайыт аныктамасы бар, өз учурунда ал Кыргыз Республикасы сыяктуу рынок үчүн чектөөчү болуп эсептелет.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү монополияга каршы мыйзамдарды кайра карап чыгат жана "үстөмдүк абалы" деген терминге так аныктама берет, мында компанияны үстөмдүк кылуучу катары классификациялоо үчүн критерийлердин чектелген саны колдонулат, атап айтканда: а) мыйзамдын негизинде белгиленген рыноктогу үлүш; б) рыноктогу агенттин чечимине жана позициясына, учурдагы жана потенциалдуу атаандаштарга, товарларды берүүчүлөргө жана сатып алуучуларга таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгүн четтетүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар биринин үлүшү ушул рыноктогу башка субъекттердин үлүштөрүнөн көбүрөөгүн түзүп, жалпысынан 50%дан жогору болгон үчтөн ашык чарба субъекттеринин биргелешкен үстөмдүк абалына же ар биринин үлүшү тийиштүү рыноктогу башка чарба субъекттеринин үлүштөрүнөн жогору болгон бештен ашык эмес чарба субъекттеринин жыйынды үлүшүнө берилген аныктаманы жоюуну демилге кылат.
3. "Үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдалануу" түшүнүгүнө аныктама берүү
Үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануунун аныктамасы жана алардын критерийлери чаржайыт болуп саналат. "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү аракеттер үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу катары каралат: атаандашуу кызматкерлерине алардын өз эмгек милдеттерин аткарбоого ынандыруу максатында басым кылуу; атаандашуунун мамилелерин өнүктүрбөө жана алдын-алуу максатында рыноктун башка катышуучуларын негизсиз колдоо; бааны манипуляциялоо максатында товарлардын атайын түрлөрүн көп санда максаттуу сатуу, эгерде алар атаандашууну чектесе же керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын козгосо.
Мындай критерийлерди белгилөө же өтө татаал (мисалы, кызматкерлерге басым кылуу) же атаандашууну чектөө максатында атайын чараларга барып жатат деп, компанияга күнөө коюу өтө жеңил (мисалы, көп санда товарларды сатуу).
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атаандашуу жөнүндө мыйзамдын үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу критерийлерин аныктоочу беренелерди кайра карап чыгат жана ашыкча критерийлер менен шарттарды четтетүүнү демилгелейт. Натыйжада ыйгарым укуктуу органдар рынокто өзүнүн абалын кыянаттык менен пайдаланды деп жеке ишкерге күнөө койгон кырдаалдарды болтурбоо максатында так белгиленген критерийлер менен түшүнүктүү аныктама киргизилет.
4. Монополияга каршы жөнгө салуу органдарынын функцияларын чектөө
Монополияга каршы жөнгө салуу органынын айрым функциялары жеке компаниялардын эркиндигин чектейт. Мисалы, өзгөртүп түзүү, биригүү жана сатып алуу монополияга каршы жөнгө салуу органдарынын алдын ала макулдугун талап кылат жана ыйгарым укуктуу орган үстөмдүк абалы менен агенттик түзүлүп жатып, үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы болбогондугуна карабастан мындай билдирүүнү четке кагышы мүмкүн; ыйгарым укуктуу орган өзүнүн демилгеси боюнча компаниянын ишине изилдөө жүргүзүшү мүмкүн, бул иш жүзүндө жеке сектор үчүн түйшүк жаратат.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү монополияга каршы жөнгө салуу органдарынын функцияларын так аныктайт жана чектейт. Ыйгарым укуктуу органдар рынокто үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы далилденген учурда гана аракеттерди көрө алат. Ыйгарым укуктуу органдардын проактивдүү аракеттери чектелет, рыноктогу атаандаштык абалга нааразы болгон ишканадан негиздүү даттануу келип түшкөн учурда гана бузуулар териштирилиши мүмкүн.
5. Бааларды жөнгө салууну жоюу
Азыркы учурда монополияга каршы мыйзамдар, анын ичинде атаандашуу жөнүндө мыйзамдар рыноктогу үстөмдүк абалына ээ болгон табигый монополиялар жана компаниялар чыгарган кеңири товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бааларды жөнгө салууну караштырат.
Бааларды жөнгө салуу рыноктогу эркин атаандашууну чектейт жана рынокко жаңы компаниялардын киришине бөгөт коет, анткени бизнес иш-чараларын пландоо үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрү жана долбоордун кирешелүүлүгү мамлекеттик жөнгө салуу менен чектелген.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, электр жана жылуулук энергиясына, сууга, газга жана табигый монополиялар субъекттери керектөөчүлөргө көрсөткөн башка кызматтарынын тарифтеринен башка бааларды жөнгө салууну чектейт.
Ошондой эле, өндүрүштүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык секторлорунун рентабелдүүлүгүнүн чектери жокко чыгарылат.
6. Инфратүзүмгө жетишүү
Инфратүзүмгө чектелген жетишүү жекече сектордун өнүгүүсү үчүн, чакан жана орто бизнестин субъекттеринин арасында 30%дан ашуун ишкерлер электр жана жылуулук энергиясына, газга жана башка инфратүзүмгө кошулууда кыйынчылыктарга туш болууда.
Чаралар
Инженердик коммуникацияларга (электр жана жылуулук энергиясына, газга, сууга жана канализацияга) жетишүү деңгээлин жогорулатуу жана жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар иштелип чыгат. Негизсиз баш тартылганда же сапатсыз кызмат көрсөтүүлөрдө жана товарларды сатууда ишкер субъекттердин жоопкерчилиги өсөт, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгы жогорулатылат.
VIII. Продукциянын коопсуздугун контролдоо тутумун реформалоо
Кыргыз Республикасында продукциялардын коопсуздугун контролдоо тутуму реформалоо процессинде турат жана мыкты эл аралык тажрыйбаларга ылайык андан ары жакшыртууга муктаж.
Өлкөнүн ЕАЭСке кошулуусу продукциялардын коопсуздугун контролдоого тиешеси бар кошумча реформалоого алып келет. Продукциялардын коопсуздугун контролдоого жаңы талаптар эгерде, тийиштүү жол менен ишке ашырылбаса, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу үчүн тоскоол болушу мүмкүн.
1. Тобокелдиктин негизинде текшерүү тутумун так колдонуу
Кыргыз Республикасы тобокелдиктердин негизинде текшерүү тутумун киргизди, бирок ар кандай эл аралык отчеттор жана бизнес коомчулуктар менен болгон интервьюлар мыйзамдык талаптардын иш жүзүндө колдонулбай жатканын далилдешти.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык кырдаалдардагы тобокелдиктердин негизинде текшерүү тутуму колдонулат. Текшерүүлөрдүн жыштыгы компаниянын ишине байланыштуу жарандардын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн тобокелдиктердин даражасына көз каранды болууга тийиш. Ушул максаттар үчүн жооптуу мамлекеттик орган тобокелдик тутумун түзүшү керек, ал тутум аныкталган тобокелдиктердин негизинде иштелип чыгышы зарыл жана ишкердин иш-аракеттеринин түрлөрү боюнча айырмаланууга тийиш.
Тобокелдик критерийлери жарыяланышы жана жеке секторлордун өкүлдөрү үчүн кеңири жеткиликтүү болушу керек.
2. Текшерүү жүргүзүү тажрыйбасын жайылтуу
Мамлекеттик текшерүүлөр көпчүлүк учурларда ишкерлер үчүн оордук келтирет, бул айрыкча мамлекеттик текшерүү жүргүзүү укугуна бир эле мекеме ээ болгон жана ошол эле учурда заманбап стандарттар боюнча тобокелдиктердин негизинде текшерүү тутуму жок болгон учурларда байкалат.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү продукциялардын коопсуздугун контролдоо жаатында жеке инспекциялардын текшерүү жүргүзүү тажрыйбасын жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул аккредиттелген жеке инспекциялар тобокелдиктердин негизинде текшерүү жүргүзүү функциясына ээ экендигин түшүндүрөт, бул өз учурунда атаандашууга жөндөмдүү чөйрөнү түзөт.
Мамлекеттик инспекциялык органдардын компетенциясына негизинен пландалган инспекция чөйрөсүндө административдик чечим кабыл алуу (жогоруда айтылгандай), ошондой эле рыноктогу иш аракеттерге пландык эмес текшерүүлөрдү жана мониторинг жүргүзүү кирет.
Продукциялардын коопсуздугу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар текшерүүлөр функцияларына контролдоону жүргүзөт. Бул функциялар а) инспекциялык отчетторду алуу укугу, б) тобокелдиктер тутумун иштеп чыгуу, тибин жана жылына канча компания инспекциядан өтөөрүн аныктоо, в) пландалган текшерүүлөрдүн отчеттор базасында колдонулуучу административдик чечимдер.
3. Чакан жана орто бизнестин субъекттерине карата жөнөкөйлөтүлгөн талаптар
Кыргыз Республикасындагы текшерүүлөр тажрыйбасы чакан жана орто бизнес үчүн текшерүүлөр боюнча жөнөкөйлөтүү талаптарын колдонууну карабайт. Мындай мамиле жеке секторлор үчүн, атап айтканда бардык талаптарды аткаруу кыйын болгон чакан бизнес үчүн кымбат болуп, коррупциянын пайда болушу үчүн шарт түзөт.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү компаниялардын айрым түрлөрү, чакан жана орто ишканалар үчүн текшерүүлөрдүн жеңилдетилген эрежелерин жана коопсуздуктун жөнөкөйлөтүлгөн талаптарын киргизүү жөнүндө маселени карап чыгат, алардын өлчөмдөрү, товарлардын көлөмү, алар сатылган товарлардын географиялык жайгашуусу (мисалы жергиликтүү рыноктор), өндүрүү методу боюнча аныкталат.
4. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн "достук" эрежелерин киргизүү
Текшерилүүчү ишкана мамлекеттик контролдоочу органдардын ыйгарым укуктуу адамдарынын кыянаттыгына жана укукка жат аракеттерине кабылууда. Эл аралык практика бизнес үчүн бир катар "достук" эрежелерин киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрдү берет, алар текшерүүчү компаниянын өкүлдөрүнө текшерүүлөрдүн натыйжаларын аныктоого катышууга мүмкүндүк берет.
Чаралар
Жооптуу мамлекеттик органдар төмөнкү чараларды ишке ашыруусу керек:
- биринчиден, жалпыга жеткиликтүү жана бизнес-коомчулугу үчүн белгилүү болгон текшерүү баракчаларын иш жүзүнө киргизүү жана так пайдалануу. Текшерүүнүн бардык түрлөрү алдын ала аныкталган жана жарыяланган критерийлер боюнча ишке ашырылышы керек;
- экинчиден, текшерилүүчү компаниянын өкүлдөрүнө текшерүүнүн макулдашылган протоколуна гана кол коюу укугу берилет. Бул компания жана текшерүүчү адам текшерүүнүн жыйынтыгына макул дегенди түшүндүрөт. Кошумчалай кетчү нерсе, текшерүүчү адам менен компаниянын өкүлүнүн ортосундагы келишим талаптарга ылайык келбегендерди жок кылуунун мөөнөтү жөнүндө макулдашууну сунуштайт. Убакыт чектери ийкемдүү болууга тийиш.
5. Негизсиз жана пландык эмес текшерүүлөрдү кыскартуу
Азыркы учурда мамлекеттик контролдоо органдарынын пландалбаган текшерүүлөрүнүн негизги себебинин бири болуп жарандардын кайрылуусу саналат. Мыйзамдарга ылайык, жарандардын кайрылуусу документалдык далилдөө менен болуш керек деген юридикалык талаптар жок.
Чаралар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандар пландалбаган текшерүү жүргүзүүнү өтүнсө, коопсуздук бузулгандыгы жөнүндө зарыл болгон далилдерди берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт.
Мисалы төмөнкүдөй тажрыйба: а) компанияларды негизсиз текшерүүдөн арылтат, б) жарандардын тийиштүү далилдерди көрсөтпөстөн эле, ар бир жагдай боюнча мамлекеттик контролдоо органдарына арыз берүү демилгесин азайтат, ошону менен жеке секторлор тез-тез текшерүүдөн кутулат.
IX. Горизонталдык реформалар
Бизнес-чөйрөнү реформалоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бизнес-чөйрөнү жакшыртуучу төмөнкүдөй горизонталдык реформаларды жайылтат:
- "Бир өкмөт" принциби мамлекеттик органдар жарандарга, ишкерлерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдан алууга мүмкүн болгон документтерди сурабашы керек экенин түшүндүрөт. Азыркы учурда мүмкүн болгон жерге "бирдиктүү терезе" тутуму жайылтылат жана аны реформанын кийинки этабында бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн "бирдиктүү терезе" түзүү мүмкүнчүлүгү каралат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу маанилүү шарт болуп саналат, маалыматтар базасынын бирдиктүү тутуму түзүлөт;
- "Тездетүү үчүн төлөм" принциби мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тез алууга кызыкдар жана тездетилген жол-жоболор үчүн төлөөгө даяр болгондорго арналган. Учурда мындай тутум айрым чөйрөлөрдө колдонулуп келет, атап айтканда паспорт берүүдө, жеке менчигин жана бизнесин каттатууда;
- "Унчукпоо - макулдуктун белгиси" принциби, эгерде, белгиленген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик орган тарабынан жооп жок болсо, анда ал макул деп эсептелет;
- "Алгач ишке ашыруу, андан соң өркүндөтүү" принциби. Реформаны ишке ашыруу учурунда кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, аны оңдоп-түзөөгө жана жакшыртууга мүмкүн болгондой реформа акырындык менен ишке ашырылат;
- "Ченемдик гильотин" принциби. Белгиленген убакыттын ичинде (мисалы бир жылда же алты айда) ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуучу бардык мыйзамдардын актуалдуулугу кайра каралат жана андан ары жокко чыгарылат. Ушундай жол-жоболор аркылуу иштебей турган бардык мыйзамдар автоматтык түрдө жокко чыгарылат жана жеке секторду жөнгө салуу деңгээли төмөндөйт;
- мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо, мындай реформалоо коомчулук тарабынан мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана бизнес чөйрөнүн ишенимин арттырууга мүмкүндүк берет, бул жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата мамлекеттик тендерлерге катышуусуна дем берет;
- визалык режимди андан ары либералдаштыруу, мындай реформа Кыргыз Республикасынын деңгээлинен ИДП калктын жан башына 3 же 4 эсе жогору болгон, социалдык миграция күтүлбөгөн бардык өлкөлөр үчүн визасыз режимди киргизүүнү; Кыргыз Республикасы үчүн өнүккөн жана ишенимдүү болгон өлкөлөрдө (Евросоюз өлкөлөрү, АКШ, Япония ж.б.) узак мөөнөттүк көп жолку визалардын ээси болуп саналган жарандар үчүн визасыз режимди киргизүүнү камтыйт.
2-тиркеме
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| Бөлүк: Соода жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү | |||||
1 | Импортту тариздөө үчүн документтердин санын кыскартуу | Импорттоо документтеринин санын 11ден 4кө чейин кыскартуу: транспорттук коштомо кат, коммерциялык инвойс, бажы декларациясы, бажы жыйымдарынын төлөмүн ырастоочу документ | 2015-2017-жылдар | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Импортту тариздөө үчүн документтердин санын кыскартуу соода алакасын жүргүзүүдө зарыл болгон убакытты жана чыгымдарды кыскартат, Кыргыз Республикасынын талаптарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирет | МБК, ЭМ |
2 | Экспортко сатуудан салыкты алып таштоо | Кыйыр салыктарды, анын ичинде КНС жана сатуудан түшкөн салыкты оптималдаштыруу. Экспортко сатуудан салыкты алып таштоо | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Экспортко сатуудан салыкты алып таштоо экспорттук жол-жоболорго болгон наркты төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт | ЭМ, ФМ, МСК |
3 | Бажылык контролдоо тутумун оптималдаштыруу | Бажылык контролдоо үчүн товарларды иштеп чыгуунун үч тибин акырындык менен киргизүү: - "жашыл" коридор (текшерүүсүз); - "сары" коридор (документтик текшерүү); - "кызыл" коридор (физикалык жана документалдык текшерүү). Алдын ала бажылык декларациялоону киргизүү. Ишенимдүү компаниялар үчүн импортерлордун "Ак тизмесин" (Golden list) жүргүзүү | 2015-2017-жылдары | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Тобокелдиктин негизинде бажылык контролдоонун заманбап тутумун киргизүү күтүү убакытын кыйла кыскартат жана бажы жол-жоболорун алдыңкы эл аралык тажрыйбага шайкеш келтирет | ЭМ, МБК |
4 | Бажылык өткөрүү пункттарынын инфратүзүмүн техникалык модернизациялоо | Акырындык менен материалдык-техникалык базаны, анын ичинде бажы терминалдарындагы инфратүзүмдү жана бажылык декларациялоо үчүн электрондук тутумдарды жаңылоо жана аларды ЕАЭСтин мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү | 2015-2017-жылдар | КРнын бюджети, Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусунун алкагында техникалык жардам | Бажыдагы заманбап инфратүзүм бажылык тариздөө жол-жоболорун тез жүргүзүүгө өбөлгө түзөт жана күтүү убактысын кыскартат | ЭМ, МБК |
5 | Бажылык өткөрүү пункттарынын күнү-түнү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо | Иш режимин регламенттөөчү ички укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чек араны кесип өтүүчү негизги бажы пункттарында (ЧКБП) күнү-түнү жана үзгүлтүксүз иш жүргүзүү мүмкүндүгүн караштыруу жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндөгү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Чек араларды кесип өтүүчү негизги бажылык пункттарда (ЧКБП) ишти үзгүлтүксүз жүргүзүү күтүү убактысын кыйла кыскартат жана бажы кызматынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат | МБК |
6 | Келип чыгышы жөнүндө сертификат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү | Экспортерлор үчүн өз алдынча декларациялоо тутумун киргизүү. Келип чыгуу сертификатын берүү үчүн экспертизалоонун милдеттүү актысын алып таштоо | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Сертификат алуу үчүн зарыл болгон документтердин санын кыскартуу экспортерлор короткон убакытты жана чыгымдарды кыскартат, бул экспорттун илгерилөөсүнө өбөлгө түзөт | ЭМ, СӨП (макулдашуу боюнча) |
| Бөлүк: Салыктык башкарууну оптималдаштыруу | |||||
7 | Төлөө мезгилдүүлүгүн кыскартуу | Киреше салыгынан тышкары, көбүнчө түз салыктар боюнча кварталдык төлөмдөрдөн жылдык төлөмдөргө өтүү. Мүлк салыгын жана жер салыгын бир салыкка бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | 2016-жылдын январы | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Төлөмдөргө байланыштуу чыгымдарды жана убакытты кыскартуу | МСК |
8 | Салык отчетун берүүнүн мезгилдүүлүгүн кыскартуу | Түз салыктар үчүн жылдык отчет жана кыйыр салыктар үчүн квартал сайын отчет берүүгө өтүү. Салык отчетунун формасын жөнөкөйлөштүрүү | 2016-жылдын январы | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Салык отчетун берүүгө байланыштуу чыгымдарды жана убакытты кыскартуу | МСК |
9 | Салык төлөмдөрүн жана салык отчетун берүүнү автоматташтыруу | Салыктар декларацияланышы жана электрондук түрдө түздөн-түз салык органына төлөнүшү үчүн электрондук тутумду киргизүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Салык отчетун берүүгө жана төлөмдөргө байланыштуу чыгымдарды жана убакытты кыскартуу | МСК |
10 | Тобокелдиктердин негизинде салыктык текшерүү тутумун киргизүү | Тобокелдиктердин негизинде салыктык текшерүү тутумун киргизүүнү аягына чыгаруу. Тобокелдик даражалары боюнча компанияларды так аныктоо үчүн тобокелдиктин айкын критерийлерин киргизүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Салыктык текшерүүлөрдүн тажрыйбасын ишке ашырууну жакшыртуу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана бизнес коомдоштугу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү | МСК |
11 | МСКдан башка органдарга милдеттүү түрдө отчет берүүнү жоюу | Бардык түрдөгү милдеттүү отчетторду социалдык чегерүүлөр тармагында МСКга берилүүчу салыктык отчетко бириктирүүнү карап чыгуу. Мамлекеттик органдардын реестрлери менен маалыматтык өз ара аракеттенүү максаттары үчүн биргелешкен программалык продукттарды иштеп чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Милдеттүү түрдө отчет берүүгө байланыштуу чыгымдарды жана убакытты кыскартуу | МСК, Соцфонд, УСК (макулдашуу боюнча) |
12 | Социалдык чегерүүлөрдүн тутумун жакшыртуу | Социалдык чегерүүлөрдү топтоо боюнча функцияны салык кызматына өткөрүп берүү. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун пайдасына милдеттүү түрдөгү жыйымдарды (0,25%) жоюу. Бирдиктүү киреше салыгын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Социалдык чегерүүлөрдү төлөө менен байланышкан чыгымдарды жана убакытты кыскартуу | ЭМ, ФМ, МСК, Соцфонд |
13 | Инвестициялык жеңилдиктерди берүүнү тутумдаштыруу | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине: а) берилген жеңилдиктер жөнүндө; б) жеңилдиктерди берүүдөгү баш тартуулар жөнүндө; в) жеңилдиктерди алган инвесторлор жөнүндө; г) жеңилдиктерди берүүдө республикалык бюджеттен эсептелген чыгымдар жөнүндө маалыматтарды топтоого жана белгилөөгө, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине аларды үзгүлтүксүз негизде жиберүүгө ыйгарым укук берүү. | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор |
|
| Айкын эрежелердин негизинде инвестициялык жеңилдиктерди берүү боюнча жол-жоболорду иштеп чыгуу, жеңилдиктерди түздөн-түз берүүгө жооптуу мамлекеттик органдарда субъективизмдин жоктугу менен | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Так аныкталган жана объективдүү критерийлерде негизделген жол-жоболор инвесторлордун ишенимин көбүрөөк арттырат жана жеңил башкарылат |
|
| Бөлүк: Эмгек мыйзамын реформалоо | |||||
14 | Иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын кызыкчылыктарынын балансын камсыздоо | Жеке инвесторлор үчүн жагымдуу болгон эмгек мыйзамын өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө, мында укуктук деңгээлде негизги принциптер гана белгиленет | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Өлкөнүн инвестициялык жактан жагымдуу болуусун жакшыртуу. Иш берүүчү менен жумушчунун кызыкчылыктарынын тең салмакта болуусу | ЭМЖМ, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясы (макулдашуу боюнча) |
15 | Жумуштун бардык түрлөрүнө мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүгө уруксат берүү | Жумуштун бардык түрлөрүнө мөөнөттүү эмгек келишими боюнча жумушка алууну кароочу эмгек мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Иш менен камсыз кылуу рыногу ийкемдүүрөөк болот жана иш берүүчүлөр жумушчуларды расмий түрдө ишке алуусуна түрткү болот, бул өз учурунда көмүскө экономиканын кыскаруусуна алып келет | ЭМЖМ, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясы (макулдашуу боюнча) |
16 | Мөөнөттөн ашыкча жумуш үчүн төлөмдөрдүн, бошоо жөлөкпулунун ченемин төмөндөтүү | Эмгек мыйзамына дем алыш күндөрү, түндө иштегени үчүн жана мөөнөттөн ашык жумуш үчүн төлөм ставкалары, фиксациясыз, ченемден жогору баа боюнча келишимдик негизде төлөнүп берилиши боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү. Эмгек мыйзамына бошонуу жөлөкпулунун минималдык суммасын бир айга чейин, көп учурда иш берүүчүнүн чечими боюнча бошотуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Иш менен камсыз кылуу рыногу ийкемдүүрөөк болот жана иш берүүчүлөр жумушчуларды расмий түрдө ишке алуусуна түрткү болот, бул өз учурунда көмүскө экономиканын кыскаруусуна алып келет | ЭМЖМ, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясы (макулдашуу боюнча) |
17 | Иштен бошотууну профсоюз же жумушчулар ассоциациясы менен милдеттүү түрдө макулдашууну алып салуу | Эмгек мыйзамына иштен бошотууну профсоюз же жумушчулар ассоциациясы менен макулдашууну алып салуу тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Иш менен камсыз кылуу рыногу ийкемдүүрөөк болот жана иш берүүчүлөр жумушчуларды расмий түрдө ишке алуусуна түрткү болот, бул өз учурунда көмүскө экономиканын кыскаруусуна алып келет | ЭМЖМ, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясы (макулдашуу боюнча) |
18 | Жумушка алуудан баш тартууда негиздемени көрсөтүү боюнча талаптарды алып салуу | Эмгек мыйзамдарынын ишке орноштуруу боюнча бюрого милдеттүү түрдө билдирме берүү жана жумушка алуудан баш тартууну негиздөө талаптары жаатындагы колдонулбаган ченемдерин карап чыгуу | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Иш менен камсыз кылуу рыногу ийкемдүүрөөк болот жана иш берүүчүлөр жумушчуларды расмий түрдө ишке алуусуна түрткү болот, бул өз учурунда көмүскө экономиканын кыскаруусуна алып келет | ЭМЖМ, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясы (макулдашуу боюнча) |
| Бөлүк: Монополияга каршы мыйзамды реформалоо | |||||
19 | Монополияга каршы мыйзамдагы кенемтелерди жана так эмес аныктамаларды жоюу | Рынокту, атаандаштыкты жана монополисттик ишти жөнгө салуучу мыйзамдардын базасында бир мыйзамды иштеп чыгуу. Мыйзамга негизги терминдердин так аныктамаларын киргизүү. Бааларды жөнгө салууну жана үстөмдүк кылуучу абалды аныктоону бири-биринен бөлүү | 2016-2017-жылдары | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Мамлекеттик кийлигишүү минималдаштырылган рынокто мыйзамды жөнгө салуучу кыска жана так мыйзам инвесторлор үчүн кыйла жагымдуу болот | ЭМ |
20 | Туура эмес чечмелөө жана коррупция тобокелдигинин алдын алуучу жана оңой белгиленүүчү ачык-айкын критерийлерди колдонуу аркылуу рынокто үстөмдүк кылуучу жоболорду так аныктоо | Үстөмдүк кылуучу абалга так аныктама киргизүү, компанияларды үстөмдүк кылуучу катары классификациялоодо ачык-айкын критерийлердин чектелүү саны колдонулат, тактап айтканда: а) мыйзам менен аныкталуучу рыноктогу үлүш; б) рыноктогу агенттин позициясына жана чечимдерине, потенциалдуу атаандаштарга, жеткирүүчүлөргө жана товар сатып алуучуларга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн алып салуу. Жалпы үстөмдүк кылуучу критерийди жоюу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Компания үстөмдүк кылуучу компаниянын категориясына кабылбастан, эркин атаандаштык принциптеринин негизинде өнүгүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт, мына ушинтип мамлекеттик контролдоону жогорулатпаса болот | ЭМ |
21 | "Үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу" термининин аныктамасы | Үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу критерийи аныктоочу атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдын тиешелүү беренелерин карап чыгуу жана ашыкча критерийлерди жана шарттарды жоюу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жеке ишкерди абалынан кыянаттык менен колдонду деп күнөөлөгөн кырдаалды болтурбаш үчүн мыйзам базасын жакшыртуу | ЭМ |
22 | Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин функциясын рационалдаштыруу | Функцияларын оптималдаштыруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин иши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Ишканалардын ишине негизсиз кийлигишүүнү кыскартуу | ЭМ |
23 | Коммуналдык жана табигый монополиялардын субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга коюлуучу баалардан тышкары бааларды жөнгө салууну жоюу | Бааларды жөнгө салууну акырындык менен жоюу үчүн (электрдик жана жылуулук энергиясы, суу, газ ж.б. сыяктуу айрым кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары) табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Бааларды жөнгө салуунун бардык түрлөрү үчүн, анын ичинде башкаруу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн рентабелдүүлүккө болгон талаптарды алып салуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Мамлекеттик кийлигишүү минималдаштырылган рынокто мыйзамды жөнгө салуучу кыска жана так мыйзам инвесторлор үчүн кыйла жагымдуу болот | ЭМ |
24 | Инфратүзүмгө кошулуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | Инженердик коммуникацияларга (электр жана жылуулук энергиясы, газ, суу, канализация) кошулуунун жөнөкөйлөтүлгөн жана ачык тутумун киргизүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу | ЭӨМ |
| Бөлүк: Продукциялардын коопсуздугун контролдоо тутумун реформалоо | |||||
25 | Тобокелдиктердин негизинде текшерүү тутумдарын так колдонуу | Тобокелдиктин негизинде текшерүү тутумун колдонуу жана алардын тийиштүү түрдө аткарылышына мониторинг жүргүзүү | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Жеке сектор ишканаларынын ишине негизсиз кийлигишүүнү кыскартуу | ЭМ, Ветинспекция, Экотехинспекция |
26 | Ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредиттелген жеке инспекциялар тарабынан текшерүү жүргүзүүнү киргизүү | Продукциялардын коопсуздугун контролдоо тармагында жеке инспекциялар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тажрыйбасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | 2016-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Текшерүү жүргүзүү жаатында атаандаштык чөйрөнү түзүү | ЭМ, Ветинспекция, Экотехинспекция |
27 | Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн контролдоо талаптарын жөнөкөйлөштүрүү | Продукцияларды жергиликтүү рынокко гана чыгаруучу жана продукцияларды салттуу технологиялар боюнча өндүрүүчү айрым компаниялар үчүн коопсуздуктун жөнөкөйлөштүрүлгөн мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Жеке сектордун ишканаларынын ишине негизсиз кийлигишүүнү кыскартуу | ЭМ, Ветинспекция, Экотехинспекция |
28 | Текшерүү жүргүзүүнүн "достук" эрежелерин киргизүү | Элге жеткиликтүү жана бизнес-коомчулугуна белгилүү болууга тийиш болгон текшерүү барактарын так колдонуу. Инспектор жана ишкердин ортосунда талапка ылайык келбестиктерди ыктыярдуу түрдө жоюу мөөнөтүн милдеттүү түрдө макулдашуу. Убакыт алкагы ийкемдүү болушу керек жана алгылыктуу мөөнөттөр инспектор жана компания тарабынан аныкталышы керек | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Коррупцияны кыскартуу үчүн өбөлгөлөрдү кыскартуу, текшерүүлөрдүн талаптарына шайкеш келбестиктерди жоюуда текшерүүчү жактын жана ишкердин кызыкчылыгы | ЭМ, Ветинспекция, Экотехинспекция |
29 | Пландалбаган жана негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу | Жарандар коопсуздук бузулгандыгы жөнүндө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнү суранганда, зарыл болгон далилдерди берүүнүн юридикалык талаптарын киргизүүнү карап чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Компанияларды негизсиз текшерүүнү кыскартуу. Жарандардын негиздүү далилдерди бербестен инспекциялык органдарга ылайык келген ар бир учурда эле арыз берүү демилгесин төмөндөтүү, муну менен жеке секторду бат-бат текшерүүдөн бошотуу | ЭМ, Ветинспекция, Экотехинспекция |
30 | Ишкерлер менен кайра байланыш механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Текшерүүлөрдун багыты боюнча программалык камсыздоо модулун даярдоо (программа ишкерлерге Экономика министрлигинин "Проверка.kg" атайын сайтын колдонуу менен текшерүүчү органдарга карата даттанууларын электрондук форматта жиберүүгө мүмкүнчүлүк берет) | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Даттануулардын электрондук форматы ишкерлердин укугунун бузулушуна тез аракет көрүүгө мүмкүнчүлүк берет | ЭМ |
31 | ЕАЭСтин алкагында көзөмөлдөөнүн бирдиктүү эрежелерин жана принциптерин камсыз кылуу боюнча республиканын милдеттенмелерин эсепке алуу менен республиканын рыногуна жүгүртүүгө чыгарылган продукциялардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү боюнча ченемдик укуктук базаны жакшыртуу | Рынокто жүгүртүүгө чыгарылган продукцияга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруучу укуктук негиздерди аныктай турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Рынокто жүгүртүлүп жаткан продукциянын коопсуздугун камсыздоо, ЕАЭСтин алкагында республиканын милдеттенмелерин эсепке алуу менен рынокто жүгүртүлүп жаткан продукцияларды жана ошондой эле ишкердик субъекттерди текшерүүгө бирдей мамилени камсыз кылуу | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор |
32 | Тамак-аш азыктарынын милдеттүү түрдөгү коопсуздук талаптарын сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүүгө бирдиктүү жана комплекстүү мамилени камсыз кылуучу мыйзам базасын түзүү | Тобокелдикти баалоо мамилесине негизделген тамак-аш коопсуздугу жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү тизмегин иштетүүнүн укуктук негиздерин камсыз кылуучу Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Республикада өндүрүлгөн азык-түлүк продукцияларынын ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн рыногуна чыгарууну жөнөкөйлөштүрүү, республиканын рыногуна жүгүртүүгө чыгарылган продукциялардын коопсуздугун камсыз кылуу | ЭМ, министрликтер жана ведомстволор |
| Бөлүк: Горизонталдык реформалар | |||||
33 | "Бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн "бирдиктүү терезени" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү. Мамлекеттик органдар мамлекеттик башка органдар бере ала турган документти талап кылбоосу зарыл | Министрликтер жана ведомстволор |
34 | "Тездетүү үчүн төлөө" принциби | Мүмкүн болгон бардык жерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча тездетилген жол-жоболор үчүн төлөм тутумун киргизүү | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн күтүү убактысын кыскартуу | Министрликтер жана ведомстволор |
35 | "Унчукпоо - макулдуктун белгиси" принциби | "Унчукпоо - макулдуктун белгиси" принцибин иш жүзүндө киргизүү | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн күтүү убактысын кыскартуу | Министрликтер жана ведомстволор |
36 | Бизнести жөнгө салуу боюнча мыйзамдарга сереп салуу жана ченемдик гильотин | Ишкердикти жөнгө салуу үчүн ченемдик укуктук актыларды колдонуу боюнча сунуш киргизүү жана берилген убакыт аралыгында ченемдик укуктук базаны карап чыгуу | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу | Министрликтер жана ведомстволор |
37 | Мамлекеттик сатып алуулардын тутумун реформалоо | Электрондук сатып алуулардын бирдиктүү тутумун түзүүнү акырына чыгаруу | 2015-жылдын июну | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Бизнес-коомчулугу тарабынан мамлекеттик сатып алуулар тармагында ачыктыкты жана ишенимди жогорулатуу | Министрликтер жана ведомстволор |
38 | Визалык режимди андан-ары либералдаштыруу | Визалык режимди андан-ары либералдаштыруу боюнча сунуш киргизүү жана карап чыгуу. ИДПсы калктын жан башына 3 же 4 эсеге Кыргыз Республикасынын деңгээлинен жогору болгон бардык өлкөлөр үчүн визасыз режим киргизүү. Өнүккөн өлкөлөрдүн (ЕС өлкөлөрүнө, АКШга, Японияга ж.б.) узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон жарандар үчүн визасыз режимди киргизүү | 2015-жылдын декабры | Бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт | Инвестициялык жактан жагымдуулукту жакшыртуу | Министрликтер жана ведомстволор |