Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-марты № 136
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аскер кызматкерлерине, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын жазык-аткаруу системасынын, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдарынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Окуу формасына карабастан жарандык жогорку же орто кесиптик окуу жайларын бүтүргөндөн кийин жазык аткаруу системасынын уюмдарына кызмат өтөөгө кирген жана катардагы же жетекчилик курамдагы кызматтарга орношкон аталган курамдагы адамдарга жана кызматкерлерге эсептелүүчү иштеген жылдарына кызмат өтөөгө киришкенге чейин жарандык жогорку же орто кесиптик окуу жайларында алардын беш жылга чейинки окуган мезгили (бирок 17 жаш курагынан эрте эмес) "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык окуу жайында окуган бир жылы кызмат өтөөнүн бир жылына барабар эсебинде кошулат.";
бешинчи абзацтагы "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункттун "г" пунктчасында:
он биринчи жана он жетинчи абзацтардагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырма тогузунчу абзац "жазык-аткаруу борбордук органында - 2003-жылдын 12-августунан" деген сөздөрдөн кийин ", жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик органынын аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскер кызматчыларынан тышкары) - 2013-жылдын 8-июнунан" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункттун "б" пунктчасынын экинчи абзацындагы "юстиция министринин" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын жетекчисинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункттун биринчи жана экинчи абзацтарындагы, 20-пункттун алтынчы абзацындагы, 22-пункттун биринчи абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |