Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 06-марты № 100
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагынын, Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын жана Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын аймагында жайгашкан жер участокторун которуу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 163, 2016-жылдын 27-сентябры № 513 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20 жана 25-беренелерине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 13-июнундагы № 116-б, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 20-июнундагы № 164-б жер участокторун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү буйруктарын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагында жайгашкан аянты 19,09 га жер участогу «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына 1-тиркемеге ылайык которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл аймагынын жана Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын аймагында жайгашкан аянты 39,56 га жер участогу «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына 2-тиркемеге ылайык которулсун.
3. Ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында аталган жер участоктору Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
31. Ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жерлерден жер участоктору төмөнкүлөргө берилсин:
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына – аянты 36,98 га жер мөөнөтсүз пайдаланууга;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына – аянты 2,58 га жер менчикке.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябры № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына ушул токтомдун 31-пунктунда көрсөтүлгөн аймактын бардыгын кайтаруу сунушталсын.
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттиги, 2013-жылдын 26-июнундагы № 104 “2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана 2009-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлган, мурдагы транзиттик ташуулар борборунун ижарадагы жерлеринин корулган бөлүктөрүндө жайгашкан Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын жерлерин мөөнөтсүз жана мөөнөттүү пайдаланууга бербесин.”.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте укукту ырастоочу документтерди берүүнү камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулуучу жер участоктор
№ | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл аймагы | Которулуучу жерлердин жалпы аянты, га | Анын ичинде жерлердин түрлөрү боюнча | |
Кайрак айдоо
| Токой | |||
1 | Контур № 126 | 15,89 | 15,89 | - |
2 | Контур № 42 | 3,2 | - | 3,2 |
Бардыгы |
19,09 |
15,89 |
3,2 | |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл аймагынын жана Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасынын аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» жана «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулуучу жер участоктор
№ |
Чүй облусунун Сокулук району | Которулуучу жерлердин жалпы аянты, га | Анын ичинде жерлердин түрлөрү боюнча | ||
Чарбак
| Жайыт | Токой | |||
1 | Ново-Павловка айыл аймагы | 21,79 | 2,1 | 0,7 | 18,99 |
2 | Фрунзе механикалаштырылган токой чарбасы |
17,77 |
- |
- |
17,77 |
Бардыгы |
39,56 |
2,1 |
0,7 |
36,76 | |