Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТYНYН
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-марты № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун механизмин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
аталышындагы жана 1-пункттагы "табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин" деген сөздөр "мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин" деген сөздөр "мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктунун биринчи абзацындагы "Бул" деген сөздөн кийинки "табигый жана уруксат берилген монополиялардын" деген сөздөр "мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакциядагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) киреше - товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатканда материалдык чыгымдарды чыгарып салгандан кийинки түшкөн акча.";
- 6-пункттагы "жана анын аймактык органдарына (мындан ары - мамлекеттик монополияга каршы орган)" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктта:
2-пунктча "жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн мүнөздөмөсү" деген сөздөрдөн мурда "товардын," деген сөз менен толукталсын;
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
10-пунктчадагы "коштомо кагаздар" деген сөздөр "эсеп-фактуралар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө зарылдыгына карай, баалардын (тарифтердин) жана рентабелдүүлүктүн деңгээлин тактоо жана аныктоо үчүн зарыл болгон, анын ичинде финансылык маалыматтар жана башка документтер кошумча талап кылынышы мүмкүн.
Кошумча маалыматтарды жана документтерди берүүнүн мөөнөтү катты алган күндөн тартып 10 иш күндөн ашпоосу керек";
- 13-пунктта:
"1 жылдан ашпайт" деген сөздөрдөн мурда "баалары (тарифтери) алгачкы жолу белгиленип (макулдашылып) жаткан товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик монополияга каршы орган юридикалык жана жеке жактардын кайрылуусу, даттануусу, арыздары болгон учурда, ошондой эле субъекттердин Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузушканы байкалганда ушул Жобого ылайык жөнгө салынуучу товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) өзгөртүүнү демилгелөө укугуна ээ.";
- 4-бөлүмдүн аталышындагы "табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин" деген сөздөр "мамлекет тарабынан жөнгө салынган чарбакер субъекттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пунктта:
7-пунктчанын он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- консультациялык жана маалыматтык кызматтарга акы төлөөлөр, анын ичинде тендердик документтерди сатуудан алынган каражатты эсептен чыгаруу менен тендер өткөрүү чыгымдары. Иштин жөнгө салынуучу түрү менен байланышпаган консультациялык (аудитордук) кызматтарга акы (финансылык иштин жыйынтыгы боюнча) пайданын эсебинен төлөнөт;";
8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) амортизациялык чегерүүлөр баланстык наркка жана бекитилген ченемдерге же эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдүн суммасын чагылдырат.
Эскертүү: амортизация төмөнкүлөр боюнча эсептелет, алар:
- экономикалык пайда алуу болжолдонгон убакыт мезгили;
- өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) саны.
Негизги фонддорго кайрадан баалоо жүргүзүү жана тездетилген амортизация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Негизги каражаттардын объектин сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар сатып алуу баасын, анын ичинде импорттук алымдарды жана сатып алуудагы орду толтурулбас салыктарды, ошондой эле багыты боюнча пайдалануу үчүн активди иш абалына келтирүү боюнча ар кандай тике чыгымдарды камтыйт; ар кандай соода арзандатуулары сатык баасын аныктоодо эсептен чыгарылат. Тике чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
- аянтты даярдоо чыгымдары;
- жеткирүүгө жана түшүрүүгө кеткен баштапкы чыгымдар;
- орнотууга жана башка жөндөө-иштетүү жумуштарына чыгымдар;
- архитекторлордун жана инженерлердин жумушу сыяктуу кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы;
- демонтаждын болжолдуу наркы;";
9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) жалпы чарбалык чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- заводдун башка жалпы кызматкерлерин кармоого чыгымдар;
- салыктар (орду толтурулбас);
-жыйымдар;
- төлөмдөр (камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү менен кошо);
- фонддорго (резервдерге) чегерүүлөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүүчү башка милдеттүү чегерүүлөр;
- булгоочу заттарды чыгаргандыгы (төккөндүгү) үчүн төлөмдөр;
- ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар үчүн акылар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген (негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу менен байланышкан кредиттерден тышкаркы) коюмдардын чегинде банктардын кредиттери боюнча төлөмдөр жана товардык-материалдык баалуулуктарды (башка ишканалар тарабынан жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрү) сатып алуу үчүн товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн) кредиттери боюнча пайыздарды төлөөгө чыгымдар;
- продукцияны сертификаттоо боюнча жумуштарга акы төлөө;
- командировкалык чыгымдар;
- кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдөгү чыгымдар;
- кызматкерлерди уюшкандыкта алууга чыгымдар;
- негизги өндүрүштүк фонддорду (же алардын айрым бөлүктөрүн) ижаралоо акысы;
- жалпы заводдук лабораторияларда кармоого чыгымдар;
- негизги каражаттарды оңдоого пландаштырылган чыгымдар;
- өндүрүштү кеңейтүү (модернизациялоо, реконструкциялоо) үчүн тажрыйбалык иштетүү үчүн жабдууну сатып алууга жана орнотууга (монтаждоого) алынган кредит (ссуда) үчүн пайыздар;";
13-пунктча төмөнкүдөй редакциядагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- чийки заттардын, материалдардын, күйүүчү майдын, электр энергиясынын ченемдик (техникалык) коромжулуктары ж.б.";
- 16-пункттагы "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин" деген сөздөр "Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүмдүн аталышындагы "табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин" деген сөздөр "мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктта:
2-пунктча "рентабелдүүлүктүн" деген сөздөн кийин "же соода үстөгүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Бааларга (тарифтерге) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кошумча бааны колдонуу;";
6-пунктчадагы "чегерилген" деген сөз "түшкөн" деген сөз менен алмаштырылсын;
7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркына бекитилген же акыркы 2 жылдагы иш жүзүндөгү ченемдерден ашкан чыгымдарды кошуу;";
9-пунктчадагы "төмөндөтүү" деген сөз "ашыра көтөрүү (төмөндөтүү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пунктчадагы "ушул Жободо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12-пунктча "(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн)" деген сөздөрдөн кийин "жана жалпы бөлөк ишмердиктин" деген сөздөр менен толукталсын;
13-пунктча "тендер формасында" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кабыл алынган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй редакциядагы 14-пунктча менен толукталсын:
"14) чыгымдардын беренелерин ченемдик техникалык коромжулуктардын чегинен жогору ашыруу.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ушул Жобону бузуунун натыйжасында алынган киреше отуз күндүк мөөнөттө республикалык бюджетке которулууга тийиш. Көрсөтүлгөн суммалар өз убагында чегерилбеген учурда кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,5 пайыз үстөк алынат.
Көрсөтүлгөн суммаларды чегерүү жана үстөк алуу боюнча жоопкерчилик монополияга каршы мамлекеттик органдын жетекчилигине жүктөлөт.";
- 22-24-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Бул Жобону бузуунун натыйжасында алынган сумманы аныктоо мүмкүн болбогон учурда эреже бузуу мезгилиндеги айлык орточо кирешенин суммасынын 25 пайызы монополияга каршы мамлекеттик органдын чечими боюнча алынууга тийиш.
23. Бааларды (тарифтерди) белгилөөгө (макулдашууга) материалдарды бербегендик үчүн Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы тиешелүү көрсөтмө берет. Көрсөтмөдө айтылган талаптар убагында аткарылбаган учурда айлык орточо кирешенин суммасынын 5 пайызы мамлекеттик монополияга каршы органдын чечими боюнча алынууга тийиш.
24. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ушул Жобону бузуунун натыйжасында алынган кирешени кириштөө жөнүндө чечиминин үстүнөн жогору турган органга же сотко даттанууга болот.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |