Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 158
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2015-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2015-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2015-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укуктарынан ажыраган эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
- маалымдоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурсун;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары, аскер комиссариаттарына жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууну уюштурууда көмөк көрсөтүшсүн жана чакыруу комиссияларынын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын төмөнкүлөр:
- жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медикаменттер, шаймандар, медициналык жана чарбалык мүлк, автоунаа, байланыш каражаттары;
- зарыл сандагы техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персоналдын адамдары менен камсыздашсын.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын арыздарын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча райондук (шаардык) чакыруу пункттарында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөөр алдында, аларды контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы жана Талас шаарларындагы жыйноо пункттарын адис дарыгерлер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттуулугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү жарандарынын, аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү суроолору чечилмейинче, Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектесин.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 3-апрелинде N 27 жарыяланды
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
Керималиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын (чакыруу) начальниги, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сатыбалдыев Э.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын адиси; |
Мамытов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын аскердик мобилизация иштерин уюштуруу жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн инспектору; |
Абакиров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Калмурзаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Мураталиев Б.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Жапар уулу Асылбек | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Эдилбаев С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Барпиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын офицери; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары башкы башкармалыгынын (чакыруу) бөлүмүнүн башкы адиси, улук врач (Республикалык жыйноо пункту); |
Матазов Б.А. | - | Ош облустук бириккен ооруканасынын врач-урологу (Ош облустук жыйноо пункту); |
Сатарова Н.А. | - | Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын врач-терапевти, кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Миталипов К.К. | - | Кадамжай шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун маалымат бөлүмүнүн бөлүмчөсүнүн башчысы (Кадамжай райондук жыйноо пункту); |
Шорокова Т.О. | - | Баткен облустук бириккен ооруканасынын врач-эндокринологу (Баткен облустук жыйноо пункту); |
Ташматова Г.Б. | - | Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти, өспүрүмдөр врачы (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-терапевти, өспүрүмдөр врачы (Талас облустук жыйноо пункту); |
Абдраимова Н. | - | Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары, врач-терапевт (Талас облустук жыйноо пункту). |