Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 171
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү максатында, "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын тарифтери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун суммаларынын минимум өлчөмдөрү жана камсыздандыруу акысынын ТАРИФТЕРИ
Кооптуулуктун классы | Камсыздандыруу суммаларынын минимум өлчөмдөрү, сом менен | |||||||
Жүк ташуучу транспорт каражаты | ||||||||
2,5 тоннага чейин | 5 тоннага чейин | 7,5 тоннага чейин | 10 тоннага чейин | 12,5 тоннага чейин | 15 тоннага чейин | 20 тоннага чейин | 20 тоннадан жогору | |
1-класс - жарылгыч заттар | 1500000 | 300000 | 5500000 | 800000 | 10500000 | 13000000 | 17000000 | 20000000 |
2-класс - басым менен кысылган, суюлтулган жана эритилген | 500000ден баштап 1000000го чейин болот | 1000000дон баштап 2000000го чейин болот | 1750000ден баштап 3500000ге чейин болот | 3250000ден баштап 5000000 чейин болот | 3250000ден баштап 6500000ге чейин болот | 4000000дон баштап 8000000го чейин болот | 5000000дон баштап 10000000го чейин болот | 6000000дон баштап 12000000го чейин болот |
3-класс - тез күйүүчү суюктуктар | 500000ден 10000000го чейин | 1000000дон 2000000го чейин | 1750000ден 3500000ге чейин | 2500000ден 5000000го чейин | 3250000ден 6500000ге чейин | 4000000дон 8000000го чейин | 5000000дон 10000000го чейин | 6000000дон 12000000го чейин |
4-класс - тез күйүүчү заттар жана материалдар | 1500000 | 3000000 | 5500000 | 8000000 | 10500000 | 1300000 | 17000000 | 2000000 |
5-класс - кычкылдануучу заттар жана органикалык кычкылдар | 1500000 | 300000 | 500000 | 700000 | 900000 | 1100000 | 1300000 | 1600000 |
6-класс - уу заттар | 1500000 | 300000 | 5500000 | 800000 | 10500000 | 1300000 | 1700000 | 2000000 |
7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялуу заттар | 2000000 | 400000 | 700000 | 1000000 | 1300000 | 1600000 | 2000000 | 24000000 |
8-класс - жегич жана коррозиялык заттар | 1500000 | 300000 | 500000 | 700000 | 9000000 | 1100000 | 130000 | 1600000 |
9-класс - коркунучтуу башка заттар | 150000 | 300000 | 500000 | 700000 | 900000 | 1100000 | 1300000 | 1600000 |
Камсыздандыруу келишимин он эки айдан азыраак мөөнөткө түзүүдө камсыздандыруу сыйлыктарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленет:
№ | Камсыздандыруу мөөнөтү | Камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмү (жылдык камсыздандыруу сыйлыгынын проценттеринде) |
1 | 15 күнгө чейинкини кошо алганда | 10 |
2 | 1 айга | 20 |
3 | 2 айга | 30 |
4 | 3 м | 40 |
5 | 4 м | 50 |
6 | 5 айга | 60 |
7 | 6 айга | 70 |
8 | 7 айга | 75 |
9 | 8 айга | 80 |
10 | 9 айга | 85 |
11 | 10 айга | 90 |
12 | 11 айга | 95 |
13 | 12 айга | 100 |
".