Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-апрели № 191
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.А.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 191 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.А.Абдиев, Г.А.Скирипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары аныкталат. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитилген кандайдыр бир ченемдер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келе тургандыгын белгилей кетүү керек.
Мисалы, белгиленип өткөн конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына жараша функцияларды ишке ашырууну министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүндө сот өндүрүшүндөгү кылмыш иштери чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын бекиткен минималдуу эмгек акынын 12 эсе өлчөмүнөн жылдык кирешеси ашпаган шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабыр тарткандарга бериле тургандыгын белгилөө сунушталган.
Ошону менен бирге эле "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык минималдуу эмгек акынын өлчөмү, аны эмгекке жарамдуу адамдын жашоо-тиричилик минимумунун чегине акырындап жогорулатуу принцибине жараша Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында белгилене тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Мындан тышкары квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укук берүүчү жылдык кирешенин жогоруда аталган өлчөмү өтө төмөн. Ошону менен бирге эле жылдык кирешеси эмгек акынын минималдуу 12 өлчөмүнөн ашкан жарандарда квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөй албоо коркунучу бар.
Буга байланыштуу, ошондой эле ар бир адамдын квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу экендигин белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 3-бөлүгүнүн жобосун ишке ашыруу максатында сунушталып жаткан квалификациялуу, юридикалык жардам алууга укук берүүчү жылдык кирешенин чектелген өлчөмүн минималдуу эмгек акынын өлчөмүн 20 эселик өлчөмгө чейин көбөйтүүнү жана Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда бюджеттик каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча иш-чараларды каржылоого жыл сайын бюджеттик каражат каралат. 2014-жылы бекитилген план боюнча адвокаттык ишке каржылоого - 7035,0 миң сом, такталган план боюнча - 10552,5 миң сом каралган, 2015-жылдын 1-январына карата иш жүзүндө 10052,5 миң сом каржыланган. 2015-жылы аталган максаттарга 10069,5 миң сом суммасындагы каражат каралган.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбооруна карата мүмкүн болуучу чыгашаларды баалоонун финансылык-экономикалык корутундусуна ылайык аталган долбоорду кабыл алуу Мыйзамды ишке ашыруунун алгачкы жылында бюджетке кошумча 10247,1 миң сом өлчөмүндө каражат керектелет.
Өз кезегинде "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн бюджеттин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан бекитилген бюджетте каралган алардын чектүү өлчөмдөрүнөн ашпоого тийиш. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар аларды каржылоо боюнча булактар аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Баяндалгандарды, ошондой эле бюджеттин мүмкүнчүлүгүнүн чектүүлүгүн эске алып, чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы келип чыгат. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун каржылоону "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттын чегинде жүргүзүүнү максатка ылайыктуу деп белгилейбиз.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик жана расмий тилдерде каршы түшүнүктөрдүн бар экендигине көңүл бурабыз. Алсак, Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги долбоорунун 17-беренесинде укук коргоо органдарына мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү милдетин бекитүү сунушталат. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги долбоорунун аталган беренесинде чагылдырылган жоболор Мыйзамдын расмий тилдеги долбоорунда жок. Ошону менен бирге укук коргоо органдарындагы адвокаттар үчүн өзүнчө жумушчу кабинеттерди түзүү маселесин Мыйзамдын долбоорунун алкагында бекитүүнү максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз. Ошондуктан Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги долбоорунун 17-беренесин алып салууну сунуштайбыз. Ар кандай окулуулар Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүндө да бар.
Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "салык инспекциясы" деген сөздөрдү "салык органдары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгүндөгү шилтемени Мыйзам долбоорунун 23-беренесинин 1-пунктуна карата тактоону сунуштайбыз, анткени аталган берененин түзүмдүк элементтери болуп бөлүктөр саналат. Ошону менен бирге өз кезегинде Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 1-бөлүгү үч пункттан турганына көңүл бурабыз.
Кошумча белгилеп кетүүчү жагдай "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп таанылууга тийиш. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун корутунду жоболорун колдонуудагы "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануучу кошумча ченемдер менен толуктоону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзүү тапшырмасы берилет.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунда аталган Борбордун укуктук статусун, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ведомстволук же түзүмдүк бөлүм экендиги аныкталбайт. Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин жана ведомстволордун башкаруу схемасын беките тургандыгын маалымдайбыз. Өз кезегинде мамлекеттик органдар өз аппаратынын түзүмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча аныктайт.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мыйзамдын жоболорун ишке ашырууну камсыздоого багытталган тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилгендигин белгилейбиз. Ага ылайык аталган абзацтын жоболору Мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын кошо камтыйт.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.