Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-апрели № 214
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарын жабдуулоо боюнча талаптарды шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ар бир өткөрүү пунктуна ушул Жобонун тиркемесине ылайык өткөрүү пунктунун паспорту түзүлөт";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобого тиркеме |
1 | Жалпы маалыматтар | |
1.1 | өткөрүү пунктунун мамлекетке тиешелүүлүгү |
|
1.2 | чектеш мамлекет |
|
1.3 | чектеш жагындагы өткөрүү пунктунун аталышы |
|
1.4 | өткөрүү пунктун орнотуунун, ачуунун негиздери |
|
1.5 | өткөрүү пунктунун коду |
|
1.6 | өткөрүү пунктунун дареги (иш жүзүндө жайгашкан жери) |
|
1.7 | эксплуатациялоого жооптуу юридикалык жак |
|
1.8 | өткөрүү пунктунун Бажы союзунун сырткы чек арасынан алыстыгы |
|
1.9 | эл аралык каттамдын мүнөзү боюнча классификациясы |
|
1.10 | эл аралык каттамдын түрү боюнча классификациясы |
|
1.11 | иштөө тартиби боюнча классификациясы |
|
1.12 | адамдардын, унаа каражаттарынын жана товарлардын чөйрөсү боюнча классификациясы |
|
1.13 | иштөө режими (иш тартиби) |
|
1.14 | өткөрүү пунктунун адистешүүсү |
|
1.15 | кош коридор технологиялык тутумунун болушу ("кызыл" жана "жашыл" каналдар) |
|
1.16 | долбоордук өткөрүү жөндөмдүүлүгү: |
|
1.17 | унаа каражаттары адамдар товарлар |
|
2 | Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо тутумунун болушу | |
2.1 | паспорттук контролдоо |
|
2.2 | адамдардын денесинин температурасын контактсыз ченөө |
|
2.3 | жол жүгүн жана кол жүгүн кароо (текшерүү) |
|
2.4 | унаа каражатын жана товарларды кароо (текшерүү) |
|
2.5 | жеке кароо бөлмөсүнүн (ЖКБ) болушу |
|
2.6 | автоунаа каражаттарын электрондук эсепке алуу |
|
2.7 | автоунаа каражаттарынын салмак параметрлерин жана габариттик өлчөмдөрүн автоматтык (октук) аныктоо |
|
2.8 | радиациялык контролдоо |
|
2.9 | алып киргенге, алып чыкканга тыюу салынган курал-жарактарды, баңгизаттарды жана башка товарларды аныктоо |
|
2.10 | атайын, телефон, радио жана башка байланыштар |
|
2.11 | теле (көрмө) байкоо жүргүзүү |
|
2.12 | өрт сигнализациясы |
|
2.13 | кайтаруу, кирүүнү контролдоо жана кайтаруу сигнализациясынын инженердик каражаттары |
|
2.14 | интеграцияланган маалыматтык тутум |
|
2.15 | биологиялык калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү |
|
2.16 | унаа каражаттарын тазалоо жана дезинфекциялоо |
|
2.17 | карантиндик продукцияларды зыянсыздандыруу |
|
2.18 | часофикация |
|
2.19 | резервдик азыктандыруу |
|
3 | Өткөрүү пунктунда өз ишин жүргүзгөн уюмдар тууралуу маалыматтар, реквизиттер, байланыш маалыматтары (тел., факс, e-mail, башка маалыматтар) | |
3.1 | мамлекеттик контролдоонун түрлөрү: |
|
3.1.1 | чек аралык |
|
3.1.2 | бажылык |
|
3.1.3 | санитардык-карантиндик |
|
3.1.4 | ветеринардык |
|
3.1.5 | фитосанитардык карантиндик |
|
3.1.6 | унаалык контролдоо |
|
".