Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 64
2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны" бекитүу жөнүyдө" токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программанын алкагында Жалал-Абад облусундагы Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, калкынын жашоосунун деңгээлин жана сапатын көтөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2020-жылдарга Жалал-Абад облусундагы Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылын туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогоруда аталган Программаны сапаттуу жана өз учурунда аткаруу үчүн Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |