Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 235
Кыргыз Республикасында химиялык заттардын
коркунучтуулугун классификациялоонун жана
маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү программасын
жана 2015-2017-жылдары аны ишке ашыруу
боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- 2015-2017-жылдары Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- Программаны жана Иш-чаралардын планын ишке ашырууну жалпы координацияласын;
- жыл сайын, 25-январга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 335-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенилдер бар химиялык заттарды коопсуз башкарууга көмөктөшүү боюнча координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
- Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришсин;
- Программаны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн жана пландалган иштер жөнүндө калкка толук маалыматтарды берүү максатында ведомстволук веб-сайттардын маалыматтуулугун жогорулатууну камсыздашсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
ФАО | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму |
ИДП | Ички дүң продукт |
ДСУ | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму |
Геология агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
Токой агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
Ветинспекция | Кыргыз Республикасынын Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Экотехинс-пекция | Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
ГОСТ | Мамлекеттик стандарт |
БКМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат |
МБК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
КР УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
КР | Кыргыз Республикасы |
КТЛ | Контролдоо-токсикологиялык лаборатория |
МЧКБ | Мамлекеттик чек араларды комплекстүү башкаруу |
ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ТКМ | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
АЧММ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасы жана мелиорация министрлиги |
ЭМЖМ | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЭӨМ | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
УСК | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЧУА | Ченемдик укуктук акт |
ӨЭУ | Өкмөттүк эмес уюмдар |
ҮАЗ | Үстүртөн-активдүү заттар |
ПАК | Полициклдик ароматтык көмүрсуутек |
МЧК | Мүмкүн болгон чектеги концентрациялар |
ПУХЗ | Потенциалдуу уулуу химиялык заттар |
ГМТ | Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутуму |
ТОБ | Туруктуу органикалык булгоочу |
ХЗЭЖСМ | Химиялык заттарды эл аралык жөнгө салуунун стратегиялык мамилеси |
ТКС ИСО/ЭЭК | № 1 ИСО/ЭЭК Бириккен техникалык комитетинин техникалык коопсуздук стандарты (стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ИСО) жана Эл аралык электротехникалык комиссиянын (ЭЭК) бөлүнүшү) |
ЭМ алдындагы СМБ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор |
ЭМ алдындагы КАБ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору |
БС | Бажы союзу |
1-тиркеме
Учурда өлкөдө өндүрүштө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуучу 50дөн ашык объект бар, алардын ичинен 18 өнөр жай объектиси химиялык кооптуу разрядга кирет. Эмгектин зыяндуу жана жагымсыз шарттарында 80 миңден ашык адам иштейт же экономикада алектенгендердин жалпы санынын 3,5%ын түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2013-жылы экономика тармагында иштегендердин жалпы саны 2263 миң адамды түзгөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жумушчуларды ден соолукту коргоо жана химиялык заттарды колдонуу жаатында контролдоо методдоруна окутууну караштырат, алар терс таасир тийгизүү тобокелдигин азайтууга тийиш. Ошону менен бирге химиялык заттардын таасиринин тобокелдиктерин башкаруу практикасы аларды жоюу боюнча эң мыкты чечимдерди колдонууга жетишсиз багытталган. Химиялык заттардын коркунучтуу сапаттары тууралуу маалымдоо чектелген.
Өлкөдө эмгектин жагымдуу жана коопсуз шарттарын камсыздоодо, кесиптик ооруларды азайтууда жумуш берүүчүлөрдүн кызыкдар болуусунун жетишерлик натыйжалуу механизми али түзүлө элек, ал жалпысынан экономиканын абалынын жана эмгекти коргоо жаатындагы улуттук мыйзамдын талаптагыдай ишке ашырылбагандыгынын натыйжасы болуп саналат. Жумуш берүүчүлөрдүн жана өндүрүш жетекчилеринин эмгек шарттарынын абалына жана аны коргоого болгон жоопкерчиликтери начарлады.
Кыргыз Республикасында химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун талаптарынын киргизилиши негизинен улуттук экономиканын төрт тармагына: өнөр жайга, айыл чарбасына, транспорт чөйрөсүнө жана керектөө товарларына таасирин тийгизет.
Өнөр жайы. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча өлкөдө химиялык заттар олуттуу өлчөмдө негизинен төмөнкү ишканаларда колдонулат:
1) металлургиялык комплексте;
2) продукциянын төмөнкүдөй түрлөрүн чыгаруучу химия комплексинде:
а) курулуш материалдарын, лактоочу-сырдоочу продукцияларды кошкондо,
б) фармацевтикалык продукция;
в) тиричилик химия товарлары жана кычкылтек; ошондой эле
3) пластмасса жана резина буюмдары;
4) мунай продуктулары.
Химиялык-металлургиялык комплексинин ишканаларына «Айдаркен сымап комбинаты», «Кадамжай сурьма комбинаты», «Кара-Балта кен комбинаты», «Кыргыз химия-металлургиялык заводу» акционердик коомдору кирет. Металлургиялык комплекстин өндүрүшүнүн көлөмү өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн продукцияларынын жалпы көлөмүнүн 39,3%ын түзөт. Металлургиялык өндүрүштө иштегендердин жылдык орточо саны - 7085 адам же иштетүүчү өнөр жайында эмгектенгендердин жалпы санынын 6%ы. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2013-жылда иштетүүчү өнөр жайында иштегендердин жалпы саны 156,9 миң адамды түздү.
Кыргызстандын химия өнөр жайында химиялык продукцияларды чыгаруу боюнча жылдык орточо саны 1495 адамды түзгөн 55 ишкана иштейт, салыштырма салмагы иштетүүчү өнөр жайында эмгектенгендердин жалпы санынын 1,2%на барабар.
Лак-сыр продукциясынын негизги бөлүгү импорттолот. Бул продукциянын негизги импорттоочусу Россия болуп саналат. Тиричилик үчүн колдонулуучу эмаль сырлары Түркиядан, Ирандан, Финляндиядан, Өзбекстандан жана Казакстандан алып келинет. Кыргыз Республикасында сырларды, лактарды, эмалдарды жана минералдык пигменттерди продукциясы өлкөнүн ички рыногунда дээрлик толук көлөмдө сатылуучу «Бишкек» эркин экономикалык зоналарынын (ЭЭЗ) аймагында жайгашкан ишканалар чыгарышат. Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан «Ак-Таш» акционердик коому акиташ чыгарат.
Республиканын фармацевтикалык өнөр жайы негизинен азык кошумчаларын чыгаруу жана дары-дармектерди жана чөптөрдү өлчөп фасовкалоо менен таанылган.
Кыргызстандагы кир жуучу жана кагаз продукцияларын чыгаруу боюнча лидерлердин бири болуп «Деташ ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коом эсептелет, ал ошондой эле пластик продукцияларын да чыгарат.
Пластмасса жана резина буюмдарынын негизги өндүрүшү «Бишкек» эркин экономикалык зонасында жайгашкан. Пластмасса жана резина буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүнүн продукцияларынын жалпы көлөмүнүн 1,3%ын түзөт. Ушул тармакта иштегендердин жылдык орточо саны иштетүүчү өнөр жайында алектенгендердин жалпы санынын 1% ын түзөт.
Мунай продуктуларын чыгаруу 2009-жылга салыштырганда 2013-жылы 17,8%га төмөндөгөн жана өнөр жай өндүрүшүнүн продукцияларынын жалпы көлөмүнүн 0,007%ын түзгөн. Бул тармакта иштегендердин жылдык орточо саны – 812 жумушчу же иштетүүчү өнөр жайында эмгектенгендердин жалпы санынын 0,6% ын түзөт.
Жакынкы убакта органикалык-минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча эки заводду куруу жана Кара-Балта шаарында мунайды кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү пландалып жатат.
Мазуттун дээрлик бүтүндөй көлөмү, газойлдун (дизель майы), суусундуктар жана азык-түлүк продуктулары үчүн айнектен жасалган идиштер, пол, дубал жана шып үчүн пластиктен каптама, ошондой эле мотор майы (бензин), полимердин негизиндеги сырлар менен лактар жана пластмассадан жасалган буюмдар чет өлкөлүк инвестицияларды тартып келген ишканалар тарабынан чыгарылат.
Бүгүнкү күндө потенциалдуу коркунучтуу химиялык заттар өндүрүлүп жана колдонулуп жаткан өлкөнүн ишканаларында 8,5% жумушчулар эмгектенишет, алар иштетүүчү өнөр жайында иштешип, түздөн-түз өздөрүнүн жумуш орундарында бул заттардын терс таасирине дуушар болушат. Демек, химиялык продукциянын коркунучтуулугун талаптагыдай баалабагандык, ошондой эле көп учурларда маалыматтын жетишсиздиги авариялык жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиги менен коштолот. Ошондуктан мындай объекттерди башкаруу тутумунда колдонулуучу химиялык заттардын коркунучтуулук классына жараша химиялык жактан кооптуу өнөр жай объектисинин тобокелдигинин даражасына өзгөчө маани берүү керек. Кыргыз Республикасында өндүрүштүк жаракат алуу боюнча отчеттун формасы - 7 ТВН (жаракат алуу жана убактылуу эмгекке жарамсыздык) (жылдык) бекитилген. Отчеттун бул түрү менчигинин түрүнө карабастан, бардык ишканалар менен мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берилет жана өтө эле жалпыланган мүнөзгө ээ. Ошону менен бирге, өндүрүштө зыяндуу химиялык заттардын таасиринен пайда болгон курч жана өнөкөт кесиптик оорулардын жана уулануулардын саны тууралуу статистикалык отчет бүгүнкү күндө Кыргызстанда жүргүзүлбөйт.
2013-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн ишканаларында 191 киши жаракат алган.
Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн 43%ын чакан жана орто бизнес ишканалары түзгөндүгүнө байланыштуу, эмгекти коргоо боюнча статистикалык отчет өндүрүштүн ушул сегментиндеги жаракат алууларды жана кырсыктарды толук көлөмдө чагылдыра албайт.
Айыл чарбасы. Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармагы. 2014-жылы экономиканын ушул секторунун үлүшү ички дүң киреше өндүрүшүндө 14,8%ды түздү.
Кыргыз Республикасында кайра өзгөртүп түзүлгөн колхоз менен совхоздордун базасында жүргүзүлгөн агрардык-жер реформасынын натыйжасында 244,6 миң дыйкан (фермердик) чарбасы түзүлгөн. Жер үлүшүнө 2,7 млн. жакын адам ээ болгон, алардын 50,8%ы аялдар, башкача айтканда 510 миңге жакын үй-бүлө жеке дыйкан чарбачылыгын жүргүзөт. Республиканын экономикасынын агрардык секторунда 700 миңден ашуун адам иштейт, алардын көпчүлүгүн аялдар түзөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн механикалык кол менен иштетилүүчү түзүлүштөрдүн жардамы менен пестициддерди пайдалануунун контролдонбогон тажрыйбасы кеңири таралган. Мындай иштерди жүргүзүүгө атайын даярдыгы жок, жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалбаган адамдар, ошондой эле убактылуу жалданып иштөөчү жумушчулар, анын ичинде 15-17 жаштагы өспүрүмдөр да тартылат. Айыл чарбасында агрохимикаттар менен пестициддерди колдонууда адамдын ден соолугу үчүн коркунуч төмөнкү: (1) колдонулуучу пестициддер жана агрохимикаттар тууралуу билим жана маалымат жетишсиз болгондо жана (2) «жумуш орду» деген түшүнүк өзүнө жумушчулардын жашаган турак-жайын камтыган учурларда бир нече эсеге өсөт. Аспаптар, жер семирткичтер жана пестициддер көп учурларда дыйкандардын үйлөрүндө сакталат, бул бардык үй-бүлө мүчөлөрү, айрыкча балдар үчүн уулануу тобокелдигин жогорулатат.
Химиялык заттар айыл чарбасынын, өзгөчө өсүмдүк өстүрүүчүлүк багытында түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн өсүмдүктөрдү коргоочу, өсүүнүн стимулятору, түшүмдүүлүктү көбөйтүүчү каражаттар катары колдонулат. Пестициддерге болгон муктаждык жана ассортименти, аларды которуштуруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти тарабынан контролдонот. Мында, алынып келинген жер семирткичтердин 95%ын азоттуу, 4,5 % - фосфордуу, 0,5 % - калийлүү жер семирткичтер түзөт. Айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилүү бир убакытка тизмеси аныкталган, курамында туруктуу органикалык булгоочулар камтылбаган, колдонуу үчүн уруксат кылынган пестициддер ар кандай коммерциялык түзүмдөр тарабынан алып келинет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 704 токтому менен 2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогу бекитилген. Каталогго ылайык, Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген 23 пестицид жана агрохимикат БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун/ Пестициддерди пайдалануу боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (JMPM) критерийлерине ылайык өтө коркунучтуу пестициддердин тизмесине кирет. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына биринчиден, пестициддерди пайдаланууга натыйжалуу контроль жана көзөмөл жүргүзүү боюнча, экинчи жагынан коркунучтуу пестициддерди пайдаланууга керектөөчүлөрдү окутуу аркылуу алдын алуу иштерин жүргүзүү милдетин коёт.
Республикада уруксат берилген пестициддер менен агрохимикаттардын тизмесинен тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Курчап турган чөйрөнү жана айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен Колдонууга тыюу салынган же өтө чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмеси бекитилген.
Транспорт чөйрөсү жана бажы контролу. Кооптуу жүктөрдү транспорт менен жеткирүү ташуу түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт. Алар адамдар жана айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу коркунуч туудурушат, ошондуктан алардын аткарылышы тейлөөчү персоналдын атайын даярдыгын, транспорт каражаттарынын өзгөчө талаптарга ылайык келүүсү, коопсуздуктун өзгөчө эрежелеринин сакталышын талап кылат.
Кыргызстанда химиялык заттар аз санда өндүрүлгөндүгүнө байланыштуу өнөр жай өндүрүшүнүн керектөөлөрү үчүн химикаттар негизинен башка өлкөлөрдөн импорттолот жана улуттук мыйзамдарда жазылган коркунучтуу жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарына болгон кошумча талаптар эл аралык жүк ташуучулар үчүн кошумча административдик бөгөт болот да, алардын ишин кыйындатат. Бул көйгөйдүн чечилиши болуп кооптуу жүктөрдү транспорт менен ташуу жаатындагы улуттук мыйзамдарды Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун талаптары менен шайкеш келтирүү саналат.
Кыргызстанда химиялык заттарды өндүрүү начар өнүккөн жана өнөр жайынын керектөөлөрү үчүн химикаттар негизинен, Россия, Казакстан жана Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдөн импорттолот. Коксту, мунай продуктуларын жана ядролук материалдарды өндүрүүнүн, резина жана пластмасса буюмдарын кошкондо химия өндүрүшүнүн ата мекендик көлөмү 2013-жылы 4326,6 млн. сомду түзгөн, ошол эле учурда импорт катары бул көрсөткүч 23 эсе көбөйүп, 102785,2 млн сомго жеткен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтарына ылайык 2013-жылы республикага өнөр жайынын тармактары үчүн химиялык продукциянын жана аны менен байланышкан товарлардын 300дөн ашуун тобу киргизилген жана анын баасы 517105,8 миң долларды же импорттун жалпы көлөмүнүн 8,6%ын түзгөн. Алардын арасында таасири күчтүү уулуу заттар, медициналык дары-дармектер, тиричилик химиясынын жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, жер семирткичтер, прекурсорлор ж.б. бар. Өз ичине 18 күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын тизмесин, ошондой эле аларды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, эсебин алуунун жана ташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы № 513 «Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө инструкцияны бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген.
Алып кирилген күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын саны тууралуу ачык маалыматтардын жоктугу башка көйгөйлүү маселелерден болуп саналат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын сайтында жайгаштырылган маалыматтар дезагрегирленген түрдө берилген.
Кыргызстан экспортко сымапты, сурьманы, сейрек кездешүүчү металлдарды жөнөтөт. Продукциянын мамлекеттик статистикалык классификаторуна ылайык химиялык заттарды, продуктуларды жана булаларды экспорттоо 2013-жылы 45670,0 миң АКШ долларын же экспорттук операциялардын жалпы көлөмүнүн 2,3%ын түзгөн.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кара-Балта кен комбинаты» акционердик коомдору сыяктуу өздөрүнүн өндүрүшүндө химиялык заттарды колдонуучу ири ишканалар химиялык продукцияларды ташууда жана колдонууда мурдатан эле ыктыярдуу негизде глобалдык деңгээлде макулдашылган химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо тутумунун негизинде маркалоо колдонулгандыгы позитивдүү фактордон болуп саналат.
Керектөө товарлары. Керектөө жана курулуш товарларынын секторунда коркунучтуу химиялык заттар колдонулган учурлары кездешет, алар негизинен Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн импорттолуп келет. Бирок ачык мейкиндикте жалпыланган статистикалык маалыматтардын жоктугу же кечиктирилип жайгаштырылышы, ал тургай курулушта колдонулуп жаткан потенциалдуу коркунучтуу импорттук химиялык заттарга толгон ички рыноктун сегментинин, курамында коркунучтуу химиялык заттар бар бир катар товарларды колдонуу менен кызматтардын ар кандай түрлөрүн (соода, тиричилик кызматтары ж.б.) көрсөтүүдө белгилүү бир каталык кетирүү үлүшүн баалоого да мүмкүндүк бербейт. Анткени өлкөдө мындай продукцияны маркалоо боюнча милдеттүү түрдөгү талаптар жок, бирок өлкөнүн базарларында товарды чыгарган өлкөгө жараша коркунучтун ар кандай маркаланышы менен же таптакыр маркаланбаган химиялык продукцияларды көрүүгө болот. Негизинен, бул эл керектөөчү ата мекендик товарларга тиешелүү. Чекене сооданын товардык түзүмүндө кир жуучу каражаттардын жүгүртүлүшү өлкөнүн ички рыногундагы товарлардын азык-түлүк эмес тобунун жалпы көлөмүнүн 2,4%ын, фармацевтикалык дары-дармектер – 3,1%ын жана курулуш материалдары – 7,2%ын түзөт.
1.2. Химиялык заттардын коркунучунун ар кандай классификациясын жана маркалоону мамлекеттик жөнгө салуунун жана колдонуунун учурдагы тутумун талдоо жана баалоо
1.2.1. Мыйзамдар
Айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолукту сактоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы талаптар Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон мыйзамдар, эл аралык келишимдер, ошондой эле химиялык заттарды коопсуз пайдалануу маселелерин кошкондо мыйзам актыларында жазылган атайын эрежелер менен аныкталат:
- 1998-жылдын 10-сентябрындагы Эл аралык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жоболору жөнүндө Роттердам конвенциясы, (2000-жылдын 15-январындагы № 15 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган);
- Айлана-чөйрөгө тиешелүү маселелер боюнча маалымат алуунун, чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүнө коомчулуктун катышуусу жана сот адилеттигине жетишүүсү жөнүндө Конвенция (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2001-жылдын 12-январы № 5);
- 2001-жылдын 22-майындагы Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө Стокгольм конвенциясы (2006-жылдын 12-июлундагы № 114 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган);
- 1989-жылдын 22-мартындагы Коркунучтуу калдыктарды чек аралар аркылуу ташуу жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясы (Кыргыз Республикасы 1996-жылдын 18-январындагы № 304-1 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-жылдын 30-ноябрындагы № 225-1 токтомдоруна ылайык кошулган);
- Озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясы (2000-жылдын 15-январындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган);
- 1987-жылдын 16-сентябрындагы Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколу (2000-жылдын 15-январындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган);
- Монреаль протоколуна киргизилген Лондон, Копенгаген жана Монреаль түзөтүүлөрү (2003-жылдын 15-январындагы № 15 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган);
- Монреаль протоколуна киргизилген Пекин түзөтүүлөрү (2005-жылдын 6-августундагы № 139 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган).
Химиялык продукцияларды коопсуз пайдаланууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана мыйзам актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын ар бир жараны «эмгекти коргоого, коопсуздук жана гигиена талаптарына жооп берген эмгек шарттарына», «ден соолукту коргоого», ошондой эле «жашоо жана саламаттык үчүн жагымдуу болгон экологиялык чөйрөгө» укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган беренелеринин жоболору ушул талаптарды конкреттештирген Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен ишке ашырылат.
Химиялык продукцияларды жана заттарды коопсуз пайдаланууга карата жалпы талаптар «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде белгиленет.
Өндүрүштө химиялык заттарды коопсуз пайдалануу жаатындагы талаптар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 17-главасында декларацияланган. Жумушчуларга жагымдуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, эмгекти коргоо талаптарынын аткарылышы боюнча милдеттер жана жоопкерчилик иш берүүчүгө жүктөлөт.
Ошентип, Кыргызстандын аймагында пайдаланылып жаткан бардык химиялык заттар жана продукция коопсуздук талаптарына жооп берүүгө жана аларга шайкеш келүүсү ырасталууга тийиш.
Химиялык продукцияларга милдеттүү талаптарды белгилөө процесси негизинен «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Бул Мыйзамда продукцияга карата милдеттүү талаптар техникалык регламенттер менен аныкталары (продукцияга же аны менен байланышкан процесстерге талаптардын коюлушунун бирдиктүү эрежелерин колдонуу принцибине негизденип) белгиленген.
Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында химиялык продукцияларга талаптарды белгилөөчү төмөнкүдөй техникалык регламенттер колдонулат:
«Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Өрт коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» Техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун» техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Химиялык заттардын жана продукцияларды колдонуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдар көпчүлүк убакта так эмес, бурмаланган формулировкага жана декларативдүү, шилтеме мүнөзгө ээ. Мыйзам алдындагы актылар кайсы жерде болбосун сектордук мүнөзгө ээ болуп, кош талкуунун болушуна, «укуктук кемчиликтердин» болушуна жана кээ бир убакта ченемдик укуктук актылардын карама-каршылыктарына алып келет. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу көпчүлүк ведомстволук ченемдик укуктук актылардын колдонулушу токтотулган.
Химиялык заттар адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн жогорку потенциалдуу коркунучтагы касиеттерге ээ болгондугуна байланыштуу, химиялык продукцияларга карата так, бири-бири менен макулдашылган, милдеттүү талаптарды мыйзамдуу түрдө бекитүү керек.
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучтагы физикалык, химиялык, биологиялык заттарды жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын өндүрүүгө, ташууга, сатып алууга, сактоого, сатууга жана колдонууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.
Химиялык заттарды каттоо
Химиялык заттарды жөнгө салуу лицензияларды, уруксаттарды алуу жана каттоо менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн тартиби бекитилген, анда потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө химиялык заттар жөнүндөгү маалыматтардын тизмесин көрсөтүү керектиги белгиленген. Каттоо потенциалдуу уулуу химиялык заттарды эсепке алуу жана регламенттештирүү, адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө алардын тийгизген терс таасиринин алдын алуу үчүн физикалык-химиялык, токсикологиялык-гигиеналык, экологиялык-токсикологиялык жана башка маалыматтарды топтоо максатында жүргүзүлөт.
Мындан сырткары, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде экологиялык стандартташтыруу жана сертификаттоо объектилеринин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитүү каралууда. Бирок практикада экологиялык коркунучка алып келүүчү Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана алынып келинген продукцияларды мындай стандартташтыруу (процесстер жана кызмат көрсөтүүлөр) жок.
Курамында химиялык заттар камтылган продукцияларды каттоодо жана сертификаттоодо толук жана ишенимдүү маалымат алуу үчүн тийиштүү түрдөгү классификация жана маркалоо зарыл.
Химиялык заттарды классификациялоо
Кыргыз Республикасында химиялык заттарды классификациялоонун бир эле учурда бир нече ыкмалары жана ага ылайык тутуму иштеп жатат. Бул химиялык заттарды коопсуз пайдалануу жаатындагы ченемдер жана эрежелер ар кандай ченемдик укуктук документтерде чагылдырылгандыгы менен шартталат.
Мисалы, «Өнөр-жай коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, «коркунучтуу заттарга» коркунучтуулуктун төмөнкүдөй түрлөрүнө бөлүнгөн заттар кирет:
а) от алгыч заттар;
б) кычкылдантуучу заттар;
в) күйүүчү заттар;
г) жарылгыч заттар;
д) уулуу заттар;
е) өтө уулуу заттар;
ж) айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү заттар.
Коркунучтуулуктун түрлөрү боюнча класстарга бөлүү көрсөтүлгөн эмес.
Ошол эле убакта, «Өрт коопсуздугу жөнүндө»Техникалык регламент» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык өрт коопсуздугу боюнча заттар менен материалдар 3 топко бөлүнөт (күйбөөчү, кыйындык менен күйүүчү, күйүүчү).
«Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кооптуу жүктөр кооптуулуктун түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй класстарга бөлүнөт:
1-класс – жарылгыч заттар;
2-класс – кысылган, суюлтулган жана басым астында эритилген газдар;
3-класс – жеңил күйүүчү суюктуктар;
4-класс – жеңил күйүүчү заттар жана материалдар;
5-класс – кычкылдандыруучу заттар жана органикалык кычкылдыктар;
6-класс – ууландыруучу (токсикалык) заттар;
7-класс – радиоактивдүү жана инфекциялык заттар;
8-класс – оюп-жеп кетүүчү жана коррозиялык заттар;
9-класс – башка кооптуу заттар.
Кыргыз Республикасында ГОСТ 19433-88 «Коркунучтуу жүктөр. Классификациялоо жана маркалоо» мамлекеттер аралык стандарты иштеп жатат. Стандарт коркунучтуу жүктөргө жайылтылат жана төмөндөгүлөрдү белгилейт: (1) классификациялоону; (2) көрсөткүчтөрдүн номенклатурасын жана жүктөрдү коркунучтуу класска киргизүү үчүн критерийлерди жана алардын классификациясын; (3) коркунучтуу жүктөрдү классификациялоо үчүн көрсөткүчтөрдү аныктоо методдорун; (4) маркалоону жана аны жүк бирдигине жана коркунучтуу жүктөрү менен транспорт каражаттарына киргизүүнүн эрежелерин.
Пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу жаатында төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылар колдонулат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 361 токтому менен бекитилген Айыл чарбасында пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана кампага жыйноо боюнча нускама, ошондой эле: ГОСТ 14189-81 «Пестициддер. Өткөрүп алуу эрежеси, үлгүлөрүн тандоо ыкмалары, таңгактоо, маркалоо, ташуу жана сактоо; ГОСТ 51247-99 «Пестициддер. Жалпы техникалык шарттар»; СТ. РК ИСО 1750-2008 «Пестициддер жана башка агрохимикаттар» стандарттары иштейт. Бул документтер айыл чарбасында, анын ичинде фермердик, коммуналдык жана жеке көмөк чарбаларында колдонуу үчүн уруксат берилген пестициддерге жалпы талаптарды белгилейт. Пестициддер тирүү организмдерге таасир этүү даражасы боюнча төмөнкүдөй кооптуулуктун төрт классына бөлүнөт: 1 - өтө коркунучтуу; 2 - жогорку коркунучтуу; 3 - орточо коркунучтуу; 4 - аз коркунучтуу. Сырткы чөйрөнүн объекттеринде туруктуулугуна жараша пестициддер төмөндөгүдөй бөлүнөт:
- өтө туруктуу (уулуу эмес кошулмаларга ажыроо убактысы 2 жылдан ашык);
- туруктуу (уулуу эмес кошулмаларга ажыроо убактысы – 0,5-2 жыл);
- орточо туруктуу (уулуу эмес кошулмаларга ажыроо убактысы – 1-6 ай);
- аз туруктуу (уулуу эмес кошулмаларга ажыроо убактысы -1 ай).
Экологиялык коопсуздук жаатында химиялык заттардын классификациясы төмөнкүдөй стандарттарда каралган:
ГОСТ 17.2.1.01-76 «Жаратылышты коргоо. Атмосфера. Саркындыларды курамы боюнча классификациялоо»;
ГОСТ 17.4.1.02-83 «Жаратылышты коргоо. Кыртыштар. Булганууну контролдоо үчүн химиялык заттарды классификациялоо»;
ГОСТ 17.4.3.06-86 «Жаратылышты коргоо. Кыртыш. Химиялык булгоочу заттардын таасир этишине карата кыртыштын классификациясына жалпы талаптар»;
ГОСТ 17.9.1.2.-2001 «Жаратылышты коргоо. Калдыктарды пайдалануу. Калдыктардын классификациясы. Идентификациялоо жана коддоо. Негизги жоболор».
Организмге – аллергиялык, дүүлүктүрүүчү, канцерогендик, жалпы ууландыруучу таасирде, ГОСТ 12.1007 «Зыяндуу заттар. Классификациялоо жана коопсуздуктун жалпы талаптарына» ылайык уулуулугу боюнча 4 класска бөлүнөт (1 - өтө коркунучтуу; 2 - жогорку коркунучтагы; 3 - орточо коркунучтуу; 4 - аз коркунучтуу).
Бир эле зат ар кандай классификаторлор тарабынан коркунучтуулугу боюнча ар башка класска киргизилип калышы мүмкүн. Классификациядагы ушул сыяктуу айырмачылыктар химиялык заттардын чыныгы коркунучтуулугун баалоодо кыйынчылыктарга алып келет. Ушуга байланыштуу классификациялоону бирдиктүү тутумга бириктирүүчү ченемдик укуктук акт зарыл.
Улуттук мыйзамдарда адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү коркунучтун көптөгөн түрлөрү ушул мезгилге чейин белгиленген эмес, мисалы:
- терини жеп жиберүүнү (некроз)/дүүлүгүүнү чакыруучулар;
- көздүн олуттуу бузулушун /көздүн дүүлүгүүсүн чакыруучулар;
- сенсибилизациялык таасир көрсөтүүчүлөр;
- мутагендик касиетке ээ болгондор (мутагендер);
- репродуктивдүү функцияларга таасир этүүчүлөр;
- бута-органдарга карата тандалган уулуулукка ээ болгондор жана/же бир гана жолу жана кыска убакытка таасир этүүчү тутумдар;
- бута-органдарга карата тандалган уулуулукка ээ болгондор жана/же көп жолу жана узак убакытка таасир этүүчү тутумдар;
- аспирация убагында коркунуч келтирүүчүүлөр.
Ошол эле убакта, химиялык заттарды камтыган продукциялар менен иштөөдө укуктук жөнгө салуунун татаалдыгы адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү ошол эле химиялык заттар ар түрдүү ченемдик укуктук актыларда бири-бири менен байланышпаган ар кандай төмөнкүдөй топторго биригиши мүмкүн: «күчтүү таасир этүүчү уулар», «потенциалдуу уулуу химиялык заттар», «коркунучтуу химиялык заттар», «зыяндуу заттар», «туруктуу органикалык булгоочулар» ж.б. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 «Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы нормативдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө» токтому менен Иштөөдө кызматкерлердин алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүшү милдеттүү болгон зыяндуу заттардын жана жагымсыз өндүрүштүк факторлордун тизмеги бекитилген. Сатып алуу, сатуу, сактоо, эсебин алуу жана ташуу тартиби колдонулуучу күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы № 513 «Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө инструкцияны бекитүү тууралуу» токтому менен белгиленген.
Коркунуч жөнүндө маалымдоо
Маркалоо жана химиялык заттардын коопсуздугунун паспорту.
Кыргыз Республикасынын аймагында учурда химиялык продукциялардын коркунучтуу касиеттери жөнүндө маалымдоого карата талаптар стандарттарда жана нускамаларда жазылган. «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органы тарабынан техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү максатында эл аралык, региондук жана улуттук стандарттар кабыл алынат. Ошондой эле ушул эле Мыйзамда эл аралык, региондук жана улуттук стандарттарды ыктыярдуу негизде кабыл алуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарын сактоонун жетиштүү шарттары болуп саналат.
«Өрт коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамында заттардын жана материалдардын өрт коркунучу жөнүндө маалыматтарга талаптар белгиленген. Ошону менен бирге, өрттөнүп кетүү коркунучундагы заттарга жана материалдарга алардын коопсуз колдонулушу жөнүндө маалыматты камтыган техникалык документтер иштелип чыгууга тийиш. Заттарга жана материалдарга техникалык документтер, анын ичинде, паспорт, техникалык шарттар, технологиялык регламенттер заттардын жана материалдардын кооптуулугунун милдеттүү көрсөткүчтөрү жөнүндөгү малыматтарды камтууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 136 «Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент» тарабынан лак-сыр материалдарына карата коопсуздук талаптары белгиленген: таңгакталышына, маркаланышына, кооптуулук белгилерине талаптар жана аларды коопсуз колдонуу боюнча маалыматтар берилет. Лак-сыр материалдарын коопсуз колдонуу жөнүндөгү маалымат аны жасап чыгаруучу тарабынан иштелип чыгуусу керек.
Мындан сырткары, жогоруда аталган техникалык регламент тарабынан лак-сыр материалдарын керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келүүчү иш-аракеттердин алдын алуу үчүн коопсуз колдонуу боюнча эскертүүчү маркалоо жана нускама түрүндөгү маалыматтарды берүү боюнча талаптар каралган.
Кыргызстанда лак-сыр продукцияларын маркалоо бөлүгүндө ГОСТ 9980.4-2002 «Лак-сыр материалдары. Маркалоо» деген мамлекеттер аралык стандарты колдонулат, анда лак-сыр продукцияларын маркалоого карата талаптар белгиленет.
Химиялык заттары бар таңгактарга негизинен ташуу үчүн керектүү маалымат коюлат, мындай маркалоо стандарттар аркылуу жөнгө салынат.
Ар түрдүү химиялык заттардын таңгактарына аларды коопсуз пайдаланууга карата айрым көрсөтмөлөр берилет, эрежеге ылайык, “Сактан”, «Уулуу», «Коркунучтуу» деген сыяктуу эскертүүчү жазуулар түрүндө жана дагы кооптуулук белгилеринин чектелүү колдонулушу менен айрым сактык чараларын ачып көрсөтүүчү текст түрүндө берилет.
Ушуну менен бирге, ГОСТ Р 12.4.026-2001 «Эмгек коопсуздугунун стандарттар тутуму, сигналдык түстөр, коопсуздук белгилери жана сигналдык белгилөөлөр. Дайындоо жана колдонуу эрежеси. Жалпы техникалык талаптар жана мүнөздөмөлөр. Сыноо ыкмалары» деген мамлекеттик стандартка ылайык маркалоонун курамында өндүрүштө колдонулуучу белгилер дагы кездешет.
Эскертүүчү маркалоого карата талаптар бөлүгүндө, продукцияларга коюлуучу кыскача текст, графикалык, түстүү белгилер түрүндө маалыматтар топтому катары көрсөтүлгөн маалыматтын бир бөлүгүнө ГОСТ 31340-2007 «Химиялык продукциялардын эскертүүчү маркалоосу. Жалпы талаптар» деген мамлекеттер аралык стандарты колдонулат.
Коркунучтуу химиялык заттарды маркалоого талаптар эрежеге ылайык, продукцияларга карата ченемдик-техникалык документтерде камтылган. Мында алардын колдонуу коопсуздугун камсыздоо максатында алардын керектөөчүлүк жана өндүрүштүк таңгагына жана маркалоосуна карата ачык-айкын жалпы мамлекеттик талаптар жок.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында ГОСТ 30333-2007 «Химиялык продукциялардын коопсуздук паспорту. Жалпы талаптар» мамлекеттер аралык стандарты колдонулат. Документ химиялык продукциялардын коопсуздук паспортуна киргизилген маалыматтардын түзүлүшүнө, мазмунуна, баяндалып жазылышына, жасалгалоосуна карата негизги талаптарды белгилейт.
«Озон катмарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында: “Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны өндүргөн, импорттогон жана (же) экспорттогон юридикалык жана жеке жактар продукцияга «Озон үчүн зыяндуу» деген жазууну жазууга жана озон бузуучу заттар же озон бузуучу заттарды камтыган продукция сакталуучу же ташылуучу таңгакты ушундай жазуу менен так маркалоого, алардын коопсуз сакталышын жана ташылышын камсыз кылууга, ошондой эле товарды коштогон документацияда озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган озон бузуучу заттардын аталышын жана санын көрсөтүүгө милдеттүү» деп белгиленген.
«Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы атмосфералык абаны коргоого, анын ичинде, химиялык заттардын саркындыларын, алардын атмосферага зыяндуу таасирлерин жок кылууга багытталган. Мыйзамга ылайык каттоодон өтпөгөн же Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган потенциалдуу уулуу химиялык заттарды өндүрүүгө, чет өлкөдөн сатып алууга, сактоого жана колдонууга тыюу салынат. Мындан сырткары, потенциалдуу уулуу химиялык заттарды өндүрүүчү жана колдонуучу ишканалар жана уюмдар химиялык заттардын стандарттарга жана сертификаттарга жооп берүүсүнө кепилдик берүүгө милдеттүү.
«Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы товарларды сатууда даярдоочулар менен керектөөчүлөрдүн ортосунда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, талаптагыдай сапаттагы жана керектөөчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуз товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) керектөөчүлөрүнүн укуктарын, товар жөнүндө тийиштүү маалымат алууну белгилейт. Мыйзамга ылайык даярдоочу керектөөчүгө туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла тургандай зарыл жана так маалымат берүүгө милдеттүү. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрү боюнча керектөөчүгө маалыматтарды жеткирүүнүн тизмеси жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Сатуу максатында мыйзамсыз жасап чыгаруу, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу жана жөнөтүү, адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздук талаптарына жооп бербеген химиялык заттарды мыйзамсыз сатуу, аталган товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талабына шайкеш келүүчүлүгүн ырастаган расмий документтерди мыйзамсыз берүү же колдонуу, эгер бул иш-аракеттер байкабастык менен адамдын ден соолугуна зыян алып келсе, анда ал кылмыш жана/же административдик жоопкерчиликке алып келет.
Стандарттардагы талаптар ыктыярдуу мүнөздү алып жүргөндүгүнө, ал эми химиялык продукциялар негизинен өлкөгө импорттолгондугуна байланыштуу Кыргызстандын базарларынан жергиликтүү керектөөчүгө дайыма эле түшүнүктүү боло бербеген, ар түрдүү өлкөлөрдүн кооптуулук маркалоосун көрүүгө болот. Ошол эле убакта, өлкө ичиндеги химиялык продукциялардын ар кандай топторуна карата көп сандаган макулдашылбаган талаптар Кыргыз Республикасынын химиялык продукцияларды коопсуз пайдалануу маселеси боюнча эл аралык коомдоштук менен өз ара натыйжалуу аракеттенүүсүнө тоскоол болуп саналат. Улуттук мыйзамдарды Химиялык заттарды коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлдеги макулдашылган тутумунун негизинде химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык талаптары менен шайкеш келтирүү көйгөйдү чечүү болуп саналат.
Республикага алынып келинген химиялык заттар, анын ичинде күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар, медициналык дары-дармектер, тиричилик химия жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, жер семирткичтер, прекурсорлор ж.б. төмөндөгү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы № 513 «Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө инструкцияны бекитүү тууралуу» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасирлеринен коргоо чаралары жөнүндө» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 197 «Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому.
Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуудагы тутумдук мамиленин жана ведомстволор аралык байланыштын жоктугу таптакыр эки башка мамиленин пайдаланылышына алып келди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 704 «2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө» токтому Кыргызстандын аймагына пестициддерди ташып келүүгө жана пайдаланууга уруксат берген жабык тизмени камтыйт. Тизменин өзүндө пестициддердин соодадагы аталыштары гана камтылган жана химиялык формулалар, коддор менен бекемделген эмес. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 токтому Колдонууга тыюу салынган же өтө чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмегин караштырат. Бул тизмек Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган пестициддердин жабык тизмесин берет. Бирок, бир эле «беномил» пестициди бир эле мезгилде эки тизмеде - тыюу салынган катары да жана уруксат берилген катары да киргизилген.
1.2.2. Институттук база
Кыргызстандагы химиялык заттарды пайдаланууга тиешелүү маселелерди өзүнүн ишинде чечкен же чечүүчү мамлекеттик органдарга: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги (Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти); Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик.
Республикада химиялык заттарды коопсуз башкарууну камсыз кылуу, донордук жардамды тартуу, кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке менчик секторлордун координациясын жана майнаптуу өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 335-б буйругунун негизинде Химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенилдер бар химиялык заттарды коопсуз башкарууга көмөктөшүү боюнча түзүлгөн координациялык комиссия иш жүргүзүп жатат.
Комиссиянын милдетине химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүүгө жардам көрсөтүү дагы кирет. Бул комиссиянын жыйындары дайыма өтүлбөйт жана системалуу мүнөзгө ээ эмес. Комиссиянын ишин чыңдоо үчүн бул комиссиянын ишин координациялоону жана регламентти күчөтүү зарыл.
Химиялык коопсуздукту жана калкты маалымдоону камсыздоодо өкмөттүк эмес уюмдар Өкмөттүн эң негизги өнөктөштөрү болуп эсептелет.
Өкмөттүк эмес уюмдар туруктуу органикалык булгоочуларды өндүрүүдөн жана колдонуудан акырындык менен баш тартуу жана ага тыюу салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 371-б буйругу менен жактырылган Стокгольм конвенциясын аткаруунун Улуттук планын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга активдүү катышкан.
Өкмөттүк эмес уюмдар тыюу салынган жана эскирген пестициддердин запастарын баштапкы инвентаризациялоого катышкан. Иштин жыйынтыгында мурда расмий улуттук тизмеге киргизилбеген коркунучтуу химикаттардын кошумча көлөмү аныкталды. Республикада өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан тамак-аш продуктуларынын пестициддердин калдыгы – туруктуу органикалык булгоочулар (ДДТ жана линдан) аркылуу булгануу деңгээлин талдоо; коркунучтуу уулуу заттар камтылган оюнчуктардын Кыргыз Республикасынын рыногуна түшүү коркунучун баалоо жана азайтуу кампаниясы (коргошундун, сымаптын, мышьяктын, сурьманын, кадмийдин, хромдун, фенолдордун, стиролдордун, формальдегиддердин өлчөмүн аныктоочу тесттик ченөө); турмуш тиричилигине керектелүүчү эмаль сырларындагы (май боёк) коргошундун кездешүүсүн жана сандык концентрациясын аныктоо сыяктуу бир катар долбоорлор ишке ашты.
Химиялык заттарды башкаруудагы маселелерди чечүү милдети кирген бир топ мамлекеттик органдар бар, ошого карабастан, химикаттардын жашоо циклинин аралыгында аларды пайдалануунун бардык аспектиндеги жоопкерчиликтин чектерин камсыздай албайт. Ведомстволор аралык байланыштын жоктугу ар түрдүү ведомстволор бир убакытта мыйзам жаратуу демилгелери менен чыгып, бири-бирине карама-каршы болушат жана бул химиялык заттарды пайдаланууда коопсуздуктун камсыз кылынышы үчүн көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугуна тескери таасирин тийгизүүгө алып келет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан иш жүзүнө ашырылуучу импорттолгон химиялык жана биологиялык заттарды контролдоо тутуму иш жүзүндө ташылып келинген химиялык продукциялардын коопсуздугунун талаптагыдай контролдонушун камсыздай албайт. Айлана-чөйрө объектилеринин химиялык заттар менен булгануусуна мониторинг жүргүзүү тутуму толугу менен өнүгө элек жана айрым ведомстволордун ортосунда бөлүнүп берилген. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлундагы № 404 токтому менен Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн типтүү регламенти бекитилген, анын ченемдери чектеш функцияларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өзүнүн ишин координациялуу, уюшкандыкта жүргүзүүгө жана бири-бири менен өз ара аракеттенүүгө милдеттендирет. Бул токтом толук аткарылган эмес, себеби учурда ведомстволор ортосунда келишпестик жана таасир этүү чөйрөсүндө атаандаштык бар.
Кыргыз Республикасында көптөгөн убакыттан бери мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруунун жолдорун интенсивдүү издөө жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 токтому менен бекитилген Бажы союзуна жана Евразия экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын Бажы союзунун келишимдик укуктук базасынын шарттарына ыңгайлашуусун эске алуу менен алдыда экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө бир катар татаал маселелерди иштеп чыгуу турат.
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу үчүн ички рынокту жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасына алынып келинген продукциянын өмүргө, ден соолукка жана айлана-чөйрөгө коопсуздугун камсыздоо максатында үчүнчү өлкөлөр менен болгон товарлардын соода-сатыгында бажы-тарифтик жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын колдонууну камсыздоо үчүн Бажы союзунун мыйзам базасы менен тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы улуттук мыйзам базасын шайкеш келтирүү зарыл.
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жапырт кыргын салуучу куралды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарын аткаруу максатында эксперттик контролдун улуттук тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз негизде иш жүргүзүлөт (эксперттик контроль жана лицензиялоо).
Учурда продукциянын коопсуздугун камсыздоо жана алар менен байланышкан процесстер боюнча маселелер менен тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар иштешет. Ошондой болсо да, системалык түрдө тобокелдиктерди баалоо, аларды башкаруу, алар жөнүндө маалымдоо боюнча иштер жетишсиз.
Бүгүнкү күндө республикабызда химиялык заттарды пайдаланууну мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы координациясын камсыздоочу бирдиктүү органды түзүү зарыл.
1.2.3. Техникалык жабдуу жана кадрдык потенциал
2006-жылдын аягында «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору (КАБ) түзүлгөн, ал Кыргыз Республикасындагы шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоочу улуттук орган аркылуу аныкталган. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун функциясына төмөндөгү органдардын шайкештигин баалоо боюнча аккредитациялоо кирет:
- продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) сертификаттоо боюнча орган;
- сапаттын менеджмент тутумун сертификаттоо боюнча орган;
- персоналды сертификаттоо боюнча орган;
- сыноолорду жүргүзүүчү жана калибрлөөчү лабораториялар;
- медициналык лабораториялар;
- транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлор.
Компетенттүүлүктү ырастоочу объектилерге лабораториялардын квалификациясын текшерүү провайдерлери дагы кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 «Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө» токтомуна ылайык төмөнкү химиялык продукция милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш: органикалык химиялык кошулмалар, үстүртөн-активдүү заттар, мунай продуктулары жана курулуш багытындагы продуктулар кирет. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун сайтында жайгаштырылган маалыматтарга караганда азыркы учурда өлкөдөгү аккредитациясы бар 12 сертификаттоочу органдын ичинен химиялык коопсуздук жаатында үчөө гана иштейт: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Оштогу сыноолорду жүргүзүү, стандартташтыруу жана метрология борбору; «Сертификат-Перспектива» жоопкерчилиги чектелген коому; «Сапат - Тест» жоопкерчилиги чектелген коому.
Республикадагы химиялык заттарды башкарууда тигил же бул даражада жооп берген көптөгөн ведомстволордо ведомстволордун алдындагы өндүрүштөрүндө лабораториялык бөлүнүштөрү бар, алардын иштөө мүмкүнчүлүгү керектүү химиялык приборлор, химиялык реактивдер жана жабдуулар менен камсыздалышына көз каранды.
Республикада лабораторияларды техникалык компетенттүүлүккө аккредитациялоо № 1 ИСО/ЭЭК бириккен техникалык комитетинин техникалык коопсуздугунун стандартына (Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ИСО) жана эл аралык электротехникалык комиссиянын (ЭЭК) бөлүнүшү) 17025-2000 «Сыноолорду жүргүзүүчү жана калибрлөөчү лабораториялардын компетенттүүлүгүнө карата жалпы талаптарга» ылайык ишке ашырылат. Эл аралык ISO/IEC 17025 стандарты менен сапат тутумуна ылайык ишти көрсөтүүнү каалаган, техникалык компетенттүүлүктү жана техникалык негизделген жыйынтыктарды берүү жөндөмдүүлүгү бар, сыноолорду жүргүзүүчү жана калибрлөөчү лабораториялар жооп бере турган бардык талаптарды камтыйт.
Кыргыз Республикасындагы үч лаборатория UKAS (Улуу Британия) эл аралык аккредитациясына / ИСО 9002-96 “Өндүрүштө, монтаждоодо жана тейлөөдө сапатты камсыздоо модели» стандартынын талаптарына ылайык лабораторияларды (ILAC) аккредиттөө боюнча эл аралык уюмдун толук укуктуу мүчөлүгүнө ээ: «Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC» жоопкерчилиги чектелген коому; «Маалыматтык-изилдөө борбору» жоопкерчилиги чектелген коому; «Кара-Балта кен комбинаты» ачык акционердик коомунун Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы. Мындан сырткары, лабораториялар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан техникалык компетенттүүлүккө жана кеңири чөйрөдөгү сынактан өткөрүү көз карандысыздыгына аккредитацияланган, баарыдан да, химиялык заттардын сапатына кепилдик бере алат, заттардын калдыктарынын саны боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, белгисиз заттарды идентификациялайт жана жагымсыз таасирлердин алдын алуу максатында мониторинг жүргүзө алат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 2003-жылы эки контролдук-токсикологиялык лабораторияга (КТЛ) лабораториялык жабдыктар сатылып алынган. Бул - өлкөбүзгө алынып келинген пестициддердин сапатын аныктоо боюнча жана алардын өсүмдүк продукцияларындагы, топурактагы, суудагы жана абадагы калдыктардын санына анализдерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү Республикалык адистештирилген контролдук-токсикологиялык лаборатория (Бишкек шаары) жана Ош шаарындагы контролдук-токсикологиялык лаборатория. Жогоруда аталган лабораторияларда аналитикалык контролду жүргүзүү үчүн 28 аталыштагы пестицидге анализ жүргүзүүнүн стандарттык үлгүлөрү бар. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 390 «Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасындагы катталган пестициддердин бардыгына зарыл болгон ченемдик документтер бар. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментиндеги контролдук-токсикологиялык лаборатория (Бишкек шаары) Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору аккредитациядан өттү жана өзүнүн штатында токсикологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү болгон адистери бар. Лабораториянын балансында «SHIMADZA» (Japan) фирмасынын капиллярдык колонкалары бар эки заманбап газ хроматографы, андан сырткары ушул эле фирманын жалын-адсорбциондук спектрометри жана хромато-масс-спектрометри бар.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде пестициддерге, тамак-аштагы, абадагы, топурактагы жана суудагы полициклдик ароматтык көмүрсуутекке мониторинг жүргүзгөн лаборатория бар. Башкысы, изилдөөлөр пестициддердин жана полициклдик ароматтык углеводороддун жогоруда аталган чөйрөдөгү калган өлчөмүн аныктоого багытталган. Лабораторияда ушул сыяктуу изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык керектүү илимий-техникалык документтер, ошондой эле стандарттык үлгүлөр бар. Лаборатория «Agilent» фирмасынын капиллярдык колонкалары бар заманбап газ хромотографтары, мындан сырткары ушул эле фирманын керектүү эриткичтери бар жана тийиштүү стандарты менен жогорку таасирдүү суюктук хроматографы менен жабдылган.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун Бишкек сыноо жүргүзүүчү, сертификация жана метрология борборунун сыноо лабораториялары үстүртөн-активдүү заттарга, парфюмериялык-косметикалык каражаттарга, курулуш багытындагы материалдарга, пластмасса жана айнек идиштерине изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин лабораториясы иштейт. Региондордо региондор аралык деңгээлдеги дагы үч экологиялык лаборатория бар. ГОСТ ИСО/ЭЭК 17025-2009 мамлекеттик стандартынын талаптарына жооп бербегендиктен, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 126 буйругунун негизинде жогоруда аталган лабораторияны аккредитациялоо аттестатынын аракети убактылуу токтотулган.
Мамлекеттик лабораториялардан сырткары өлкөбүздө 27 көз карандысыз лаборатория бар, анын ичинен 9у күйүүчү-майлоочу материалдарды изилдөө боюнча аккредитациядан өткөн.
Учурда Кыргыз Республикасынын химиялык лабораторияларынын техникалык инфратүзүмү заманбап жабдыктардын жоктугуна жана колдогу жабдыктардын эскиргендигине байланыштуу жетишсиз деңгээлде турат.
Химиялык заттарды изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон айрым химиялык-аналитикалык лабораториялар эл аралык долбоорлордун техникалык жардамынын эсебинен өздөрүнүн потенциалын жогорулатышууда.
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүүсүнүн «жол картасын» аткаруу планына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин сатылып алынган жабдуулар менен иштөө эрежелерине жана иштин алынган методикаларына ылайык окутуу каралган. Ошондой эле эл аралык стандарттарды колдонууда практикалык иш ыкмаларын алуу жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин адистеринин бул чөйрөдөгү иш методдору менен практика жүзүндө тааныштыруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоо органдарынын адистеринин квалификациясын системалуу түрдө жогорулатуу зарыл.
Мамлекеттик органдардын ишинде тапшырылган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай деңгээлде аткарбоо, иштин жаңы багыттарын өздөштүрө албоо – олуттуу маселелердин бири болуп эсептелет. Иштин мындай абалы коркунучтуу химиялык заттар чөйрөсүндөгү жана мамлекеттик башкаруу тутумундагы кадрлардын потенциалын дайыма жана системалуу түрдө жогорулатуу зарылдыгын көрсөтөт. Ушуга байланыштуу химиялык заттар менен иштөөнү мамлекеттик жөнгө салуу тутумун жалпы координациялоону камсыздоочу бирдиктүү органды түзүү зарылчылыгы пайда болду.
Мындай кырдаал башкаруучу муундун алмашып тургандыгына байланыштуу да курчугандыгы байкалат. Ушул эле учурда мындай муундардын кесиптик тажрыйбасын, институттук эстутумду жана байланышты өткөрүп берүү механизми жоголгон.
Мындан сырткары, коркунучтуу химиялык заттардын эл аралык тутумуна жана классификациясына киргизүү жаатындагы кадрлардын потенциалы ар дайым квалификацияны жогорулатууга жана билим менен тажрыйбаны кеңейтүүгө муктаж. Бирок кооптуу химиялык заттарды башкаруу чөйрөсүндөгү кадрлардын потенциалын жогорулатуу институттарынын чектелгендиги - ар дайым окутуу тутумун, кайрадан окутуу жана ушул чөйрөдөгү кадрлардын квалификациясын жогорулатууну жайылтууга мүмкүнчүлүк бербей келет.
Жалпысынан алганда толук изилдөө жүргүзүүгө керектүү жабдуулардын жана материалдардын жетишсиздиги көйгөй жаратат. Лабораториялык шарттарда изилдөөлөрдүн маанилүү түрлөрүн жүргүзүү үчүн адистердин жетишсиздиги же толук жок болушу белгиленген.
Потенциалды жогорулатуу санитардык, фитосанитардык лабораториялардын жана башка инфратүзүмдүк объектилердин сыноо базасын жаңыртууга (жабдууга), анын ичинде интеграциялык бирикменин ченемдик талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн аймагында контролдонуучу объекттер менен коопсуз иштөөнүн шарттарын сактоону камсыздоо максатында ар түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн негизги жабдууларды сатып алууга да тиешелүү.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Кыргыз Республикасында Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мындай шарттарга төмөндөгүлөр кирет: 1) химиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык конвенцияларга Кыргызстандын кошулуусу; 2) аларды коопсуз пайдалануу тууралуу товарларды керектөөчүлөргө милдеттүү маалымдоо жөнүндө талаптарды улуттук мыйзамдарда бекитүү; 3) химиялык заттарды классификациялоо үчүн институттук жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн болушу; 4) экспорттук контролдоонун (экспорттук контроль жана лицензиялоо) улуттук тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүү; 5) химиялык заттарды жөнгө салууда бирдиктүү талаптарды киргизүүгө карата, эл аралык соодадагы административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү үчүн ишкердик субъекттердин кызыкчылыгы; 6) химиялык заттарды коопсуз башкаруу боюнча системалык мамилени киргизүү үчүн саясий эрктин болушу.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Техникалык регламент боюнча интеграцияланган маалымат тутуму түзүлгөн, ал бардык кызыкдар болгон жактарды техникалык регламенттер, стандарттар жана шайкеш келүүчүлүктү баалоо жол-жоболору жөнүндө ишенимдүү жана толук маалымат менен ыкчам камсыздоого, ошондой эле 1994-жылдын 15-апрелиндеги Соодадагы техникалык бөгөттөр боюнча макулдашуунун жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча макулдашуунун жоболорун аткарууга мүмкүндүк берет.
Шайкештикти баалоо формалары (продукцияны декларациялоо) киргизилген. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин демилгеси менен ушул иштин алкагында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышкан мамлекеттерде кооптуу продукциялар боюнча маалымат базасын карап чыгуу мүмкүнчүлүгү менен КМШнын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин «кооптуу продукция» автоматташтырылган маалыматтар тутумуна кирүүгө мүмкүндүк алынды. 2013-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасы Өз ара таанып билүү жөнүндө көп жактуу макулдашууга кошулду жана (ILAC) лабораторияларын аккредитациялоо боюнча эл аралык уюмдун толук укуктуу мүчөсү деген статуска ээ болду. Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүүсүн эске алуу менен жакынкы үч жыл Кыргыз Республикасынын лабораториялык базасынын туруктуу өнүгүүгө өтүүсүнүн этабы болуп калат. Учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборлордун эталондук лабораторияларын реконструкциялоо жүргүзүлдү. Жогоруда аталган бардык инновациялар химиялык заттарды керектөөчүлөрдүн кеңири топторун, аларга кошуп коркунучтуу химиялык заттарды пайдалануучу кызматкерлерди жаңы, өзгөчө билимдерге окутууну жана маалымдоону жана кызыкчылыктары бар негизги топтордун квалификациясын жогорулатууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча «жол картасынын» негизинде Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык союзунун тараптары менен өлкөдөгү бажы пункттарын жана лабораторияларды жабдуу үчүн техникалык жардамды көрсөтүү жөнүндө сүйлөшүү процесстери жүргүзүлүүдө.
Жетишилген жыйынтыктар менен бирге химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү зарылдыгы менен байланышкан кырдаалды талдоо бир катар көйгөйлөрдү аныктады.
2.1. Улуттук мыйзамдардын көйгөйлөрү
Улуттук мыйзам химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо тутуму жаатындагы химиялык продукциянын ар кандай топторуна карата бир катар макулдашылбаган талаптарын камтыйт, бул талаптар эл аралык талаптар менен ыңгайлаштырылган эмес, бул химиялык продукцияларды коопсуз пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык коомдоштуктар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө келтирилүүчү тоскоолдуктарды жаратууда.
Химиялык заттарды башкаруу жаатындагы айрым функциялардын аткарылышы тиешелүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан атайын, тармактык ченемдик актыларга негизденет (айрым химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо талаптары, мисалы: пестициддер, коркунучтуу жүктөрдү ташуу, баңгизаттары, медициналык дары-дармектер ж.б.), бул негизинен химиялык коопсуздукту камсыздоодо жана чечимдерди кабыл алууда мамиленин комплекстүүлүгүн жокко чыгарат.
Укуктук кенемтелердин болушу химиялык заттарды классификациялоону жана маркалоону жөнгө салуу тутумдуу эмес, фрагментардык мүнөзгө ээ экендигине таасирин тийгизет жана химиялык коркунучтуу заттарды камтыган продукциялардын коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк бере албайт.
Улуттук мыйзамдарда химиялык заттардын тобокелдиктеринин бардыгы көрсөтүлгөн эмес жана ушуга ылайык бул коркунучтар боюнча алдын ала эскертүүчү актуалдуу маалыматтарды берүү механизмдери жана коопсуз пайдалануу үчүн чаралар жокко эсе.
2.2. Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн коркунучтуу химиялык заттарды мамлекеттик жөнгө салуу (анын ичинде көзөмөлдөө жана контролдоо) институттарынын тутумунун көйгөйлөрү
Химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык тутумун киргизүү жаатында иштеп жаткан мамлекеттик институттук тутум үчүн төмөндөгүлөр мүнөздүү болуп саналат:
- компетенттүү органдардын ортосунда координациянын, корпоративдүүлүктүн жана коммуникациянын жоктугу;
- шайкештикти баалоо, лицензиялоо-уруксат берүү ишин жана көзөмөлдү жүргүзгөн ведомстволордун ортосундагы жоопкерчиликтин чегинин так эместиги;
- финансылык камсыздоонун начардыгы, финансылык туруктуулуктун жоктугу, персоналдын талаптагыдай эмес менеджменти жана квалификациясы, лабораториялык инфратүзүмдү кошкондо техникалык жабдуулардын өтө төмөн деңгээли;
- талаптагыдай эмес контролдоо жана жашоонун деңгээлинин төмөндүгү республиканын өзгөчө чек арага жакын жайгашкан райондорунда айыл чарбасынын уулуу химикаттарын жана тиричилик химиясын контрабандалык түрдө алып өтүүсүнө негиз түзөт.
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун эл аралык тутумунун негизинде химиялык заттарды классификациялоо жана эскертүүчү маркалоо тутумун киргизүү химиялык заттарды пайдаланууда иштеген министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес түзүмдөрдүн, жумушчулардын, керектөөчүлөрдүн өкүлдөрүнүн потенциалынын өсүшүн, квалификациясын жана аткаруучулук тартиптерин жогорулатууну талап кылат.
2.3. Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун иштеп чыгуу, киргизүү жана жаңылоо боюнча маалыматтык камсыздоо жана кадрдык потенциалдын көйгөйлөрү
Химиялык заттардын кооптуу касиеттери тууралуу билимдин жана маалыматтардын жетишсиздиги химиялык продукциялардын коркунучтуулугун ылайыксыз баалоого өбөлгө түзөт.
Мындан сырткары, маалыматтын жетишсиздиги көпчүлүк учурда авариялык жана өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиги менен коштолот. Ошондуктан мындай объектилерди башкаруу тутумунда өзгөчө көңүлдү колдонулуучу химиялык заттардын кооптуулук классына жараша химиялык коркунучтуу өнөр жай объектилеринин тобокелдик даражасына буруу зарыл.
Ошону менен бирге, химиялык заттардын таасиринин тобокелдиктерин жоюу боюнча эң мыкты жеткиликтүү чечимдер жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги мыкты технологиялардын негизинде химиялык заттардын таасиринин тобокелдиктерин башкаруу практикасынын өндүрүштө жетиштүү түрдө колдонулбашына алып келет.
Өлкөбүздө жагымдуу жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуудагы, кесиптик ооруларды азайтуудагы иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын жетишерлик натыйжалуу механизми али түзүлө элек, бул жалпысынан экономиканын абалынын жана эмгекти коргоо жаатындагы аракеттеги мыйзамдардын талаптагыдай жүзөгө ашырылбагандыгынын кесепети болуп саналат. Эмгек шарттарынын жана эмгекти коргоонун абалына карата иш берүүчүлөр менен өндүрүш жетекчилеринин жоопкерчилиги начарлап кеткен.
Химиялык заттарды коопсуз башкарууну, калктын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү потенциалдуу коркунучтуу химиялык заттардын жана алардын аралашмаларынын терс таасиринен сактоону, улуттук мыйзамдар менен эл аралык макулдашуулардын, химиялык продукцияны коопсуз пайдалануу жаатындагы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишимдин шайкеш келишин камсыз кылуу боюнча аныкталган көйгөйлөргө негизденип, Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүүнүн негизги багыттары, милдеттери жана чаралары аныкталат.
3. Программанын максаты
2017-жылга карата Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун эл аралык тутумдун негизинде химиялык заттарды классификациялоо жана эскертүүчү маркалоонун улуттук тутумун киргизүү.
Бул максатка жетүү химиялык продукцияны пайдаланууда адамдын ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн коргонуучулук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
4. Программанын артыкчылыктары
Химиялык заттарды коопсуз, туруктуу башкарууну камсыздоонун жолдорунун бири болуп адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган кооптуулукту аныктоо жана тийиштүү сактык чараларын камсыздоочу маалыматты берүү саналат. Мындан сырткары, химиялык заттарды өндүрүүдө жана колдонууда, авария учурларында жана коркунучтуу химиялык заттарды камтыган калдыктар менен иш жүргүзүүдө коопсуздукту камсыздаган чаралар көрүлүүгө тийиш. Кооптуулукка тийиштүү түрдө баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү даярдыктын жана атайын билимдин болушу жана химиялык заттарды пайдалануу жаатында коопсуздукту камсыздоодо маалымдоо элементтерин колдонуу негиз болуп саналат. Химиялык заттардын коркунучтуулук даражасын түшүнүү аны өндүрүүдө, колдонууда жана жоюуда/калдыктарды утилдештирүүдө туура иш-аракеттерге алып келет.
Программа жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана аныкталган көйгөйлөргө негизденип, төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1-артыкчылык. Химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун эл аралык тутумга шайкеш келтирүү.
2-артыкчылык. Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн коркунучтуу химиялык заттарды мамлекеттик жөнгө салуу (анын ичинде көзөмөлдөө жана контролдоо) институттарынын колдонуудагы тутумун жаңыртуу.
3-артыкчылык. Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүү боюнча маалыматтык камсыздоону, кадрдык жана техникалык потенциалды жогорулатуу.
5. Милдеттер жана чаралар/аракеттер
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун негизинде химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо тутумун иштеп чыгуу процессинде улуттук мыйзамдарды жакшыртууга багытталган биринчи артыкчылыктуу багытты алдыга жылдыруунун алкагындагы иштер төмөндөгү маселелерди чечүүгө багытталат: (1) химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу; (2) химиялык заттар менен иштөөдө (жумуш берүүчүлөр, жумушчулар, химиялык заттар менен жабдып туруучулар ж.б.) коопсуздукту камсыз кылуу жана (3) улуттук мыйзамдар менен химиялык заттарды классификациялоонун жана эскертүүчү маркалоонун эл аралык тутумун шайкеш келтирүү.
Биринчи милдетти чечүү төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруунун эсебинен пландалган: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун (ГМТ) негизинде химиялык заттардын коопсуздугун классификациялоо жана маалымдоо элементтеринин тутумун киргизүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу; 2) колдонуудагы мыйзамдардын кенемтелерин жана Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун талаптарына шайкеш келбегендиктерин аныктоо максатында химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы тармактык мыйзамдарды инвентаризациялоо; 3) химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатында иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын пакетин даярдоо; 4) экологиялык стандартташтырууга жана сертификаттоого (милдеттүү түрдө, ыктыярдуу) тийиш болгон химиялык продукциялардын тизмегин иштеп чыгуу жана бекитүү; 5) химиялык продукцияларды коопсуз пайдалануу жаатындагы милдеттүү санитардык-гигиеналык жана экологиялык ченемдерди кайрадан иштеп чыгуу жана бекитүү (эмгекти коргоо, керектөө).
Химиялык заттар менен иштөөдөгү коопсуздуктун методикалык жактан камсыздалышына багытталган экинчи милдетти чечүү үчүн зыяндуу химиялык заттарды пайдаланган өндүрүш ишканаларында кооптуулук жана коопсуздук чаралары жөнүндө эскертүүчү маалыматты жумуш ордунда уюштурууга карата өндүрүштүк контролдун методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл.
Үчүнчү милдет - эл аралык ченемдик актылар менен шайкеш келген, химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо боюнча бирдиктүү ченемдик талаптарды түзүү. Бул милдет төмөндөгү чаралардын пакети менен ишке ашырылат: 1) тармактык ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кайрадан иштеп чыгуу, аларды химиялык заттарды башкаруу жаатындагы эл аралык ченемге ылайык келтирүү, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу; 2) Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун эске алуу менен «Химиялык продукциялардын коопсуздугу жөнүндө», «Жарылуу коркунучундагы чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө», «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө», «Жарылуучу заттардын жана анын негизинде жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» Бажы союзунун техникалык регламенттерин жүзөгө ашыруу үчүн иштеп чыгуу.
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун натыйжалуу киргизүү үчүн талаптагыдай контролдоодо, мамлекеттик органдардын, ар түрдүү тармактардын жана химикаттарды башкарууга кызыкдар болгон жактардын ортосундагы олуттуу координация жана өлкөлөр, региондор жана эл аралык коомдоштуктардын ортосундагы узакка созулган кызматташтык талап кылынат.
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн коркунучтуу химиялык заттарды мамлекеттик жөнгө салуу (анын ичинде көзөмөлдөө жана контролдоо) институттарынын аракеттеги тутумун жаңыртуу боюнча экинчи артыкчылык химиялык заттарды башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ушул артыкчылыктуу багыт боюнча төмөндөгү милдеттер алдыга коюлган: (1) химиялык заттарды пайдалануу жаатындагы мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу; (2) курамында химиялык коркунучтуу заттар бар ташып келинген/ташып чыгарылган товарларды талаптагыдай жол-жоболоштурууда бажы контролун күчөтүү; (3) химиялык заттардын коопсуз пайдаланылышын камсыздоону көзөмөлдөөнүн улуттук тутумун чыңдоо жана уулуу, кооптуу продуктулардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу.
Биринчи маселенин чечилиши төмөндөгү чараларды камтыйт: 1) Кыргыз Республикасында химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенил бар химиялык заттарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча координациялык комиссиянын ишинин колдонуудагы форматына жана жол-жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; 2) химиялык продукцияны пайдаланууда жөнгө салуу жана маалымат алмашуу жаатында чектеш функциялар
боюнча өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык регламентин бул чөйрөдө аракеттенген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн иштеп чыгуу.
Химиялык кооптуу заттарды камтыган ташып келинген/ташып чыгарылган товарларга бажы контролун күчөтүү үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды жүзөгө ашыруу пландалууда; 1) бажы кызматы үчүн химиялык коркунучтуу заттарды камтыган продукцияларга экспресс-контролдоо жүргүзүү методикаларын иштеп чыгуу жана бекитүү; 2) Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумуна ылайык келүүчү химиялык продукциянын эскертүүчү маркалоосунун, паспортунун болушуна бажы чек арасында контроль жүргүзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.
Үчүнчү милдетти ушул артыкчылыктын алкагында төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу чечүү пландалууда: 1) пайдалануусунда коркунучтуу химиялык заттар бар ишканалардын реестрин даярдоо жана бекитүү; 2) химиялык заттарды пайдаланган өндүрүш объектилеринин кооптуулук даражасына ылайык мамлекеттик контролдоо органдарынын текшерүү баракчасына өзгөртүүлөрдү киргизүү; 3) тобокелдик даражасына ылайык коркунучтуу химиялык заттар менен иштеген ишкердик субъектилеринин текшерүү пландарын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү; 4) химиялык аварияга учураган зоналардагы персоналдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн үлгүлөрдү тандап алуу методикасын иштеп чыгуу; 5) профсоюздардын ишин кошкондо коомдук контролдун жол-жоболорун, форматын иштеп чыгуу жана бекитүү. Бул милдет химиялык заттардын коопсуз пайдаланылышын камсыздоого, уулуу жана коркунучтуу продуктулардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча улуттук контролдоо тутумун күчөтүүгө багытталган.
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун иштеп чыгуу, киргизүү жана жаңылоо боюнча маалыматтык камсыздоонун жана кадрдык потенциалды чыңдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу – химиялык заттарды иштетүүдө жана колдонууда анын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринен оолак болуу үчүн регулятивдик органдардын, өндүрүүчүлөрдүн/жеткирип берүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн тийиштүү сактык чараларын көрүүсүнө өбөлгө түзөт. Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүүдөгү жана потенциалын түзүүдөгү негизги факторлордон болуп өнүгүү, бирге пайдалануу жана маалымат алмашуу, ошондой эле адамдын маркалоону, эскертүүнү же коопсуздук паспортун окуу жөндөмдүүлүгү жана зарыл болгон аракеттердин аткарылышы үчүн маалыматты жеткиликтүү деңгээлде түшүнүү эсептелет.
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутуму жаатындагы бардык кызыкдар болгон тараптардын потенциалын жогорулатууга багытталган үчүнчү артыкчылык төмөнкүдөй милдеттердин чечилишин болжолдойт: (1) «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалымат тутумун түзүү; (2) химиялык заттарды классификациялоо жана эскертүүчү маркалоо маселелери боюнча жарандык коомдун маалымдуулугун жогорулатуу; (3) химиялык заттарды пайдалануу жаатындагы кадрдык потенциалды жогорулатуу тутумун өркүндөтүү; (4) лабораториялык базалардын техникалык жактан жабдылышын жогорулатуу.
Биринчи маселени төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруунун эсебинен чечүү пландалууда: 1) «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалымат тутумунун иши үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу; 2) өндүрүлгөн жана республикага ташып келинип жаткан химиялык продукциялардын коркунучтуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө илимий негизделген маалыматтарды топтоо жана жалпылоо; 3) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылып жаткан коркунучтуу (Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумуна ылайык физикалык, адам үчүн жана айлана-чөйрө үчүн) химиялык продукциялардын бирдиктүү реестрин түзүү жана колдоо көрсөтүү; 4) химиялык заттарды өндүрүүнү, ташып келүүнү (ташып чыгууну), ташууну, сактоону, колдонууну, утилдештирүүнү жүргүзүшкөн ишкердик субъекттердин бирдиктүү реестрин түзүү жана жаңылап туруу; 5) ушул Программанын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планынын жүзөгө ашырылышын жалпы координациялаган координациялык органдын отчет берүү форматын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү; 6) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылып жаткан химиялык продукциялардын Коопсуздук паспортторунун маалыматтар базасын жана тиешелүү маркалоосу менен химиялык коопсуздук карточкаларын түзүү жана колдоо.
Чечилиши жарандык коомдун маалымдуулугун жогорулатуу менен байланышкан экинчи милдет төмөнкүдөй иш-чаралардын аткарылышын болжолдойт: 1) химиялык заттардын кооптуулугун классификациялоо жана маркалоо жөнүндө, анын ичинде пиктограммалар жөнүндө маалыматтык материалдарды (брошюраларды, баракчаларды, плакаттарды ж.б.) иштеп чыгуу; 2) химиялык заттардын коркунучтуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдуулукту жана кабардар болуучулукту жогорулатуу боюнча коммуникативдүү иш-чараларды өткөрүү; 3) маалыматтарды ЖМКларда, интернет каражаттарына, коомдук пайдалануу жайларында жайгаштыруу жолу менен химиялык заттардын тобокелдиктери жана маркалоосу боюнча кеңири коомчулук үчүн маалыматтарды берүү.
Чечилиши химиялык заттарды пайдалануу жаатындагы кадрдык потенциалды жогорулатууга багытталган үчүнчү милдет төмөнкү чаралардын эсебинен аткарылат: 1) Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутуму жаатында потенциалды өстүрүү жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу; жөнгө салуу органдары үчүн; контролдоочу органдар үчүн; жумуш берүүчүлөр жана профсоюздар үчүн; керектөөчүлөр үчүн; 2) химиялык продукциялардын коркунучтуу өзгөчөлүктөрүн классификациялоо маселелери боюнча кесиптик даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
Төртүнчү милдеттин чечилиши лабораториялык-техникалык базаны модернизациялоо боюнча жабдууларды сатып алуу аркылуу техникалык жактан жабдылышын жогорулатууга багытталат.
6. Күтүлүүчү натыйжалар
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун негизинде химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо тутумунун киргизилиши 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны, Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча «жол картасын» жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын ишке ашыруудагы негизги кадам болуп эсептелет.
Программаны киргизүүнүн оң натыйжасы болуп адамдын ден соолугу жана курчап турган чөйрө үчүн тобокелдиктердин азайышы, ошондой эле бир түрдүү, макулдашылган жана ырааттуу мамиленин негизинде химиялык заттарды эл аралык жөнгө салууну интеграциялоо, кооптуулугу эл аралык ченемдер менен эрежелерди эске алуу аркылуу тийиштүү түрдө бааланган жана аныкталган химиялык заттарды эл аралык соодалоону жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет.
7. Оңтойлуу шарттар жана тобокелдиктер
7.1. Оңтойлуу шарттар
Кыргыз Республикасынын Кытай, Россия, Казакстан, Европа Союзунун өлкөлөрү сыяктуу негизги тышкы соода өнөктөштөрү Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүшүүдө.
Өлкөнүн жакынкы аралыктагы артыкчылыгы болуп Бажы союзуна интеграциялоо процесси саналат, анын алкагында Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Бажы союзунун алкагында товарлардын эркин өткөрүлүшү Бажы союзунун өлкөлөрүндө иштеп жаткан бирдиктүү сапат талаптарына алардын шайкеш келерин болжолдойт.
Химиялык коопсуздукту камсыздоо жаатында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) катышкан өлкөлөрдүн Стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МАК) ишинин алкагында бир катар мамлекеттер аралык стандарттар кабыл алынды.
Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун негизинде химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо тутумун киргизүү боюнча иштер Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй программалык жана стратегиялык документтерине киргизилген: 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа; Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын («жол картасын») ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы.
7.2. Тобокелдиктер
Программанын чараларын ишке ашыруу убагында келип чыгуучу тобокелдиктерге төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: 1) социалдык-саясий тобокелдиктер; 2) экономикалык тобокелдиктер; 3) уюштуруу-укуктук тобокелдиктер; 4) экологиялык тобокелдиктер; 5) маалыматтык тобокелдиктер; 6) кадрдык тобокелдиктер.
Социалдык-саясий тобокелдиктердин себептери болуп мамлекеттик сектордун пассивдүүлүгү; өлкөдөгү туруктуулуктун жоктугунан улам Программанын аткарылбай калышы. Бул тобокелдиктерди азайтуу үчүн бардык кызыкчылыктардын топторун Программаны жүзөгө ашыруу үчүн тартуу керек.
Экономикалык тобокелдиктердин себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет: Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жетиштүү бюджеттик каржылоонун жоктугу; бюджеттик эмес булактарды өз убагында жана жетиштүү көлөмдө мобилдештирүүнүн мүмкүн эместиги; финансы ресурстарын натыйжалуу колдонууну камсыздоо жөндөмсүздүгү. Бул тобокелдиктерди азайтуу үчүн төмөндөгү иш-чараларды жүргүзүү керек: бюджеттик каражаттарды өз убагында бөлүү; инвесторлор жана эл аралык донорлор менен жолугушууларда Программаны ишке ашыруу үчүн каржылоо жана башка колдоо көрсөтүү жөнүндө маселелерди күн мурунтан киргизүү; иш-чаралардын аткарылышына чыгымдалуучу каражаттардын ачыктыгы.
Уюштуруу-укуктук тобокелдиктердин себептери: мыйзамдардын начар колдонулушу; мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу реформасынын аягына чыкпагандыгы, анын натыйжасында функциялардын кайталанышы жана начар координация; Программаны ишке ашырууда мамлекеттик органдар тарабынан жылдык пландын канааттандырарлык эмес аткарылышы. Тобокелдиктерди азайтуу үчүн төмөндөгү иш-чараларды аткаруу зарыл: тийиштүү деңгээлде контроль жүргүзүү (аткаруу бийлик органдарынын иш-аракетинин натыйжалуулугун мезгили менен баалоо); ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапаттуу даярдалышы жана аларды өз убагында кабыл алуу; Кыргыз Республикасындагы химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенилдер бар химиялык заттарды коопсуз башкарууга көмөк көрсөтүү боюнча координациялык комиссияга ар жыл сайын отчет берүү.
Экологиялык тобокелдиктерге мыйзамдагы кенемтелерди, адамдын ден соолугун сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кайрадан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын улуттук мыйзамдарга шайкеш келбегендигин киргизүүгө болот. Системалык мамиле кылуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү Программанын натыйжасыз ишке ашуу коркунучун жана ошондон улам химиялык заттардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин төмөндөтөт.
Маалыматтык тобокелдиктер төмөнкүдөй шарттарда пайда болот: химиялык заттарды башкаруу жаатындагы ар түрдүү мамлекеттик органдардын иши тууралуу маалымдуулуктун жетишсиздигинен; химиялык заттарды жөнгө салуудагы ар түрдүү мамилелердин калыптанышында; коюлган маалыматтык талаптардын айырмачылыктарында. Төмөндөтүү механизмдери: кызыкчылыктардын бардык кызыкдар болгон топторунун арасында өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; ар кайсы өлкөлөрдүн жана уюмдардын эксперттеринин топтогон тажрыйбаларын жана билимдерин максималдуу түрдө колдонуу менен иштеп жаткан органдардын ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны өнүктүрүү.
Кадрдык тобокелдиктер кесипкөйлүктүн жоктугунан жана башкаруу персоналынын тажрыйбасынын жетишсиздигинен; долбоордук иштин бардык баскычтарында менеджменттин кетирген каталарынан жана деңгээлинин төмөндүгүнөн улам; жетекчиликтин бат-бат алмашуусунун жана кадрлардын «туруксуздугунун» натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Күтүлгөн тобокелдиктерди жеңүү үчүн төмөндөгүдөй иш-чараларды өткөрүү зарыл: адистерди кесипке даярдоо, окутуу жана аттестациялоо тутумун түзүү; маалыматтык материалдарды даярдоо, маалыматтар базасын жана кызыкдар болгон тараптардын «институттук эстутуму» үчүн шарттарды түзүү.
8. Ресурстук камсыздоо
Программанын долбоорунун иш-чараларын каржылоо булактары болуп мамлекеттик бюджеттин каражаттары, гранттар жана каржылоонун башка булактары эсептелет. Бул Программаны ишке ашырууну каржылоонун жалпы көлөмү улуттук мыйзамдарга ылайык аныкталган жана 269047,36 миң сомду түзөт, анын ичинен 99% - эл аралык финансы институттарынын жана 1% - мамлекеттик бюджеттин каражаттары.
2-тиркеме
Милдеттер
| Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар
| |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1-бөлүм. Химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун эл аралык тутумга шайкеш келтирүү | |||||
1.1 Химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү | 1.1.1 1) «Кыргыз Республикасында Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумунун (ГМТ) негизинде химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маалымдоо элементтеринин тутумун киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2015-жылдын II кварталы | Химиялык заттарды классификациялоонун жана маркалоонун эл аралык талаптары менен макулдашылган жана улуттук мыйзамдарда бекитилген | ЭМ, Координациялык комиссиянын мүчөлөрү* | |
2) Химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы тармактык мыйзамдарды инвентаризациялоо, колдонуудагы мыйзамдардын кенемтесин жана ГМТнын талаптарына шайкеш эместигин аныктоо 3) Химиялык заттарды классификациялоо жана маркалоо жаатындагы колдонуудагы ЧУАга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ЧУАнын пакетин даярдоо | 2015-жылдын II кварталы | Кенемтелер жана карама-каршылыктар аныкталды, өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча ЧУАнын пакети даярдалды
| ЭМ, Координациялык комиссиянын мүчөлөрү* | ||
4) Экологиялык стандартташтырууга жана сертификациялоого (милдеттүү, ыктыярдуу) тийиш болгон химиялык продукциянын тизмегин иштеп чыгуу жана бекитүү
| 2015-2016-жылдар | Экологиялык стандартташтырууга жана сертификациялоого (милдеттүү, ыктыярдуу) тийиш болгон химиялык продукциянын тизмеги бекитилген | Токой агенттиги, ЭМ | ||
5) Химиялык продукцияларды коопсуз пайдалануу (эмгекти коргоо, керектөө) жаатында милдеттүү санитардык-гигиеналык жана экологиялык ченемдерди кайра иштеп чыгуу жана бекитүү
| 2015-2016-жылдар | Химиялык продукцияларды коопсуз пайдалануу жаатында гигиеналык жана экологиялык ченемдер киргизилди | ССМ, Токой агенттиги
| ||
2. Химиялык заттар менен иштөөдө (жумуш берүүчүлөрдүн, жумушчулардын, химиялык заттар менен жабдуучулардын ж.б.) коопсуздукту методикалык камсыздоо
| Кооптуу химиялык заттарды пайдалануучу өнөр жай ишканаларынын жумуш орунунда кооптуулук жөнүндө эскертүүчү маалыматты жана коопсуздук чараларын уюштуруу үчүн өндүрүштүк контролдоо методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Химиялык заттардын коркунучтуулугу боюнча актуалдуу эскертүүчү маалыматты берүү жана жумуш ордунда аларды коопсуз пайдалануу чараларын көрүү механизмдери киргизилди | ЭӨМ, ТКМ, ЭМЖМ, ЭМ, Геология агенттиги, Экотехинспекция, МБК, ИИМ | |
3. Улуттук мыйзамдарды химиялык заттарды классификациялоо-нун жана эскертүүчү маркалоонун эл аралык тутуму менен шайкеш келтирүү
| 1) Тармактык ЧУАларды иштеп чыгуу, кайра иштеп чыгуу, аларды химиялык заттарды башкаруу жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык келтирүү, «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу
| 2015-2016-жылдар | «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалды. ГМТны киргизүү максатында колдонуудагы ЧУАларды өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Химиялык заттарды башкаруу жаатындагы эл аралык конвенциялар боюнча милдеттенмелер аткарылды | ЭМ, өкүлдөрү Координациялык комиссиянын курамына кирген министрликтер жана ведомстволор* | |
2) ГМТны эске алуу менен Бажы союзунун төмөнкүдөй техникалык регламенттерин жүзөгө ашыруу үчүн: «Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө», «Жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуунун коопсуздугу жөнүндө», «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө», «Жардыруучу заттардын жана алардын негизиндеги буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» ЧУАларды иштеп чыгуу | 2015-2016-жылдар | ГМТнын базасында химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо жана эскертүүчү маркалоо тутумуна карата талаптар белгиленген жана техникалык регламенттердин долбоорлоруна киргизилген
| ЭМ, Өкүлдөрү Координациялык комиссиянын курамына кирген министрликтер жана ведомстволор,* Геология агенттиги | ||
2-бөлүм Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн коркунучтуу химиялык заттарды мамлекеттик жөнгө салуунун (анын ичинде көзөмөлдөө жана контролдоо) институттарынын колдонуудагы тутумун жаңылоо | |||||
1. Химиялык заттарды пайдалануу жаатындагы мамлекеттик башкарууну оптималдашты-руу
| 1) Кыргыз Республикасындагы коркунучтуу химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенилдер бар химиялык заттарды натыйжалуу башкарууну жогорулатуу боюнча координациялык комиссиянын ишинин колдонуудагы форматына жана жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде
| Химиялык коопсуздук жаатында компетенттүү органдардын ортосундагы координациялоо, корпоративдүүлүк жана коммуникациялоо боюнча иштин натыйжалуулугу жогорулады | АЧММ, Токой агенттиги, өкүлдөрү Координациялык комиссиянын курамына кирген министрликтер жана ведомстволор* | |
2) химиялык продукцияны пайдаланууда жөнгө салуу жана маалымат алмашуу жаатындагы чектеш функциялар боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы үчүн өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык регламентин иштеп чыгуу жана Координациялык комиссиянын жыйынында бекитүү
| 2015-жылдын IV кварта-лына чейин | ГМТны киргизүүдө кызыкдар болгон тараптарды координациялоо үчүн уюштуруучулук жана ченемдик-укуктук негиздердин болуусу камсыздалды. Координациялык комиссия тарабынан аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык регламенти бекитилген | ЭМ, Координациялык комиссиянын курамына кирген министрликтер жана ведомстволор* | ||
2. Курамында кооптуу химиялык заттар бар товарларды ташып кирүүдө/ташып чыгууда талаптагыдай жол-жоболоштуруу бөлүгүндө бажы контролун күчөтүү
| 1) Бажы кызматтары үчүн курамында кооптуу химиялык заттар бар продукцияларды экспресс-контролдоонун методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү
| 2015-2017-жылдар | Курамында кооптуу химиялык заттар бар товарларды аныктоо үчүн бажы чек араларында колдонулуучу химиялык заттарды экспресс-контролдоонун методикасы киргизилди. Бажы чек арасы аркылуу уулуу жана кооптуу продуктуларды мыйзамсыз ташып кирүү/ташып чыгуу кыскарды | СМБ, МБК, ӨКМ, Экотехинспекция, Ветинспекция | |
2) ГМТга жооп берген химиялык продукциянын эскертүүчү маркалоонун, коопсуздук паспортунун болушуна бажы чек арасындагы контролдоо боюнча ЧУАларды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-2017-жылдар
| Эскертүүчү маркалоонун болушуна бажы чек арасында контролдоо боюнча ченемдер киргизилди
| ЭМдин алдындагы СМБ, МБК | ||
3. Химиялык заттардын коопсуз пайдаланылышын камсыздоого көзөмөл жүргүзүүнүн улуттук тутумун күчөтүү, уулуу жана кооптуу продуктулардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу
| 1) Кооптуу химиялык заттарды пайдаланган ишканалардын реестрин даярдоо жана бекитүү | 2015-2017-жылдар | Кооптуу химиялык заттарды пайдаланган ишканалардын реестри ишке киргизилген | ЭМ, ССМ, АЧММ, БКМК | |
2) Кооптуу химиялык заттарды пайдаланган өндүрүш объектилеринин кооптуулук даражасына жараша мамлекеттик контроль жүргүзүү органдарынын текшерүү барагына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын III кварта-лына чейин | Бардык кызыкдар болгон ишкердик объектилер үчүн жеткиликтүү болгон химиялык заттарды коопсуз пайдалануу жаатындагы текшерүү барактарына өзгөртүүлөр киргизилди | Экотехинспекция, Ветинспекция
| ||
3) Тобокелдик даражасына ылайык кооптуу химиялык заттарды пайдаланган ишкердик субъекттерин текшерүүнүн планын иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү | 2015-2017-жылдар (кварталы-на бир жолу) | Химиялык заттарды коопсуз пайдалануу жаатындагы текшерүүлөрдүн планы бардык кызыкдар болгон ишкердик субъекттерине жеткирилди |
Экотехинспекция, Ветинспекция
| ||
4) Химиялык авариялар болгон аймактарда персоналдын коопсуздугун камсыздоо үчүн сынамыктарды тандоо методикасын иштеп чыгуу
| 2015-2017-жылдар | Авариялык кырдаалдарда жабырлануучулардын санын азайтуу үчүн методикалар киргизилди. Чара көрүүнүн ылдамдыгы жогорулатылды | СМБ, ӨКМ, Экотехинспекция, Ветинспекция
| ||
5) Профсоюздун ишин кошо алганда коомдук контролдун жол-жоболорун жана форматын иштеп чыгуу жана бекитүү
| 2015-2017-жылдар | Жумуш ордунда техникалык коопсуздук ченемдеринин сакталышына коомдук контроль жүргүзүү жол-жоболору киргизилди. Химиялык тиричилик продукцияларынын коопсуздугуна керектөөчүлөрдүн укуктары сакталды | Профсоюздар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдар (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| ||
3-бөлүм. Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоонун жана маркалоонун глобалдык деңгээлде макулдашылган тутумун киргизүү боюнча маалыматтык камсыздоону, кадрдык жана техникалык потенциалды жогорулатуу | |||||
3.1. «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалыматтык тутумун түзүү
| 1) «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалыматтык тутумунун иши үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу | 2015-жыл | Программалык камсыздоо тестирленген жана киргизилген
| ЭМ | |
2) Өндүрүлгөн жана республикага ташып кирген химиялык продукциянын коркунучтуу касиеттери тууралуу илимий негизделген маалыматтарды топтоо жана жалпылоо
| 2015-2016-жылдар, туруктуу негизде | Маалыматтар базасы жайгаштырылган жана «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалыматтык тутумунда ага кирүү мүмкүндүгү ачылды | УИА, ЭМ, АЧММ, ССМ, Токой агенттиги, БКМК, МБК, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
3) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу коркунучтуу (ГМТга ылайык физикалык жактан, адам үчүн, айлана-чөйрө үчүн) химиялык заттардын бирдиктүү реестрин түзүү жана колдоо көрсөтүү
| 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу коркунучтуу химиялык заттардын бирдиктүү реестри даярдалган. Маалыматтар «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалыматтык тутумунда жайгаштырылган | ЭМ, СМБ, ССМ, ӨКМ, Токой агенттиги, Экотехинспекция, УИА, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
4) Химиялык заттарды өндүрүүүнү, ташып кирүүнү (ташып чыгууну), ташууну, сактоону, колдонууну, утилдештирүүнү жүзөгө ашырган ишкердик субъекттердин бирдиктүү реестрин түзүү жана жаңылоо
| 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Химиялык заттарды өндүрүүнү, ташып кирүүнү (ташып чыгууну), ташууну, сактоону, колдонууну, утилдештирүүнү жүзөгө ашырган ишкердик субъекттердин бирдиктүү реестри жаңыланды. Маалыматтар «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалыматтык тутумунда жайгаштырылган
| ЭМ, АЧММ, БКМК, Токой агенттиги, МБК | ||
5) Программанын ишке ашуусуна жалпы координацияны жүзөгө ашыруучу координациялык органдын отчет берүү форматын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-жыл | Отчет берүү формасы бекитилди | ЭМ | ||
6) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу химиялык продукциялардын Коопсуздук паспортторунун маалымат базасын жана тиешелүү маркалоо менен химиялык коопсуздук карточкаларын түзүү жана колдоо көрсөтүү
| 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Химиялык продукциялардын Коопсуздук паспорттору жана химиялык коопсуздук карточкалары менен маалыматтык ресурс (маалыматтар банкы) жана ага ачык кирүү мүмкүндүгү бар. Маалыматтар «Химиялык заттардын коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетүүнүн бирдиктүү терезеси» маалыматтык тутумунда жайгаштырылган | ЭМ | ||
2. Химиялык заттардын коркунучтуулу-гун классификация-лоо жана маркалоо тутумунун маселелери боюнча жарандык коомдун кабардар болуусун жогорулатуу | 1) Химиялык заттардын коркунучтуулугун классификациялоо жана маркалоо, анын ичинде пиктограммалар жөнүндө маалыматтык материалдарды (брошюраларды, баракчаларды, плакаттарды ж.б.) иштеп чыгуу
| 2015-жылдын II кварталы | Химиялык заттардын коркунучтуу сапаттары жана аларды маркалоо жөнүндө маалыматтар химиялык продукцияларды керектөөчүлөрдүн бардыгы үчүн жеткиликтүү камсыздалды
| ЭМ, ӨКМ, ССМ, Токой агенттиги, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | |
2) Химиялык заттардын коркунучтуу сапаттары жөнүндө маалымдуулукту жана кабардар болууну жогорулатуу боюнча коммуникативдик иш-чараларды өткөрүү | 2015-жылдын II кварталы | Берилүүчү маалыматтардын жана кабардар болуунун деңгээли жогорулады
| ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | ||
3) Маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет ресурстарына, коомдук пайдалануу жайларында жайгаштыруу жолу менен химиялык заттардын тобокелдиктери жана маркалоосу боюнча кеңири коомчулук үчүн маалыматтарды берүү | 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Кабардар кылуунун деңгээли жогорулады | ЭМ, ӨКМ, ССМ, Токой агенттиги, ӨЭУ (макулдашуу боюнча)
| ||
3.3. Химиялык заттарды пайдалануу жаатында кадрлардын потенциалын жогорулатуу тутумун өркүндөтүү
| 3.3.1. ГМТ жаатында потенциалды өстүрүү жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу: - жөнгө салуу органдары үчүн; - контролдоочу органдар үчүн; - жумуш берүүчүлөр жана профсоюздар үчүн; - керектөөчүлөр үчүн | 2015-2017-жылдар | ГМТ жаатында кабардар кылууну жогорулатуу жана потенциалды өстүрүү боюнча окуу материалдары киргизилди
| УИА, ЭМ, Экотехинспекция, Ветинспекция
| |
2) Химиялык продукциялардын коркунучтуу сапаттарын классификациялоо маселелери боюнча кесиптик даярдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү
| 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Коркунучтуулукту классификациялоо маселелери боюнча негизги министрликтер менен ведомстволордун (лабораторияларды жана сертификациялоо органдарын кошкондо) кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылды | УИА, ЭМ, ССМ, АЧММ, Токой агенттиги
| ||
4. Лаборатория-лардын базасын техникалык жактан жабдууну жогорулатуу | Лабораториялык-техникалык базаны модернизациялоо үчүн жабдууларды сатып алуу
| 2015-2017-жылдар, туруктуу негизде | Лабораториялар жабдылды | ЭМ, ССМ, Токой агенттиги | |
Эскертүү:
* Кыргыз Республикасында химиялык заттарды, анын ичинде курамында полихлордифенилдер бар химиялык заттарды коопсуз башкарууга көмөк көрсөтүү боюнча координациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 335-б буйругуна ылайык бекитилген.