Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 238
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
27-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугуна бааны сунуштоо, ага бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркы кирет, мында конкурсанттар кыйла жогорку бааларды сунушташы мүмкүн. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын алып салгандан кийинки жыйынтык сумма төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 85 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине которулат, 3 пайызы - жер казынасынын объекти жайгашкан облустун өнүктүрүү фондуна, 3 пайызы - жер казынасынын объекти жайгашкан райондун өнүктүрүү фондуна, 3 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке, 3 пайызы - жер казынасынын объектиси жайгашкан чектердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине жана 3 пайызы - комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине которулат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |