Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12, 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659, 2015-жылдын 23-апрели № 238, 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Негизги жоболор
1. Ушул жобо "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстар (мындан ары - конкурс) жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин ар бир объекти боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарыяланат жана өткөрүлөт.
3. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин объекттеринин (мындан ары - жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер) тизмеси жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын берүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
II. Конкурстук комиссия
4. Пайдалуу казындылардын кедерин геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы мамлекеттик маанидеги ар бир объект боюнча курамы кеминде 7 мүчөдөн турган ведомстволор аралык конкурстук комиссияны (мындан ары - комиссия) түзөт.
5. Конкурстук комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат. Комиссиянын төрагасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындайт, комиссиянын катчысын жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан комиссиянын төрагасы дайындайт.
6. Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү;
3) аймагында жер казынасын пайдалануу объекти жайгашкан, администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын башчылары. Ошол эле учурда төмөнкү адамдар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:
- соттуулугу жоюлбагандар;
- конкурска катышуучу менен туугандык байланышта болгондор, же конкурска катышуучулардын жетекчилери жана түзүүчүлөрү, же алардын акыркы менчик ээлери болгондор;
- конкурска катышуучулар же анын түзүүчүсү менен эмгек мамилесинде тургандар.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы N 12, 2013-жылдын 13-июнундагы N 350, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Конкурстук комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин жетектейт, анын күн тартибин бекитет жана комиссиянын жыйынында төрагалык кылат.
8. Комиссиянын катчысы комиссиянын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерин жүргүзөт, комиссиянын жыйынын протоколун жазат жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.
9. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
10. Конкурстук комиссия өзү бекиткен регламентке ылайык ишин жүргүзөт. Комиссиянын тизмедеги курамынын жарымынан көбү катышса, комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы N 12 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, добуш берүү ачык өтөт.
12. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын жыйындарына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
13. Комиссиянын чечимине макул болбогон конкурстук комиссиянын мүчөлөрү протоколго өткөрүлгөн конкурстун натыйжалары жөнүндө өзгөчө пикирин жаза алышат.
III. Конкурсту даярдоо жана өткөрүү процесси
14. Комиссиянын жумушчу органы болуп төмөнкүлөрдү ишке ашыруучу жер казынасын пайдаланууга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат:
- конкурсту өткөрүүнү уюштурууну;
- геологиялык маалыматты даярдоону;
- арыздарды тапшыруунун тартиби жана мөөнөтү камтылган конкурс жөнүндө эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяны басып чыгарууну жана өзүнүн интернет-сайтында жарыяны жайгаштырууну;
- конкурстук арыздарды кабыл алууну жана каттоону.
15. Конкурска Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар катыша алат.
Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак аныкталган учурда (жер казынасын пайдалануу укугун ыйгарганга чейин) конкурсант Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүгүн же туунду уюмун түзүшү керек жана "Юридикалык жактардын мамлекеттик каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мындай катары мамлекеттик каттоону жүргүзүшү керек.
16. Конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери (мындан ары - конкурстун шарттары) комиссия тарабынан иштелип чыгылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
16-1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс жарыяланганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту алып салууга укуктуу. Мында конкурстук комиссия таркатылышы керек. Эгерде жарыялангандан кийин конкурс өтпөсө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны таркатууга жана жаңы конкурстук курамдагы жаңы конкурс жарыялоого укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы N 350 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
17. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта документтердин конкурсу өткөрүлөт. Экинчи этапта программалар, сунуштар, уюмдун экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү жана комиссия аныктаган башка шарттар каралат.
18. Конкурска катышуу үчүн комиссиянын жумушчу органы белгилеген форма боюнча арыз берилет. Арыз арыз берүүчү, жер казынасынын пайдалануунун жайгашкан жери жана түрү жөнүндө маалыматтарды камтышы керек. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- уюштуруучу документтердин жана юридикалык жактарды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жаранды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюмдун аткаруучу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген өкүлгө ишеним кат, эгерде жак өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе;
- кепилдик салымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
- геологиялык маалыматтын пакетин сатып алуу жөнүндө маалымат;
- бюджеттин алдында салык карызы жок жөнүндө салык кызматынын маалымкаты;
- чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - мыйзамдаштырылган мамлекеттик реестрден көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеген юридикалык жак болуп эсептелээрин ырастаган башка документ;
- жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк;
- чет өлкөлүк жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу.
19. Чет өлкөлүк уюмдар берген уюштуруучу жана башка документтер апостилдештирилген болушу керек жана алардын нотарилдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдерде котормосу берилет.
20. Арыз жана ага тиркелген документтер конкурсту өткөрүү күнүнө чейин бир жумушчу күндөн кем эмес мөөнөттө эки нускада жумушчу органга кол менен тапшырылат. Почта боюнча арыз берүүгө жол берилбейт. Документтерди берүүдө документтердин түп нускалары көрсөтүлөт. Документтерди ишеним кат боюнча берүүгө жол берилет.
21. Конкурс жөнүндө жарыя жарыяланган күнү жумушчу органдын расмий сайтында конкурска катышуу үчүн арыздын формасы жайгаштырылууга тийиш.
22. Жер казынасынын объекттерин пайдалануу укугуна конкурска катышуу үчүн арыз машиналык ыкма менен мамлекеттик жана расмий тилде жазылып, электрондук басып чыгаруучу жабдуудан чыгарылышы керек.
23. Жумушчу органдын кызмат адамы берилген арыздарды жер казынасынын объектин пайдалануу укугуна конкурска катышуу үчүн арыздарды каттоо журналына арызда анын катталган номерин, берилген күнүн жана убактысын көрсөтүү менен каттайт.
24. Арыз берүү күнү аяктагандан кийин келип түшкөн арыз материалдары кабыл алынбайт жана арыз берүүчүгө почта боюнча кайтарылат же жумушчу органдын кызмат адамы кол койдуруу менен тапшырат, бул тууралуу каттоо журналына тиешелүү белги жазылат. Арыз берүүчүлөр каалаган убакытта өзүнүн арызын кайра сурап алууга укуктуу.
25. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия конкурстун экинчи этабына жол берүү жүнүндө же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага отурумда катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
Экинчи турга жол берүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) арыздын мазмуну өткөрүлүүчү конкурстун шарттарына жооп бербейт (башка жер казынасынын объектиси, конкурсту өткөрүүнүн күнү көрсөтүлгөн);
2) арыз берүүчү тарабынан документтердин тизмеси толук берилген эмес же берилген документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбейт.
26. Конкурстун экинчи этабына катышууга жол берилген арыз берүүчүлөр жана конкурстун экинчи этабына жол берилбеген арыз берүүчүлөр конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө үч жумушчу күндүн ичинде кабарланышат.
27. Конкурстун экинчи этабына катышуу үчүн комиссияга чапталган конвертте комиссия белгилеген мөөнөттө төмөнкү документтер берилет:
- капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар жана долбоордун рентабилдүүлүгү боюнча техникалык-экономикалык эсептери менен кендерди өздөштүрүү программасы;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү программасы;
- геологиялык чалгындоо жана казып алуу иштерин жүргүзүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүгүн ырастоо;
- геологиялык жана кен казуу тармактарында иш тажрыйбасын ырастаган документ;
- пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү укугуна лицензияны алгандан кийин ишкананы эксплуатацияга киргизүү мөөнөтү жөнүндө сунуш;
- конкурстун объектинде пайдалуу казындыларды чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча заманбап технологияларды колдонуу жөнүндө сунуш;
- өнөр жайлык, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана пайдалуу казындыларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча чаралардын комплексин колдонуу жөнүндө сунуш;
- бузулган жерлердин рекультивациясынын багыты жөнүндө сунуш;
- иштегендердин жалпы санына карата ишке тартылган ата мекендик адистердин жана жумушчулардын катышы жөнүндө сунуш (конкурска чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар катышканда);
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык пакет;
- конкурстун объектиси болгон жер казынасын пайдалануу укугуна бааны сунуштоо, ага бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркы кирет, мында конкурсанттар кыйла жогорку бааларды сунушташы мүмкүн. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын алып салгандан кийинки жыйынтык сумма төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 85 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине которулат, 3 пайызы - жер казынасынын объекти жайгашкан облустун өнүктүрүү фондуна, 3 пайызы - жер казынасынын объекти жайгашкан райондун өнүктүрүү фондуна, 3 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке, 3 пайызы - жер казынасынын объектиси жайгашкан чектердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине жана 3 пайызы - комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине которулат.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алар конкурсту өткөрүү боюнча аныктаган критерийлердин жана башка шарттардын негизинде иштелип чыккан сунуштары боюнча жер казынасы объектисинин баасынын минималдуу чегин белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы N 12, 2014-жылдын 4-августундагы № 436, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 238 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Комиссия дагы башка керектүү шарттарды белгилеши мүмкүн.
29. Комиссия арыздарды кароонун тартибин, конкурстук документтерди жана материалдарды кароону, конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечимди кабыл алууну же конкурсту болбой калды деп таануу, геологиялык маалыматтын пакети жана конкурска катышуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн жана башкаларды аныктайт.
30. Комиссия өзүнүн жыйынында чапталган конверттерди ачат. Арыз берүүчүлөр же алардын ишенимдүү өкүлдөрү, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү комиссиянын бардык жыйындарына, ошондой эле чапталган конверттерди ачууда, катыша алышат.
31. Комиссия конкурстун шартында белгиленген мөөнөттө тапшырылган материалдарды карайт, аларды конкурстун кабыл алынган шарттарына ылайык баалайт. Тапшырылган материалдарды кароодо комиссия геология, кен казуу иштери, экономика, каржылоо жана башкалар боюнча тапшырылган материалдарды баалоо үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
32. Конкурстук материалдарды баалоо конкурстук комиссия тарабынан баллдык система боюнча жүргүзүлөт. Баллдык система боюнча материалдарды баалоо тартибин комиссия белгилейт.
33. Конкурстун шарттарына ылайык конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө чечим комиссия тарабынан алган баллдардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана ага жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
34. Эгерде арызда берилген сунуштардын бири да конкурстун шарттарына жооп бербесе же арыздар жок болсо, же бир гана арыз келип түшсө, конкурс болбой калды деп таанылат.
35. Эгерде конкурс болбой калды деп таанылса жана жеңүүчү аныкталбаса комиссия жаңы конкурс өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кайталанган конкурста жеңүүчү аныкталбаса объекттин жер казынасын пайдалануу укугун аныктоо аукционго берилет.
36. Комиссиянын протоколу конкурстун жеңүүчүсүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү жана (же) жаңы конкурс өткөрүү жана (же) объектти аукционго берүү үчүн негиз болуп саналат.
37. Конкурска катышуучулардын маалымат пакети жана конкурска катышуусу үчүн чыгымдары кайтарылбайт.
V. Эл аралык консультантты тартуу менен конкурс өткөрүү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылып алынуучу кендердин айрым обьекттери боюнча конкурстун шарттарын иштеп чыгуу маселелери боюнча эл аралык консультантты тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Эл аралык консультантты жалдоо жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурска катышкандыгы үчүн төлөнүүчү суммадан орду толтурулуучу атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Эл аралык консультантка төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:
- конкурстук жол-жоболорду иштеп чыгуу;
- конкурстун негизги шарттарын иштеп чыгуу;
- жер казынасын пайдалануу укугунан потенциалдуу ээлөөчүнүн милдеттерин түзүү;
- башка кызматтарды көрсөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Эл аралык консультанттын кызмат көрсөтүүлөрүнө карата техникалык тапшырма ушул Жобонун II главасына ылайык түзүлгөн Конкурстук комиссия тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Эл аралык консультант иштеп чыккан шарттар жана жол-жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Эл аралык консультанттын ишинин натыйжалары конкурстун шарттарынын акыркы долбоорун кароо жана даярдоо үчүн комиссияга берилет. Мында комиссия эл аралык консультанттын сунуштарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Конкурстун шарттарынын долбоору даярдалып жана комиссия тарабынан жактырылгандан кийин Комиссиянын жумушчу органы конкурстун шарттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү долбоорун киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)