Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 255 токтому менен бекитилген |
Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга ПРОГРАММАСЫ
1. Түзүлгөн кырдаалды талдоо жана баалоо
Табигый кырсыктардын калкка жана экономикага тийгизген терс таасирлеринин параметрлерин так аныктоо менен кооптуу табигый процесстердин өөрчүшүнө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо калктын жана аймактардын өзгөчө кырдаалдардан болгон коопсуздугун камсыздоонун негизи болуп эсептелет.
Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасы (мындан ары - Программа) өзүнө мониторинг системасынын институттук негиздерин (уюштуруучулук иш-чараларды), мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуунун, кооптуу табигый кырсыктардын өөрчүсүнүн, тобокелчиликтерди баалоонун механизмдерин (тартибин) камтыйт.
Кыргыз Республикасынын аймагы ички жана сырткы геологиялык-геофизикалык процесстердин таасирлеринин өз ара аракеттенүүсүнөн, азыркы мезгилдерде калыптануусун улантып жаткан рельефтин бийик тоолуу татаал тиби менен мүнөздөлөт. Бул процесстер мамлекеттин аймагында өөрчүүсү жана активдешүүсү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна шарт түзгөн 20дан ашуун кооптуу табигый процесстердин түрлөрүнүн таркалуусуна шарт түзөт.
Көпчүлүк учурларда өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын пайда болуусуна төмөндөгү табигый процесстер алып келет: жер титирөөлөр (өлкөнүн аймагы 8-9 баллдык жер титирөө күтүлүүчү аймактарга кирет); жер көчкүлөр (өлкөнүн аймагынын 7,5%га жакыны жер көчкүнүн таасиринен жабыркап, 600дөн ашуун калктуу конуштарга коркунуч бар); селдер жана суу ташкындары (баардык калктуу конуштардын 95%га жакыны потенциалдуу сел жана суу ташкын коркунучуна дуушар); кар көчкүлөр (өлкөнүн аймагынын 53% кар көчкү коркунучуна дуушар).
Кыргыз Республикасында кооптуу табигый процесстерди изилдөөлөр жана алардын активдешүүсүнүн божомолдоо ишин ар түрдүү ведомстволор, илимий-изилдөө институттары, министрликтердин түзүмдүк бөлүмдөрү, билим берүү мекемелери жана чоң өндүрүштүк ишканалар жүргүзүшөт. Мында баардык кыйла кооптуу табигый процесстер жана аткарылуучу иштердин комплекси толук камтылбай жаткандыгын белгилей кетүү керек. Мисалы, жер көчкү жана сел коркунучтарына мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо айрым бир учурларда гана жасалып, өлкөнүн бүткүл аймагын камтыбайт. Көпчүлүк мамлекеттик мекемелер тарабынан кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүүдө пайдаланылуучу байкоо тармактары моралдык жана физикалык жактан эскирген.
Кооптуу участоктор жана процесстер жөнүндө маалыматтарды топтоо жана жалпылоо тынчтык жана согуш мезгилдеринде Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын техногендик, табигый, экологиялык жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыздоого милдеттүү болгон мамлекеттик Жарандык коргонуу системасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - ӨКМ) тарабынан аткарылат. Бирок ӨКМнин маалыматтар базасы учурдун талабына толук ылайык келбейт, табигый коркунучтардын баардык түрлөрүн камтыбайт жана өркүндөтүүгө муктаж.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасындагы азыркы мезгилдеги маалыматтарды алмашуу схемасы мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы маалыматтарды алмашууну өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон же жаралган учурда гана жөнгө салат. Мында илимий мекемелердин, өндүрүштүк уюмдардын жана окуу жайлардын кырсыктарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоого тиешелүү маалыматтары (маалымат базасы) көбүнчө жабык болот. Маалыматтарды алмашуу суроо-талаптарга ылайык гана жүргүзүлөт. Божомолдоонун, талдоонун, баалоонун жана андан ары өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо боюнча практикалык иш-чараларды аткаруу максатында коркунучтуу процесстерге жана кубулуштарга жүргүзүлгөн байкоолордун маалыматтарын алмашуунун иштиктүү механизми жок.
Аталган проблемалар, каржылоо маселесиндеги кыйынчылыктар менен бирге кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын ченемдик укуктук негизинин, маалыматтарды алмашуунун жана алардын опурталдуулугун баалоонун жоктугу, байкоолордун жыйынтыктарын топтоонун жана иштеп чыгуунун бирдиктүү борборунун жоктугу, бул багытта ар түрдүү мамлекеттик органдар жана ведомстволор аткарып жатышкан жумуштардын ар бөлөктүгү жана системалуу эместиги менен байланышкан.
Кыргыз Республикасындагы табигый кырсыктарды мониторингдөө, божомолдоо, алдын алуу жаатындагы учурдагы практика калктын коопсуздугун камсыздоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүнүн керектүү деңгээлине жооп бербейт.
2. Программанын максаттары, артыкчылыктары жана милдеттери
Программанын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- сел жана суу ташкын кооптуулугу - ӨКМнин Гидрометеорология агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту, Борбордук Азиялык жерди практикалык изилдөө институту;
- жер көчкү кооптуулугу - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү илимий изилдөө институту, Борбордук Азиялык жерди прикладдык изилдөө институту;
- кар көчкү кооптуулугу - ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
- кыртыш сууларынын көтөрүлүү кооптуулугу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту;
- метеорологиялык кооптуулуктар - ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттиги.
Кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди аткаруу ӨКМге тапшырылат. Тиешелүү багыттардагы байкоо жүргүзүү тармагын өркүндөтүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жоопкерчилигин тармактык уюм алат. Бирдиктүү маалыматтык-коммуникациялык тармактын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жоопкерчилигин ӨКМ алат.
Негизги багыттардын тематикасы боюнча жумуштарды аткаруучу уюмдар жана ишканалар, илимий жана билим берүүчү мекемелер менен өз ара байланышта иштөөнү тармактык уюмдар камсыздашат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын илимий-техникалык кеңеши тармактык уюмдардын сунуштары боюнча эң мыкты дүйнөлүк практиканы жана Кыргыз Республикасынын шарттарында пайдалануу мүмкүндүгүн эске алуу менен геомаалыматтык системаларды жана аралыктан изилдөө методдорун киргизүү боюнча рекомендацияларды берет.
Кооптуу табигый процесстерди комплекстүү мониторингдөө жана божомолдоо системасын уюштуруунун, маалыматтарды алмашуунун, чогултуунун жана иштеп чыгуунун жана тобокелдерди баалоонун тартиби тийиштүү документтерде чагылдырылат.
3. Максаттар менен милдеттерди ишке ашыруунун механизмдери
Программанын негизги максаттарын ишке ашыруунун механизми болуп кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоо жөнүндө жобону иштеп чыгуу эсептелет, анда аталган системанын Кыргыз Республикасынын аймагында иштөө милдеттери жана тартиби аныкталат, анын ичинде кооптуу табигый процесстердин айрым түрлөрүн мониторингдөөгө жооптуу органдар жана алардын бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тармагында өз ара байланышта иштешүүсү аныкталат.
Бул иштерди аткаруу үчүн атайын мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн республиканын аймактарында иш алып барган эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта, интеллектуалдык жана материалдык ресурстарды тартуу мерчемделүүдө.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Калкты жана аймактарды кооптуу табигый процесстерден коргоо максатында, коюлган маселелерди чечүүнүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу табигый процесстерди изилдөө, мониторингдөө, божомолдоо боюнча иштеген ар кандай уюмдардын учурдагы талаптарына жана керектөөлөрүнө жооп бере турган бирдиктүү мониторинг системасы түзүлөт. Бул Программаны ишке ашыруунун негизинде дистанциялык иликтөө методдору, географиялык маалыматтык системасы өнүктүрүлөт, информациялык маалымат базаларын алмашуу жакшырат, аэрокосмостук сүрөттөрдүн фонду түзүлөт, аларды иштин ар кайсы чөйрөлөрүндө пайдаланууга болот. Уюмдарга, ведомстволорго, жарандык коомго табигый коркунучтар жөнүндө маалыматка жол ачылат.
5. Ыңгайлуу шарттар жана тобокелдиктер
Программаны ишке ашырууда ыңгайлуу шарт болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттиги сыяктуу бир топ уюмдарда кооптуу табигый процесстерди изилдеген мониторинг тармагынын бардыгы эсептелет.
ӨКМ Бирдиктүү Маалыматтык башкаруу системасын түзүү боюнча иш жүргүзүп жатат, ал өзүнө кризистүү кырдаалдарда башкаруучу борборлорду (ККББ), Калкка маалымдоонун жана кабар берүүнүн жалпы мамлекеттик комплекстүү системасын (ОКСИОН) жана бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматты (ЕГДДС-112) түзүүнү жана өркүндөтүүнү камтыйт.
Программаны ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон ыктымалдуу тобокелдер менен опурталдар төмөнкүлөр:
- кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун Мамлекеттик системасын түзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн божомолдук материалдардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кооптуу табигый процесстердин таасиринен калкты жана аймактарды коргоону камсыздоо.
Бул Программанын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кооптуу табигый процесстерге байкоо жүргүзүүнүн комплекстүү тармагын түзүү;
- бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын курамында маалыматтык-коммуникациялык тармакты түзүү;
- маалымат базасын түзүү.
Аталган максаттарга жетүү үчүн төмөндөгү милдеттерди аткаруу зарыл:
- кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
- кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун маалыматтарын топтоонун жана иштетүүнүн, опурталдарды талдоонун жана баалоонун, ар түрдүү деңгээлдеги мекемелер менен ишканалардын кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча иштерин координациялоонун механизмдерин түзүү;
- табигый коркунучтарды мониторингдөөнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын байкоого алуучу жана маалыматтык-коммуникациялык тармагын өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
- коркунучтуу табигый процесстерди мониторингдөө жана божомолдоо боюнча практикалык жана илимий-изилдөөчү иштерди жүргүзүүнү камсыздоо;
- аэрокосмостук сүрөттөрдүн фондун түзүү боюнча ишти баштоо;
- кырсыктардын тобокелдиктери боюнча маалыматтардын платформасынын веб-сайтындагы маалыматтык базаны кеңейтүү боюнча ишти жүргүзүү;
- геомаалыматтык технологияларды (ГИС) жана аралыктан байкоо жүргүзүү (ДЗ) боюнча адистерди даярдоо жана тартуу боюнча иштерди алып баруу.
Жогорудагы милдеттердин аткарылышы кырдаалды туура жана так баалоону камсыздоо менен кооптуу табигый процесстерден жана кубулуштардан коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын терс таасирлерин азайтууга шарт түзөт.
- иштеп жаткан ведомстволук мониторинг тармактарынын ар бөлөктүгү;
- иштеп жаткан мониторинг тармактарынын техникалык абалынын канааттанарлык эместиги;
- мониторинг тармактарын калыбына келтирүүгө, кеңейтүүгө жана түзүүгө чыгымдын көптүгү;
- соңку жаңы заманбап технологиялар тармагында квалификациялуу адистердин жоктугу;
- аталган Программаны толук көлөмдө каржылоонун жоктугу.
Негизги тобокелдиктер маалыматтык, уюштуруу-укуктук жана экономикалык шарттарга байланыштуу болгондуктан, аларды минималдаштыруу максатында бул Программада интеллектуалдык ресурстарды күчтөндүрүү жана донорлордун каражаттарын тартуу каралып жатат.
6. Программаны ишке ашыруунун планы
Программа иш-чаралардын планынын негизинде ишке ашырылат.
Иш-чаралар планы табигый кырсыктарды мониторингдөөгө, божомолдоого жана алдын алууга байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган иштерди камтыйт. Иш-чаралардын жыйынтыктары коркунучтарды азайтуу боюнча ыкчам конкреттүү иштиктүү чараларды көрүүгө, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына кирген күчтөр менен каражаттардын даярдыгынын даражасын жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатат.
7. Программанын катышуучулары, алардын жоопкерчиликтери жана өз ара иш-аракеттери
Программаны ишке ашыруу боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы аткарат.
Программанын жооптуу аткаруучусу ӨКМ болот.
ӨКМ кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана божомолдоо боюнча иштеген мамлекеттик органдардын, илимий, билим берүү жана башка уюмдардын кызматташтыгын жана өз ара байланышта иштөөлөрүн уюштурат.
Бул Программа тармактык мекемелерге кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана божомолдоо функцияларын бекитип берүүнүн негизинде комплекстүү система түзүүнү караштырат, алар:
- сейсмикалык кооптуулук - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология илим изилдөө институту, Борбордук Азиялык жерди прикладдык изилдөө институту;
- сел жана суу ташкын кооптуулугу - ӨКМнин Гидрометеорология агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту, Борбордук Азиялык жерди практикалык изилдөө институту;
- жер көчкү кооптуулугу - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү илимий изилдөө институту, Борбордук Азиялык жерди прикладдык изилдөө институту;
- кар көчкү кооптуулугу - ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттиги; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
- кыртыш сууларынын көтөрүлүү кооптуулугу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту;
- метеорологиялык кооптуулуктар - ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология агенттиги.
Кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштерди аткаруу ӨКМге тапшырылат. Тиешелүү багыттардагы байкоо жүргүзүү тармагын өркүндөтүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жоопкерчилигин тармактык уюм алат. Бирдиктүү маалыматтык-коммуникациялык тармактын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жоопкерчилигин ӨКМ алат.
Негизги багыттардын тематикасы боюнча жумуштарды аткаруучу уюмдар жана ишканалар, илимий жана билим берүүчү мекемелер менен өз ара байланышта иштөөнү тармактык уюмдар камсыздашат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын илимий-техникалык кеңеши тармактык уюмдардын сунуштары боюнча эң мыкты дүйнөлүк практиканы жана Кыргыз Республикасынын шарттарында пайдалануу мүмкүндүгүн эске алуу менен геомаалыматтык системаларды жана аралыктан изилдөө методдорун киргизүү боюнча рекомендацияларды берет.
Кооптуу табигый процесстерди комплекстүү мониторингдөө жана божомолдоо системасын уюштуруунун, маалыматтарды алмашуунун, чогултуунун жана иштеп чыгуунун жана тобокелдерди баалоонун тартиби тийиштүү документтерде чагылдырылат.
8. Коомдук уюмдардын жана калктын ролу
Программаны ишке ашыруунун ийгилиги аткарылган иш-чаралардын сапатына эле эмес, калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгынын деңгээлине да байланыштуу.
Программаны ишке ашыруудагы ачыктык жана айкындык өзгөчө маанилүү. Табигый кырсыктарды мониторингдөөгө жана божомолдоого калкты тартуу анын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги фактору болуп эсептелет.
Кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн зарыл болгон айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалыматты топтоого коомдук уюмдарды жана калкты активдүү тартуу пландаштырылып жатат.
9. Каржылоо жана ресурстарды мобилизациялоо
Бул Программаны ишке ашырууда республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо, анын ичинде чет өлкөлүк гранттар жана инвестициялар менен кошо ар кандай финансылык жана адамдык ресурстарды мобилизациялоо пландаштырылаары каралган. Мында ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо, мамлекеттик органдардын, илимий изилдөөчү уюмдардын, ведомстволордун жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл.
10. Программаны аткаруу мөөнөттөрү
Аткаруунун башталышы - 2015-жыл.
Аякташы - 2017-жыл.