Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 255
Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасы, 1-тиркемеге ылайык;
- Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасын ишке ашыруунун иш-чаралар планы (мындан ары - иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасын жооптуу аткаруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттон кийинки айдын тогузунчу күнүнө чейин берип турсун.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
2-тиркеме
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжа | Каржылоо булагы | Мөөнөтү |
1-артыкчылык. Кооптуу табигый процесстерге комплекстүү байкоо жүргүзүү тармагын түзүү | ||||||
1 | Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана божомолдоо жагында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | Кооптуу табигый процесстерди комплекстүү мониторингдөө жана божомолдоо жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ӨКМ, тармактык уюмдар, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Кооптуу табигый процесстерди комплекстүү мониторингдөө жана божомолдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар, ПРООН | 2015-2016-жылдар |
2 | Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөөнүн жана божомолдоонун маалыматтарын топтоонун жана иштеп чыгуунун, опурталдарды талдоонун жана баа берүүнүн, кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана божомолдоо боюнча ар түрдүү мекемелердин жана уюмдардын иштерин координациялоонун механизмин иштеп чыгуу | Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөөнүн жана божомолдоонун маалыматтарын алмашуунун, топтоонун жана иштеп чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ӨКМ, тармактык уюмдар, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мониторингдин маалыматтарын алмашуунун, топтоонун жана иштеп чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун кабыл алынышы | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар, ПРООН | 2015-2016-жылдар |
Табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | ӨКМ, тармактык уюмдар, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Табигый кырсыктардын тобокелдиктерине баалоо жүргүзүүнүн методикасын бекитүү жөнүндө токтомдун кабыл алынышы | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар, ПРООН | 2015-2016-жылдар | ||
2-артыкчылык. Бирдиктүү маалыматтык-башкаруучу системасынын курамында маалыматтык-коммуникациялык тармакты түзүү | ||||||
3 | Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөөнүн жана божомолдоонун бирдиктүү байкоолор тармагын жана маалыматтык-коммуникациялык тармагын түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу | Геомаалыматтык жана аралыктан байкоо жүргүзүү технологияларын колдонуу менен кооптуу табигый процесстерди байкоо тармактарынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу | ӨКМ, тармактык уюмдар жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Аралыктан байкоо жүргүзүү технологияларын колдонууга, геомаалыматтык системаларга кетүүчү чыгымдарды аныктоо | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар, ПРООН | 2015-2017-жылдар |
Бирдиктүү маалыматтык-коммуникациялык тармакты түзүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу | ӨКМ, тармактык уюмдар, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Мониторинг системасынын бирдиктүү маалыматтык-коммуникациялык тармагын түзүүгө кетүүчү чыгымдарды аныктоо | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар, ПРООН | 2015-2017-жылдар | ||
3-артыкчылык. Маалыматтар базасын түзүү | ||||||
4 | Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана божомолдоо боюнча практикалык жана илимий-изилдөө иштеринин аткарылышын | Айрым участоктордо илимий-изилдөө жана иликтөө иштерин аткаруу | ӨКМ, тармактык уюмдар | Кыйла кооптуу участоктордогу изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду түзүү, алардын негизинде маалыматтык база түзүлөт | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар | 2015-2017-жылдар |
5 | Аэрокосмостук сүрөттөрдүн фондун түзүү | Маалымат базасын түзүүнүн алгачкы этабын баштоо, катышуучуларды, маалымат булактарын аныктоо, маалыматтарды алмашуу | ӨКМ, БАЖИИ (макулдашуу боюнча), УИАнын институттары | Аэрокосмостук сүрөттөрдүн фондун топтоо үчүн шарттарды түзүү | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар | 2016-жыл |
6 | "Geonode" веб-сайтындагы маалыматтар базасын кеңейтүү | Geonode программасында иштерди улантуу | ӨКМ, БАЖИИ (макулдашуу боюнча), министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамадминистрациялар | Жарандык коргонуу чөйрөсүндө ар кандай багыттар боюнча комплекстүү маалымат базасын түзүү | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар | 2015-2017-жылдар |
7 | Кооптуу табигый процесстерди мониторингдөө жана болжолдоо үчүн геомаалыматтык системаларды жана аралыктан иликтөөнү пайдалануу жагында иш үчүн адистерди даярдоо жана жумушка тартуу | Тармактык уюмдар | ӨКМ, ББжИМ, Токой агенттиги, профилдик мекемелер | Геомаалыматтык системаларды жана аралыктан иликтөөнү пайдалануу жагындагы адистерди даярдоо | Бюджеттик каржылоо, донорлук каражаттар | 2015-2017-жылдар |
ЖК боюнча МАК | - | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
БАЖИИ | - | Борбордук Азиялык жерди изилдөө институту; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |
ББжИМ | - | Билим берүү жана илим министрлиги; |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги; |
ИИИ | - | Илимий изилдөө институту; |
Geonode | - | Кыргыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелдиктери боюнча маалыматтардын платформасы; |
БУУӨП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы; |
ТЭН | - | Техникалык-экономикалык негиздеме; |
Жож | - | жогорку окуу жай. |