Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29 апрели № 265 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн ушул Стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын (мындан ары - МСК) өнүктүрүүнүн миссиясын, көз карашын, максатын жана негизги багыттарын аныктайт. Стратегия, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген жана өзүнө салыктык жүктөмдөрдү теңдештирүүнү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртууну, салыктарды толук топтоону камсыз кылуу, салык кызматын модернизациялоо, салыктык отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана автоматташтыруу боюнча милдеттерди камтыган 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) аныкталган максаттарга ылайык иштелип чыкты.
Стратегияны иштеп чыгуу процессинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин (мындан ары - Экономика министрлиги), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары - МБК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары - ЭККМК), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - Улуттук статком) жана Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрү менен талкуулоолор жүргүзүлгөн, ТӨУСтун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын (мындан ары - 2012-2014-жылдарга Стратегия) аткарылышына талдоо жүргүзүүнүн негизинде жана талкуулоолордун жыйынтыктарын эске алуу менен азыркы стратегиянын максаттары, милдеттери жана иш-чаралары, анын ишке ашырылышына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү системасы аныкталган.
Стратегияны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасы туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасы жана ТӨУС сыяктуу жалпы өлкөлүк документтерди аткаруунун алкагында МСКнын ишинин андан аркы багыттарын так аныктоо зарылдыгы, ошондой эле 2012-2014-жылдарга Стратегияда каралган айрым иш-чараларды аяктоонун зарылдыгы жана салыктык тескеп-башкаруу чөйрөсүндө андан аркы реформаларды ишке ашырууга багытталган жаңы маселелерди чечүү менен шартталган.
Бул Стратегияда салык мыйзамы деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МСК тарабынан тескеп-башкарылуучу салыктар жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр боюнча мыйзам түшүнүлөт.
2. МСКнын стратегиялык өнүгүүсүнүн учурдагы абалын талдоо, анын миссиясы, көрүнүшү жана максаты
Салык мыйзамын түп-тамырынан бери реформалоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) жаңы редакциясын ишке киргизүү менен 2009-жылдын 1-январынан тартып башталган. Бул реформанын негизги максаты салыктардын санын жана жалпысынан административдик жүктү азайтуу аркылуу салыктык тескеп-башкарууну жакшыртуу, салык мыйзамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка ченемдерине шайкеш келтирүү, ошондой эле бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Бир эле учурда салык системасынын ченемдик базасын реформалоо менен салык кызматын модернизациялоо процесси башталган. Атап айтканда, МСКнын кызматкерлерин жана салык төлөөчүлөрдү окутуу үчүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Окуу борбору (мындан ары - Окуу борбору) түзүлгөн, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн жаңы механизмдери иштелип чыкты жана этап-этабы менен ишке киргизилүүдө, Кыргызстандын салыктык тескеп-башкаруунун маалыматтык системасы (мындан ары - КСТБМС) түзүлдү жана ишке киргизилди.
Салыктык тескеп-башкарууну реформалоону натыйжалуу улантуу жана салык кызматын модернизациялоо максатында 2012-2014-жылдарга стратегия кабыл алынган. Анын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) МСКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) кардарга багыт алууну өнүктүрүү;
3) салыктарды жыйноонун потенциалын көбөйтүү.
Жалпысынан ушул Стратегияны ишке ашыруу Планынын аткарылышына талдоо жүргүзүү ал канааттандырарлык деңгээлде аткарылып жаткандыгын айгинелеп турат.
Алсак, МСК төмөнкүдөй багыттар боюнча олуттуу илгерилөөгө жетише алды:
1) салыктык тескеп-башкаруунун жумуш процесстерин автоматташтыруу менен байланышкан иш-чаралардын комплекси ишке ашырылды; Азия өнүктүрүү банкынын/Asian Development Bankтын (мындан ары - АӨБ/ADB), МСКнын колдоосу менен ишке ашырылган салыктык тескеп-башкарууну модернизациялоо боюнча долбоордун алкагында МСК тарабынан КСАМСнын базалык модулдарынын комплексин иштеп чыгуу аяктады жана ишке киргизилди, салык кызматынын инфратүзүмү жаңыртылды;
2) Салык кодексине олуттуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор иштелип чыккан жана киргизилген, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар (мындан ары - ЧУА) бекитилген, алар МСКнын сайты аркылуу акысыз негизде жөнөкөйлөтүлгөн түрдө отчёт берүүгө мүмкүндүк берет;
3) салык төлөөчүлөр үчүн сервистик кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрү түзүлдү: салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча Колл-борбор, "бирдиктүү терезелер" уюштурулду, жабдылды жана ишке киргизилди;
4) Эл аралык финансылык корпорациянын /International Finance Corporation (мындан ары - ЭФК/IFC) колдоосунда ишке ашырылуучу тобокелдикке багытталган системага негизденген салыктык контролдоо системасы олуттуу кеңейтилди;
5) салык төлөөчүлөрдүн үч негизги категориясы үчүн Бирдиктүү салык декларациясынын (мындан ары - БСД) формаларын жана аларды толтуруу тартибин кошо алганда, салыктык отчёттуулуктун формалары жана мазмуну кыйла оптималдаштырылды;
6) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерди аткаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүчү жаңы каражаттар ишке киргизилди;
7) салыктык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуунун системасы кайрадан каралып чыкты, акы төлөөсү накталай акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) чегерүүлөрдү алууга чектөөлөр киргизилди;
8) белгиленген талаптардын аткарылышын ички контролдоо системасы жакшыртылды;
9) салыктарды төлөөнүн инновациялык ыкмалары ишке киргизилди, алар бул салыктарды төлөм жана банктык терминалдар аркылуу төлөө мүмкүндүгүн карайт;
10) МСКнын уюштуруу түзүмү кайрадан каралып чыкты жана өзгөртүлдү жана функционалдык принципте иштөөгө өткөрүлдү;
11) негизинен салыктык тескеп-башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган башка чаралар ишке ашырылды.
2012-2014-жылдарга стратегияны ишке ашыруу мезгилинде салыктарды жыйноонун потенциалынын, МСКнын ишинин натыйжалуулугунун туруктуу жогорулашы белгиленди. Алсак, 2011-жылы 30303,4 млн.сомго салык жыйналган. 2014-жылы салыктардын келип түшүүсү иш жүзүндө 42169,9 млн.сомду түздү, б.а. 2011-жылга салыштырганда 2014-жылы салыктардын жыйналышы 39,2%га, 11866,5 млн.сом суммасына көбөйгөн. 2014-жылга ИДПга кирешенин үлүшү 10,6%ды түздү, бул 2011-жылдагы көрсөткүчкө караганда 0,2 пайыздык пунктка жогору.
2014-жылдын ичинде активдүү (учурдагы) салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүшү 38,1 миңди түздү, бул 2011-жылга (26,3 миң) салыштырганда 11,8 миңге көбөйдү.
Жыйналган салыктын 1 сомунун өздүк наркы (МСКнын салыктарды жыйноого кеткен чыгымдары) 2011-жылдан (0,020 сом) 2014-жылдын аягына чейинки (0,018 сом) мезгилде 0,002 сомго төмөндөдү.
2011-жылдан 2014-жылдын аягына чейинки мезгилде МСКнын 1 кызматкерине тейленүүчү (отчёт берүүчү) салык төлеөчүлөрдүн саны тиешелүү түрдө 123төн 160га чейин көбөйдү.
2012-2014-жылдарга Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүндө стратегиялык максатка - кардарга багыт алууну өнүктүрүүгө жетишүүдө эң чоң илгерилөө байкалды. Бул салык төлөөчүлөрдүн канааттануусун жана/же алардын ишенимин арттырууга багытталган. Кыргызстанда 2013-жылы өткөрүлгөн Көз карандысыз EL-PIKIR Институтунун (Изилдөөчү аналитикалык компания, 1999-жыл, Борбордук Азия, Кавказ республикалары, Россия) изилдөөсүнө ылайык акыркы 5 жылдын ичинде Кыргызстанда 61% салык төлөөчү МСК жүргүзгөн реформаларды өзүнүн иш жүргүзүүсүндө байкай алган. Муну өндүрүү чөйрөсүндө иштеген 70% ишкер, соода-сатык чөйрөсүндө иштеген 64% жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 55% салык төлөөчү белгилеген.
"Бирдиктүү терезенин", сервистик борборлордун, Колл-борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучу салык төлөөчүлөрдүн саны көбөйдү (салык төлөөчүлөрдүн жалпы санына карата пайыз менен алганда). "Салыктык тескеп-башкарууну реформалоо жана модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруунун алкагында МСКнын республика ичиндеги 32 башкармалыгында "бирдиктүү терезелер" орнотулган жана иштеп жатат. 2014-жылдын ичинде Колл-борборго кайрылган салык төлөөчүлөрдүн саны 35 миңди түздү, бул 2012-жылга караганда 4 эсеге көп.
2012-жылга салыштырганда Дүйнөлүк банктын Кыргызстан боюнча "Бизнести жүргүзүү" отчётунун "Салык салуу" индикатору 35 позицияга жакшыртылган.
Электрондук түрдө отчёт берген салык төлөөчүлөрдүн саны 2014-жылдын ичинде 5300 чарбачыл субъектти түздү, б.а. көрсөткүчтүн 77,3%га өсүүсү байкалууда.
2013-жылдан тартып банктык мекемелер менен бирдикте төлөм терминалдары аркылуу ыктыярдуу патенттин, кыймылдуу (транспортко салык) жана кыймылсыз мүлккө салыктын, киреше салыгынын, ошондой эле жер салыгынын негизинде салык төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр иштей баштады.
Аталган багыттарда МСКнын иш-чараларын ишке ашыруу тескеп-башкаруу процессин жакшыртууга жакшы таасирин тийгизди. Салыктык администрациялоо 2012-2014-жылдарга Стратегиянын эки негизги максатына - МСКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кардарга багыт алууну өнүктүрүүгө жетишүү максатына өзгөрүүдө. Ушуга байланыштуу 2012-2014-жылдарга учурдагы стратегияда белгиленген багыттын уланмалуулугун камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.
2012-2014-жылдарга стратегияда пландаштырылган айрым иш-чаралардын ишке ашыруу методдору ар түрдүү мамилелерге, салыктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын жаңычылдыктарга техникалык жана уюштуруу жагынан даяр эместигине байланыштуу аягына чейин ишке ашырылбагандыгын белгилей кетүү зарыл. Ушундай факторлордун катарына МСКнын ашыкча функцияларын алып салуу, жергиликтүү салыктарды тескеп-башкарууну жана башка бир катар чараларды өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар кирет.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, ошондой эле келерки жылдары мүмкүн болгон жаңы тобокелдиктер менен чакырыктарды көңүлгө алуу менен, МСКнын миссиясы, МСКнын көз карашы жана ушул Стратегиянын негизги максаты аныкталды.
МСКнын миссиясы болуп салык төлөөчүнүн жана салык органдарынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так жана өз учурунда аткарышын камсыз кылуу саналат.
МСКнын көз карашы, МСКнын иши аны коомдун жана мамлекеттин керектөөсүн канааттандырып натыйжалуу иштеген учурдагы салыктык тескеп-башкарууну кайра түзүүгө багытталууга тийиш экендигин аныктайт.
Стратегиянын негизги максаты болуп салыктык тескеп-башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу саналат.
3. Чечүүнү талап кылган проблемалар
2015-2017-жылдарга стратегияда аныкталган максаттарга жетишүүгө функциялык, кадрдык жана түзүмдүк мүнөздөгү бир катар проблемалар тоскоолдук кылууда. Аларды чечүү үчүн салык кызматынын органдарынын функцияларын жана түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатуу зарыл. Андан тышкары МСКнын Борбордук аппаратынын (мындан ары - МСК БА), ошондой эле анын аймактык органдарынын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу талап кылынат.
Азыркыга чейин МСКнын жана айрым башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардын функцияларынын кайталанышын алып салуу, ошондой эле МСКга тиешеси жок функциялардын болушу жөнүндө маселе чечилбеген бойдон турат. Ушуга байланыштуу Улуттук статком, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонду) айрым функцияларын МСКга өткөрүп берүү максатка ылайыктуу, Өз кезегинде МСК өзүнө таандык эмес функцияларды башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүгө тийиш.
МСКнын уюштуруу жана функциялык түзүмдөрүнүн натыйжасыздыгы МСКнын ичинде болгон жумуш процесстерин стандартташтыруу зарылдыгын көрсөтүп турат. Пландаштырылып жаткан жаңы функцияларды өткөрүп берүүгө жана/же жаңы кабыл алууга жана МСКнын түзүмүн өзгөртүүгө байланыштуу бул проблеманы чечүү маанилүү.
МСК органдарына ишке кирүүгө талапкерлерге коюлуучу талаптарды кайрадан карап чыгуу зарыл. МСКнын кадрдык потенциалын жогорулатуу үчүн негизги тоскоолдуктардын бири болуп кызматкерлерди тиешелүү конкурстук тандоо өткөрбөстөн ишке кабыл алуу мүмкүндүгү, ошондой эле жалпысынан МСКнын кызматкерлерин тандоого талаптардын жетишсиздиги саналат. Ушуга байланыштуу ЧУАны кайрадан карап чыгуу жана салык кызматынын органдарына конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча гана ишке кабыл алууну камсыз кылуу зарыл. Адилеттүү жана ачык-айкын негизде салык органдарындагы кызмат орундарына талапкерлерге коюлуучу талаптарды катаалдаштыруу керек. МСКнын кадрларын даярдоонун жана алардын квалификацияларын жогорулатуунун аз натыйжа берген учурдагы системасы салык кызматынын кадрдык потенциалынын деңгээлин олуттуу түрдө төмөндөтөт.
Дем берүүнүн натыйжалуу жана объективдүү системасынын, ошондой эле социалдык кепилдиктердин жок болушу МСКнын кызматкерлеринин ишинин сапаттуу көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизет, кадрлардын токтобогондугун күчөтөт, тажрыйбалуу адистердин МСКнын органдарынан "жуулуп кетишин" жаратат. МСКнын ар бир кызматкеринин эмгегин адилеттүү жана ачык-айкын баалоо жана тиешелүү түрдө иштин жыйынтыгына негизденген эмгегине акы төлөөнү эсептөө үчүн кызматкерлердин ишин баалоонун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.
Калк арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштин учурдагы деңгээли ак ниеттүү салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү жана жарандардын салык маданиятын жогорулатуу үчүн жетишсиз болуп саналат. Бул багытта ишти активдештирүү зарыл.
МСК электрондук салык кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга мүмкүндүк берип жаткандыгына карабастан калктын бир аз гана бөлүгү ушул кызмат көрсөтүүлөрдү колдонот. Ушуга байланыштуу салык төлөөчүлөргө электрондук салык кызмат көрсөтүүлөрүн активдүү колдонууга дем берүү боюнча күчөтүлгөн иш талап кылынат.
Салык төлөөчүлөр менен кайра байланыштын жоктугу калктын салык органдарынын ишине болгон мамилеси жөнүндө объективдүү маалымат алууга мүмкүндүк бербейт.
Андан тышкары, салыктарды төлөө ыкмаларын оптималдаштыруу керек, ал салыктардын накталай эмес түрдө төлөө мүмкүндүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле салыктарды накталай эмес түрдө төлөөнү камтуу аймагын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Ал үчүн накталай эмес эсептешүүнүн жана салыктарды төлөө үчүн төлөм жана банктык терминалдарды колдонуу аймагын кеңейтүүнүн тиешелүү кызматтарын көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен (мындан ары - коммерциялык банктары) кызматташууну активдештирүү зарыл.
Мамлекеттик бюджетке салыктык кирешелерди көбөйтүү үчүн салыктарды жыйноонун потенциалынын жетишсиздиги башкы проблемалардын бири бойдон калууда.
МСКнын аналитикалык потенциалын жогорулатуу зарыл. МСКнын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн азыркы учурдагы төмөнкү деңгээли тышкы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө, ошондой эле салыктык тескеп-башкаруу системасындагы ички өзгөрүүлөргө өз учурунда жооп берүүгө тоскоолдук кылууда, бул болжолдоону жүргүзүүгө жана салык кызматынын алдында турган маселелерди оперативдүү түрдө чечүүгө мүмкүндүк бербейт.
Андан тышкары, айрым категориядагы салык төлөөчүлөр үчүн салыктык жеңилдиктердин жана преференциялардын саны көп, бул салыктык жыйымдардын потенциалын көбөйтүүгө тоскоолдук кылууда. Салыктык преференциялардын учурдагы системасын оптималдаштыруу, салыктар боюнча негизсиз жеңилдиктерди жана бошотууларды берүүгө тыюу салуу жана/же мораторий киргизүү керек.
Салык төлөөчүлөр боюнча (жеке жана юридикалык жактар) маалыматтардын толук бирдиктүү базасынын жоктугу актуалдуу проблема болуп саналат, бул сапаттуу эсепке алуу жүргүзүү боюнча ишти жана жалпысынан салыктык тескеп-башкаруунун ишин татаалдаштырат. Андан дагы, салык кызматынын органдарынын башка мамлекеттик ведомстволор, үчүнчү жактар менен маалыматтык алмашуусунун жетишсиздигинин проблемасы чечилбеген бойдон калууда, бул салык салуу субъекттери жана объекттери жөнүндө маалыматтарды өз учурунан кеч же толук эмес көлөмдө алууга жол берет.
4. МСКнын ишинин артыкчылыктуу багыттары
2015-2017-жылдарга стратегияда коюлган максаттарга жетүү жана тиешелүү проблемаларды чечүү үчүн МСКнын иши төмөнкүдөй төрт артыкчылыктуу багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) МСКнын функцияларын жана жумуш процесстерин өркүндөтүү;
2) МСКнын кадрдык потенциалын күчөтүү;
3) салык төлөөчүлөрдү мотивациялоону өнүктүрүү;
4) салыктардын жыйналышынын потенциалын көбөйтүү.
Ар бир багыт боюнча милдеттер аныкталган, алар тиешелүү иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө чечилет.
1-багыт. МСКнын функцияларын жана жумуш процесстерин өркүндөтүү
Натыйжалуу иштеген салык кызматы жок салык системасын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу ички функцияларды жана жумуш процесстерин, ошондой эле МСКнын тышкы функцияларын да кайрадан карап чыгып, оптималдаштыруу керек, Төмөнкү милдеттерди чечүү салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга алып келет.
1.1. Салык кызматынын функцияларын оптималдаштыруу
МСКнын функцияларын талдоо Жеке ишкердик менен байланышкан салыктарды натыйжалуу эсепке алуу жана тескеп-башкаруу, функциялардын кайталанышын алып салуу максатында жеке ишкерлерди (мындан ары - ЖИ) мамлекеттик каттоо функциясын МСКнын органдарына өткөрүп берүү зарыл экендигин көрсөттү. Андан тышкары, камсыздандыруу төгүмүн тескеп-башкаруу функциясын өткөрүп берүү керек. Бул зарыл ресурстардын, тажрыйбанын жана тескеп-башкаруу методикаларынын болушунан улам камсыздандыруу чегерүүлөрүн жыйноону жана тескеп-башкарууну кыйла натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Аталган функцияларды салык кызматына өткөрүп берүү бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө ашыкча административдик жол-жоболордон өтүүнү болтурбоого да мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзуна (мындан ары - ЕАЭС) пландагы кирүүсүнүн өңүтүндө бажы декларациялоосунун бизнес-процесстери менен салыктык тескеп-башкаруунун ортосундагы потенциалдуу ажырымды алып салуу максатка ылайыктуу. Ушуга байланыштуу салыктык жана бажы тескеп-башкаруусун өркүндөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү зарыл, алар менен ЕАЭС өлкөлөрү менен өз ара соода-сатыкта импортко кыйыр салыктарды тескеп-башкаруу боюнча функцияларды МСКга өткөрүп берүү каралат.
Жаңы шарттар менен келип чыгуучу кошумча функцияларды ишке ашыруу МСКдан колдо бар финансылык, убактылуу жана адамдык, ресурстарын кыйла сарамжалдуу пайдаланууну талап кылат. Ушундан улам МСКнын айрым функцияларын башка ведомстволорго өткөрүп берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу зарыл. Атап айтканда, жергиликтүү салыктарды тескеп-башкаруу функциясын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ЖӨБО) өткөрүп берүү, ошондой эле талдоо жүргүзүп, салыктык эмес төлөмдөрдү тескеп-башкаруу функциясын өткөрүп берүү мүмкүндүгүн кароо зарыл.
1.2. МСКнын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу
МСКны кыйла натыйжалуу иштетүү үчүн анын функцияларын жакшыртууга багытталган иш-чаралар менен бирге МСКнын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу зарыл.
Ар бир түзүмдүк бөлүмдүн функцияларын так аныктап, бөлүштүрүү, МСК БАнын жана аймактык органдарынын түзүмүн кайра уюштуруу зарыл. Алсак, тийиштүү аймактык (ведомстволук) бөлүккө өткөрүп берүү менен борбордук жана аймактык деңгээлдеги пландуу салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү функцияларын алып салуу максатка ылайыктуу. Мында райондук жана шаардык МСКга камералдык текшерүүнү жана субъекттин ишинин токтотулушуна байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүү функциясын бекитип берүү зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Жумуш процесстерин стандартташтыруу
МСКнын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча милдеттерди чечүү тескеп-башкаруунун жаңы функциялары боюнча жумуш процесстерин иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, категориялар жана бөлүмдөр боюнча салык кызматынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларына жана жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Салык кызматынын кызматкерлерин тиешелүү түрдө окутуу, КСАМСга жаңы жол-жоболорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу да зарыл.
Аймактык салык органдарынын жана МСК БАнын башкармалыктарынын натыйжалуу иштешин жана алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү керек. Азыркы учурда маалымат алмашуу негизинен кагаз булактарында болууда, бул чечимдерди кабыл алуунун жана аларды аткаруунун оперативдүүлүгүнө таасирин тийгизет.
2-багыт. МСКнын кадрдык потенциалын күчөтүү
Жогорку квалификациялуу жана өзүнүн ишине берилген кызматкерлерсиз салык кызматынын ишин жана жалпысынан салык системасын жакшыртуу мүмкүн эмес. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу үчүн салык төлөөчүлөргө МСК өзүнүн кадрдык потенциалын күчөтүүгө багытталган бир катар милдеттерди ишке ашырышы керек.
2.1. Кызматкерлерди тандоодо жана жайгаштырууда жаңы талаптарды ишке киргизүү
Кадрдык курамды күчөтүү үчүн МСК адам ресурстарын башкаруу программасын иштеп чыгууну пландаштырууда, ал МСКнын кызматкерлерин тандоонун, дайындоонун, илгерилетүүнүн жана иштен бошотуунун сапаттуу жаңы жол-жоболорун карайт.
Кызматкерлерди тандоо үчүн иш стажынын, адистиги боюнча билиминин жана/же кошумча кесиптик билиминин ылайык келиши бөлүгүндө кыйла катаал талаптар коюлушу мүмкүн. Программа тиешелүү мыйзам актыларына зарыл түзөтүүлөрдү киргизүү менен бир эле учурда ишке ашырылат.
2.2. Кызматкерлерди баалоо системасын өркүндөтүү
Кызматкердин ишти аткаруу сапатына жана конкреттүү натыйжаларына негизденген кызматкерлердин ишин баалоо системасы кайрадан каралып чыгат жана анын жаңы системасы ишке киргизилет. Баалоонун жаңы системасы ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши, кызматы боюнча илгерилетүү жана/же кызматкерди ротациялоо, кадрлар резервин аныктоо жөнүндө маселелерди кароодо негиз болуп кызмат кылат. МСКнын кызматкерлеринин, атап айтканда салык төлөөчүлөр менен түздөн-түз иштеген кызматкерлеринин ишин баалоо үчүн салык төлөөчүлөр менен кайра байланышуу механизмин да иштеп чыгуу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2.1. Кадрларды даярдоо жана МСКнын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү
Кадрларды тандоону жакшыртуу жана кызматынан илгерилетүү боюнча жогоруда аталган милдеттер менен катар МСКнын кадрларын даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасы жакшыртылат. Дистанциялык окутууну кошо алганда, окутуунун ар түрдүү формаларын жана методдорун колдонуу менен кызматкерлердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу пландаштырылууда. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн өлкөнүн түштүк жана чыгыш региондорунда окуу кабинеттери же борборлору түзүлөт, ошондой эле Окуу борборунда окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда (персоналды окутуу боюнча бөлүгү). Андан тышкары, окутуу МСК тарабынан аккредитацияланган башка кесиптик-билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт. Окутуунун натыйжалуулугун баалоо үчүн анын сапатынын көрсөткүчтөрү иштелип чыгышы керек.
Окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан тышкары МСКга насаатчылык институтун киргизүү пландаштырылууда, ал аркылуу кыйла квалификациялуу кызматкерлердик билимдерин жана тажрыйбасын үйрөнчүктөргө өткөрүп берүү ишке ашырылат.
Кызматкерлердин дене бой жана психологиялык абалын колдоо жана жакшыртуу үчүн спорттук базаны түзүү пландаштырылууда.
2.3. МСКнын кызматкерлерине дем берүү жана мотивациялоо системасын ишке киргизүү
Эгерде МСКнын кызматкерлерине дем берүүнүн жана мотивациялоонун натыйжалуу системасы ишке киргизилбесе, компетенттүү кадрларды тартуу боюнча иш-чаралардын жыйынтыктары туруксуз болушу мүмкүн. Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөтүп тургандай материалдык кубаттоо системасынын натыйжасыздыгы кадрлардын токтобогондугунун жана квалификациялуу кызматкерлердин "жуулуп кетишинин" негизги себептеринин бири болуп саналат. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттери түзүлөт. Ошондой эле МСКда окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. Атап айтканда, МСКнын өнүктүрүү жана кубаттоо фондун түзүү аркылуу кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу пландаштырылууда. Фонддун каражаттарынан иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды төлөө, кызматкерлер пенсияга чыгып жатканда бир жолку төлөнүүчү төлөмдөр жүргүзүлөт жана жашоо шарттарын жакшыртууга ссудалар берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
3-багыт. Салык төлөөчүлөрдү мотивациялоону өнүктүрүү
Салык системасын модернизациялоонун негизги максаттарынын бири болуп салык төлөөчүлөрдүн аң-сезиминде ыктыярдуу декларациялоо жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу боюнча карыз сезимин калыптандыруу, жарандык салык жоопкерчилигин өнүктүрүү саналат. Ушундан улам МСК салык төлөөчүлөрдүн салыктык маданиятын жогорулатууга жана алар үчүн сервистик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды ишке ашырууну пландаштырууда.
3.1. Салык төлөөчүлөр үчүн сервистик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү
Азыркы учурда өлкөнүн салык органдарында электрондук салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү боюнча негизги уюштуруу стадиялары өткөрүлдү.
Салыктык милдеттенмелерди ак ниет аткарууга андан ары дем берүү үчүн өлкөнүн түрдүү региондорунда сервистик борборлордун санын көбөйтүү жана төлөм терминалдары аркылуу салыктарды төлөө чөйрөсүн кеңейтүү пландаштырылууда. Андан тышкары, интернет-төлөмдөр аркылуу салыктарды төлөөнүн инновациялык ыкмалары киргизилет.
МСК электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн географиясын, ошондой эле алардын тизмесин андан ары кеңейтүүнү пландаштырууда. Салык төлөөчүлөргө Бишкек жана Ош шаарларында салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү экс аймактык түрдө, б.а. алардын катталган жерине карабастан алууга мүмкүндүк берүү пландаштырылууда. Учурдагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу боюнча, атап айтканда Колл-борбордун ишинин жардамы аркылуу иш жүргүзүү пландаштырылууда.
3.2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөргө өтүү үчүн стимулдарды киргизүү
Азыркы учурда электрондук түрдө көрсөтүлүүчү кызматтардын реестрин кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, олуттуу артыкчылыктардын болушуна карабастан ушул түрдөгү кызмат көрсөтүүлөргө өтүү боюнча салык төлөөчүлөрдүн активдүүлүгүнүн чабалдыгы байкалууда. Ушуга байланыштуу отчетту электрондук түрдө берген жана/же башка электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү колдонгон салык төлөөчүлөрдү кубаттоо каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү пландаштырылууда.
3.3. Калктын салыктык маданиятын жогорулатуу
Калктын салыктык маданиятын жогорулатпастан салык тартибин жакшыртууга жетишүү оор. Ушуга байланыштуу салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырууга ниеттенүүдө. Атап айтканда, салык төлөөчүлөр үчүн атайын тематикалык буклеттерди, календарларды жана окуу куралдарын иштеп чыгуу аркылуу калк арасында түшүндүрүү иштери активдештирилет. Түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү (анын ичинде социалдык тармактар аркылуу) жана салык төлөөчүлөр менен кайра байланышты камсыз кылуу үчүн волонтерлорду активдүү колдонуу пландаштырылууда. Андан тышкары, өлкөнүн мектептеринде жана жождорунда азыркы убакта колдонулган, белгиленген сабактардын жана дисциплиналардын чегинде "Салыктар жана салык салуу боюнча" өзүнчө бөлүм түрүндөгү окуу курсун киргизүү мүмкүндүгүн карап чыгуу зарыл.
МСК салыктарды жаап жашыргандыгы же төлөбөй койгондугу үчүн жоопкерчиликти катаалдаштырууну караган мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилге кылып, киргизүүнү пландаштырууда. Кыянат салык төлөбөгөндөрдүн жана жалган фирмаларды түзүүгө тиешеси бар адамдардын аты-жөнү ММКда жана Интернетте жарыяланат.
4-багыт. Салыктардын жыйналышынын потенциалын көбөйтүү
Бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүү жана салык карызын дайыма кыскартуу МСКнын биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Салыктардын жыйналышынын потенциалын жакшыртуу үчүн МСК төмөнкүдөй артыкчылыктуу милдеттерди аныктады.
4.1. МСКнын аналитикалык потенциалын күчөтүү
МСКнын түзүмүндө аналитикалык бөлүмдү түзүү зарыл, ал кирешелер кызматы тарабынан администрациялануучу түшүүлөргө, салык базасынын өзгөрүүлөрүнө системалуу талдоо жүргүзүү үчүн учурдагы методикаларды колдонот, ошондой эле салыктарды төлөөнүн экономиканын негизги секторлору жана иштин түрү боюнча салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык ишине адекваттуу болушуна мониторинг жүргүзөт.
Башка мамлекеттик органдар - салыктык укуктук мамилелердин катышуучулары менен маалыматтар базасынын деңгээлинде маалымат алмашуунун механизмин өркүндөтүү жана кеңейтүү боюнча иштер улантылат. Үчүнчү тараптардын маалыматтар базасын кыйла натыйжалуу колдонуу жана салыштырып текшерүү үчүн КСАМСда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл.
4.2. Салыктык контролдоонун натыйжалуу механизмдерин ишке киргизүү
Салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыз кылуу максатында МСК салыктык контролдоону жакшыртууга багытталган бир катар аракеттерди көрүүгө тийиш. Атап айтканда, мыйзам актылары иштелип чыгат, алар коммерциялык банктарды эсептердин ачылышы/жабылышы жөнүндө маалыматтар бөлүгүндө салыктык издөөдө жүргөн кыянат салык төлөбөгөндөр жана субъекттер боюнча маалыматтарды, ошондой эле алардын эсептериндеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалыматтарды МСКга берүүгө милдеттендирет. Андан тышкары, кыянат салык төлөбөгөндөргө жана жалган ишкердикте бети ачылган адамдарга карата мыйзамда бир катар чектөөлөр коюлушу керек, анын ичинде өлкөдөн чыгууга, экспорттук-импорттук операцияларды, мүлктүк бүтүмдөрдү ж.б. жүргүзүүгө тыюу салуу.
Банкроттуктун учурдагы механизмдерин жана салык карызын төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик чараларын кайрадан карап чыгуу керек.
Ошондой эле интернет-соода-сатык, трансферттик бүтүмдөр жана интернет-кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүндө субъекттердин ишин салыктык контролдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуу зарыл.
Алкоголдуу продукцияларды көмүскө жүгүртүүнүн санын кыскартуу жана акциздик маркалануучу продукцияларды өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү үчүн товарларды эсепке алуунун электрондук тутуму менен акциздик маркаларга электрондук элементтерди жайылтуу зарыл. Мындан сырткары, лицензиялык ченемдерди күчөтүү үчүн төмөнкүлөрдүн милдеттүү түрдө болушун талап кылууну жайылтуу боюнча мыйзам актылары иштелип чыгат: спирт заводдорунун бардык кире бериштеринде, өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк жана кампалык имараттарында видеобайкоолордун, көмүрдүү колонналарда сарптоо өлчөгүчүнүн жана ликер-арак продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн аймагынан ташып чыгарылуучу алкоголдуу продукцияларды милдеттүү түрдө пломбалоо тартибинин киргизилиши.
4.3. Салыктык жүктөмдү теңдештирүү
Бүгүнкү күндө кыйла санда экономикалык иштин түрлөрү бар, алар салыктык жеңилдиктердин кеңейтилген тизмесин колдонушат же ыктыярдуу патенттердин негизинде ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу негизсиз берилген бошотууларды жокко чыгаруу максатында учурдагы салыктык жеңилдиктерди кайрадан карап чыгуу жана ыктыярдуу патенттер боюнча иштин түрлөрүнүн тизмесин оптималдаштыруу зарыл.
5. Стратегияны ишке ашыруу
Стратегиянын төрт артыкчылыктуу багыттар боюнча негизги максатына жетишүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясын Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Стратегиянын иш-чаралар Планы) аткаруу аркылуу камсыз кылынат, анда зарыл аракеттер, коюлган милдеттерди аткаруучулар жана аткаруу мөөнөтү аныкталган.
2015-2017-жылдарга стратегияда каралган иш-чараларды каржылоону мамлекеттик бюджеттин жана эл аралык уюмдардын эсебинен ишке ашыруу пландаштырылууда, аларга болгон муктаждык 330 млн.сом суммасында бааланат, анын ичинен 164 млн.сомду мамлекеттик бюджеттен жана 166 млн.сомду эл аралык уюмдардан-донорлордон алуу пландаштырылууда.
2015-2017-жылдарга стратегияны ишке ашыруунун толуктугу жана сапаты зарыл финансылык ресурстардын жана булактардын болушуна жараша болот.
6. Тобокелдиктер
Стратегияны ишке ашырууда негизги тобокелдиктер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) каралган иш-чаралардын жетиштүү каржыланбай калышы;
2) жүргүзүлүп жаткан реформалардын кызматкерлердин бир бөлүгү үчүн пайдасыздыгынан улам МСКнын системасынын ичиндеги карама-каршылыктар;
3) тышкы каршы аракеттер жана тиешелүү ЧУАны кабыл албоо.
Аталган тобокелдиктерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана МСКнын жетекчилиги тарабынан тиешелүү саясий эрктин болушун эске алуу менен жеңип чыгуу жана/же минималдаштыруу пландаштырылууда.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Стратегияны ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү пландаштырылууда:
1) бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшү, анын ичинде экономиканын көмүскө секторунун үлүшүн азайтуунун эсебинен;
2) МСКнын аналитикалык иштөө методдоруна өтүшү;
3) салык төлөөчүлөрдүн салыктык маданиятын жогорулатуу аркылуу ак ниет салык төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшү;
4) МСКнын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлинин жогорулашы;
5) МСКнын уюштуруу түзүмүнүн оптималдаштырылышы, ал тышкы жана ички чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө оперативдүү жооп кылышы керек;
6) алдыңкы дүйнөлүк практиканын деңгээлинде салыктык администрациялоонун маалыматтык системасынын өнүгүшү;
7) салык төлөөчүлөрдүн сапаттуу сервистик тейлениши.
Кыскартуулардын тизмеси:
АБР/ADB | - | Азия өнүктүрүү банкы/Asian Development Bank |
ЖӨБ иштери боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
АКС | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кадр кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
БСД | - | Бирдиктүү салык декларациясы |
ЖИ | - | жеке ишкер |
КСТБМС | - | Кыргызстандын салыктык тескеп-башкаруунун мамлекеттик системасы |
Коммерциялык банктары | - | Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Финансы министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭФК/IFC | - | Эл аралык финансылык корпорация/International Finance Corporation |
Экономика министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
КНС | - | кошумча нарк салыгы |
Салык кодекси | - | Кыргыз Республикасынын Салык кодекси |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акт |
Улуттук статком | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ТӨУС | - | 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ММК | - | массалык маалымдоо каражаттары |
Стратегия | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы |
2012-2014-жылдарга стратегия | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүү стратегиясы |
Социалдык фонду | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ЕАЭС | - | Евразиялык экономикалык союзу |
Финчалгындоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
МСК БА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппараты |
КР ФМ БК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы |