Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 265
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу, салыктык жүктү теңдештирүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, салыктардын толук жыйналышын камсыз кылуу, салык кызматын модернизациялоо, салыктык отчёттуулук системасын өркүндөтүү жана автоматташтыруу боюнча милдеттерди чечүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы (мындан ары - Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясынын ишке ашырылышын баалоо индикаторлору 3-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча таасирдүү чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, 1-августтан жана 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчёт берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К.Оторбаев |
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
Чаралар | Аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучу |
1 | 2 | 3 | 4 |
1-милдет. Салык кызматынын функцияларын оптималдаштыруу | |||
1.1. Жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо функциясын салык кызматынын органдарына өткөрүп берүү | 1.1.1. Ресурстарга кошумча муктаждыкты аныктоо. Чыгымдар сметасын даярдоо | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Улуттук статком |
1.1.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Экономика министрлиги, МСК, Улуттук статком | |
1.1.3. Өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу маселелери боюнча МСКнын жана УСКнын ортосундагы Ведомстволор аралык макулдашууну даярдоо жана кол коюу | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Улуттук статком | |
1.1.4. ЖИни мамлекеттик каттоонун жаңы механизмин камсыз кылуучу программалык модулду, эки ведомствонун ортосундагы маалыматтык тутумду синхрондоштурууну (маалыматтарды алмашуу) иштеп чыгуу | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Улуттук статком | |
1.1.5. Каттоонун жаңы механизмин киргизүү | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Улуттук статком | |
1.2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу функциясын салык кызматынын органдарына өткөрүп берүү | 1.2.1. Финансылык жана материалдык адам ресурстарына кошумча муктаждыкты аныктоо. Чыгымдар сметасын даярдоо | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Социалдык фонду |
1.2.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Экономика министрлиги, МСК, Социалдык фонду | |
1.2.3. МСКнын камсыздандыруу төгүмдөрүн тескеп-башкаруу механизмин камсыз кылуучу программалык модулду, эки ведомствонун ортосундагы маалыматтык тутумду синхрондоштурууну (маалыматтарды алмашуу) иштеп чыгуу | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Социалдык фонду | |
1.2.4. Пилоттук долбоорду киргизүү | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, Социалдык фонду | |
1.3. ЕАЭС өлкөлөрү менен өз ара соода-сатыкта импорт боюнча кыйыр салыктарды тескеп-башкаруу функцияларын салык кызматынын органдарына өткөрүп берүү | 1.3.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Экономика министрлиги, МСК, МБК |
1.3.2. КР менен ЕАЭСна мүчө-мамлекеттердин бажы жана салык кызматтарынын маалыматтык түзүмдөрүн шайкеш келтирүү | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Экономика министрлиги, МСК, МБК | |
1.3.3. МСКнын жаңы функцияларын иш жүзүндө ишке ашыруу | 2015-жылдын 1-июлу | МСК, МБК | |
1.4. Жергиликтүү салыктарды тескеп-башкаруу функцияларын ЖӨБОго өткөрүп берүү | 1.4.1. Администрациялоо функциясын өткөрүп берүү үчүн пилоттук ЖӨБОну жана жергиликтүү салыктардын тизмесин аныктоо | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, ЖӨБ иштери боюнча агенттик, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
1.4.2. Зарыл ЧУАны даярдоо жана кабыл алынышын камсыз кылуу | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | МСК, ЖӨБ иштери боюнча агенттик, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |
1.5. Салык кызматынын органдары тарабынан ишке ашырылуучу салыктык эмес төлөмдөрдү тескеп-башкаруу функцияларын жана механизмин кайрадан карап чыгуу | 1.5.1. Салык кызматы тарабынан тескеп-башкарылуучу салыктык эмес төлөмдөрдүн тизмесин аныктоо | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, МСК |
1.5.2. Аталган салыктык эмес төлөмдөргө салыктык тескеп-башкаруунун ченемдерин жайылтууну караган зарыл ЧУАны даярдоо жана кабыл алынышын камсыз кылуу | Тиешелүү ЧУА менен белгиленген мөөнөттөргө ылайык | Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, МСК | |
1.6. Төмөнкүлөрдү караган ички функцияларды карап чыгуу: а) Тийиштүү аймактык (ведомстволук) бөлүккө өткөрүп берүү менен борбордук жана аймактык деңгээлде пландуу салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү функциясын алып салуу; б) райондук жана шаардык МСКларга субъекттин иши токтотулгандыгына байланыштуу камералдык текшерүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү функциясын бекитип берүү; в) түзүмдүк бөлүмдөрдүн функцияларынын кайталанышын жокко чыгаруу | 1.6.1. Салык кызматынын учурдагы уюштуруу түзүмүн талдоо жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу | 2015-жылдын II кварталы | МСК |
1.6.2. КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу. Анын кабыл алынышын камсыз кылуу | 2015-жылдын II-III кварталдары | МСК, Экономика министрлиги | |
1.6.3. Жаңы функцияларды иш жүзүндө ишке ашыруу | 2015-жылдын IV кварталы | МСК | |
2-милдет. МСКнын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу | |||
2.1. МСК БАнын жана аймактык органдардын түзүмүн кайра уюштуруу, анын ичинде: а) МСК БАнын салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча бөлүктөрүн кайра уюштуруу; б) вертикаль боюнча ылайык келүүнү камсыз кылуу | 2.1.1. Салык кызматынын учурдагы уюштуруу түзүмүн талдоо жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу | 2015-жылдын II кварталы | МСК |
2.1.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын II-III кварталы | МСК | |
2.1.3. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2015-жылдын IV кварталы | МСК | |
2.2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
2.3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
3-милдет. Иш процесстерин стандартташтыруу | |||
3.1. Жаңы түзүмдү эске алуу менен МСКнын иш ггроцесстерин оптималдаштыруу жана стандартташтыруу | 3.1.1. Жаңы түзүм боюнча иш процесстерин иштеп чыгуу | 2015-жылдын III-IV кварталдары | МСК |
3.1.2. МСКнын негизги иш процесстери боюнча жаңы колдонмолорду иштеп чыгуу | 2015-жылдын IV кварталы | МСК | |
3.1.3. Иш процесстери боюнча жаңы колдонмолорду ишке киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | МСК | |
3.2. Тескеп-башкаруунун жаңы функциялары боюнча иш процесстерин иштеп чыгуу | 3.2.1. Жаңы функциялардын өзгөчөлүгүн изилдөө жана аларды салык мыйзамына ылайык келтирүү | 1-милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК |
3.2.2. Жаңы функциялар боюнча иш процесстерин иштеп чыгуу | 1 -милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК | |
3.2.3. Иш процесстери боюнча жаңы колдонмолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 1-милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК | |
3.3. Жаңы иш процесстери боюнча МСКнын кызматкерлеринин арасында окутууну уюштуруу жана өткөрүү | 3.3.1. Окуу программасын даярдоо | 1-милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК |
3.3.2. Окуу курстарын уюштуруу жана өткөрүү | 1-милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК | |
3.4. КСАМСта жаңы иш процесстерин жүзөгө ашыруу | 3.4.1. Техникалык тапшырманы аныктоо | 1-милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК |
3.4.2. Программалык камсыз кылууга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 1 -милдетти аткаруу мөөнөтүнө ылайык | МСК | |
3.5. МСКга электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү | 3.5.1. Техникалык тапшырманы жана чыгымдар сметасын даярдоо | 2015-жылдын IV кварталы | МСК |
3.5.2. Программалык продуктту иштеп чыгуу же иш жүзүндө колдонууга даярын сатып алуу | 2017-жылдын II кварталы | МСК | |
3.5.3. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү | 2017-жылдын III кварталы | МСК | |
3.5.4. Кызматкерлерди окутуу жана салык кызматынын органдарында электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү | 2017-жылдын IV кварталы | МСК | |
4-милдет. Кызматкерлерди тандоодо жана жайгаштырууда жаңы талаптарды киргизүү | |||
4.1. Салык кызматынын органдарына кызматкерлерди тандоонун, дайындоонун, илгерилетүүнүн жана иштен бошотуунун жаңы системасын киргизүү, алар салык кызмат органдарынын кызмат орундарына кызматкерлерди тандоодо кошумча талаптарды киргизүү менен "Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" КР Мыйзамына, КР Эмгек кодексине жана "Мамлекеттик кызматы жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт, атап айтканда: а) конкурс аркылуу гана; б) тиешелүү чөйрөдө кеминде 3 жыл иш стажы бар жана/же талапкердин МСК тарабынан аккредитацияланган кесиптик-билим берүү мекемелеринде адистиги боюнча кошумча окутуудан өткөндүгүн ырастоочу документтин (сертификаттын) болушу; в) талапкерлердин конкурстук тандоодо жана кызматкерлерди аттестациялоодо талаптарды жогорулатуу; г) салык кызматынын органдарында стажировкадан жана/же конкурстук тандоодон кийин Окуу борборунда адистештирилген окуудан милдеттүү түрдө өтүү менен сыноо мөөнөтүн киргизүү | 4.1.1. Мамлекеттик кызматчыларды тандоо, дайындоо, илгерилетүү жана иштен бошотуу жол-жобосу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына талдоо жүргүзүү жана баалоо | 2015-жылдын II кварталы | МСК, донордук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
4.1.2. Адам ресурстарын башкаруу программасын иштеп чыгуу | 2015-жылдын III кварталы | МСК | |
4.1.3. ЧУАнын тиешелүү долбоорлорун даярдоо. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I кварталы | МСК, Экономика министрлиги, МКК (макулдашуу боюнча) | |
4.1.4. Жаңы талаптарды эске алуу менен кызматкерлерди кабыл алуу жана кызматы боюнча илгерилетүү | 2016-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
4.2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
4.3. Салыктык контролдоо бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерди дене бой жагынан даярдоо боюнча талаптарды киргизүү | 4.3.1. Тиешелүү талаптарды иштеп чыгуу | 2015-жылдын III кварталы | МСК |
4.3.2. Тиешелүү ЧУАны даярдоо. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы - 2016-жылдын I кварталы | МСК, Экономика министрлиги, МКК (макулдашуу боюнча) | |
4.3.3. Тиешелүү талаптарды ишке киргизүү | 2016-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
5-милдет. Кызматкерлерди баалоо системасын өркүндөтүү | |||
5.1. Ишти аткаруу сапатына жана конкреттүү натыйжаларына негизденген кызматкерлердин ишин баалоонун жаңы системасын киргизүү | 5.1.1. Тиешелүү критерийлер менен баалоо системасын иштеп чыгуу | 2015-жылдын II кварталы | МСК |
5.1.2. ЧУАнын тиешелүү долбоорлорун даярдоо. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын III-IV кварталдары | МСК, Экономика министрлиги, МКК (макулдашуу боюнча) | |
5.1.3. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын I-II кварталдары | МСК | |
5.2. Төмөнкүдөй маселелерди кароодо кызматкердин ишинин натыйжаларын үзгүлтүксүз баалоонун жыйынтыктарын караган ченемдерди киргизүү: а) алардын ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши; б) кызматы боюнча илгерилетүү; в) кадрлар резервин аныктоо; г) материалдык кубаттоо | 5.2.1. ЧУАнын тиешелүү долбоорлорун даярдоо. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын III-IV кварталдары | МСК, Экономика министрлиги, МКК (макулдашуу боюнча) |
5.3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
5.4. Салык кызматынын кызматкерлеринин ишин баалоо боюнча салык төлөөчүлөр менен кайра байланышуу механизмин түзүү | 5.4.1. Салык төлөөчү менен кайра байланышуу механизмин киргизүү үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү аныктоо | 2016-жылдын I кварталы | МСК, бизнес- ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
5.4.2. Кайра байланыштын тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2016-жылдын I кварталы | МСК, бизнес- ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
5.4.3. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын II кварталы | МСК, бизнес- ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
6-милдет. МСКнын кадрларын даярдоо жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасын түзүү | |||
6.1. МСКда окутуунун сапатын жогорулатуу | 6.1.1. Окутуунун жаңы методикаларын жана техникасын эске алуу менен окутуучу программаларды иштеп чыгуу | 2015-жылдын III кварталы | МСК |
6.1.2. Окутуучу курамды топтоо | 2015-жылдын IV кварталы | МСК | |
6.1.3. Окуу курстарын киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | МСК | |
6.2. Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттерин түзүү | 6.2.1. Жайларды, сметаларды жана аларды жайгаштыруу боюнча каржылоо булактарын аныктоо | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
6.2.2. Жайгаштыруу жана жайларды жабдуу | 2017-жылдын III кварталы | МСК | |
6.2.3. Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда окуу кабинеттеринин ишинин башталышы | 2017-жылдын IV кварталы | МСК | |
6.3. МСК тарабынан аккредитацияланган кесиптик-билим берүү мекемелеринде адистиги боюнча үзгүлтүксүз негизде кошумча окутууну уюштуруу | 6.3.1. Каржылоо булактарын аныктоо | 2015-жылдын II кварталы | МСК |
6.3.2. Окутууларды өткөрүү | 2015-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
6.3.3. МСКнын жетектөөчү курамы үчүн менеджмент маселелери боюнча курстарды уюштуруу | 2016-жылдын I кварталы | МСК | |
6.4. МСКнын кызматкерлерин дистанциялык түрдө окутуу системасын түзүү | 6.4.1. Дистанциялык окутуу концепциясын аныктоо | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
6.4.2. Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу. Каржылоо булактарын жана программалык камсыз кылууну иштеп чыгуучуну аныктоо | 2017-жылдын II кварталы | МСК | |
6.4.3. МСКнын кызматкерлерин дистанциялык окутуу боюнча программалык модулду түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу жана/же сатып алуу | 2017-жылдын III кварталы | МСК | |
6.4.4. Программалык модулду ишке киргизүү жана иш жүзүндө ишке ашыруу | 2017-жылдын IV кварталы | МСК | |
6.5. Насаатчылык институтун киргизүү | 6.5.1. Насаатчылык институту жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2015-жылдын III кварталы | МСК |
6.5.2. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын I кварталы | МСК | |
6.6. МСКнын кызматкерлерин дене бой жагынан даярдоо үчүн спорттук базаны түзүү | 6.6.1. Жайларды, сметаларды жана аларды жайгаштыруу боюнча каржылоо булактарын аныктоо | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
6.6.2. Жайгаштыруу жана жайларды жабдуу | 2017-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
6.6.3. Спорттук базанын ишинин башталышы | 2017-жылдын IV кварталы | МСК | |
7-милдет. МСКнын кызматкерлерине дем берүү жана мотивациялоо системасын киргизүү | |||
7.1. МСКнын кызматкерлеринин маяналарынын көлөмүн жогорулатуу | 7.1.1. Кошумча муктаждыкты аныктоо. Чыгымдар сметасын даярдоо | 2017-жылдын II кварталы | МСК |
7.1.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын II-III кварталдары | МСК, Финансы министрлиги | |
7.2. МСКнын өнүктүрүү жана кызматкерлерин сыйлоо фондун түзүү (анын ичинде чыгашалардын сметасы боюнча каражаттарды үнөмдөөнүн жана/же кошумча кошуп эсептелген жана өндүрүлгөн салыктардын суммаларынын жана/же салык органдары тарабынан мобилизациялануучу салыктардын суммаларынын белгиленген болжолунан ашык түшкөн чегерүүнүн, акы төлөнгөн кызматтарды көрсөтүүнүн ж.б. эсебинен), ал төмөнкүлөргө багытталат: а) иштин жыйынтыгы боюнча кошумча сыйлоо; б) турак жай сатып алууга/курууга төмөн пайыздар боюнча узак мөөнөттүү ссудаларды же насыяларды бөлүп берүү; в) кызматкерлер пенсияга чыгаарда бир жолку төлөнүүчү төлөмдөр; г) МСКнын инфратүзүмүн жакшыртуу | 7.2.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын II-III кварталдары | МСК, Финансы министрлиги |
7.2.2 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
8-милдет. Салык төлөөчүлөр үчүн сервистик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү | |||
8.1. Видео-байкоо жүргүзүү системасын киргизүү менен "бирдиктүү терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтүүчү сервистик пункттардын/борборлордун санын көбөйтүү | 8.1.1. Сервистик пунктка/борборго жер участогун, жайды аныктоо, анын курулушунун чыгымдар сметасын жана каржылоо булактарын түзүү | 2016-жылдын II кварталы | МСК |
8.1.2. Сервистик пункттарды/борборлорду куруу жана аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу | 2016-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
8.1.3. Сервистик пункттардын/борборлордун ишинин башталышы | 2017-жылдын I кварталы | МСК | |
8.2. Төлөм терминалдары жана банкоматтар аркылуу, анын ичинде банктык төлөө карталарын колдонуу менен салыктарды төлөө чөйрөсүн кеңейтүү. Салыктарды алар аркылуу төлөө мүмкүн болгон терминалдардын жана банкоматтардын тармактарын саны жана региондук камтылышы боюнча кеңейтүү | 8.2.1. Коммерциялык банктары менен тиешелүү макулдашууларга кол коюу | 2015-жылдын II кварталынан баштап | МСК, коммерциялык банктары (макулдашуу боюнча) |
8.2.2. Макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу | 2015-жылдын II-III кварталдары | МСК, коммерциялык банктары (макулдашуу боюнча) | |
8.3. Интернет-төлөм системасын колдонуу менен, анын ичинде МСКнын сайты аркылуу (интернет-банкинг, электрондук капчык, электрондук төлөмдөр) салыктарды төлөө мүмкүндүгүн камсыз кылуу | 8.3.1. Салыктарды накталай эмес төлөө чөйрөсүндө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын жана улуттук мыйзамдардын алкагында зарыл болгон укуктук негиздерди үйрөнүү | 2015-жылдын III кварталы | МСК |
8.3.2. Коммерциялык банктары менен тиешелүү макулдашууларга кол коюу | 2015-жылдын IV кварталынан баштап | МСК, коммерциялык банктары (макулдашуу боюнча) | |
8.3.3. Техникалык тапшырманы жана программалык продуктту иштеп чыгуу | 2015-жылдын IV кварталы | МСК | |
8.3.4. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | МСК | |
8.3.5. № 04 формадагы квитанцияны колдонуу чөйрөсүн кыскартуу | 2015-жылдын II кварталы | МСК | |
8.4. Көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын тизмесин кеңейтүү, анын ичинде МСКнын сайты аркылуу | 8.4.1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин түзүү | 2016-жылдын II кварталы | МСК |
8.4.2. Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу | 2016-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
8.4.3. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү боюнча программалык камсыз кылууну иштеп чыгуу жана/же жеткире иштеп чыгуу | 2017-жылдын I-II кварталдары | МСК | |
8.4.4. Веб-сайтта жеке жактарды салыктык каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн башталышы | 2017-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
8.5. Колл-борбор тарабынан берилүүчү консультациялардын сапатын жогорулатуу | 8.5.1. Колл-борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу | 2016-жылдын I кварталы - 2017-жылдын I кварталы | МСК |
8.5.2. Борбордун ишин жөнгө салуу | 2017-жылдын I кварталы | МСК | |
8.5.3. Дайыма жаңыланып жана толукталып турган, кыйла көп берилүүчү суроолорго даяр жоопторду жана комментарийлерди издөө боюнча Колл-борбордун операторлору үчүн программаны иштеп чыгуу | 2017-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
8.5.4. Электрондук түрдө консультацияларды берүүнү түзүү | 2017-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
8.6. Субъекттин салыктык катталган жерине карабастан Бишкек жана Ош шаарларында өзүнчө салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүндүгүн киргизүү | 8.6.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
8.6.2. Субъекттин салыктык катталган жерине карабастан өзүнчө салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүндүгүн киргизүүнү камсыз кылуучу МСКнын программалык продуктусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2017-жылдын II кварталы | МСК | |
8.6.3. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү | 2017-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
8.7. Салыктык отчёттуулук формаларын өркүндөтүү | 8.7.1. Салыктык отчёттуулук формаларын жөнөкөйлөштүрүү жана/же өркүндөтүү боюнча жасалган ишти баалоо. Жөнөкөйлөтүүнү жана/же өркүндөтүүнү талап кылган формаларды аныктоо | 2016-жылдын II кварталы | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
8.7.2.Тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоо жана алардын кабыл алынышын камсыз кылуу | 2016-жылдын III-IV кварталдары | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
8.7.3. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2017-жылдын I кварталы | МСК | |
9-милдет. Электрондук кызмат көрсөтүүлөргө өтүү үчүн дем берүүлөрдү киргизүү | |||
9.1. Электрондук түрдө отчёт берген салык төлөөчүлөрдү кубаттоо каражаттарын түзүү | 9.1.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2016-жылдын III-IV кварталы | МСК, Экономика министрлиги |
9.1.2. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2017-жылдын I кварталынан баштап | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
9.2. Чарбалык субъекттердин эсептешүүлөргө өтүүсүнө дем берүү | 9.2.1. Накталай эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн жогору болушунун азыркы учурдагы себептерин талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу | 2016-жылдын IV кварталы | МСК |
9.2.2. Тиешелүү ЧУАны даярдоо жана кабыл алынышын камсыз кылуу | 2017-жылдын I-II кварталдары | МСК, Экономика министрлиги | |
9.2.3. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2017-жылдын III кварталынан баштап | МСК | |
9.3. Отчётторду электрондук түрдө берүү жана зарыл маалыматты алуу үчүн МСКнын "бирдиктүү терезелеринде" салык төлөөчү үчүн өзүнчө орун түзүү ("Салык төлөөчүнун бурчу") | 9.3.1. Чыгымдар сметасын жана каржылоо булактарын аныктоо | 2016-жылдын IV кварталы - 2017-жылдын I кварталы | МСК |
9.3.2. "Салык төлөөчүнүн бурчун" түзүү | 2017-жылдын 1 кварталынан баштап | МСК | |
9.4. МСКнын сайтында "Форум" дискуссиялык аянтчасын активдештирүү | 9.4.1. Долбоорду иш жүзүндө ишке ашыруу | 2015-жылдын III кварталы | МСК |
10-милдет. Калктын салыктык маданиятын жогорулатуу | |||
10.1. Салык төлөөчүлөрдүн жана калктын арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү. | 10.1.1. Салык салуу маселелери боюнча салык төлөөчүлөр үчүн маалыматтык программаны иштеп чыгуу | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
10.1.2. Салык салуу маселелери боюнча салык төлөөчүлөр үчүн маалыматтык программаны чыгаруу/жарыялоо | 2017-жылдын II кварталынан баштап | МСК | |
10.1.3. Салык төлөөчүлөр жана калк үчүн атайын тематикалык буклеттерди, календарларды, окуу куралдарын иштеп чытуу жана чыгаруу | 2015-жылдын II кварталынан баштап | МСК | |
10.1.4. Түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү жана салык төлөөчүлөр жана калк менен кайра байланышты ишке ашыруу үчүн калктын активдүү бөлүгүн (волонтерлорду) тартуу | 2015-жылдын I-III кварталдары | МСК | |
10.1.5. Түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү жана салык төлөөчүлөр жана калк менен кайра байланышты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактарды (Facebook, Twitter ж.б.) активдүү колдонуу | 2016-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
10.1.6 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
10.2. Жалпы жана орто билим берүү мекемелеринде, ЖОЖдордо азыркы убакта бар болгон сабактардын жана дисциплиналардын чегинде "салыктар жана салык салуу боюнча" өзүнчө бөлүм түрүндө милдеттүү түрдөгү окуу курсун киргизүү | 10.2.1. Окуу курстарын иштеп чыгуу | 2016-жылдын III-IV кварталдары | МСК, БИМ, ЖОЖдор |
10.2.2. Жалпы жана орто билим берүү мекемелеринде, ЖОЖдордо азыркы убакта бар болгон сабактардын жана дисциплиналардын чегинде "салыктар жана салык салуу боюнча" өзүнчө бөлүм түрүндө окуу курстарын жайылтуу | 2017-жылдын I-II кварталдары | БИМ, ЖОЖдор | |
10.3. Электрондук "Салык жарчысын" түзүү | 10.3.1. "Салык жарчысынын" форматын иштеп чыгуу | 2016-жылдын III кварталы | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
10.3.2. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын IV кварталынан баштап | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
10.4. Коомдо кыянат салык төлөбөгөндөргө терс мамилени жаратуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 10.4.1. Программанын долбоорун даярдоо | 2016-жылдын IV кварталы | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
10.4.2. Программаны иш жүзүндө ишке ашыруу | 2017-жылдын I кварталынан баштап | МСК, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
10.5. Салыктарды жаап-жашыргандыгы же төлөбөй койгондугу үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу | 10.5.1. Салыктарды төлөө боюнча талаптарды жөнгө салуучу ченемдердин тактыгын жана түрдүү түшүнүктөрдүн болушун аныктоо максатында салык мыйзамына талдоо жүргүзүү; улуттук мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2015-жылдын IV кварталы | МСК |
10.5.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2016-жылдын I-II кварталдары | МСК, Экономика министрлиги | |
10.5.3. Субъекттердин тизмесин түзүү жана жалган фирмаларды түзүүгө тиешеси бар адамдардын, ошондой эле алар менен чарбалык операцияларды жүргүзгөн, кыянат салык төлөбөгөндөр катары саналган адамдардын аты-жөнүн жарыялоо | 2016-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
10.6. Салыктарды жашыруу фактысы жөнүндө билдирген жарандарды кубаттоо механизмин киргизүү | 10.6.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2017-жылдын I-II кварталдары | МСК, Экономика министрлиги, Финансы министрлиги, донордук уюмдар |
10.7. Бизнес-ассоциациялар менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү | 10.7.1. Кызматташуу жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана кол коюу | 2015-жылдын III-IV кварталдары | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
10.7.2. Макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын I кварталы | МСК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | |
11-милдет. МСКнын аналитикалык потенциалын күчөтүү | |||
11.1. Үчүнчү тараптардын маалыматтар базаларынын деңгээлинде анын ичинде Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы, Мамкаттоо кызматы, Улуттук статком, КР Социалдык фонду, МБК ж.б. менен маалымат алмашуу чөйрөсүн кеңейтүү жана анын механизмин өркүндөтүү | 11.1.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын II-IV кварталдары | МСК, Экономика министрлиги, тиешелүү мамлекеттик органдар |
11.1.2. Маалымат алмашуунун ведомстволук классификаторлорун жана форматтарын бирдиктүү стандартка келтирүү | 2016-жылдын I кварталы | МСК, тиешелүү мамлекеттик органдар | |
11.1.3. Өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу жөнүндө колдонуудагы ведомстволор аралык макулдашууларды кайрадан карап чыгуу жана жаңыларын түзүү | 2016-жылдын II кварталынан баштап | МСК, тиешелүү мамлекеттик органдар | |
11.2. МСКнын жана үчүнчү тараптардын аналитикалык маалыматтарын колдонуу боюнча анын ичинде маалыматтарды салыштыруу жолу менен КСАМСтын кошумча мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 11.2.1. Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
11.2.2. Программалык камсыз кылууга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2017-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
11.3. Аналитикалык иштин заманбап методикаларын колдонуучу аналитикалык бөлүмдү түзүү | 11.3.1. Жөнгө салуучу таасирди талдоо боюнча ишти күчөтүү менен аналитикалык бөлүмдүн функцияларын жана иш процесстерин аныктоо | 2015-жылдын II кварталы | МСК |
11.3.2. МСКнын уюштуруу түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | МСК | |
12-милдет. Салыктык контролдоонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү | |||
12.1. Колдонуудагы мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу салыктык издөөдө жүргөн жана кыянат салык төлөбөгөндөр болуп саналган субъекттердин ишине бөгөт коюу: а) коммерциялык банктар юридикалык жана жеке жактардын эсептеринин ачылышы/жабылышы жөнүндө маалыматтарды, ал эми адамга салыктык текшерүү жүргүзгөн учурда - эсебиндеги акча каражаттарынын кыймылдары жөнүндө маалыматты МСКга берүү боюнча талаптарды коюу; б) кыянат салык төлөбөгөн жетекчиге, "жалган ишкердик" чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адамдарга карата төмөнкүлөргө тыюу салуу: - импорттук-экспорттук операцияларды жүргүзүүгө; - өлкөдөн чыгып кетүүгө; - мүлктүк бүтүмдөрдү жүргүзүүгө; - кандайдыр бир ишти жүргүзүүгө лицензия же уруксат алууга; в) тыюу салуунун башка түрлөрү | 12.1.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2017-жылдын I кварталы | Экономика министрлиги, МСК |
12.1.2. Ведомстволор аралык макулдашууларды иштеп чыгуу. Алардын бекитилишин камсыз кылуу | 2017-жылдын II кварталы | МСК, тиешелүү мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | |
12.1.3. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2017-жылдын III кварталы | МСК | |
12.2. Салык салууга тартуу жана салык базасын кеңейтүү максатында ишкердик субъекттерин, салык салуу объекттерин инвентаризациялоо | 12.2.1. Иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын II-III кварталдары | МСК |
12.3. Укук коргоо органдары, анын ичинде ЭККМК, АКК, Финчалгындоо менен кызматташууну активдештирүү | 12.3.1. Ведомстволор аралык макулдашууларды иштеп чыгуу жана/же колдонуудагыларын кайрадан карап чыгуу жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2016-жылдын II кварталынан баштап | МСК, тиешелүү мамлекеттик органдар |
12.3.2. Биргелешкен оперативдүү жумушчу топторду түзүү жана иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын IV кварталынан баштап | МСК, тиешелүү мамлекеттик органдар | |
12.4. Банкроттуктун учурдагы механизмин жана салык карызын жаппагандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын кайрадан карап чыгуу | 12.4.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Алардын кабыл алынышын камсыз кылуу | 2016-жылдын I-II кварталдары | Экономика министрлиги, МСК |
12.4.2. Банкроттуктун жаңы механизмдерин жана салык карызын жаппагандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын иш жүзүндө ишке ашыруу | 2016-жылдын III кварталы | МСК | |
12.5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-декабрындагы № 695 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
12.6. Салык салынуучу базаны аныктоонун "кыйыр методдорун" кеңейтүү жана конкреттештирүү | 12.6.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2016-жылдын I-II кварталдары | МСК, Экономика министрлиги |
12.6.2. Иштелип чыккан контролдук иш-чараларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу | 2016-жылдын III кварталы | МСК | |
12.7. Эл аралык соода-сатык, анын ичинде интернет-соода-сатык, трансферттик бүтүмдөр, интернет-кызмат көрсөтүүлөр ж.б. чөйрөдө субъекттердин ишин контролдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуу | 12.7.1. Учурдагы кырдаалды талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу | 2017-жылдын I кварталы | МСК |
12.7.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2017-жылдын II-III кварталдары | МСК, Экономика министрлиги | |
12.8. Ири соода борборлорунда төлөмдөрдү фискалдаштыруу системасын киргизүү | 12.8.1. Тиешелүү талдоо жүргүзүү жана зарыл иштерди каржылоонун булактарын аныктоо | 2016-жылдын I кварталы | МСК, Экономика министрлиги, Финансы министрлиги |
12.8.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2016-жылдын II-III кварталдары | МСК | |
12.8.3. МСКда төлөмдөрдү фискалдаштыруу борборун жана системасын түзүү | 2016-жылдын IV кварталы - 2017-жылдын I кварталы | МСК | |
12.9. Электрондук дистанциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык тажрыйбасын үйрөнүү | 12.9.1. Электрондук дистанциялык текшерүүлөрдү жайылтуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү | 2017-жылдын 1-11 кварталдары | МСК |
12.9.2. Салык мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2017-жылдын III кварталы | МСК | |
12.10. Товарларды эсепке алуунун электрондук тутуму менен акциздик маркаларга электрондук элементтерди жайылтуу | 12.10.1. Электрондук элементтерге жана товарларды эсепке алуунун электрондук тутумуна баяндоолорду жана талаптарды даярдоо | 2015-жылдын II-III кварталдары | Экономика министрлигинин, МСКнын алдындагы ведомстволор аралык комиссия |
12.10.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тендер өткөрүү | 2015-жылдын III-IV кварталдары | МСК | |
12.11. Төмөнкүлөрдүн милдеттүү түрдө болуу талаптарын киргизүү жолу менен лицензиялык ченемдерди күчөтүү: а) этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырган ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды өткөрүп берүү менен спирт заводдорунун бардык кире бериштеринде видеобайкоолордун; б) ликер-арак продукцияларын өндүрүүчүлөр үчүн көмүрдүү колонналарда сарптоо өлчөгүчүнүн; в) ликер-арак продукцияларынын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырган ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды өткөрүп берүү менен ликер-арак продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк жана кампалык имараттарынын бардык кире бериштеринде видеобайкоолордун(*) | 12.11.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын III-IV кварталдары | Экономика министрлигинин, МСКнын алдындагы ведомстволор аралык комиссия |
12.12. Ликер-арак продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн аймагынан ташып чыгарылуучу алкоголдук продукцияларды милдеттүү түрдө пломбалоо тартибинин киргизилиши | 12.12.1. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2017-жылдын I кварталы | Экономика министрлигинин, МСКнын алдындагы ведомстволор аралык комиссия |
13-милдет. Салыктык жүктү теңдештирүү | |||
13.1. Салыктарды төлөөдөн натыйжасыз, негизсиз берилген бошотууларды жокко чыгаруу максатында учурдагы салыктык жеңилдиктерди кайрадан карап чыгуу | 13.1.2. Сунуштарды киргизүү менен талдоо жүргүзүү | 2015-жылдын I-II кварталдары | МСК |
13.1.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорүн иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2017-жылдын I кварталы | МСК, Экономика министрлиги | |
13.2. Ыктыярдуу патенттер боюнча иштин түрлөрүнүн тизмесин кайра карап чыгуу | 13.2.1. Талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | МСК |
13.2.2. Тиешелүү ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу. Аларды белгиленген тартипте кароого киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | МСК, Экономика министрлиги | |
3-тиркеме
Салык кызматынын системасына ылайыктап ишин баалоодогу анын натыйжалуулугу өзүнүн функциясын аткарууга жана коюлган максатын – салыктарды төлөөдөн түшүүлөрдү бюджеттин киреше бөлүгүнө камсыз кылууну ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлгөндүгүнө негизделет.
Бул учурда жалпысынан салык кызматынын системасына карата баалоону базалык статистикалык же эсептик көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүүгө болот. Салык системасынын натыйжалуулугу салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүндө жана белгилүү бир экономикалык же социалдык натыйжага жетишүүдө ачык көрсөтүлгөн натыйжаларын салыштырып текшерүү аркылуу бааланышы мүмкүн. Андан тышкары, буга салыктык тескеп-башкаруу системасынын өзүн уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик колдоонун белгиленген чараларын ишке ашыруу боюнча чыгымдарды киргизүүгө болот.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясына (мындан ары - Стратегия) карата күтүлүүчү натыйжалардын тактыгын көңүлгө алуу менен коюлган милдеттерге жетүүнү же жетпөөнү эксперттик ички баалоо методу кыйла алгылыктуу болуп саналат.
Мында бул метод үчүнчү тараптарды тартпастан, МСКнын ички ресурстарын колдонуу менен коюлган милдеттерге жетүүнү баалоо жана ага мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул индикаторлорду иштеп чыгууда маалыматтык технологияларды колдонуучу калктын жана чарбачыл субъекттердин үлүшүнүн өсүшү сыяктуу натыйжалуулуктун кыйыр индикаторлору колдонулган жок, бул зарыл өндүрүштүк функцияларды ишке ашыруудагы коромжуларды азайтууга, салык төлөөчүлөр менен иштөөдө кагазсыз документ жүргүзүүнүн үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мында калктын МСКнын органдарына ишеним деңгээли сыяктуу сапаттуу индикаторлорду респонденттерди сурамжылоо жүргүзүү менен билүүгө болот.
1. Жыйналган салыктын 1 сомунун өздүк наркы (салык жыйноого МСКнын чыгымдары), төмөнкүлөрдөн көп эмес:
а) 2015-жылы – 0,016 сомдон;
б) 2016-жылы – 0,015 сомдон;
в) 2017-жылы–0,014 сомдон.
1. МСКнын 1 кызматкерине тейленүүчү (отчёт берүүчү) салык төлөөчүлөрдүн санынын катышы, төмөнкүлөрдөн кем эмес:
а) 2015-жылы–161,0;
б) 2016-жылы–162,5;
в) 2017-жылы–164,0.
3. Салык кызматынын органдарында электрондук документ жүгүртүү системасы менен камтылышы – 2017-жылдын аягына карата 100 пайыз.
4. Жаңы иш процесстери боюнча иш көндүмдөрүнө ээ болгон МСКнын кызматкерлеринин саны:
а) 2015-жылы–100 адам;
б) 2016-жылы–100 адам;
в) 2017-жылы–100 адам.
5. Кызматкерлерди тандоонун жаңы системасынан өткөн МСКнын кызматкерлеринин үлүшү – 2017-жылдын аягына карата 30 пайыз.
6. Кызматкерлердин ишин конкреттүү жыйынтыктарга жана аткаруу сапатына негизделген баалоо системасы менен камтылышы – 2017-жылдын аягына карата 100 пайыз.
7. Квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн кызматкерлердин саны:
а) 2015-жылы–65 адам;
б) 2016-жылы–65 адам;
в) 2017-жылы–65 адам.
8. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүлөрдүн ишеним деңгээлинин жогорулашы (үзгүлтүксүз сурамжылоо формасына ылайык) – жыл сайын кеминде 3 пайызга.
9. “Бирдиктүү терезенин” жана сервистик борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга мүмкүнчүлүгү бар салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүшү:
а) 2015-жылы–3,0 пайызга;
б) 2016-жылы–2,0 пайызга;
в) 2017-жылы–2,0 пайызга.
10. Электрондук түрдө отчёт берген салык төлөөчүлөрдүн санынын көбөйүшү:
а) 2015-жылы–3000 субъектке;
б) 2016-жылы–3000 субъектке;
в) 2017-жылы–3000 субъектке.
11. Төлөм терминалдарынын, салыктардын электрондук төлөө пункттарынын санынын көбөйүшү – жыл сайын 300 бирдикке/точкага.
12. Терминалдарды жана электрондук төлөмдөрдү пайдалануу менен ишке ашырылуучу салыктарды төлөөнүн санынын көбөйүшү:
а) 2015-жылы–3000 төлөмгө;
б) 2016-жылы–3000 төлөмгө;
в) 2017-жылы–3000 төлөмгө.
13. Салык органдарында “салык төлөөчүнүн бурчунун” (электрондук түрдө отчёт берүү жана зарыл маалымат алуу үчүн жабдылган жерлердин) санынын көбөйүшү – жыл сайын МСКнын 5 “бирдиктүү терезесинен/сервистик пункттарынан” кем эмес.
14. Активдүү (учурдагы) салык төлөөчүлөрдүн санынын өсүшү:
а) 2015-жылы–16,0 миң салык төлөөчүгө;
б) 2016-жылы–17,0 миң салык төлөөчүгө;
в) 2017-жылы–18,0 миң салык төлөөчүгө.
15. Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмүнө карата салыктар боюнча ашык төлөмдөрдүн суммаларынын (КНС боюнча чегерилген суммадан ашып кетүүлөрдү кошпостон) салыштырма салмагынын азайышы, төмөнкүгө карата:
а) 31.12.2015 – 14,7 пайызга чейин;
б) 31.12.2016 – 14,4 пайызга;
в) 31.12.2017 – 14,0 пайызга.
16. Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө салык калдыгынын үлүшүнүн азайышы, төмөнкүгө карата:
а) 31.12.2015 – 4,2 пайызга чейин;
б) 31.12.2016 – 3,7 пайызга;
в) 31.12.2017 – 3,2 пайызга.
17. МСК тарабынан ИДПга мобилизациялануучу салыктык жыйымдардын үлүшүнүн көбөйүшү төмөнкүлөргө чейин:
а) 2015-жылы–10,7пайызга;
б) 2016-жылы–10,8 пайызга;
в) 2017-жылы–10,9 пайызга.