Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-майындагы № 271 токтому менен бекитилген |
"70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." бирдиктүү юбилейлик медалын тапшыруу ТАРТИБИ
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин 2013-жылдын 25-октябрындагы чечими менен бекитилген Жобого ылайык "70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." бирдиктүү юбилейлик медалы (мындан ары - медаль) төмөнкүлөргө тапшырылат:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында СССР Куралдуу Күчтөрүнүн катарында күжүрмөн аракеттерге катышкан аскер кызматчыларына жана эркин жалданган курамдагы адамдарга, СССРдин убактылуу оккупацияланган аймактарында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде аракетте болгон партизандарга жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССР Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана эркин жалданган курамдагы адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап кармоочу жерлердин туткундарына, анын ичинде жашы жетпегендерге, Ленинград блокадасында калгандарга.
Медаль көкүрөктүн сол жагына тагылат жана "65 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." медалынан кийин жайгаштырылат. Сыйлангандарга медаль менен бирге анын белгиленген формадагы күбөлүгү берилет.
2. Медалды тапшыруу аскердик каттоого турган жери боюнча жана бирдиктүү юбилейлик медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмеси боюнча ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. Медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмеси жашаган жери боюнча түзүлөт, аны түзүүгө жооптуу кызмат адамы кол коёт. Сыйлангандардын тизмесине медалдын берилгендиги тууралуу медалдын күбөлүгүнүн номерин көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат жана аскер комиссарынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
Медаль менен сыйлангандардын тизмесин түзүү үчүн негиз болуп ушул Тартиптин 1-пунктуна ылайык медаль тапшырууга сыйлануу укугун ырастоочу төмөнкүдөй документтер эсептелет:
- эсептик каттоо-аскердик документ;
- аскер бөлүгүнүн командачылыгы же тиешелүү архив органдары тарабынан берилген аскердик кызматты өтөгөндүгү жөнүндө маалымкат;
- Улуу Ата Мекендик согуш майдандарында алган жаракат (контузия) жөнүндө маалымкат;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде аракеттеги армиянын курамына кирген аскердик бөлүктөрдүн эркин жалданган курамындагы адамдарга берилген жеңилдиктерге укугу жөнүндө күбөлүк.
Жарандарды медаль менен сыйлануучулардын тизмесине киргизүү үчүн күбөлөрдүн көрсөтмөсү негиз боло албайт.
Сыйлангандардын тизмеси мезгил-мезгили менен такталып турууга тийиш.
Сыйлангандардын тизмеси аскер комиссариатында белгиленген тартипте туруктуу сакталууга тийиш.
Салтанаттуу чогулуштарда медалдарды тапшыруу тартиби аткаруу бийлигинин тиешелүү органдары менен макулдашылат.
Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучусунун үй-бүлөсүнө медаль жана анын күбөлүгү берилбейт.
Аскер комиссариаттары медаль менен сыйлагандыгы жөнүндө маалыматты ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине белгиленген тартипте 2015-жылдын 30-апрелине карата беришет.
3. Аскер комиссариаттары берилбей калган медалдарды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тапшырышат
|
| Тартиптин 1-тиркемеси |
"70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлангандардын ТИЗМЕСИ
________________________________________________ (аскер комиссариатынын аталышы)
№ | Аты-жөнү | Туулган жылы | Үй дареги | Сыйлоо үчүн негиз (документтин аталышы жана номери) | Тапшыруу жөнүндө белги, тапшыруу күнү, күбөлүктүн номери | Тапшырууга жооптуу адамдын колу | Эскертүү (тапшырбай калуунун себептери жөнүндө белги) |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
Аскер комиссары | _____________________________________ |
| (аскердик наамы, колу, аты-жөнү) |
М.О.
|
| Тартиптин 2-тиркемеси |
"70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г." бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо жөнүндө МААЛЫМАТ
_____________________________________________________________ боюнча
(аскер комиссариаты)
I. 20___-ж. _____________ чейин _________________________ адам сыйланды.
II. Отчеттук мезгилде _______________________________ медаль тапшырылды.
III. Сыйлангандардан медаль тапшырыла элек __________________ адам калды.
Аскер комиссары | _____________________________________ |
| (аскердик наамы, колу, аты-жөнү) |
М.О.