Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы № 286
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 665-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү жана кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча укуктук, социалдык, экономикалык. медициналык иш-чаралардын комплексин камсыздоого байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.".
3. 2-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 4-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, өнүктүрүүгө жана пропагандалоого багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, каржылайт жана ишке ашырылышын контролдойт;
- донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгуунун жана донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнүн тартибин бекитет;
- кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жагындагы стандарттарды бекитет;
- донорду медициналык текшерүүнүн тартибин аныктайт;
- донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарды белгилөө системасын бекитет.".
5. 5-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын" деген сөздөр "ишти жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 15-статьянын 1-бөлүгүнүн 2 жана 6-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган" деген сөздөр алып салынсын.
8. 18-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 21-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана саламаттык сактоону башкаруунун жергиликтүү органдарынын жетекчилиги астында белгиленген тартипте" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|