Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 306
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин жана Ревизиялык комиссиянын Мүчөлөрүнүн ишин баалоонун заманбап ыкмаларын жайылтуу, мындай чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруунун сапатын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |