Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары - коом) Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишине баалоо жүргүзүү критерийлерин, ыкмаларын жана жол-жоболорун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишине милдеттүү түрдө баалоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоонун максаты болуп коомдун иш-аракетине алардын жекече салымын, ошондой эле коомдун акционерлеринин кызыкчылыгын коргоо үчүн кылган аракеттерин баалоо саналат.
4. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар (мындан ары - Маморган) жана коомдун Директорлор кеңеши тарабынан ушул Жобонун тиркемесине ылайык анкета боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнө (ревизоруна) берилген бааны аныктоо Директорлор кеңеши жана анын комитеттеринин жыйындарынын протоколдорунун маалыматтарынын, Ревизиялык комиссиянын баалоого алынган мүчөсү даярдаган отчёттордун жана материалдардын, Маморганга жана Директорлор кеңешине берилген Ревизиялык комиссиянын жана башка документтеринин негизинде камсыздалат.
Коомдун Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизорунун) ишин баалоо боюнча коомдун Директорлор кеңеши толтурулган формасы коомдун Директорлор кеңешинин жыйынында бекитилет жана Директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан ушул Жобонун 6-пунктунда аныкталган мөөнөттөр аяктагандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен Маморганга жиберилет.
Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизорун) ишин баалоо боюнча Маморган толтурган формасына ушул маселеге жооптуу Маморгандын адамдары тарабынан кол коюлат.
6. Баалоо жылына 2 жолу өткөрүлөт:
- биринчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап, 6 айлык мезгили үчүн;
- экинчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап, акционерлердин кийинки жылдык жалпы чогулушу өткөрүлүүчү айда, айдын аягына чейин.
7. Маморган баалоонун толтурулган формаларын жалпылап, Ревизиялык комиссиянын ар бир мүчөсүнүн (ревизорунун) ишин баалоонун жалпыланган көрсөткүчтөрүн эсептейт.
Маморган Ревизиялык комиссиянын мүчөсүн (ревизорун) анын ишин баалоонун жыйынтыктары менен тааныштырууга, ошондой эле анын жыйынтыктарын коомдун Директорлор кеңешине билдирүүгө милдеттүү.
8. Маморган тарабынан эсептелүүчү баалоонун жалпыланган көрсөткүчү коомдун Ревизиялык комиссиясынын тийиштүү мүчөсүнө же болбосо ревизоруна карата толтурулган эки анкетанын ар бири боюнча баалоонун жалпы көрсөткүчтөрүнүн орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет. Баалоонун жалпыланган көрсөткүчтөрүн эсептөө документ түрүндө таризделүүгө жана Маморгандын ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга тийиш.
Маморган жана анын кызматкерлери аларга берилген субъективдүү баалоонун жыйынтыктарын ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардан тышкары башкача түрдө колдонууга укуксуз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ревизиялык комиссиянын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоонун жалпыланган көрсөткүчү жалпы кабыл алынган шкалага которулат:
0,9дан 1,0 чейин - "эң жакшы",
0,7ден 0,9 чейин - "жакшы",
0,5тен 0,7 чейин - "канааттандырарлык",
0,5тен төмөн - "канааттандырарлык эмес"
жана Маморган тарабынан төмөнкү максаттарда колдонулат:
- коомдордун акционерлеринин жалпы чогулушунда Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн (ревизорду) материалдык сыйлоо жөнүндө маселени демилгелөө;
- тиешелүү адамдын коомдун Ревизиялык комиссиясынын курамында же болбосо ревизору кызматында андан ары болуусу, башкача айтканда же аны жаңы мөөнөткө кайра шайлоо, же болбосо анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Ревизиялык комиссиянын (ревизордун) ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул Жобого ылайык баалоо жүргүзүү үчүн жооптуу жактар болуп:
- Маморган үчүн - тийиштүү чарбакер коомду тейлөөчү ыйгарым укуктуу кызматкер;
- Директорлор кеңеши үчүн - тийиштүү чарбакер коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы саналат.
|
| Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөсүнүн (ревизордун) ишин баалоо АНКЕТАСЫ
Категориянын № | Баалоо упайларын коюу критерийлери жана методикасы | Баалоо упайлары |
К1 | Коомдун финансы, бюджет же аудитке (ички же тышкы) байланыштуу маселелери киргизилген күн тартибиндеги Директорлор кеңешинин жыйынынын жалпы санына карата Ревизиялык комиссиянын мүчөсү (ревизор) кирген Директорлор кеңешинин жыйынынын санынын катышы. Эскертүү: эгерде катыш 75% же андан көп болсо, анда упай 1ге, 75%дан кем болсо 0го барабар болот |
|
К2 | Ревизиялык комиссия (ревизор) Директорлор кеңешине квартал сайын иштеген иштери жөнүндө отчет жөнөтүп турат. Эскертүү: эгер баалоо мезгилинде ар бир квартал сайын отчет жөнөтүлсө, упай 1ге, эгерде, андай болбосо - 0го барабар болот |
|
К3 | Ревизиялык комиссия (ревизор) орчундуу бүтүмдөрдү жана кызыкчылыктарды көздөгөн бүтүмдөрдү алдын ала табуунун документ түрүндө таризделген жол-жоболоруна ээ жана аларды колдонот. Эскертүү: эгер Директорлор кеңеши тарабынан баалоо мезгилинде ири бүтүмдү же кызыкчылыктуу бүтүмдү карап чыгуунун ар бир учуру үчүн Ревизиялык комиссия (ревизор) тарабынан мындай бүтүм жөнүндө алдын ала корутундуну (пикирди) сунуштоо орун алган болсо, упай 1ге, эгер андай болбосо - 0го барабар болот. Эгерде баалоо мезгилинде мындай бүтүмдөр болбосо, анда документ менен бекитилген жол-жоболор 1 упайга барабар. |
|
К4 | Ревизиялык комиссия (ревизор) үстүдөгү жыл үчүн өзүнүн ишине карата документ менен бекитилген планга ээ жана мындай план Директорлор кеңеши менен макулдашылган. Эскертүү: эгер документ менен бекитилген планы бар, жана ал Директорлор кеңеши менен макулдашылган болсо, анда упай 1ге, эгерде, андай план бар, бирок Директорлор кеңеши менен макулдашылбаса упай 0,5ке, эгер документ менен бекитилген план жок болсо - 0го барабар болот |
|
К5 | Ревизиялык комиссиянын (ревизордун) отчету, бүтүмү же башка документтери мурунку контролдук жол-жоболордун жыйынтыгы боюнча Ревизиялык комиссиянын (ревизордун) сунуштамасын чарбакер коомдун аткаруучу органы аткаргандыгы же аткарбагандыгы жөнүндө өзүнчө пунктту камтыйт. Эскертүү: эгер мындай пункт камтылса упай 1ге, эгер камтылбаса - 0го барабар болот |
|
К6 | Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү Ревизиялык комиссиянын иштөө процессинде ишке ашырылуучу бардык контролдук жол-жоболорго түздөн-түз катышат жана анын жыйынтыгы боюнча бардык документтерге кол коёт. Эскертүү: эгерде жогоруда келтирилген ырастоолор туура болсо, анда упай 1ге барабар. Эгер Ревизиялык комиссиянын мүчөсү оорунун себебинен катыша албай калган жол-жоболор бар болсо, бирок ал тийиштүү документтер менен таанышып чыгып, жыйынтыктоочу документтерге кол койсо анда упай 0,5ке, эгер андай болбосо - 0го барабар болот. Ревизор үчүн бул критерий колдонулбайт |
|
К7 | Коомдун уставында жана/же ички документтеринде Ревизиялык комиссия ишке ашырган контролдоочу жол-жоболордун жыйынтыгы боюнча Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн жеке пикирин айтуу мүмкүнчүлүгү каралган жана Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланышат. Эскертүү: Эгер мындай мүмкүнчүлүктөр каралган жана аны Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү баалоо мезгилинде пайдаланышса, анда упай 1ге, эгер пайдаланышпаса упай 0,5ке барабар. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк каралбаса упай 0го барабар. Ревизор үчүн бул критерий колдонулбайт |
|
К8 | Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн (ревизордун) профессионалдык ой-пикири, ошондой эле өздөрү кол койгон документтин сапаты жана андагы маалымат менен тааныштыгы, анын коомдо ээлеген кызматына толугу менен профессионалдык жактан туура келгендиги жөнүндө бүтүм чыгарууга мүмкүндүк берет. Эскертүү: эгерде жогоруда келтирилген ырастоолор туура болсо, анда упай 1ге барабар. Эгер ырастоолордун айрымдары туура болсо, упай 0,5ке, эгер ырастоолор туура эмес болсо - 0го барабар болот |
|
К9 | Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн (ревизордун) иши, мурда болгон бузууларды табууга караганда боло турган бузууларды алдын алууга багытталган. Эскертүү: эгер жогоруда келтирилген ырастоолор туура болсо, анда упай 1ге барабар. Эгер ырастоолордун айрымдары туура болсо, упай 0,5ке, эгер ырастоолор туура эмес болсо - 0го барабар болот |
|
К10 | Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү (ревизор) тарабынан баалоо мезгилинде документ менен бекитилген өзүнүн милдеттенмелерин Маморган алдында бузушу. Эскертүү: Эгерде бузуулар жок болсо упай 1ге, эгер бузуу бир жолу болсо, 0,5ке, башка учурларда 0го барабар болот |
|
Баалоо формасы боюнча баалоонун топтомо көрсөткүчтөрүн эсептөө эрежеси
1. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчүн эсептөө үчүн формула:
2. Ревизорду (эгерде жеке контролдоочу орган болсо) баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчүн эсептөө үчүн формула: