Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 301, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик өкүлдөрдү кошо алганда, мамлекет тарабынан мамлекеттин өкүлү көрсөтүлгөн мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары - коомдор) Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун критерийлерин, методикасын жана жол-жоболорун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан мамлекеттик өкүлдөр катары көрсөтүлгөн коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишине милдеттүү түрдө баалоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун максаты болуп, анын өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен, коомдун ишине алардын жеке салымын, ошондой эле жалпысынан мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо үчүн алар тарабынан көрүлүүчү аракеттерди баалоо саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо төмөнкү методдор менен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо (мындан ары - Маморган) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү объективдүү баалоо;
- Директорлор кеңешинин ичинде мамлекет көрсөткөн анын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн бири-бирине карата субъективдүү баалоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Объективдүү баалоо Директорлор кеңешинин, анын комитеттеринин ишине катышуу боюнча анын өз милдеттерин аткаруу бөлүгүндө коомдун ишине Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн жеке салымын аныктоого багытталган.
Объективдүү баалоо Маморган тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, Директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрүн коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүүнүн, коомдун Директорлор кеңешинин баалануучу мүчөсү даярдаган отчеттордун жана материалдардын, ошондой эле коомдун катчысы тарабынан Маморганга тапшырылган башка документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Объективдүү баалоо жылына 2 жолу жүргүзүлөт:
- биринчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап 6 айдын ичинде;
- экинчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап жана акционерлердин кезектеги жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөн айдын аягына чейин.
Маморган Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүн аны объективдүү баалоо жыйынтыктары менен тааныштырууга милдеттүү.
6. Субъективдүү баалоо мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн Директорлор кеңеши боюнча өз кесиптештеринин кесиптик сапаттары жана жөндөмдөрү тууралуу пикирин аныктоого багытталган.
Субъективдүү баалоо өзүнүн ишин баалоону эсепке албаганда, Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү тарабынан жекече, ушул Жобонун 2, 3-тиркемелеринде келтирилген форма боюнча анкеталарды толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өзүнүн ишин баалоо процессине тартылбашы керек.
Анкеталар жашыруун толтурулат жана Маморганга белгиленген мөөнөттөрдө чапталган конвертте өткөрүлүп берилет.
Субъективдүү баалоо жүргүзүү мезгилдүүлүгү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилдүүлүккө окшош, ал эми толтурулган анкетаны тапшыруу мөөнөтү ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык баалоонун кезектеги мезгили өткөндөн кийин, 10 жумушчу күндөн ашпашы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Маморган жана анын кызматкерлери ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардан тышкары, ага берилген субъективдүү баалоо жыйынтыктарын башкача жол менен колдонууга, ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөсүн субъективдүү баалоо жыйынтыктарын алардын макулдугусуз үчүнчү жактарга ачып берүүгө укуктуу эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн ишин объективдүү жана субъективдүү баалоо жыйынтыктарынын негизинде, Маморган тарабынан анын ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү эсептелет.
Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү (ИБТК) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ИБТК = (Кдх мүчөсү Î 0,7) + (Zдк мүчөсү Î 0,3), мында:
Кдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү;
Zдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин субъективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү.
Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү (ИБТКт) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ИБТКт = (Кдх мүчөсү Î 0,7) + (Zт Î 0,3), мында:
Кдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү;
Zт - Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү.
Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун эсептелген топтомо көрсөткүчү жалпы кабыл алынган шкалага которулат:
0,9дан 1,0 чейин - "эң жакшы",
0,7ден 0,9 чейин - "жакшы",
0,5тен 0,7 чейин - "канааттандырарлык",
0,5 төмөн - "канааттандырарлык эмес"
жана Маморган тарабынан төмөнкү максаттарда колдонулат:
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн материалдык сыйлоо жөнүндө коомдордун акционерлеринин жалпы чогулушунда маселени демилгелөө;
- анын курамында Директорлор кеңешинин тийиштүү мүчөсүн мындан ары табуу, башкача айтканда аны жаңы мөөнөткө кайра шайлоо, же бул катары анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Директорлор кеңешинин ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 301, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Ушул Жобого ылайык ишине баалоо жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- объективдүү баалоо боюнча - Маморгандын ыйгарым укуктуу кызматкери, ошондой эле Директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин жыйындарынын протоколдорун өз убагында тапшыруу үчүн коомдун катчысы;
- субъективдүү баалоо боюнча - коомдун Директорлор кеңешинин төрагасы, эгер ал Директорлор кеңешине мамлекеттен шайланса, ал эми башка учурда - буга Маморган тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттен шайланган директорлор кеңешинин каалаган мүчөсү.
10. Маморган мамлекеттен шайланган Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун жыйынтыктарын чыгарган күндөн баштап 5 күндөн кечиктирбей бул коомго жетекчилик жүргүзүүчү мамлекеттик органга баалоо жыйынтыктары жөнүндө маалыматты ачып берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин. мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоо МЕТОДИКАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Объективдүү баалоо критерийлери жана көрсөткүчтөрү, аларды аныктоо методикасы
Критерийлер | Баалануучу параметрлер | Эсептөө ыкмасы | Критерийдин көрсөткүчүнүн салыштырма салмагы |
ДК жыйындарына катышуу | |||
К1 - ДК катышкан жыйындарына катышуу | ДК мүчөсү ДК катышкан жыйындарынын жалпы санына карата катышкан ДК жыйындарынын % | Катышкан жыйындардын жалпы санына карата %, мында: К1=0,50% аз болсо, К1=0,5, 50%дан 75% К1=1, эгерде 75% жана андан көп | 0,20 |
К2 - ДК жыйындарына сырттан катышуу түрүн колдонуу | ДК жыйындарынын %, аларда ДК мүчөсү ДК катышпаган жыйындарынын жалпы санына карата сырттан катышкан 1-эскертүү: эгерде баалануучу мезгил ичинде сырттан катышкан жыйындар жок болсо, бул көрсөткүчтүн салыштырма салмагы К1 көрсөткүчүнүн салыштырма салмагына кошулат | Сырттан катышкан жыйындардын жалпы санына карата %, мында: К2=0, эгерде <50% К2=1, эгерде >50% | 0,05 |
ДК комитеттеринин ишине катышуу Төмөнкү компетенциясы менен комитеттер боюнча гана: стратегиялык пландаштыруу жана өнүктүрүү, бюджет жана аудит, кадрлар жана сыйлыктар | |||
К3 - ДК мүчөсү ДК комитетинин мүчөсүбү | Баалоо параметри - Ооба/Жок. 2-эскертүү: эгерде ДК мүчөсү комитеттин төрагасы болуп саналса, бул комитеттеги анын мүчөлүгү эсепке алынбайт | К3=0,эгерде жок (2-тиркемени караңыз) К3=1, эгерде ооба | 0,05 |
К4 - ДК мүчөсү ДК комитетинин төрагасыбы | Баалоо параметри - Ооба/Жок. | К3=0, эгерде жок болсо же комитеттин жыйындары өткөрүлбөсө. К3=1, эгерде ооба | 0,05 |
К5 - ДК мүчөсүнүн анын комитеттеринин жыйындарына катышуусу | ДК комитетинин жыйындарынын %, аларда ДК мүчөсү, алардын мүчөсү болуу менен, мындай комитеттердин жыйындарынын жалпы санына карата катышкан | К5=0, эгерде <50% же эгерде жыйындар өткөрүлбөсө К5=1, эгерде 50% жана андан көп | 0,05 |
Коомдун ишинин жыйынтыктарына таасир тийгизүүчү негизги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуу | |||
К6 - ДК мүчөсү төмөнкү маселелер боюнча Директорлор кеңешинин чечимдерди кабыл алуусуна катышканбы (талкууга жана добуш берүүгө катышуу): К6.1 - стратегияны, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, же аны ишке ашыруу жөнүндө отчетту бекитүү К6.2 - аны аткаруу жөнүндө бюджетти жана отчетту бекитүү К6.3 - инвестициялык программаларды жана аларды аткаруу жөнүндө отчетторду (капиталдык салымдардын бюджеттерин) бекитүү К6.4 - аткаруу органына сыйлыктардын системасын бекитүү, же аны өркүндөтүү К6.5 - ири келишимдерди жактыруу К6.6 - кызыкчылыгы бар келишимдерди жактыруу К6.7 - ички көзөмөл системасынын иштешин уюштуруу жана/же аны баалоо, же өркүндөтүү К6.8 - тобокелдиктерди башкаруу системасынын иштешин уюштуруу жана/же аны баалоо, же өркүндөтүү К6.9 - акционерлердин жана директорлор кеңешинин жалпы чогулуштарынын чечимдерин аткаруу жөнүндө аткаруу органынын отчетторун кароо К6.10 - коомдун сатып алуу ишин уюштуруу системасын жана/же сатып алуу ишин жүргүзүү жөнүндө отчетторду бекитүү | Баалоо параметри - Ооба/Жок "Ооба", эгерде ДК мүчөсү маселелердин ар бири боюнча ДК бирден көп жыйынында катышса. "Жок" калган учурларда.
3-эскертүү: эгерде түзүлгөн тажрыйбадан улам 6.5, 6.6 номерлериндеги маселелер директорлор кеңеши тарабынан каралбаса, тийиштүү көрсөткүч К6 эсептегенде эске алынбайт | К6.1 боюнча - К6.10, эгерде ооба болсо, алардын ар бири 1 барабар, жана эгерде жок болсо 0 тең. К6 жыйынтык көрсөткүчү К6.1-К6.10 көрсөткүчтөрүнүн маанилери боюнча орточо арифметикалык катары эсептелет | 0,2 |
Коомдун жана акционерлеринин кызыкчылыгында ДК мүчөсүнүн активдүүлүгү | |||
К7- директорлор кеңешинин мүчөсү тарабынан сунушталган К6 критерийинде саналган маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорунун саны | Чечимдердин сунушталган долбоорлорунун санын жөнөкөй эсептөө 4-эскертүү: жеке ал тарабынан демилге көтөрүлгөн чечимдердин долбоорлору гана кабыл алынат, аткаруу органы тарабынан сунушталган долбоорлор кирбейт | К7=0, эгерде чечимдердин долбоорлору 0 болсо, К7=0,3, эгерде чечимдердин долбоорлору 1 болсо, К7=0,5, эгерде чечимдердин долбоорлору 2 жана андан көп болсо, К7=1, эгер ал боюнча ДК чечими кабыл алынса | 0,1 |
К8 - Алар боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсү өзгөчө пикир түрүндө тийиштүү негиздемени берүү менен "каршы" же "калыс" деп добуш берген ДК жыйынында каралган маселелердин саны | Алар боюнча ал "каршы" же "калыс" деп добуш берген алар боюнча ДК мүчөсү маселелердин жалпы санына карата өзгөчө пикир билдирген маселелердин % | К8=0, эгерде өзгөчө пикир берилбесе; К8=0,5 эгерде 80% чейин же эгерде "каршы"/"калыс" деген добуш берүүлөр жок болсо К8=1, эгерде >80% | 0,1 |
К9 - Директорлор кеңешинин мүчөсү тарабынан Маморганга берилген отчеттордун саны | Ал келишим боюнча жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тапшырышы керек болгон отчеттордун эсептик санына карата ДК мүчөсү тарабынан тапшырылган отчеттордун % | К9=0, эгерде <75% К9=1, эгерде 75% жана андан көп | 0,1 |
К10 - директорлор кеңешинин мүчөсү тарабынан мамлекет алдында өз милдеттерин бузган учурлардын саны | Аны менен келишимде көрсөтүлгөн, же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттеринин негизинде бузуулардын санын эсептөө | К10=0, эгерде бузуулар 1ден көп болсо К10=0,5, эгерде 1 бузуу бар болсо К10=1, эгерде бузуулар жок болсо | 0,1 |
2. Объективдүү баалоонун жыйынтык натыйжаларын эсептөө эрежелери
2.1. К6 көрсөткүчүн эсептөө формуласы (3-тиркемени караңыз):
2.2. Объективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчтөрүн эсептөө формуласы:
КДК мүчөлөрү = | К1 х 0, 2 + К2 х 0,05 + К3 х 0,05 + К4 х 0,05 + К5 х К5 х 0,05 + К6 х 0,2 + К7 х 0,1 + К8 х 0,1 + К9 х 0,1 + К10 х 0,1 |
2.3. Объективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчүн (КФАА) жалпы кабыл алынган шкалага которуу шкаласы:
0,9дан 1,0 чейин - "эң жакшы",
0,7ден 0,9 чейин - "жакшы",
0,5тен 0,7 чейин - "канааттандырарлык",
0,5 төмөн - "канааттандырарлык эмес".
|
| Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин. мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн субъективдүү баалоо АНКЕТАСЫ
Коомдун аталышы
___________________________________________________________________
Директорлор кеңешинин баалануучу мүчөсүнүн аты-жөнү
___________________________________________________________________
Баалануучу адамдын кызмат орду:
| ДК төрагасы |
| ДК комитетинин төрагасы |
Баалоочу мезгил __________________ баштап, _______________ чейин
Анкетаны толтурган мезгилде баалоочу упайлар 1ден 5ке чейинки шкала боюнча коюлат:
"5" - эгер сиз келтирилген пикирге толугу менен макул болсоңуз;
"4" - эгер баалануучу адамдын иши келтирилген пикирге толугу менен ылайык келбесе, жана бул адам алардын үстүнөн иштеген айрым кемчиликтер бар болсо;
"3" - эгер көпчүлүк учурларда баалануучу адам келтирилген пикирге ылайык келбесе, жана аларга ылайык келүү үчүн аракет кылбаса;
"2" - эгер баалануучу адамдын иши келтирилген пикирге ылайык келбесе.
"1" - эгер баалануучу адамдын Директорлор кеңешинин курамында болушу коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбесе.
№ | Баалоо критерийлери | Баалоо упайлары |
1 | ДК мүчөсү ДК жана анын комитеттеринин жыйындарында конструктивдүү позицияны ээлейт жана талкуулануучу маселелердин чечимдерин издөөнү көздөйт |
|
2 | ДК мүчөсүнүн жүрүм-туруму сындуу талкуу атмосферасын түзүүгө көмөк көрсөтөт жана жемиштүү талкууну уюштурууга өбөлгө түзөт |
|
3 | ДК мүчөсү жыйындарга жакшы даярданып келет, бул ага күн тартибине киргизилген маселелер боюнча пикирин айтууга жана чечимдерди кабыл алууга баалуу салым кошууга мүмкүндүк берет |
|
4 | ДК мүчөсү ДК жыйындарында талкуу үчүн маселелерди даярдоодо демилге көтөрөт |
|
5 | ДК мүчөсү жакшы коммуникативдик жөндөмдөргө ээ жана өз оппоненттерин ынандырууга жөндөмдүү |
|
6 | ДК мүчөсү ДК башка мүчөлөрүнүн оюн билүү үчүн кайрылат жана алардын пикирлерин угат |
|
7 | ДК мүчөсү менеджмент тарабынан берилген маалыматты жана болжолдорду сын көз караш менен текшерет жана анализ жүргүзөт |
|
8 | ДК мүчөсү компаниянын стратегиясын түзүүгө олуттуу салым кошот |
|
9 | ДК мүчөсү менеджментти баалоо жана сыйлоо маселелерин талкуулоого олуттуу салым кошот |
|
10 | ДК мүчөсү ички көзөмөлдүн жана тобокелдиктерди башкаруу системасынын натыйжасын жогорулатууга олуттуу салым кошот |
|
11 | ДК мүчөсү үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзөт жана менеджментке стратегияны ишке ашырууга байланыштуу маселелер, жана компаниянын ишинин айрым маселелери боюнча жардам көрсөтөт |
|
12 | ДК мүчөсү кесиптештер, корпорациялык катчы, менеджмент менен ачык натыйжалуу мамилелерди колдойт, ишеним жана сын атмосфераны колдойт |
|
13 | ДК мүчөсү акционерлердин укуктарын, анын ичинде миноаритардык укуктарын коргоого катышат |
|
14 | ДК мүчөсү келечеке ой жүгүртө алат, окуяларды болжолдойт жана экономикадагы/тармактагы/компаниядагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматы бар |
|
15 | ДК мүчөсү финансылык маалыматтарды талдоонун керектүү жөндөмдөрүнө ээ |
|
16 | ДК мүчөсү баалуу тажрыйбага, билимге, компетенцияга ээ жана ДК жана ага караштуу комитеттерге жүктөлгөн функцияларды аткарууга олуттуу салым кошот |
|
17 | ДК мүчөсү стратегиялык пландаштыруу чөйрөсүндө керектүү жөндөмдөргө ээ |
|
18 | ДК мүчөсү күн тартибинин маселелери боюнча өзүнүн пикирин түзө алат жана күн тартибинин маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө аны далилдүү коргой алат |
|
19 | ДК мүчөсү иш жүзүндө жогорку этикалык стандарттарды көрсөтөт |
|
20 | ДК мүчөсү кагылышууларды натыйжалуу жөнгө салуу жөндөмдөрүнө ээ |
|
Анкета жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчүн эсептөө эрежелери:
1. Субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчү анкетада Директорлор кеңешинин мүчөсүнө коюлган упайлар боюнча орточо арифметикалык катары эсептелет:
2.Субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчүн (Z) жалпы кабыл алынган шкалага (Директорлор кеңешинин төрагасынан башка(*)) которуу шкаласы:
4,5тен 5,0 чейин - "эң жакшы",
3,5тен 4,5 чейин - "жакшы",
2,5тен 3,5 чейин - "канааттандырарлык",
2,5 төмөн - "канааттандырарлык эмес".
(*) Директорлор кеңешинин төрагасы үчүн ZДК мүчөсү эсептелет, бирок жыйынтык болуп саналбайт. Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчүн эсептөө Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобонун 3-тиркемесине ылайык анкета боюнча жүргүзүлөт.
|
| Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин. мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Директорлор кеңешинин төрагасын субъективдүү баалоо АНКЕТАСЫ
Коомдун аталышы
______________________________________________________________________
Директорлор кеңешинин төрагасынын аты-жөнү
______________________________________________________________________
Баалоочу мезгил ____________________ баштап, ____________________ чейин.
Анкетаны толтуруу учурунда баалоочу упайлар 1ден 5ке чейинки шкала боюнча коюлат:
"5" - эгер Сиз келтирилген пикирге толугу менен макул болсоңуз;
"4" - эгер Сиз келтирилген пикирге жарым-жартылай макул болсоңуз, бирок айрым кемчиликтер бар болсо;
"3" - эгер көпчүлүк учурларда Сиз келтирилген пикирге макул болбосоңуз;
"2" - эгер Сиз келтирилген пикирге макул болбосоңуз;
"1" - эгер Сиз келтирилген пикирге таптакыр макул болбосоңуз жана түзүлгөн кырдаал коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатат деп эсептесеңиз.
№ | Баалоо критерийлери | Баалоочу упай |
1 | Корпоративдик жылга ДК иш планы түзүлөт, ага ылайык жыйындар өткөрүлөт |
|
2 | ДК жыйындарын өткөрүүнүн басымдуу түрү күн тартибинин каралуучу маселелеринин маанисине ылайык келет |
|
3 | ДК төрагасы кайсы маселелердин көбүрөөк маанилүү экендигин натыйжалуу аныктайт жана мындай маселелерди оперативдүү жана ар тараптуу кароону камсыз кылат |
|
4 | ДК катышуучу түрдөгү жыйындары пикирлерди ачык алмашууга, ДК ар бир мүчөсүнүн активдүү катышуусуна жана күн тартибинин маселелерин өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берет |
|
5 | ДК жыйындарын катышуучу түрдө өткөрүү ДК мүчөлөрүнө компаниянын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет |
|
6 | ДК жыйындары маанилүү маселелерди чечүүгө көңүл бурууга жана аларды ишке ашырууга байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет |
|
7 | ДК жыйындарында ар бир маселени талкуулоо үчүн жетиштүү убакыт бөлүнөт |
|
8 | ДК чечимдерин белгилөөнүн жана аларды аткаруу органына иш-аракетке жетекчилик катары маалымдоонун натыйжалуу жол-жобосу бар |
|
9 | Төрага коомдун жана ДК негизги максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга контроль жүргүзөт |
|
10 | ДК төрагасы коомдогу финансылык кырдаалды өз убагында талдоо боюнча чараларды көрөт |
|
11 | ДК төрагасы Директорлор кеңешинин жыйындарынын ортосундагы мезгилде коомдун аткаруу органдары менен активдүү кызматташат |
|
12 | ДК төрагасы акционерлер менен мамилелерди жана байланыштарды натыйжалуу башкарат |
|
Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчүн эсептөө эрежеси:
1. Жогоруда келтирилген анкетада коюлган упайлар боюнча орточо маани эсептелет:
2. Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчү (Zp) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Zp = Z x 0,4 + R х 0,6
Эскертүү: ZДК мүчөсүнүн көрсөткүчү Директорлор кеңешинин төрагасы боюнча 2-тиркемеге ылайык эсептелет.
3. Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтык көрсөткүчүн (Zp) жалпы кабыл алынган шкалага которуу шкаласы 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шкалага окшош.