Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-майы № 281
2015-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласын (коммуналдык чыгымдарсыз) бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү секторунда финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Жалпы билим берүү уюмдарын кийинки жылдарга бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы бекитилгенге чейин ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген стандарттардын шкаласы колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын аныктоо методикасына тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
2015-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо СТАНДАРТТАРЫНЫН ШКАЛАСЫ (коммуналдык чыгымдарсыз)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.
2-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын аныктоо методикасына тиркеме |
Жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарына масштабдын түзөтүү коэффициенттери
Окуучулардын саны | Мектептин масштабынын коэффициентинин өлчөмдөрү |
100ге чейинки адам | 1,9 |
101ден 145ке чейинки адам | 1,7 |
146дан 190го чейинки адам | 1,5 |
191ден 235ке чейинки адам | 1,3 |
236дан 275ке чейинки адам | 1,1 |
276дан 450гө чейинки адам | 1,05 |
451ден 550гө чейинки адам | 1 |
551ден 775ке чейинки адам | 0,95 |
776дан 990го чейинки адам | 0,85 |
991ден 1320га чейинки адам | 0,83 |
1321 адамдан жогору | 0,8 |
".
3-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 токтому менен бекитилген |
Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ТИЗМЕГИ
№ | Райондордун (шаарлардын) аталышы | Айыл аймактарынын аталышы | Мектептердин аталышы |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Кемин | Ак-Түз | Ак-Түз айылынын орто мектеби |
2 | Кемин | Кара-Булак | Кара-Булак айылынын орто мектеби |
3 | Кемин | Кара-Булак | Алтымыш айылынын негизги мектеби |
4 | Кемин | Чоң-Кемин | Тар-Суу айылынын орто мектеби |
5 | Кемин | Чоң-Кемин | Калмак-Ашуу айылынын негизги мектеби |
6 | Кемин | Алмалуу | Алмалуу айылынын орто мектеби |
7 | Кемин | Чым-Коргон | Ак-Тилек айылынын орто мектеби |
8 | Кемин | Кызыл-Октябрь | Ак-Бекет айылынын орто мектеби |
9 | Кемин | Ильич | Ильич айылынын орто мектеби |
10 | Кемин | Кемин шаары | № 2 орто мектеп |
11 | Кемин | Кемин шаары | Нур айылынын орто мектеби |
12 | Кемин | Орловка | Подгорное айылынын орто мектеби |
13 | Жайыл | Кара-Суу | Кара-Суу айылынын орто мектеби |
14 | Жайыл | Полтавка | Малтабар айылынын орто мектеби |
15 | Жайыл | Сары-Коо | Ийри-Суу айылынын негизги мектеби |
16 | Жайыл | Сары-Коо | Эрктүү айылынын орто мектеби |
17 | Жайыл | Сары-Коо | Жон-Арык айылынын орто мектеби |
18 | Жайыл | Талды-Булак | Бекитай айылынын орто мектеби |
19 | Панфилов | Курама | С.Молдокулов атындагы орто мектеп |
20 | Панфилов | Курама | А.Раимкулов атындагы орто мектеп |
21 | Панфилов | Курама | А.Телекеев атындагы орто мектеп |
22 | Панфилов | Күрпүлдөк | Ж.Болотбеков атындагы орто мектеп |
23 | Панфилов | Күрпүлдөк | Ровное айылынын орто мектеби |
24 | Панфилов | Фрунзе | Чолок-Арык айылынын башталгыч мектеби |
25 | Ысык-Ата | Юрьевка | "Ысык-Ата" курортунун негизги мектеби |
26 | Ысык-Ата | Ысык-Ата | О.Жакишев атындагы орто мектеп |
27 | Чүй | Кегети | А.Токоев атындагы орто мектеп |
28 | Чүй | Он-Бир-Жылга | Б.Маленов атындагы башталгыч мектеп |
29 | Чүй | Шамшы | Чоң-Жар айылынын негизги мектеби |
30 | Чүй | Ибраимов | Ж.Саадаев атындагы негизги мектеп |
31 | Москва | Ак-Суу | С.Усубалиев атындагы орто мектеп |
32 | Москва | Ак-Суу | В.И.Ленин атындагы орто мектеп |
33 | Москва | Сретенск | Т.Арыков атындагы орто мектеп |
34 | Москва | Петровка | "Кызыл-Туу" башталгыч мектеби |
35 | Москва | Чапаев | "Кызыл дыйкан" негизги мектеби |
36 | Москва | Чапаев | Спартак айылынын орто мектеби |
37 | Москва | Предтеченск | Ш.Баялиев атындагы орто мектеп |
38 | Москва | Целинный | Кыз-Моло айылынын орто мектеби |
39 | Ак-Суу | Эңилчек | Эңилчек айылынын негизги мектеби |
40 | Ак-Суу | Жыргалаң шахтасы | Т.Асанбаев атындагы орто мектеп |
41 | Жети-Өгүз | Ак-Шыйрак | Негизги мектеп-интернат |
42 | Тоң | Улахол | Сагынтай атындагы орто мектеп |
43 | Түп | Санташ | Каркыра айылынын негизги мектеби |
44 | Кадамжай | Көтөрмө | Кара-Шоро айылынын башталгыч мектеби |
45 | Кадамжай | Кадамжай | Кадамжай райондук лицейи |
46 | Баткен | Кыштут | А.Топчуев атындагы орто мектеп |
47 | Баткен | Ак-Татыр | Ж.Момунов атындагы орто мектеп |
48 | Баткен | Суу-Башы | Айгүл-Таш айылынын башталгыч мектеби |
49 | Лейлек | Ак-Суу | А.Шаматов атындагы орто мектеп |
50 | Лейлек | Катран | Астидобут айылынын башталгыч мектеби |
51 | Лейлек | Маргун | Г.Усенов атындагы башталгыч мектеп |
52 | Лейлек | Сумбула | Дейнөө айылынын негизги мектеби |
53 | Лейлек | Исфана шаары | Ак-Булак айылынын негизги мектеби |
54 | Лейлек | Исфана шаары | "Ысык-Көл" орто мектеби |
55 | Сүлүктү шаары | Сүлүктү шаары. | № 6 А.Кайымкулов атындагы орто мектеп |
56 | Сүлүктү шаары | Сүлүктү шаары | № 8 И.Бектемиров атындагы орто мектеп |
57 | Аксы | Ак-Жол | А.Жуманазаров атындагы башталгыч мектеп |
58 | Аксы | Ак-Жол | Ж.Орозалиев атындагы негизги мектеп |
59 | Аксы | Кара-Суу | К.Кулназаров атындагы орто мектеп |
60 | Аксы | Жерге-Тал | Алтынай айылынын орто мектеби |
61 | Аксы | Кербен шаары | К.Өмүралиев атындагы негизги мектеп |
62 | Аксы | Кербен шаары | Мамай атындагы негизги мектеп |
63 | Аксы | Үч-Коргон | Н.Рыскулов атындагы негизги мектеп |
64 | Базар-Коргон | Акман | Б.Абдрахманова атындагы башталгыч мектеп |
65 | Базар-Коргон | Сайдыкум | Дукур айылынын башталгыч мектеби |
66 | Ноокен | Достук | № 41 А.Осмонов атындагы негизги мектеп |
67 | Ноокен | Сакалды | Бобуй айылынын башталгыч мектеби |
68 | Сузак | Кыз-Көл | О.Сейдакматов атындагы орто мектеп |
69 | Сузак | Кызыл-Туу | Акчалуу айылынын башталгыч мектеби |
70 | Сузак | Сузак | А.Сабитов атындагы негизги мектеп |
71 | Сузак | Багыш | Багыш айылынын негизги мектеби |
72 | Сузак | Барпы | О.Садырбаев атындагы башталгыч мектеп |
73 | Тогуз-Торо | Каргалык | М.Жаңыбаев атындагы орто мектеп |
77 | Тогуз-Торо | Тогуз-Торо | Ы.Кадыркулов атындагы орто мектеп |
75 | Тогуз-Торо | Тогуз-Торо | Аскалуу айылынын башталгыч мектеби |
76 | Токтогул | Үч-Терек | Ы.Дүйшеев атындагы башталгыч мектеп |
77 | Токтогул | Чолпон-Ата | Ж.Тоялиев атындагы башталгыч мектеп |
78 | Чаткал | Чаткал | Б.Шерматов атындагы башталгыч мектеп |
79 | Чаткал | Каныш-Кыя | Чакмак-Суу айылынын негизги мектеби |
80 | Чаткал | Каныш-Кыя | А.Айымбетов атындагы негизги мектеп |
81 | Чаткал | Каныш-Кыя | Башкы-Терек айылынын орто мектеби |
82 | Чаткал | Каныш-Кыя | К.Акназаров атындагы орто мектеп |
83 | Чаткал | Каныш-Кыя | Кайың-Суу айылынын орто мектеби |
84 | Чаткал | Каныш-Кыя | А.Баймырзаев атындагы орто мектеп |
85 | Чаткал | Чаткал | К.Усупбеков атындагы орто мектеп |
86 | Чаткал | Чаткал | С.Мырзалиев атындагы орто мектеп |
87 | Кара-Көл шаары | Кара-Көл шаары | № 7 Б.Мамытов атындагы башталгыч мектеп |
88 | Кара-Көл шаары | Кара-Көл шаары | Б.Кыдыралиев атындагы № 8 башталгыч мектеп |
89 | Ала-Бука | Көк-Таш | У.Азимов атындагы башталгыч мектеп |
90 | Ала-Бука | Көк-Серек | У.Тойчубеков атындагы башталгыч мектеп |
91 | Ала-Бука | Биринчи май | Э.Бакиев атындагы башталгыч мектеп |
92 | Ала-Бука | Көк-Серек | Т.Мизираимов атындагы башталгыч мектеп |
93 | Жумгал | Жумгал | Лама айылынын орто мектеби |
94 | Жумгал | Түгөл-Сай | А.Садырбаев атындагы орто мектеп |
95 | Жумгал | Көк-Ой | Б.Кожоналиев атындагы орто мектеп |
96 | Жумгал | Кабак | Кызыл-Октябрь айылынын негизги мектеби |
97 | Кочкор | Ак-Кыя | Т.Темирова атындагы орто мектеп |
98 | Кочкор | Кара-Суу | А.Абдыкеримов атындагы орто мектеп |
99 | Кочкор | Семиз-Бел | Арсы айылынын орто мектеби |
100 | Кочкор | Сары-Булак | У.Бейшеев атындагы орто мектеп |
101 | Кочкор | Сары-Булак | Сары-Булак айылынын Шамен атындагы негизги мектеби |
102 | Кочкор | Чолпон | Ак-Чий айылынын негизги мектеби |
103 | Нарын | Орток | А.Алсеитов атындагы орто мектеп |
104 | Нарын | Орток | М.Кенжакунов атындагы орто мектеп |
105 | Нарын | Дөбөлү | Алыш айылынын орто мектеби |
106 | Нарын | Дөбөлү | К.Абиров атындагы орто мектеп |
107 | Нарын | Чет-Нура | К.Күчүков атындагы башталгыч мектеп |
108 | Нарын | Чет-Нура | Төш-Булак айылынын башталгыч мектеби |
109 | Нарын | Ак-Кудук | С.Мамбетов атындагы орто мектеп |
110 | Нарын | Достук | Достук айылынын орто мектеби |
111 | Ак-Талаа | Баетов | Б.Мүсүралиев атындагы орто мектеп |
112 | Ак-Талаа | Ак-Чий | М.Балбаков атындагы орто мектеп |
113 | Ак-Талаа | Ак-Чий | С.Жусупбаев атындагы орто мектеп |
114 | Ак-Талаа | Жерге-Тал | И.Молдобаев атындагы орто мектеп |
115 | Ак-Талаа | Үгүт | Т.Оторов атындагы орто мектеп |
116 | Алай | Талды-Суу | № 44 Арча-Булак айылынын негизги мектеби |
117 | Алай | Алай | № 14 Ленин атындагы орто мектеби |
118 | Алай | Алай | № 49 Таргалак айылынын башталгыч мектеби |
119 | Алай | Алай | № 51 М.Абдыразаков атындагы башталгыч мектеби |
120 | Алай | Будалык | № 32 Кум-Шоро айылынын орто мектеби |
121 | Алай | Будалык | № 48 Будалык айылынын башталгыч мектеби |
122 | Алай | Бүлөлү | № 36 Б.Нарматов атындагы орто мектеби |
123 | Алай | Бүлөлү | № 37 А.Арзиев атындагы орто мектеби |
124 | Алай | Бүлөлү | № 38 Ж.Исаев атындагы орто мектеби |
125 | Алай | Кабылан-Көл | № 52 Күңгөй айылынын башталгыч мектеби |
126 | Алай | Ленин | № 47 Төө-Ашкан айылынын башталгыч мектеби |
127 | Алай | Жошолу | № 22 С.Торошев атындагы орто мектеби |
128 | Кара-Кулжа | Кара-Кулжа | К.Ормокеев атындагы орто мектеп |
129 | Кара-Кулжа | Кеңеш | Т.Сыдыков атындагы орто мектеп |
130 | Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Ж.Айтбаев атындагы негизги мектеп |
131 | Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Т.Назаров атындагы башталгыч мектеп |
132 | Кара-Кулжа | Ылай-Талаа | Ж.Ибраимов атындагы негизги мектеп |
133 | Кара-Кулжа | Сары-Булак | И.Орозалиев атындагы орто мектеп |
134 | Кара-Кулжа | Сары-Булак | Ж.Калматаев атындагы башталгыч мектеп |
135 | Кара-Кулжа | Капчыгай | Ничке-Суу айылынын негизги мектеби |
136 | Кара-Кулжа | Капчыгай | Ы.Жорокулов атындагы орто мектеп |
137 | Кара-Кулжа | Алайкуу | Бөрүтокой айылынын башталгыч мектеби |
138 | Кара-Суу | Ак-Таш | А.Сулайманов атындагы орто мектеп |
139 | Кара-Суу | Папан | № 135 Бөдөнө айылынын башталгыч мектеби |
140 | Кара-Суу | Сарай | Миялы айылынын негизги мектеби |
141 | Ноокат | Кеңеш | Ак-Терек айылынын башталгыч мектеби |
142 | Ноокат | Зулпуев | Кара-Кой айылынын башталгыч мектеби |
143 | Ноокат | Мирмахмудов | Капчыгай айылынын башталгыч мектеби |
144 | Ноокат | Найман | Улуу-Тоо айылынын негизги мектеби |
145 | Ноокат | Исанов | Кичикалай айылынын башталгыч мектеби |
146 | Ноокат | Кыргыз-Ата | Чоң-Кыштоо айылынын башталгыч мектеби |
147 | Ноокат | Көк-Жар | Дедек-Бүбү айылынын негизги мектеби |
148 | Өзгөн | Ийри-Суу | Октябрь Туусу айылынын башталгыч мектеби |
149 | Өзгөн | Ийри-Суу | № 2 Ийри-Суу айылынын башталгыч мектеби |
150 | Өзгөн | Кызыл-Октябрь | А.Жунусов атындагы негизги мектеп |
151 | Өзгөн | Куршаб | Ш.Эгемжаров атындагы орто мектеп |
152 | Өзгөн | Куршаб | Кайнар айылынын башталгыч мектеби |
153 | Чоң-Алай | Чоң-Алай | Кулчу айылынын негизги мектеби |
154 | Чоң-Алай | Кашка-Суу | Жайылма айылынын орто мектеби |
155 | Чоң-Алай | Жекенди | Ак-Суу айылынын орто мектеби |
156 | Талас | Осмонкулов | Ак-Коргон айылынын орто мектеби |
157 | Талас | Бекмолдо | Хан-Бүргө айылынын орто мектеби |
158 | Бакай-Ата | Акназаров | Т.Мүзүралиев атындагы негизги мектеп |
159 | Бакай-Ата | Акназаров | Үрмарал айылынын орто мектеби |
160 | Бакай-Ата | Бакай-Ата | Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектеп |
161 | Бакай-Ата | Бакай-Ата | Б.Жунусов атындагы орто мектеп |
162 | Манас | Үч-Коргон | Б.Миршакиров атындагы башталгыч мектеп |
".