Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-майы № 300
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 242 жана 258-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үрөн материалдарынын тизмеси, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын түрлөрүнүн тизмеси, ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Минералдык жер семирткичтердин тизмеси, ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын тизмеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын ТИЗМЕСИ(*)
ЕАЭС ТЭИ ТН | Товарлардын аталышы |
3706 ичинен | Дүлөйлөр үчүн сурдо-котормолуу (жаңсоо тилмечтүү) жана субтитрлүү кинофильмдер <1> |
4901 99 000 0 ичинен 4911 99 000 0 ичинен | Рельефтик-чекиттүү Брайль шрифти; ошондой эле бекитилген шрифт менен чыгарылуучу адабият (көрүүсү начар адамдар үчүн) <1> |
6602 00 000 0 ичинен | Майыптар үчүн ичке таяк, балдак жана чыканак такооч <1> |
7324 10 000 9 ичинен | Майыптарды тейлөө үчүн жылдырылма жуунгучтар <1> |
8428 10 200 0 ичинен 8428 10 800 0 ичинен 8428 90 900 0 | Майыптарды тейлөө үчүн көтөргүчтөр <1> |
8471 80 000 0 ичинен | 8530 10 000 0 товардык позициядан азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үндүк коштоо түзүлүшүнө радиоадаптер <1> |
8504 40 550 9 ичинен | Уктуруучу аппараттардын аккумуляторлорун заряддоо үчүн түзүлүш <1> |
8517 11 000 0 ичинен 8517 69 900 0 ичинен | Кулагы катуу жана дүлөйлөр үчүн телефондук аппараттар (күчөткүчтүү, "жүгүрмө сабы бар аппараттар", "телеавтографтар" телефондук күчөткүч насадкалар ж.б.) <1> |
8518 50 000 0 ичинен | Электрдик үн күчөткүч комплекттер, дүлөйлөрдү жана начар угуучуларды окутуу үчүн, жекече жана коллективдүү пайдаланылуучу үнкүчөтүүчү аппаратура, дүлөйлөр жана начар угуучулар үчүн үн-сөздүү тренажерлор <1> |
8519 81 150 0 ичинен 8519 81 210 0 ичинен 8519 81 250 0 ичинен 8519 81 350 0 ичинен 8519 81 450 0 ичинен 8519 81 550 ичинен 8519 81 610 ичинен 8519 81 650 ичинен 5819 81 750 ичинен 8519 81 810 ичинен 8519 81 850 ичинен 8519 81 950 9 ичинен | Азиздер үчүн "сүйлөөчү китептерден" жазуу жана көбөйтүү үчүн техникалык каражаттар <1> |
8523 ичинен 8523 29 390 ичинен 8523 49 310 0 ичинен 8523 49 390 0 ичинен | Кассетага, катушкага же компакт-дискке жазылган "сүйлөөчү китеп" <1>; |
8523 49 510 0 ичинен 8523 49 590 0 ичинен 8523 49 990 0 ичинен | Дүлөйлөр үчүн сурдо-котормолуу (жаңсоо тилмечтүү) жана субтитрлүү кинофильмдер" <1>; |
8529 90 ичинен | Дүлөйлөр үчүн жабык субтитрлүү телеберүүлөрдү кабылдоо үчүн "телетекст" декодерлери <1> |
8530 10 000 0 ичинен | Азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үндүк коштоочу түзүлүштөр <1> |
8531 ичинен | Үн сигналдарынын жарык жана дирилдек сигнализаторлору <1> |
8543 70 900 0 ичинен | Үн угузуучу аппараттарды тиричиликтик аппаратурага жана окуу жабдууларына, ж.б. кошуу үчүн адаптерлер <1> |
8712 00 300 0 ичинен 8712 00 800 0 ичинен 8713 ичинен 8713 10 000 0 ичинен 8713 90 000 0 ичинен | Майыптар үчүн мотоколяскалар, майыптар үчүн кресло-коляскалар сейилдөөчү (жол) жана бөлмөлүк вело- жана кресло-коляскалар <1> |
8714 20 000 0 ичинен | Майыптардын коляскаларынын бөлүктөрү жана тетиктери |
8716 80 000 0 ичинен | Интернат үйлөрдө жана үйдө жашаган майыптарды жана кары-картаңдарды тейлөө үчүн ар түрдүү арналыштагы арабалар (шейшеп, тамак-аш таратуу, идиш жыйноо ж.б. үчүн), майыптардын жумуш орундарын жабдуу үчүн атайын шаймандар <1> |
9001 40 410 0 ичинен 9001 40 490 0 ичинен 9001 40 800 0 ичинен 9001 50 410 0 ичинен 9001 50 490 0 ичинен 9001 50 800 0 ичинен | Көзү начарлар үчүн линзалар <1> |
9004 90 100 0 ичинен 9004 90 900 ичинен | Начар көрүүчүлөрдүн көзүн оңдоо үчүн атайын телескоптук жана микроскоптук көз айнектер жана аларды тандоо каражаттары <1> |
9018 39 000 0 ичинен | Логопедиялык зонддор <1> |
9019 20 000 0 ичинен | "Галокамера", "Галокабинет", "Аэрофитокабинет" дарылоо-алдын алуу комплекстери, аэрофитоустановкалар жана гало генераторлор (ингаляториялар жана ар кандай түрдөгү жана типтеги ингаляторлор), дем алдыруучу дирилдеткичтер, өпкө тренажерлору <1> |
9019 10 100 0 ичинен 9019 10 900 1 ичинен 9019 10 900 9 ичинен | Майыптарды реабилитациялоо үчүн пайдаланылуучу тренажерлор, тредмилдер жана велоэргометрлер <1> |
9021 10 100 0 | Ортопедиялык шаймандар |
4008 11 000 0 | Жөнөкөй резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн атайын ортопедиялык бут кийим) <1> |
4008 21 900 0 | Майда тешиги жок резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн атайын ортопедиялык бут кийим) <1> |
6115 99 000 0 | Мултук бутка перлон байпак |
6002 40 000 0 | Протездерди даярдоо үчүн трикотаж жең кап <1> |
3919 10 120 0 | Протездөө үчүн поливинилхлоридден жасалган жабышкак тасма <1> |
3005 90 990 0 | Протездөө үчүн чоюлчаак гипс таңгычы |
7019 51 000 0 | Протездөө үчүн айнек-нейлондон трикотаж жең кап <1> |
3920 99 520 0 | Протездөө үчүн поливинилспирттен жасалган кабыкча <1> |
5906 10 000 0 | Протездөө үчүн зыгырдан жасалган жабышкак тасма <1> |
3906 10 000 0 | Протездөө үчүн ортокрил чайыры <1> |
3921 13 900 0 | Протездөө үчүн педилин <1> |
5602 10 900 0 | Протездөө үчүн фильцдакрон <1> |
6815 10 100 0 | Протездөө үчүн корбонбулалуу материал <1> |
3214 10 100 9 | Протездөө үчүн ортокрил шпатлевка <1> |
3506 99 000 0 | Майыптарды протездөөдө синтетика материалдары үчүн желим <1> |
3814 00 900 0 | Майыптарды протездөө үчүн ортокрил чайырын суюлткуч <1> |
3304 99 000 0 | Майыптарды протездөөдө пайдалануу үчүн тальк <1> |
3304 99 000 0 | Майыптарды протездөө үчүн гипсоизарирлөөчү крем <1> |
9609 10 900 0 | Майыптарды протездөө үчүн көчүрмө жасагыч карандаштар <1> |
3005 90 990 0 | Майыптарды протездөө үчүн чоюлчаак гипс таңгычы <1> |
8203 10 000 0 | Майыптарды протездөө үчүн аспаg <1> |
6804 22 900 0 | Майыптарды протездөө үчүн жылмалагыч гильза <1> |
9021 31 000 0 | Башка жасалма дене бөлүкnөрү, жасалма муундар |
9021 39 100 0 | Көз протездери |
9021 39 900 0 | Жасалма дене бөлүктөрү, башкалар |
9021 40 000 0 | Бөлүктөрүнөн жана тетиктеринен башка угуучу үн аппараттары |
9021 90 100 0 | Үн аппараттарына кулак койгучтар, үн аппараттарынын бөлүктөрү жана тетиктери (үн аппараттарын чыгаруу үчүн) |
9021 90 900 0 | Жүрөк клапандарынын протездеринин бөлүктөрү |
9102 ичинен | Брайль кол же чөнтөк сааттар, "сүйлөөчү кол сааттар" <1> |
9105 11 000 0 ичинен 9105 19 000 0 ичинен | Брайль ойготкучтары же "сүйлөөчү ойготкучтар" <1> |
9402 90 000 0 ичинен | Жатып калган оорулууларды ташуу үчүн бардык түрдөгү араба-каталкалар, функционалдык керебеттер <1> |
9404 21 100 0 ичинен 9404 21 900 0 ичинен 9404 29 100 0 ичинен 9404 29 900 0 ичинен | Теринин бышып кетишинен сактоочу төшөктөр <1> |
9503 ичинен 9504 90 800 9 ичинен | Сокурлар үчүн оюнчуктар жана оюндар <1> |
2526 20 000 0 ичинен | "Отто Бокк" талькы <1> |
2916 32 ичинен | Катыргыч-күл майда <1> |
2929 10 ичинен | Педилен үчүн катыргыч <1> |
3005 90 310 0 ичинен | Чоюлчаак гипс таңгычы <1> |
3208 20 100 0 ичинен | Ортокрил чайыры <1> |
3208 90 990 0 ичинен | Лак НЦ-598 (нитроцеллюлозалык) <1> |
3214 10 900 0 ичинен | Ортокрил май шыбага <1> |
3214 10 900 0 ичинен | Тез байлоочу май шыбак "Акеми" <1> |
3506 10 000 0 ичинен | "Отто Бокк" контакттуу желими <1> |
3919 10 800 0 ичинен | Жабышкак тасма <1> |
3920 10 890 0 ичинен | Полиэтилен баракчалары <1> |
3920 99 590 0 ичинен | Полиэтилен баракчалары <1> |
3920 99 900 0 ичинен | ОД мультиколору (каптоочу декор) <1> |
3921 12 000 0 ичинен | Көпшөк поливинихлоридден алынган тилкелер <1> |
3921 13 100 0 ичинен | Пластазот <1> |
3921 13 900 0 ичинен | Ортопедиялык бут кийим үчүн "Медиорт" тактачалары <1> |
3921 19 000 0 ичинен | Педилин <1> |
5602 10 380 0 ичинен | Фильц дакрон <1> |
6002 90 000 0 ичинен | Чоюлчаак токума энтилкелер <1> |
6003 30 900 0 ичинен | Перлон токума жеңкабы <1> |
6114 20 000 0 ичинен | Мултук бутка кебез каптооч <1> |
6114 90 000 0 ичинен | Мултук бутка жарымы жүндөн жасалган каптооч <1> |
6805 10 000 0 ичинен | Жылмалагыч гильза <1> |
7019 90 910 0 ичинен 7019 90 990 0 ичинен | Айнек нейлон токума жеңкабы <1> |
7318 15 900 9 ичинен | Болот буралгы <1> |
7318 19 000 9 ичинен | Датка чыдамдуу болоттон пластина <1> |
7318 29 000 9 ичинен | Эки көзөнөктүү пластина <1> |
7415 29 000 0 ичинен | Жез кадоо <1> |
7318 14 990 0 ичинен | Бандаж үчүн розетка <1> |
7326 90 930 9 ичинен | Металл планшетчелер <1> |
8308 90 000 0 ичинен | Болот тогоолор <1> |
8203 ичинен | Протездөө үчүн аспаптар <1> |
6406 20 900 0 ичинен | Полимер материалдан таман <1> |
8443 32 100 9 ичинен | Брайль шрифти үчүн принтер <1> |
4802 ичинен | Брайль боюнча басып чыгаруу үчүн кагаз <1> |
8469009100 ичинен 8469009900 ичинен | Брайль басып чыгаруу электр машинкасы <1> Брайль басып чыгуу машинкасы, башкалар <1> |
Эскертүү:
(*) - Ушул товарларга карата Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча товарлардын кодунан тышкары, ошондой эле товарлардын аталыштарына да таянуу керек. ТЭИ ТН коду көрсөтүлбөгөн ушул тиркемедеги келтирилген товарларды классификациялоо бажылык тариздөөдө ишке ашырылат.
(<1>) - Ушул товарларга КНС төлөөдөн бошотуу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органына товар майыптар үчүн атайын товарларга таандыктыганын тастыктамасын бергенден кийин жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бул товарларды алуучу болуп эсептелет.".
2-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Үрөн материалдарынын ТИЗМЕСИ
ЕАЭС ТЭИ ТН | Позициялардын аталышы |
0701 10 000 0 | Үрөндүк картошка |
0713 10 100 0 | Себүү үчүн буурчак |
0713 33 100 0 | Себүү үчүн төө буурчак |
1001 91 100 0 | Себүү үчүн буудай-спельта |
1001 91 200 0 | Жумшак буудай жана үрөндүк меслин |
1002 10 000 0 | Кара буудай |
1003 10 000 0 | Үрөндүк арпа |
| Үрөндүк жүгөрү: |
1005 10 110 0 | Кош гибриддер жана топкросс гибриддер |
1005 10 130 0 | Үч ирет гибриддер |
1005 10 150 0 | Жөнөкөй гибриддер |
1005 10 190 0 | Башка гибриддер |
1005 10 900 0 | Башка жүгөрү уруктары |
1006 10 100 0 | Себүү үчүн күрүч |
1007 10 100 0 | Себүү үчүн сорго-гибриддер |
1008 10 000 1 | Уруктук гречиха |
1008 21 000 0 | Уруктук просо |
1201 10 000 0 | Себүү үчүн соя буурчагы |
1206 00 100 0 | Себүү үчүн күн караманын уруктары |
1207 21 000 0 | Себүү үчүн пахта уруктары |
1209 10 000 0 | Кант кызылчасынын уруктары |
1209 21 000 0 | Беде уруктары |
1209 22 100 0 | Чабылды беде уруктары (Trifolium pretense L.) |
1209 22 800 0 | Башка чабылды беде уруктары |
".
3-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
ЕАЭС ТЭИ ТН | Позициялардын аталыштары |
0101 21 000 0 | Жылкылар |
0102 21 100 0 | Кунажын (биринчи музоологонго чейин ири мүйүздүү малдын ургаачысы) |
0102 21 300 0 | Уйлар |
0102 21 900 0 | Үйдө багылуучу башка ири мүйүздүү мал |
0103 10 000 0 | Чочколор |
0104 10 100 0 | Койлор |
0104 20 100 0 | Эчкилер |
| Тирүү бакма канаттуулар, башкача айтканда бакма тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, индюк жана цесарка |
0105 11 110 0 | Салмагы 185 г жогору эмес асыл тукум алынуучу жумуртка берүүчүлөр линиясындагы жөжөлөр |
0105 11 190 0 | Салмагы 185 г жогору эмес асыл тукум алынуучу башка жөжөлөр |
".
4-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Минералдык жер семирткичтердин ТИЗМЕСИ
ЕАЭС ТЭИ ТН | Позициялардын аталыштары |
3101 00 000 0 | Жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган жер семирткичтер, аралаш же аралашпаган, химиялык жол менен иштетилген же иштетилбеген; өсүмдүк же жаныбарлардан алынган продуктуларды химиялык жол менен иштетүү же аралаштыруу жолу менен алынган жер семирткичтер |
3102 10 100 0 | Мочевина, кургак суусуз продуктуга өткөндө кайра эсептөөдө 45% сал. көбүрөөк азот камтыган |
3102 10 9000 | Мочевина, анын ичинде суу эритмесинде: |
3102 21 000 0 | Сульфат аммония |
3102 29 000 0 | Кош туздар жана аммоний сульфат аралашмасы жана аммоний нитраты |
3102 30 100 0 | Аммоний нитраты, анын ичинде суу эритмесинде: |
3102 30 900 0 | Башка аммоний нитраты |
3102 40 100 0 | 28% сал. көп эмес азоттун камтылышы менен жер семирткич болуп эсептелинбеген аммоний нитратынын кальций карбонаты же кээ бир органикалык эмес заттар менен аралашмасы: |
3102 40 900 0 | 28% сал. көп азоттун камтылышы менен жер семирткич болуп эсептелинбеген аммоний нитратынын кальций карбонаты же кээ бир органикалык эмес заттар менен аралашмасы: |
3102 50 100 0 | Табигый натрий нитраты |
3102 50 900 0 | Башка натрий нитраты |
3102 60 000 0 | Кальций нитраты жана аммоний нитратынын кош туздары жана аралашмалары |
3102 80 000 0 | Мочевина жана аммоний нитратынын суу же аммиак эритмесиндеги аралашмалар |
3102 90 000 0 | Башкалары, мурунку субпозицияларда аталбаган, аралашмаларды кошкондо |
3103 10 100 0 | 35% сал. Көбүрөөк дифосфорпентаоксид камтылган суперфосфаттар |
3103 10 900 0 | Башка суперфосфаттар |
3103 90 000 0 | Минералдык же химиялык, фосфор жер семирткичтери: |
3104 20 100 0 | Кургак суусуз продуктуда К20го кайра эсептөөдө калийдин камтылышы 40% сал. Жогору эмес калий хлориди |
3104 20 500 0 | Кургак суусуз продуктуда К20го кайра эсептөөдө калийдин камтылышы сал. 40%дан жогору, бирок 62% сал. Жогору эмес калий хлориди |
3104 20 900 0 | Кургак суусуз продуктуда К20го кайра эсептөөдө калийдин камтылышы 62% сал. жогору калий хлориди |
3104 30 000 0 | Калийдин сульфаты |
3104 90 000 9 | Минералдык же химиялык, калий жер семирткичтери, башкалар |
3105 10 000 0 | Берилген топтогу таблетка же окшош формада же таңгактагы, брутто-салмагы (идиши менен) 10 кг ашпаган товарлар: |
3105 20 000 0 | Үч азыктандыруучу элементтерди камтыган минералдык же химиялык жер семирткичтер: азот, фосфор жана калий; |
3105 30 000 0 | Диаммоний водород фосфаты (диамоний фосфаты) |
3105 40 000 0 | Аммоний диводород фосфаты (моноаммоний фосфаты) жана анын аммоний водород фосфаты менен аралашмасы (диамоний фосфаты менен) |
3105 51 000 0 | Эки азыктандыруучу элементтер: азот жана фосфор камтылган кээ бир минералдык же химиялык жер семирткичтер: нитрат жана фосфаттар камтылган |
3105 59 000 0 | Башка эки азыктандыруучу элементтер: азот жана фосфор камтылган кээ бир минералдык же химиялык жер семирткичтер |
3105 60 000 0 | Эки азыктандыруучу элементтер: фосфор жана калий камтыган минералдык же химиялык жер семирткичтер |
3105 90 100 0 | Кургак, суусуз продуктуга өткөндө, кайра эсептөөдө 16,3% сал. көп эмес азоттун камтылышы менен (калий нитратынын үлүшү 44% болушу мүмкүн) натрий нитратынын жана калий нитратынын табигый аралашмаларынан турган, табигый калий-натрий нитраты |
3105 90 910 0 | Башка жер семирткичтер: Кургак, суусуз продуктуга өткөндө кайра эсептөөдө 10% сал. көбүрөөк азоттун камтылышы |
3105 90 990 0 | Башка жер семирткичтер |
".
5-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын ТИЗМЕСИ
ЕАЭС ТЭИ ТН | Позициялардын аталыштары |
3808 50 000 1 | Колдонулуучу зат катары 4,6-динитро-о-крезол (ДНОК ISO) гана же анын туздарын камтыган, ушул топтогу 1-субпозициянын эскертүүсүндө эскертилген башка товарлар, трибутилолова бирикмеси же көрсөтүлгөн заттардын аралашмасы |
3808 50 000 9 | Ушул топтогу 1-субпозициянын эскертүүсүндө эскертилген башка товарлар |
3808 91 | Башкалар: инсектициддер |
3808 91 100 0 | Инсектициддер: пиретроиддердин негизинде |
3808 91 200 0 | Инсектициддер: хлордолгон углеводороддордун негизинде |
3808 91 300 0 | Инсектициддер: карбаматтардын негизинде |
3808 91 400 0 | Инсектициддер: фосфор органикалык бирикмелердин негизинде |
3808 91 900 0 | Башка инсектициддер: |
3808 92 100 0 | Жез бирикмелеринин негизинде органикалык эмес фунгициддер |
3808 92 200 0 | Башка органикалык эмес фунгициддер |
3808 92 300 0 | Дитиокарбаматтардын негизинде башка фунгициддер |
3808 92 400 0 | Бензимидазолдордун негизинде башка фунгициддер |
3808 92 500 0 | Диазолдор же триазолдордун негизинде башка фунгициддер |
3808 92 600 0 | Диазиндер же морфолиндердин негизинде башка фунгициддер |
3808 92 900 0 | Башка фунгициддерден башкалары |
3808 93 | Гербициддер, эгиндин чыгышына каршы каражаттар жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн регуляторлору |
3808 93 110 0 | Гербициддер, феноксифитогормондордун негизинде |
3808 93 130 0 | Гербициддер, приазиндердин негизинде |
3808 93 150 0 | Гербициддер, амиддердин негизинде |
3808 93 170 0 | Гербициддер, карбаматтардын негизинде |
3808 93 210 0 | Гербициддер, динитроомилин туундуларынын негизинде |
3808 93 230 0 | Гербициддер, карбамид, урацил же сульфонилкорбамид туундуларынын негизинде |
3808 93 270 0 | Гербициддер, башкалары |
3808 93 300 0 | Эгиндин чыгышына каршы каражаттар |
3808 93 900 0 | Өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн регуляторлору |
3808 94 100 0 | Төртүнчү аммоний туздарынын негизинде дезинфекциялоочу каражаттар |
3808 94 200 0 | Галогенделген бирикмелердин негизинде дезинфекциялоочу каражаттар |
3808 94 900 0 | Дезинфекциялоочу башка каражаттар |
3808 99 100 0 | Родентициддер |
3808 99 900 0 | Чекене сатуу үчүн формаларда же таңгактарда таңгакталган же даяр препарат же буюм түрүндө берилген дезинфекциялоого окшош башка каражаттар |
".