Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 244
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине жана "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 420 "Автотранспорт каражаттарын башкарууга экзамен кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана айдоочуларды автотранспорт каражаттарын башкарууга уруксат тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Экзамендерди кабыл алуу, граждандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана транспорт каражаттарын башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту "(мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын катышуусу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Транспорт каражаттарынын тиешелүү категориядагы айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү ишине лицензия алган, ошондой эле билим берүү кызматынын сапатын тастыктоочу аккредитациядан өткөн окутуучу уюмдар тарабынан бирдей окуу пландарына жана программаларына ылайык ишке ашырылат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн алууну каалаган адамдар экзамен берүүгө медициналык кароодон өткөндөн жана окутуучу уюм берген Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курсту бүтүргөндүгү жөнүндө бирдей үлгүдөгү күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин киргизилет.
Медициналык кароодон өтүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу экзамен тапшыргандан кийин төмөнкүчө берилет:
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) ("А1" категориясы), - он алты жашка чыккан адамдарга;
- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб.см жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВт ашкан мотоциклдерди ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- мотордоштурулган трициклдерди жана квадроциклдерди ("В1" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
- уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди ("А" категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) ("В" категориясы) - он жети жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кг ашкан, бирок 7500 кг ашпаган автомобилдерди ("С1" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- "D" категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кг ашкан автомобилдерди ("С" категориясы) - он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди ("D1" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары, он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди ("D" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан "В" категориясындагы автомобилдерди ("ВЕ" категориясы) - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган "С1" категориясындагы автомобилдерди ("С1Е" категориясы) - төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, "С" категориясындагы автомобилдерди ("СЕ" категориясы) - үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кг ашпаган "D1" категориясындагы автомобилдерди ("D1Е" категориясы) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга;
- чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кг ашкан "D" категориясындагы автомобилдерди ("DЕ" категориясы) - төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн - беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка чыккан адамдарга.
Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет.
Автомобиль-трактор адистиги боюнча жогорку жана атайын орто окуу жайларын бүтүргөн адамдарга "А1", "А" же "В1", "В", ошондой эле дипломдун нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, семестрлик жана экзамендик ведомосттордун көчүрмөлөрүн, дипломдун тиркемесин көрсөткөн жана ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө тийиштүү категориялар боюнча теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырганда бир эле учурда "А1", "А", "В1" жана "В" категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугу жөнүндө белгиси бар айдоочунун күбөлүгү берилет.";
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктта:
биринчи абзацындагы "трамвайды же" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамен тапшырууда талапкер транспорт каражатын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жана жолдо жүрүү эрежелерин билээрин көрсөтүшү зарыл. Айдоонун практикалык көндүмдөрүн ырастоо автомобиль транспортуна орнотулган видеорегистраторлор же видео жазуучу башка түзүлүштөр менен тастыкталат.";
- 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын профсоюздар Федерациясынын Кеңешинин аял эмгеги үчүн белгилеген нормадан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аялдар үчүн белгиленүүчү эмгек ченемдеринен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Транспорт каражаттарынын айдоочуларына аларды башкарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте милдеттүү мезгилдүү медициналык кароодон өткөндөн кийин уруксат берилет.
Айдоочунун ден соолугунун абалы шек туудурган учурда ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамдары, автотранспорт ишканаларынын жетекчилери аны белгиленген мөөнөттөн мурда медициналык кароого жиберишет.
Медициналык корутундуда айдоочунун ден соолугу транспорт каражатын коопсуз башкарууга тоскоол болгондой начарлаганы тастыкталса анын айдоочулук күбөлүгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан алынат жана транспорт каражатын башкаруу укугунун жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим чыгарылат.";
- 17-пункттун үчүнчү абзацы "айдоочуларды даярдаган окуу уюмдарынын" деген сөздөрдөн кийин "ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айдоочунун күбөлүгү алуучу паспортун көрсөткөндө айдоочулук күбөлүктөрдү берүү китебине өзүнүн колун койдуруу менен берилет. Айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү - 10 жыл.";
- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. "А1", "А", "В1", "В", "С1", "С", "ВЕ", "С1Е", "СЕ" айдоочулук күбөлүктөрү жарактуулук мөөнөтү бүткөнүнө же жараксыз болуп калганына байланыштуу теориялык жана практикалык экзамендерди тапшырбастан, жаран арызын жана айдоочу тиешелүү категориядагы транспорт каражатын башкарууга жарактуулугу жөнүндө медициналык маалымкатты (мындан ары - медициналык маалымкат), айдоочулук карточкасын бергенде алмаштырылат.
Уруксат берилген "D1", "D", "D1Е", "DЕ" категорияларынын, троллейбустун айдоочусунун күбөлүктөрү жарактуулук мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтерди тапшырып, теориялык жана практикалык экзаменден өткөндөн кийин алмаштырылат.
Уруксат берилген "D1", "D", "D1Е", "DЕ", категорияларынын, троллейбустун айдоочусунун жараксыз абалга келген күбөлүктөрү теориялык жана практикалык экзаменди тапшырбастан алмаштырылат.
Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда жана транспорт каражатын башкарууга укук алууда:
- "В" - айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендерди тапшыруу менен "А1", "А", "В1", "ВЕ" категорияларын ыйгарууга жол берилет;
- "С" - айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендерди тапшыруу менен "А1", "А", "В1", "В", "ВЕ", "С1" категорияларын ыйгарууга жол берилет;
- "D" - айдоо көндүмдөрү боюнча практикалык экзамендерди тапшыруу менен "А1", "А", "В1", "В", "ВЕ", "С1", "С", "D1" категорияларын ыйгарууга жол берилет.
"СЕ", "DЕ" категориясы бар учурда тиешесине жараша "С1Е", "D1Е" категориялары экзамен тапшырбастан берилет.";
- 30 жана 31-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Айдоочунун күбөлүгү жоголгон учурда дубликат арыздын, айдоочулук күбөлүктүн, медициналык маалымкаттын негизинде, теориялык жана практикалык экзамен тапшырбастан берилет.";
- 33-пункттун биринчи абзацынын үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
- 37-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 56-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айдоочулук күбөлүктөрдүн маалымат базасына өзгөртүүлөр айдоочулук күбөлүктү алганда, жоготкондо, алмаштырганда, ажыратканда киргизилет."
Көрсөтүлгөн материалдар тиешелүү мамлекеттик органда, анын бөлүмдөрүндө, бөтөн адамдар кире албоочу жерлерде сакталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги транспорт каражатын башкаруу укугун алуу үчүн айдоочуларды медициналык кароону белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча аялдар үчүн эмгек ченемдерин караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоонун жана кайра даярдоонун окуу планын жана программасын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |