Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №194
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 330 токтомдун редакциясына ылайык)
"Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" жана 2009-жылдын 13-октябрындагы №270 "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 28-глава төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"28-глава
Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын
өндүрүлүшү жана жүгүртүлүшү боюнча иштерди
лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Лицензиялануучу иштин түрүнүн аталышы:
- этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;
- алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу).
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 330 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. Лицензиянын бланкында көрсөтүү үчүн зарыл болгон кошумча реквизиттер:
- лицензиардын юридикалык дареги жана байланыш телефондору;
- лицензиялануучу иш жүргүзүлүүчү дарек;
- эгерде иштин лицензиялануучу түрү бир нече аймактык өзгөчөлөнгөн объекттерде ишке ашырылса, анда ар бир объект боюнча маалыматтар лицензиянын бланкына киргизилет (алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүн кошпогондо);
- эгерде алкоголдук продукциялардын сатылышы ижарага алынган жайда ишке ашырылса, лицензиянын бланкында ижара берүүчү жөнүндө маалымат киргизилет (юридикалык жактын толук аталышы же жарандын аты-жөнү; юридикалык жактын (жарандын) жайгашкан жери (жашаган жери).
4. Лицензиянын колдонула турган аймагы: Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы.
5. Лицензияны колдонуу мөөнөтү: лицензия эки жылга берилет жана ажыратылбайт.
6. Кошумча лицензиялык талаптар:
- лицензиаттын этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүү жана жүгүртүү шарттарына жана "Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6, 7 жана 13-беренелеринде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши;
- этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү, мамлекеттин бюджетине каралган салыктык төлөмдөрдүн түшүшү боюнча экономикалык божомолдун көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылышы;
- этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн декларациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана "1-Алко" статистикалык отчет формасы боюнча аныкталат;
- менчигинде же чарбалык жүргүзүү укугунда же болбосо ижарада 1 жылдан кем эмес мөөнөткө төмөнкүдөй соода объекттердин болушу: турак эмес жайлар, дүкөндөр, күркөлөр, кампалар, коомдук тамактануу түйүндөрү же стационардык ишканалар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Алкоголдук продукцияларды чекене соода эрежелеринин сакталышы;
- тастыктоо органдары тарабынан берилген продукциянын шайкештик сертификатынын болушу.
7. Квалификациялык экзамендерди (аттестацияларды): берүү тартибинин өзгөчөлүктөрү: өткөрүлбөйт.
8. Экспертиза жүргүзүүнүн, объектилерди кароо, жабдууларды тестирлөөнүн өзгөчөлүктөрү ж.б.:
- лицензия берүүчү тарабынан этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берүү боюнча лицензиялык комиссия түзүлөт. Лицензиялык комиссия жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Заседаниеде мүчөлөрдүн кеминде үчтөн экиси катышса комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
9. Лицензия берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү: үч эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүнөн ашык эмес.
10. Лицензия берүү үчүн акы төлөөнүн тартиби: ушул Жобонун 9-главасына ылайык.
11. Лицензия берүү үчүн кошумча документтер:
а) этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө:
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталашын жана уюштуруучулук-укуктук формасын, жайгашкан ордун, иштин лицензиялануучу түрлөрү менен алектенген анын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн жайгашкан ордун, банктын аталышын жана банктагы алыш-бериш эсебин, уюм жүргүзүүгө ниеттенип жаткан лицензиялануучу иштин түрүн, продукциянын түрүн, лицензия суралып жаткан мөөнөт көрсөтүлгөн маалымат;
- юридикалык жактардын уюмдаштыруучу документтеринин көчүрмөсү (эгерде документтердин көчүрмөсү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөсө түп нускасы көрсөтүлөт);
- этил спиртин жана алкоголдук продукцияларын өндүрүүнүн химиялык жана технологиялык контролдоо лабораториясынын техникалык компетенттүүлүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү же мындай лаборатория менен аталган контролду жүргүзүү келишиминин көчүрмөсү (эгерде документтердин көчүрмөсү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөсө түп нускасы көрсөтүлөт);
- ишкананын жана технологиялык жабдууларда жүргүзүлгөн текшерүүлөр жөнүндө лицензия берүүчүнүн корутундусу;
- сертификаттоо органдары тарабынан белгиленген тартипте берилген продукциянын ылайык келиши сертификатынын көчүрмөсү;
- этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын болжолдонгон жылдык көлөмү айларга бөлгөндө (этил спирти үчүн кеминде 300,0 миң дал, арак жана ликер арак ичимдиктери үчүн кеминде 100,0 миң дал) ошондой эле өндүрүштүн көлөмүнө акциздик салыктын контролдук суммалары;
- этил спиртин өндүрүү үчүн (коньяк спиртинен башка) менчик укугундагы имараттардын, курулуштардын, кампа жана стационардык өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын болушун ырастаган документтердин көчүрмөсү, эгерде документтердин көчүрмөсү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөсө түп нускасы көрсөтүлөт, ал эми алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөр үчүн - менчик укугунда жабдуулардын болушун ырастаган документтердин көчүрмөсү;
б) алкоголдук продукцияларды дүң сатууга:
- юридикалык жактын уюмдаштыруучу документинин көчүрмөсү (эгерде документтердин көчүрмөсү нотариус тарабынан күбөлөндүрбөсө түп нускасы көрсөтүлөт);
- соода объектисине укугун белгилеген документтин көчүрмөсү, эгерде имарат ижарада болсо, анда ижара келишими кошумча көрсөтүлөт (эгерде документтердин көчүрмөсү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөсө түп нускасы көрсөтүлөт);
в) алкоголдук продукцияларды чекене сатууга:
- соода объектисине укугун белгилеген документтин көчүрмөсү, эгерде имарат ижарада болсо, анда ижара келишими кошумча көрсөтүлөт (эгерде документтердин көчүрмөсү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөсө түп нускасы көрсөтүлөт).
12. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн кошумча негиздер:
- берилген документтерден так эмес же бурмаланган маалыматтардын чыгышы;
- лицензия алуучунун "Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6, 7 жана 13-беренелеринде каралган талаптарга жооп бербеши;
- аталган соода объектисинде иштин лицензиялануучу түрүн ишке ашырууга лицензияны чакырып алуу жөнүндө лицензия берүүчү органдын чечими болсо жана эгерде кайрылган учурда лицензияны чакырып алуу тындырылбаса. Чакырып алуу лицензия берүүчү тарабынан лицензияны чакырып алуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан баштап 1 жылда кийин тындырылды деп эсептелет.
13. Лицензиянын колдонулушун токтотуунун кошумча негиздери жана тартиби:
- лицензияны кайрадан тариздөө жөнүндө арызды белгиленген мөөнөттө берилбеши;
- азык сырьесунан өндүрүлгөн этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн жана негизги өндүрүш таштандыларынан сырткары азыктык эмес продукциянын ошол эле жабдуусунда өндүрүү жана сактоо үчүн багышталган негизги технологиялык жабдууларды пайдалануу;
- бир жылдын ичинде этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияларда туура эмес маалыматтардын кайтадан берилиши же бир жылдын ичинде кайтадан лицензия берүүчү органдарга аталган декларациялардын өз убагында берилбеши;
- "Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6, 7 жана 8-беренелеринин талаптарынын бузулушу;
- акциздик маркаларды башка уюмдарга берүү;
- техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү;
- аларды пайдаланылышынын мыйзамдуу эместиги жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин катталган товардык белгилерди ошондой эле патент менен корголгон ойлоп табууларды жана өндүрүш үлгүлөрүн пайдалануу;
- лицензиясы жок алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген уюмдарга этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды жеткирүү;
- маркировкасы жок же жасалма маркалары менен алкоголдук продукцияларды сатуу;
- лицензия берүүчү органга уюмдун лицензиялык талаптарга ылайыктыгына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербөө;
- лицензия берүү орган тарабынан коюлган пломбасы (мөөрү) жок же бузулган негизги технологиялык жабдууларды пайдалануу.
14. Лицензияны чакырып алуу үчүн кошумча негиздер:
- бир жылды ичинде жасалган тартип бузуулар үчүн лицензияны колдонууну кайрадан токтотуу.
15. Лицензиянын колдонулушун администрациялык тартипте токтотууга, чакырып алууга же токтотууга арыздануунун тартиби: жогору турган администрациялык органга жана/же сотко кайрылуу жолу аркылуу.".
2. "Алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасына алып келүүгө квота берүүнүн жана импорттук квотаны аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 227 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуладагы "Этил спиртин жана алкоголдук жана спирт камтылган продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13" деген сөздөр "Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекцияга анын суроо-талабы боюнча отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы режиминде эркин жүгүртүлө турган алкоголдук продукцияны ТН ТЭИ боюнча кодун жана көлөмүн көрсөтүү менен тышкы соода иштеринин катышуучуларынын тизмесин берсин.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасына алып келүүгө квота берүүнүн жана импорттук квотаны аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:
1.1-пункттагы "Этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтуучу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13" деген сөздөр "Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1.3. Аталган Жобо, катталуу баракчаларын алуунун тартиби жөнүндө жобону кошпогондо, ДСУга мүчө өлкөлөрдөн чыккан алкоголдук продукцияларга колдонулбайт.";
2.1., 3.13-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Бажы комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бардык текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спиртти жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3.2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спиртти жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4.6-пункттагы "алкоголдук продукциянын импортуна квота алган" деген сөздөр алынып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап бир айдан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |