Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 10-мартындагы № 117 токтомуна ылайык
КYЧYН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 334
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп аныкталсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору", 1994-ж., № 7, 220-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышындагы "граждандардын" деген сөз "адамдардын" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 3-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Убактылуу өзгөчө кырдаалдар комитетинин (УӨК), Башкы саясий башкармалыктын (МСБ), Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК), Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин органдарынын (МКМ), прокуратуранын жана алардын коллегияларынын, "экилик", "үчүлүк" комиссияларынын жана соттук функцияларды жүзөгө ашырган башка органдардын чечими боюнча мыйзамсыз кылмыш куугунтугуна алынгандар;".
4. 6-статьяда:
1) 2-бөлүктөгү "улуттук коопсуздук органдары менен бирге" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 7-берененин 3-бөлүгүндөгү "кадимки" деген сөз алып салынсын.
6. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья.
Ушул Мыйзамга ылайык акталган граждандардын администрациялык көчүрүп чыгарылуу фактыларын аныктоо, эмгек, пенсия жана башка укуктарын калыбына келтирүү менен байланышкан маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте акталган граждандардын укуктарын жана гарантияларын кароо боюнча комиссиялар түзүлөт. Аталган комиссиялар ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын алдында да түзүлөт.
Документтик маалыматтар жок болгон учурда куугунтуктоо колдонулгандыгы боюнча факты сот тартибинде белгилениши мүмкүн.".
7. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья.
Акталган адамдардын бардык граждандык укуктары, анын ичинде өз каалоосу боюнча бардык калктуу конуштарда жана жерлерде (куугунтукка алынганга чейин алар туруктуу жашаган) жашоо укугу калыбына келтирилет. Бул укук алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жайылтылат.
Мамлекеттик сыйлыктардан, окумуштуулук даражалардан, аскердик, атайын жана ардак наамдардан, пенсиялардан, автордук жана башка укуктардан ажыратуу жөнүндө куугунтуктоолорду колдонуу менен байланышкан чечимдер жараксыз деп таанылат.
Куугунтукка алынган авторлордун чыгармачыл мурастарын коргоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимине ылайык толук акталгандан кийин эмгектери биринчи басылып чыккан күндөн баштап эсептелет.
Акталган адамдар жана алардын мураскорлору иштердеги сакталып калган кол жазмаларды, сүрөттөрдү жана башка жеке документтерди алууга, ошондой эле акталгандыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарына акысыз жарыялоого укуктуу.
Акталган адам каза болгон учурда арыз ээлеринин өтүнүчү боюнча куугунтукка алууга байланыштуу иштерди архивдик сактоону жүзөгө ашырышкан органдар аларга акталган адам каза болгон убактысын, анын себебин жана көмүлгөн жерин билдирүүгө милдеттүү.".
8. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья.
Акталган адамдар үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн он эселенген өлчөмүндө бир жолку акчалай компенсация белгиленет.
СССРдин мурдагы союздук республикалары болгон мамлекеттердин мыйзамдары боюнча компенсация алууга укуктуу акталган граждандарга компенсация алуучу жерди тандоо укугу берилет.
Компенсацияларды төлөө тартиби өзүнчө мамлекеттер аралык макулдашуулар менен аныкталат.
Акталган граждандардын укуктарын жана гарантияларын кароо боюнча комиссияда каттоодон өткөн акталган адам каза болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
9. 11-статья:
1) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын граждандары болуп саналган, турак-жай абалын жакшыртууга муктаж акталган адамдарга турак-жайды биринчи кезекте алуу укугу берилет.";
2) 2-бөлүктөгү "ата-энесине жана" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти