Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (мындан ары - паспорт) тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) жекелештирүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Нускамада төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
кагаз түрүндөгү анкета-арыз - жалпы бөлүгүндө жекече идентификациялык жана биографиялык маалыматтарды, кол тамганын үлгүсүн, арыз ээсинин сүрөтүн, мөөр жана кызмат адамдарынын колу менен күбөлөндүрүлгөн берилген документтер жөнүндө маалыматтарды камтыган кагаз түрүндөгү документ;
электрондук түрдөгү анкета-арыз - жалпы бөлүгүндө жекече идентификациялык жана биографиялык маалыматтарды, кол тамганын үлгүсүн, арыз ээсинин сүрөтүн, паспорт жана жалпы жарандык паспорт алууга арыз ээсинин сканерленген документтеринин сүрөттөлүшүн, электрондук документти жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтарды, ал эми өзгөчө бөлүгүндө - электрондук санариптик кол тамганы камтыган электрондук документ;
даярдоочу-ишкана - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун жекелештирүүнү жана даярдоону, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун жекелештирүүнү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы;
электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) - ЭСКнын жабык ачкычын колдонуу менен баштапкы маалыматты кайра түзүүнүн жыйынтыгында алынган символдордун ырааттуулугу, ал ЭСКнын ачык ачкычынын колдонуучусуна бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрбөстүгүн, ошондой эле ЭСКнын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет.
3. Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоо, паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүү, берилген паспорттор жөнүндө маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
4. Паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо жана жекелештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун берүү ыйгарым укуктуу органдын паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүм) тарабынан жүргүзүлөт.
Паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн электрондук түрдө анкета-арыздарды кабыл алуу жана берүү маалыматташтыруу, жекече мүнөздөгү маалымат, ошондой эле электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык байланыш каналдары боюнча жүргүзүлөт.
5. Паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды, даярдалган паспортторду жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду, ошондой эле толтурулбаган, бузулган, жараксыз анкета-арыздарды жана жок кылынуучу паспортторду Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жеткирүү атайын байланыш каналдары боюнча жүргүзүлөт, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Аталган документтерди жеткирүү чапталган түрдө жүргүзүлөт, чаптоону ыйгарым укуктуу органдын кызматкери жүргүзөт.
6. Жаран паспортун же жалпы жарандык паспортун жоготуп алган учурда жоголгон паспорттун же жалпы жарандык паспорттун ордуна паспорт берүү жөнүндө арыз менен тийиштүү аймактык бөлүмгө кайрылат.
7. Табылган паспорт же жалпы жарандык паспорт таап алган адам тарабынан тийиштүү аймактык бөлүмгө же ыйгарым укуктуу органдын даректик-маалымдоо бөлүмүнө тапшырылат.
Эгерде жоголгон паспорттун же жалпы жарандык паспорттун ээси жоголгондун ордуна белгиленген тартипте жаңы паспорт же жалпы жарандык паспорт албаса, анда аталган бөлүмдөр аталган адам жеке өзү кайрылганда табылган паспортту анын ээсине берет.
8. Суралбаган, жараксыз паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор, алмаштырылууга тийиш паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор, колдонуу мөөнөтү бүтүп калган жана колдонуу үчүн жараксыз (химиялык, механикалык бузуулар) паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат. Ыйгарым укуктуу орган жок кылынган паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду белгиленген тартипте эсепке алат.
9. Паспортту же жалпы жарандык паспортту тариздөө, берүү жарандын жашаган жери боюнча же жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу турган жери боюнча аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
Жарандын турган жери боюнча же акы төлөө негизинде шашылыш тартипте паспорт же жалпы жарандык паспорт таризделген, берилген учурда, кабыл алынган документтердин бир нускасы тийиштүү аймактык бөлүмдө сакталат, ал эми экинчи нускасы жарандын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жиберилет.
10. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууга документтерди сактоо мөөнөтү 3 жылды, ал эми № 1 форма боюнча арыз үчүн - 75 жылды түзөт.
2. Паспортту жана жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги
11. Паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- № 1 форма боюнча арыз;
- паспорт алууга (алмаштырууга) кагаз түрүндөгү/электрондук түрдөгү анкета-арыз (мындан ары - анкета-арыз);
- 4 х 6 см өлчөмүндө, беттин так сүрөттөлүшү менен, ак фондо, жылмакай кагазда, түстүү 2 (эки) сүрөт/анкета-арызды тариздөө үчүн санариптик сүрөт;
- анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- паспортту даярдоо үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- мамлекеттик алым төлөгөндүгү тууралуу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган жарандардан сырткары);
- паспортту шашылыш тариздөө жана даярдоо, шашылыш жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция (акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте паспортун тариздеп жаткан жарандар үчүн анкета-арыздын бланкына жана паспортту даярдоо үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанциялар талап кылынбайт);
- паспорттун бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жекече идентификациялык номер (мындан ары - ЖИН);
- шашылыш тартипте, ошондой эле турган жери боюнча документтерди берүүдө ыйгарым укуктуу органдын даректик-маалымдоо бөлүмү тарабынан берилген даректик маалымкат.
Жогоруда аталган документтерге төмөнкү учурларда документтер берилет:
16 жашка чыккан жаран кайрылганда:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) же ата-энесинин бирөөсүнүн (экинчиси жок болсо) паспорттору же Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу маалымкат;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
паспортту биринчи жолу алып жаткан жаран кайрылганда:
- Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда, өз убагында документтештирилбегенде жана эркинен ажыратуу жерлеринен бошотулганда Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу маалымкат же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк;
Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга же аны калыбына келтирүүгө байланыштуу паспорт алып жаткан жаран кайрылганда:
- чет өлкөлүк паспорт;
- арыз ээсин Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же калыбына келтирүү жөнүндө маалымкат;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк;
аскер кызматчылары жана аскер кызматчысынын статусуна теңдештирилген адамдар кайрылган учурда:
- аскер кызматчысынын инсандыгын ырастама же аны алмаштыруучу документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк;
үй-бүлөлүк абалынын, улутунун өзгөргөнүнө, фамилиясынын, атынын, атасынын атынын алмашканына, жашаган жеринин өзгөргөнүнө же паспортто так эмес жазуулар аныкталганына байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- алмаштырылууга тийиш паспорту;
- никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (үй-бүлөлүк абалы жана фамилиясы өзгөргөн учурда);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда);
колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө, колдонууга жараксыз болуп калгандыгына (химиялык, механикалык бузуулар) байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- алмаштырылууга тийиш паспорту;
- аймактык бөлүмдүн корутундусу - жарандын инсандыгын жана паспорттун маалым даректерин аныктоо мүмкүн болбогондо;
паспортун жоготкондугуна байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (үй-бүлөлүк абалы боюнча);
- ыйгарым укуктуу органдын даректик-маалымдоо бөлүмү тарабынан берилген даректик маалымкат;
- тийиштүү ички иштер органы тарабынан түзүлгөн административдик жоопкерчилик жөнүндө протоколдун көчүрмөсү;
- айып пул төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын көчүрмөсү.
Жогоруда аталган документтердин негизинде паспорттун жоголгондугу жөнүндө көктөмө түзүлөт.
Жоголгондугу боюнча көктөмө түзүү жана жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
12. Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- № 1 форма боюнча арыз;
- кагаз түрүндөгү/электрондук түрдөгү анкета-арыз;
- 4 х 6 см өлчөмүндө, беттин так сүрөттөлүшү менен, ак фондо, жылмакай кагазда, түстүү 2 (эки) сүрөт/анкета-арызды тариздөө үчүн санариптик сүрөт;
- анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспортту жекелештирүү боюнча кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- мамлекеттик алым төлөгөндүгү тууралуу квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган жарандардан сырткары);
- жалпы жарандык паспортту шашылыш тариздөө жана жекелештирүү, шашылыш жеткирүү жана берүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция (акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте жалпы жарандык паспортту тариздеп жаткан жарандар үчүн анкета-арыздын бланкына жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанциялар талап кылынбайт);
- ЖИН;
- шашылыш тартипте, ошондой эле турган жери боюнча документтерди берүүдө ыйгарым укуктуу органдын даректик-маалымдоо бөлүмү тарабынан берилген даректик маалымкат.
Жогоруда аталган документтерге төмөнкү учурларда документтер берилет:
16 жашка чыккан жаран кайрылганда:
- паспорт;
жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жаткан жаран кайрылганда:
- паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;
паспорттун визалык беттеринин бүтүшүнө, колдонуу мөөнөтүнүн аякташына, жекече маалыматтардын өзгөрүшүнө жана бузулушуна байланыштуу жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорт;
- паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (бар болсо);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын өзгөрткөн учурда);
- жарандын инсандыгын жана колдонуу үчүн жараксыздыгына (химиялык жана механикалык бузуулар) байланыштуу алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорттун маалым даректерин аныктоо мүмкүн болбогондо аймактык бөлүмдүн корутундусу;
жоголгондугуна байланыштуу жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;
- ички иштер органынын кызмат адамы тарабынан түзүлгөн административдик жоопкерчилик жөнүндө протоколдун көчүрмөсү;
- айып төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын көчүрмөсү;
- ыйгарым укуктуу органдын даректик-маалымдоо бөлүмү тарабынан берилген даректик маалым кат;
- социалдык коргоо күбөлүгү.
Жогоруда аталган документтердин негизинде жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө көктөмө түзүлөт:
16 жашка чыга элек жаран кайрылганда:
- жарандын ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз (арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби баяндалат);
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болуп, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө же баланын ата-энесинин бири менен жашаган жерин аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдык күчүнө кирген чечими болгондо) же асырап алуучулардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, уюмдардын өкүлдөрүнүн жана көзөмөлдүгүндө 16 жашка чыга элек адам болгон адамдардын паспорттору;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (экинчиси жок болуп, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө же баланын ата-энесинин бири менен жашаган жерин аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдык күчүнө кирген чечими болгондо) же асырап алуучулардын, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, уюмдардын өкүлдөрүнүн жана көзөмөлдүгүндө 16 жашка жете элек адам болгон адамдардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчү. Мыйзамдуу өкүлдөрдүн өтүнүчү жок болсо, Кыргыз Республикасынан өз алдынча чыгып кетүү зарыл болгон учурда 16 жаш куракка жете элек жарандар үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
экинчи жалпы жарандык паспорт алып жаткан жаран кайрылганда:
- паспорт, же Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;
- жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын эски жалпы жарандык паспортунун керектөө мөөнөтү бүткөнүндө кайтарып берүү милдеттенмеси.
3. Документтерди кабыл алуу, паспортту тариздөө, берүү, даярдоо, жалпы жарандык паспортту жекелештирүү тартиби
13. Анкета-арызды толтуруу үчүн берилген өздүк документтерди кабыл алууда, алмаштырылууга тийиш болгон паспорттон же жалпы жарандык паспорттон жана төлөгөндүгү тууралуу квитанциялардан сырткары, түп нускалары жаранга кайтарып берилет. Ошону менен бирге аталган документтердин түп нускаларынан аймактык бөлүмдө сактоо үчүн көчүрмөлөр алынат.
14. Анкета-арыз жарандын жеке өзү же анын мыйзамдуу өкүлү же ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан арыз ээси берген документтердин негизинде бир нускада басма тамгалар менен мамлекеттик же расмий тилде толтурулат.
15. Берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
16. Анкета-арызга киргизилген маалыматтар менен жаран берген документтердин шайкештигин текшерүү үчүн аймактык бөлүмдүн анкета-арызды кабыл алган жана тариздеген кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
17. Анкета-арызда аны толтурган күн көрсөтүлөт жана жарандын жеке колу коюлат. Жарандын колу алкактагы белгиленген чектен тышкары чыкпашы керек. Жарандын колу кара түстөгү сый же паста менен/графикалык киргизүүнүн электрондук түзүлүшү аркылуу коюлат.
18. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адам паспорт же жалпы жарандык паспорт алууда (алмаштырууда) жана 16 жашка чыга элек жаран жалпы жарандык паспорт алууда (алмаштырууда) анкета-арызга анын мыйзамдуу өкүлү кол коёт.
19. Анкета-арызды толтуруунун тартиби:
- "Аймактык бөлүнүш" 1-пункту аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан толтурулат, анда аймактык бөлүмдүн санариптик коду көрсөтүлөт;
- 2-пунктта жарандын паспортту же жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жаткандыгы, алмаштырып жаткандыгы же экинчи жалпы жарандык паспортту алып жаткандыгы көрсөтүлөт;
- "Паспорттун түрү" 3-пунктунда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун түрү көрсөтүлөт: "паспорт" же "жалпы жарандык паспорт";
- "Мөөнөттүүлүгү" 4-пунктунда паспортту алууга (алмаштырууга) анкета-арызды кабыл алган күндөн тартып мөөнөттүүлүк даражасы көрсөтүлөт.
"Шашылыш", "өзгөчө шашылыш" жана "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражалары ушул Нускаманын 4-главасында аныкталган;
- "Жүйөлөрү" 5-пунктунда паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу (алмаштыруу) себептери көрсөтүлөт. Жүйөлөр төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
арыз боюнча - паспортту же жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алууда же жалпы жарандык паспортто визалык беттердин бүтүшүнө байланыштуу;
жараксыз болуу - эгерде алмаштырылуучу паспорт же жалпы жарандык паспорт химиялык, механикалык бузуулардын айынан колдонууга жараксыз болсо;
жоготуу - жоголгондугуна же уурдалгандыгына байланыштуу;
жашаган жеринин өзгөрүшү (паспортту тариздөөдө);
паспорттун же жалпы жарандык паспорттун колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
жекече маалыматтардын өзгөрүшү (фамилиясынын, атынын, атасынын атынын, үй-бүлөлүк абалынын, улутунун - паспорт үчүн, фамилиясынын жана атынын - жалпы жарандык паспорт үчүн);
паспорттогу же жалпы жарандык паспорттогу жазуулардын так эместиги;
- "Жекече маалыматтар" 6-пунктунда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же алмаштырылууга тийиш болгон паспорттун негизинде арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жынысы, ошондой эле ЖИН көрсөтүлөт.
Жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) анкета-арызды толтурууда жаран жүйөлөнгөн арыз боюнча "Фамилиясы" жана "Аты" деген графаларда фамилиясын жана атын англис алфавитинин тамгалары менен жазууга укуктуу, алар кыргыз жана орус тилдеринин улуттук белгилеринин транслитерация эрежелеринен айырмаланат;
- "Мурдагы жекече маалыматтар" 7-пункту фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүктүн же никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүктүн негизинде паспортту же жалпы жарандык паспортту алмаштырууда толтурулат;
- "Туулган жери" 8-пунктунда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү же паспорттогу жазууларга ылайык өлкөнүн, облустун, райондун, шаардын (айылдын) анкета-арызды толтуруу учурунда колдонулуп жаткан аталыштары көрсөтүлөт.
Мисалы:
"Өлкө - Кыргыз Республикасы;
Облус - Жалал-Абад;
Район - Сузак;
Шаар (айыл) - Сузак.";
- "Туулган күнү" 9-пунктунда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун негизинде туулган күнү, айы жана жылы көрсөтүлөт.
Эгерде жарандын паспортунда туулган жылы эле көрсөтүлсө, анда туулган күнү жана айы "01" деген цифралар менен жазылат.
- "Жашаган жери" 10-пунктунда өлкөнүн, облустун, райондун, шаардын (айылдын), көчөнүн (кичи райондун) анкета-арызды толтуруу учурунда колдонулган аталыштары, ошондой эле арыз ээсинин үйүнүн, корпусунун, батиринин жана байланыш телефонунун номерлери жазылат. Бул пункт жарандын жашаган жери боюнча каттоосуна ылайык толтурулат.
Мисалы:
"Өлкө - Кыргыз Республикасы;
Облус - Жалал-Абад;
Район - Сузак;
Шаар (айыл) - Сузак;
Көчө (к/р) - Исанов;
Үй - 25;
Корпус - А;
Квартира - 2;
Телефон - 2-15-20.".
- "Ишмердүүлүгү" 11-пункту жарандын демилгеси боюнча толтурулат. Пунктта анкета-арыз толтурулган күнгө карата маалыматтар берилет (иштеген жери жана кызмат орду же "ЖОЖдун студенти", "мектеп окуучусу", "пенсионер", "үй кызматчысы" ж.б.). Студенттер окуган жайын, окуучулар мектебинин номерин көрсөтөт;
- "Аскердик кызматка тиешеси" 12-пункту жарандын демилгеси боюнча толтурулат. Маалыматтар аскердик каттоо күбөлүгүнө, офицердин инсандыгын ырастамага, аскердик билетке же аны алмаштыра турган башка документке ылайык толтурулат;
- "Үй-бүлөлүк абалы" 13-пункту никени каттоо (бузуу) тууралуу күбөлүктүн же жубайынын биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн же паспорттун негизинде толтурулат;
- "Билими" 14-пункту билими тууралуу документтердин негизинде жарандын демилгеси боюнча толтурулат;
- "Улуту" 15-пунктунда арыз ээсинин улуту көрсөтүлөт;
- "Паспортто көрсөтүү" деген позициясында жаран улутун көрсөтүүнү же көрсөтпөөнү өзү чечет;
- "Жарандыгы 2" 16-пунктунда Кыргыз Республикасынын жарандыгы көрсөтүлөт;
- "Жакын туугандары" 17-пункту жарандын демилгеси боюнча толтурулат. Ата-энесинин, жубайынын, балдарынын биринин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, айы, күнү жана ЖИН (эгерде болсо) көрсөтүлөт;
- "Кызмат адамдары" 18-пунктунда паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) документтерди кабыл алган аймактык бөлүмдүн кызматкеринин, аймактык бөлүмдүн начальнигинин фамилиясы жана аты-жөнү жазылат жана алардын колу коюлат. Кагаз түрүндөгү анкета-арызда мөөр басуу үчүн орунга аймактык бөлүмдүн белгиленген үлгүдөгү мөөрү коюлат. Мөөрдүн изи даана болуп, аймактык бөлүмдүн санариптик коду эркин окулгандай болушу керек. Электрондук түрдөгү анкета-арыз ЭСК аркылуу аймактык бөлүмдүн начальниги тарабынан күбөлөндүрүлөт;
- 19-пункт толтурулбайт.
Анкета-арыздын 19 жана 20-пункттарынын ортосунда паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга айырма квитанция (мындан ары - квитанция) жайгаштырылган. Квитанцияда жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, арыз берген күнү, паспортту же жалпы жарандык паспортту алган күнү көрсөтүлөт жана жарандын же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн кол колу коюлат. Квитанцияга ошондой эле кагаз түрүндөгү анкета-арызды кабыл алган аймактык бөлүмдүн кызматкеринин фамилиясы жана аты-жөнү жазылып, колу коюлат. Айырма квитанция паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу үчүн негиз катары жаранга берилет.
Анкета-арызды электрондук түрдө тариздөөдө жаранга анкета-арызды толтурган аймактык бөлүмдүн кызматкеринин колу, аты-жөнү жана фамилиясы коюлган квитанция берилет. Квитанцияда фамилиясы, аты, атасынын аты, жарандын жашаган жери, арызды берген күнү, паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу күнү жана жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу көрсөтүлөт;
- "Берилген документтердин тизмеси" 20-пунктунда ушул Нускаманын 8 жана 9-пункттарында саналган документтердин сериясы, номери, берилген күнү жана аларды берген орган көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алгандыгына же кайра калыбына келтиргендигине байланыштуу паспорт алып жаткан жаран үчүн 20-пунктта Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгынын номери жана күнү көрсөтүлөт. Биринчи жолу паспортту өз убагында албаган жарандар үчүн, 20-пунктта ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн тиешелүү корутундусунун номери жана күнү көрсөтүлөт;
- "Арызда жазылган маалыматтарды ырастайм" 21-пунктунда жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат;
- "Арызды киргизүү жөнүндө белги" 22-пунктунда кагаз түрүндөгү анкета-арызды тариздөөдө паспорт алууга (алмаштырууга) анкета-арыз берген жарандын маалыматтарын Мамлекеттик жекелештирилген документтердин реестрине киргизүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн кызматкеринин колу коюлат. Электрондук түрдөгү анкета-арызга ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн кызматкеринин ЭСК колу коюлат;
- "Өзгөчө белгилер" 23-пункту жарандын маалыматтарын Мамлекеттик жекелештирилген документтердин реестрине киргизүүдө толтурулат.
20. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздын жогорку оң бурчуна жарандын түстүү сүрөтү чапталат. Электрондук түрдөгү анкета арызда санариптик сүрөт жогорку сол бурчуна жайгаштырылат.
Эгерде арыз берүүчүдө кандайдыр бир табигый же башка өзгөчө белгилери (тырык, тубаса мең ж.б.) болуп, ал сүрөттө чагылдырылган учурда жаран арызда бул жөнүндө өз колу менен эркин формада көрсөтүшү керек. Электрондук түрдөгү анкета-арызды тариздөөдө аймактык бөлүмдүн кызматчысы аталган анкета-арыздын тиешелүү жерине белги коёт.
21. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын жана 16 жашка чыга элек жарандын анкета-арызы ошол жарандын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан толтурулат.
22. Анкета-арыз ушул Нускаманын 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн бардык зарыл документтерди бергенден кийин гана кароого кабыл алынат.
23. Документтерди кабыл алган аймактык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сүрөт менен арыз ээсинин сырткы келбетин салыштырып текшерүүгө;
- берилген документтерде оңдоолордун жана жасалма белгилеринин жоктугун текшерүүгө;
- анкета-арызда жазылган маалыматтарды жаран берген документтер менен салыштырып текшерүүгө;
- анкета-арыздын туура толтурулганын текшерүүгө;
- анкета-арызды берилген документтерге ылайык арыз ээсинин катышуусунда жана анын макулдугу менен толтурууга;
- жалпы жарандык паспортту алууга анкета-арызды толтурууда фамилиянын жана атынын транслитерация эрежелери менен арыз ээсин тааныштырууга;
- кагаз түрүндөгү анкета-арыз үчүн анкета-арыздын 1 жана 18-пункттарын толтурууга, колун жана аймактык бөлүмдүн мөөрүн коюуга. Электрондук түрдө анкета-арызга жооптуу кызматкердин ЭСК коюлат;
- кагаз түрүндөгү анкета-арыздын айырма квитанциясында арызды кабыл алуу күнүн жана паспортту же жалпы жарандык паспортту алган күрүн көрсөтүүгө, аны өзүнүн жеке колу жана аймактык бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүүгө, квитанцияны жаранга берүүгө;
- кагаз түрүндөгү анкета-арызды анкета-арыздарды каттоо журналына каттоого. Электрондук түрдөгү анкета-арыз автоматтык түрдө катталат;
- № 1 форма боюнча арызды жарандын толтурушун камсыздоого же өзү толтурууга. Паспортту же жалпы жарандык паспортту бергенден кийин № 1 форма боюнча арыз аймактык бөлүмдө сакталат.
24. Аймактык бөлүм тарабынан кароого кабыл алынган кагаз түрүндөгү анкета-арыз толтурулган күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде ушул Нускаманын 12 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн квитанциялар жана паспорттун типтери боюнча өз-өзүнчө тапшырык реестринин эки нускасы (3-нускасы аймактык бөлүмдө калат) менен бирге паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жиберилет.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан кароого кабыл алынган жана толтурулган электрондук түрдөгү анкета-арыз, ушул Нускаманын 12 жана 13-пункттарында аталган сканерленген документтердин бекитилген түстүү сүрөттөрү менен байланыш каналдары боюнча даярдоочу-мекемеге жиберилет.
25. Документтерди кабыл алган аймактык бөлүмдүн кызматкери берилген документтерден оңдоолорду жана жасалма белгилерди аныктаган учурда, бир күндүк мөөнөттө аймактык бөлүмдүн жетекчисине билдирет, 2 нускада акт түзөт, бири аймактык бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жиберилет, экинчиси - аймактык бөлүмдө калат.
26. Эгерде жаран, паспорт алууга анкета-арызы менен кошо жалпы жарандык паспорт алууга анкета-арыз берсе, анда документтердин кайтарылбашы үчүн жалпы жарандык паспортту алууга кагаз түрүндө анкета-арыздын оң жагындагы жогорку бурчунда, сүрөттүн үстүнө "Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алууга арыз берилди." деген белги коюлат. Электрондук түрдөгү анкета-арызга аталган белги коюлбайт, анткени көзөмөлдөө автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
27. Анкета-арызды тариздөөдө, анкета-арызды баштапкы иштеп чыгууда жараксыздык аныкталган учурда паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшү анкета-арызды кайра иштеп чыгуу үчүн аймактык бөлүмгө кайтарып берет.
Кагаз түрүндөгү анкета-арыз бузулду деп таанылат жана аймактык бөлүмгө кайтарылат, эгерде:
- арыз ээсинин колу алкактагы белгиленген чектен чыгып кетсе;
- анкета-арыздын айрым толтурулган пункттары бул пункттардын талап кылынган мазмунуна шайкеш келбегенде (мисалы, "Жарандык" пунктунда жаңылыштык менен арыз ээсинин фамилиясы көрсөтүлсө);
- арыздын пункттары түшүнүксүз кол жазма менен толтурулса;
- ушул Нускамага ылайык арыз ээси тарабынан белгиленген өзгөчө белгилерди кошпогондо, сүрөттө бүктөлүү, тактар, даана эмес сүрөттөлүү, башка кемчиликтер болсо;
- анкета-арыздын айрым пункттары толтурулбаса (мисалы, "Жашаган жери" деген 10-пунктта көчөнүн аталышы же үйдүн номери көрсөтүлбөсө, "Кызмат адамдары" деген 18-пунктта аймактык бөлүмдүн кызматкерлеринин фамилиялары жана аты-жөнү көрсөтүлбөсө, колу коюлбаса). Маалыматтардын объективдүү болбогон учурлары кирбейт;
- жеке идентификациялык номер туура эмес жазылса же жеке идентификациялык номер башка жаранга таандык болсо же маалыматтар базасында жок болсо;
- квитанция жок болсо же болбосо төлөмдөр туура эмес төлөнсө;
- табыштаманын реестри туура эмес таризделсе;
- анкета-арызда жана төлөгөндүгү тууралуу тиркелген квитанцияларда көрсөтүлгөн арыз ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты дал келбесе;
- эгерде анкета-арыз ыйгарым укуктуу эмес кызматкер тарабынан кол коюлган жана таризделген учурда;
- аймактык бөлүмдүн кызмат адамдарынын колдорунун үлгүсү жана мөөрдүн изи дал келбесе.
Электрондук түрдөгү анкета-арызды тариздөөдө анкета-арыз жараксыз деп таанылат жана аймактык бөлүмгө кайтарылат, эгер:
- ЖИН туура эмес көрсөтүлсө;
- анкета-арыздагы жеке маалыматтар берилген документтерге ылайык келбесе;
- квитанция жок болсо же болбосо төлөмдөр туура эмес төлөнсө.
28. Жарандын жүйөлүү арызы же мамлекеттик органдардын, коомдук жана башка уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каты боюнча паспортту же жалпы жарандык паспортту берүү, паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшү тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. Бул учурда жаран же анын мыйзамдуу өкүлү өз колу менен белгиленген формада тил катты толтурат, ал паспорттун же жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү менен бирге анкета-арыз толтурулган жер боюнча аймактык бөлүмгө жиберилет.
29. Жарандын жеке жүйөлүү арызы же мамлекеттик органдардын өтүнүч каты боюнча, паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө анкета-арыз түшкөндөн кийин 3 (үч) иш күндүн ичинде шашылыш тартипте паспорт даярдалышы жана жалпы жарандык паспорт жекелештирилиши мүмкүн. Ошону менен бирге, паспортту шашылыш тартипте даярдоо зарылдыгын далилдеген документтер берилет.
Эгерде Кыргыз Республикасынан чыгуу кетип жаткан жарандын медициналык маалымкаты болгондо шашылыш дарылануусуна, катуу оорусуна же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу болсо, паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жеке арыз келип түшкөн күндөн тартып 2 (эки) иш күндүн ичинде паспорт даярдалат же жалпы жарандык паспорт жекелештирилет.
30. Толтурулган кагаз түрүндөгү анкета-арыздар жалпы жарандык паспорт жекелештирилгенден кийин, паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүндө сакталат.
31. Айырма квитанцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө жарандык паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу үчүн аймактык бөлүмгө айырма квитанция менен жеке өзү (же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен өкүл, мындайда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү № 1 форма карточкасы менен бирге аймактык бөлүмдө калат) кайрылат.
32. 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспорт үч жыл мөөнөткө таризделет.
33. Визалык беттердин аякташына байланыштуу жаранга экинчи жалпы жарандык паспорт берилиши мүмкүн.
34. Паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет. Мында мыйзамдуу өкүл өзүнүн паспортун жана өзүнүн мыйзамдуу өкүл статусун ырастоочу документин көрсөтөт.
35. Жаранга паспортту же жалпы жарандык паспортту берүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- паспорт алып жаткан адамдын паспорт даярдалган же жалпы жарандык паспорт жекелештирилген арыз ээси экенине ишенүүгө, атап айтканда: өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын атоону, аларды паспорттун же жалпы жарандык паспорттун маалыматтары менен салыштырып текшерүүгө, паспорттогу же жалпы жарандык паспорттогу сүрөттөгү беттин сүрөттөлүшүн алуучунун сырткы келбети менен салыштырып текшерүүгө;
- алуучуга паспортко же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоого. Паспортто же жалпы жарандык паспортто так эместиктер аныкталганда акт (үч нускада) түзүлөт, мында кандай так эместик кетирилгени көрсөтүлөт. Актынын бир нускасы 48 сааттын ичинде жарандын анкета-арызы менен бирге паспортту кайталап даярдоого же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө жөнөтүлөт, ал паспортту даярдоону же жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө акт түшкөн учурдан тартып 3 иш күндүн ичинде жасалат. Актынын экинчи нускасы акты түзүлгөн жерде калат, ал эми үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. Паспортту кайталап даярдоо же жалпы жарандык паспортту жекелештирүү, эгерде так эместиктерге ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан жол берилсе, ушул органдын эсебинен же так эместиктерге арыз ээси өзү жол берсе, арыз ээсинин эсебинен жүргүзүлөт;
- паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга айырма квитанцияда жеке колун коюуну алуучуга сунуштоого;
- жоголгондугу боюнча тариздөө учурларын кошпогондо, алмаштырылуучу паспортту же жалпы жарандык паспортту алып коюуга;
- жаранга паспортту же жалпы жарандык паспортту берүүгө.
36. Аймактык бөлүмдүн кызматкери паспортту же жалпы жарандык паспортту берүүдө айырма квитанцияда жаранга берилген паспорттун же жалпы жарандык паспорттун сериясын, номерин, берилген күнүн жана аймактык бөлүмдүн санариптик кодун коёт, Ушундай эле жазуулар айырма квитанцияны жоготуу боюнча арызда жазылат.
37. Эгерде жаран айырма квитанцияда көрсөтүлгөн мөөнөттө келбесе паспорт же жалпы жарандык паспорт 6 ай өткөндөн кийин 3 жылдан ашпаган мөөнөткө андан ары сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын даректик - сурап-билүү бөлүмүнө жөнөтүлөт. Аталган мөөнөт бүткөндөн кийин ээси келбеген паспорт же жалпы жарандык паспорт ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат.
38. Паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине берилгенден кийин айырма квитанция паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө эсепке алуу үчүн жиберилет.
4. Паспортту тариздөө, жеткирүү, даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү мөөнөттөрү
39. Паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү төмөнкү административдик жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
- аймактык бөлүмдө документтерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу - 3 иш күндүн ичинде;
- кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды иштеп чыгуу жана текшерүү боюнча бөлүмдө, андан кийин даярдоочу-ишканага берүү үчүн кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды иштеп чыгуу жана текшерүү - 3 иш күндүн ичинде;
- даярдоочу-ишкана паспортту даярдоону 6 иш күндүн ичинде жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү 14 иш күндүн ичинде ишке ашырат;
- даярдалган паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту иштеп чыгуу жана аймактык бөлүмгө жиберүү 3 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт;
- аймактык бөлүмдө паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту иштеп чыгуу жана берүүгө даярдоо - 1 иш күндүн ичинде.
40. Паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды, даярдалган паспортторду жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жеткирүү 4 күндүн ичинде жүргүзүлөт, кыш мезгилинде жетүүгө кыйын райондорго аталган документтерди жеткирүү - 7 күндүн ичинде.
41. Арыз берилген күн болуп бул Нускама менен каралган бардык тийиштүү таризделген документтер тапшырылган күн саналат.
42. Акы төлөө негизинде шашылыш тартипте паспортту даярдоо жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
- 8 иш күндө - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 4 иш күндө - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;
- 2 иш күндө - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Толтурулган кагаз түрүндөгү анкета-арыз акы төлөнүүчү кызматка төлөгөндүгү жөнүндө квитанция жана эки нускада толтурулган тапшырык реестри менен бирге аймактык бөлүм тарабынан паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө 1 иш күндүн ичинде - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, 6 иш саатынын ичинде - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, 4 иш саатынын ичинде "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында жиберилет.
Аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан кароого кабыл алынган жана толтурулган электрондук түрдөгү анкета-арыз 8 иш саатынын ичинде - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, 6 иш саатынын ичинде - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, 3 иш саатынын ичинде - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, толтурулган учурдан тартып ушул Нускаманын 8 жана 9-пункттарында аталган сканерленген документтердин бекитилген түстүү сүрөттөрү менен байланыш каналдары боюнча паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жиберилет.
44. Толтурулган кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды аймактык бөлүмдөрдөн паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жеткирүү 1 иш күндүн ичинде - "шашылыш", "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражаларында, 3 иш саатынын ичинде - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында жүргүзүлөт.
45. Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшү даярдоочу-ишкана аркылуу паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылат, даярдалган паспортторду жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду аймактык бөлүмгө жиберүү реестри боюнча (табыштаманын реестринин бир нускасы менен) 4 иш күндүн ичинде - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, 2 иш күндүн ичинде - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында, 10 иш саатынын ичинде - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында жиберет.
46. Акы төлөө негизинде шашылыш тартипте паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду тариздөөчү аймактык бөлүмгө даярдалган паспортторду жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду жеткирүү 1 иш күндүн ичинде - "шашылыш", "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражаларында, 3 иш саатынын ичинде - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында жүргүзүлөт.
Эгерде жаран "Адаттагыдай" мөөнөттүүлүк даражасы боюнча паспортун алууга (алмаштырууга) арыз берсе жана жарандык паспортту жана жалпы жарандык паспортту шашылыш алуу зарылдыгы пайда болсо, анда жаран жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү жана паспортту даярдоону камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө анкета-арыз түшкөн учурдан тартып 10 иш саатынын ичинде паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү акы төлөө негизинде тездете алат. Мындай учурда жаран паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө кайрылат жана төмөнкү документтерди берет:
- жарандын жеке арызын;
- шашылыш даярдоо кызматына төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- паспортту же жалпы жарандык паспортту алууга айырма квитанцияны.
Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшү өзүнчө реестр менен тариздейт, анкета-арызга өзгөртүүлөрдү киргизет, "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасын көрсөтөт жана оңдоолорду колу жана мөөр менен күбөлөндүрөт. Эгер анкета-арыз даярдоочу-ишканага жеткен болсо, анкета-арыз тапшырыктын өзүнчө реестрин тариздөө жана мөөнөттүүлук даражасын өзгөртүү үчүн паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоону камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө кайтарылат.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу, жалпы жарандык паспортторун тариздөө, жеткирүү жана берүү тартиби
47. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен же консулдук каттоодо турган жарандан жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алуу, ошондой эле жалпы жарандык паспортту берүү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде (мындан ары - чет өлкөлүк мекеме) жүргүзүлөт.
48. Чет өлкөлүк мекемелерден жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө анкета-арыз түшкөн күндөн тартып жалпы жарандык паспортту жекелештирүү жана жекелештирилген жалпы жарандык паспортту жөнөтүү мөөнөтү 20 календардык күндөн ашпайт.
49. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен же консулдук каттоодо турган жаран чет өлкөлүк мекемеде жүргөн мезгилде жалпы жарандык паспортун жоготуп алган же жараксыз болуп калган учурда Кыргыз Республикасында документтерди кабыл алууну, анкета-арыздарды толтурууну жана жалпы жарандык паспортту берүүнү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызмат департаменти жүргүзөт.
50. Чет өлкөлүк мекемелерде жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:
- № 1 форма боюнча арыз;
- электрондук түрдөгү/кагаз түрүндөгү анкета-арыз;
- 4 х 6 см өлчөмүндө, беттин так сүрөттөлүшү менен, ак фондо, түстүү 2 сүрөт/анкета-арызды тариздөө үчүн санариптик сүрөт;
- анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспорттун бланкы үчүн төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- жалпы жарандык паспортту жекелештирүүгө төлөгөндүгү тууралуу квитанция;
- мамлекеттик алым төлөгөндүгү тууралуу квитанция.
Жогоруда аталган документтерге төмөнкү учурларда документтер берилет:
жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жаткан жаран кайрылганда:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- социалдык коргоо күбөлүгү;
жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- алмаштырылууга тийиш жалпы жарандык паспорт;
- никени каттоо (бузуу) тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын өзгөрткөн учурда);
жалпы жарандык паспортту жоготкондугуна байланыштуу жалпы жарандык паспортту алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:
- социалдык коргоо күбөлүгү;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- кандай жагдайда жоголгонун баяндаган түшүнүк-арыз;
- келген өлкөнүн укук коргоо органдарынын жоголуу фактысын бышыктаган документи;
16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөөдө:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин никени каттоо (бузуу) тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин жалпы жарандык паспорттору;
- социалдык коргоо күбөлүгү.
51. Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бирөөсү чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилиши керек.
52. Жаран жаңы жалпы жарандык паспортту алганда мурдагы жалпы жарандык паспорту алып салынат. Жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алып жатканда Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту алынбайт, мында бул паспорт мукабасы менен бирге чет өлкөлүк беттерди көзөп салуу жолу аркылуу керектен чыгарылат.
53. Чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлери анкета-арыздар жана жекелештирилген жалпы жарандык паспорттор менен иштөөдө ушул Нускаманы жетекчиликке алышат.
54. "Аймактык бөлүнүш" 1-пунктунда анкета-арызды толтурууда чет өлкөлүк мекеменин санариптик коду көрсөтүлөт жана "MFA" (Ministry of Foreign Affairs) деген аббревиатура жазылат.
"Жашаган жери" 10-пунктунда Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөн, туруктуу жашап калууну ниеттенген жана Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоодон чыга элек жаран ушул Нускаманын 21-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасында жашаган жеринин дарегин көрсөтөт. Чет өлкөдө туруктуу негизде жашаган жаран иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин көрсөтөт.
Мисалы:
"Өлкө - Bundes republik Deutschland
Облус -
Район -
Шаар, айыл - 61352 Bad Homburg
Көчө - Else-Kroner-Strasse
Үй - 3
Корпус -
Батир -
Телефон - 6172 21520 (коду көрсөтүлбөйт).".
"Кызмат адамдары" 18-пунктунда жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) документтерди кабыл алган кызматкердин жана чет өлкөлүк мекеменин жетекчисинин фамилиясы жана аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлат. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздагы мөөр үчүн орунга чет өлкөлүк мекеменин белгиленген үлгүдөгү мөөрү коюлат. Мөөрдүн изи даана жана эркин окулгудай болушу керек. Электрондук түрдөгү анкета-арыз ЭСК аркылуу чет өлкөлүк мекеменин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлөт.
55. Бузулган кагаз түрүндөгү анкета-арыздар (аталган анкета-арыздын бланкына төлөгөндүгү тууралуу квитанция менен) тизме боюнча жок кылуу үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
56. Анкета-арызга киргизилген маалыматтардын жаран берген документтерге шайкештигин текшерүү үчүн чет өлкөлүк мекеменин кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
57. Эгерде жалпы жарандык паспортун жоготкондугу жөнүндө билдирген жаран аны таап алса, анда чет өлкөлүк мекеменин кызматкери жарандын каалоосу боюнча паспортту жекелештирүүнү токтотуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кабар берет же болбосо жарандын таап алган паспортун алып коёт. Эгерде жоголгон жалпы жарандык паспорт жаңы жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин табылып калса, табылган жалпы жарандык паспортту жаран чет өлкөлүк мекемеге берет, ал андан ары ыйгарым укуктуу органга жок кылуу үчүн жиберет.
58. Документтерди кабыл алуучу чет өлкөлүк мекеменин кызматкери берилген документтерде оңдоолорду жана жасалма белгилерди аныктаган учурда чет өлкөлүк мекеменин жетекчилигине бир күндүк мөөнөттө билдирет, 3 нускада акт түзөт, анын бири Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына берүү үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт, экинчи нускасы акт түзүлгөн жерде калат, үчүнчүсү - документтин ээсине берилет.
59. Жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшү жекелештирилген жалпы жарандык паспортторду тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызматкерлери аркылуу тиешелүү чет өлкөлүк мекемеге тапшырык реестринин бир нускасын тиркөө менен жиберүү реестри боюнча жөнөтөт.
60. Эгерде жаран көрсөтүлгөн мөөнөттө жалпы жарандык паспортту алганга келбесе, чет өлкөлүк мекеменин кызматкери жарандын келбей коюу себебин аныктайт же ага жазуу жүзүндө билдирме жөнөтөт. 6 ай өткөндөн кийин чет өлкөлүк мекеменин кызматкери жалпы жарандык паспортту 3 жылдан көп эмес мөөнөткө андан ары сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин талап кылынбаган жалпы жарандык паспорттор жок кылынат.
6. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын кабыл алуу-берүү тартиби. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын, паспортторду жана жалпы жарандык паспортторду эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу
61. Аймактык бөлүмдүн кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды кабыл алуучу кызматкери кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө аталган анкета-арыздардын бланктарын алууга табыштама берет. Табыштамага аймактык бөлүмдүн жетекчиси жана кызматкери кол коюшат, колдор аймактык бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
62. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын берүүгө эки нускада коштомо кагаз жазат жана кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын коштомо кагаз менен бирге аймактык бөлүмгө жиберет. Аймактык бөлүмдүн кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын кабыл алууга жооптуу кызматкери коштомо кагазда көрсөтүлгөн, алынган бланктардын номерлеринин жана санынын дал келишин текшерет, андан кийин кагаз түрүндөгү анкета-арыздарды так отчеттуулук бланктарын эсепке алуу журналына каттайт.
63. Аймактык бөлүмдүн кызматкери коштомо кагаздын бардык нускаларына өзүнүн фамилиясын жана аты-жөнүн жазат, кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрөт. Коштомо кагаздын бир нускасы аймактык бөлүмдө калат, экинчи нускасы кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө кайтарылат.
64. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарынын ашыкчасы, жетпей калганы же бузулгандары аныкталган учурда эки нускада акты түзүлөт. Актынын биринчи нускасы кемчиликтери бар же ашыкча бланктар менен кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жиберилет, экинчи нускасы аймактык бөлүмдө калат.
65. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктары, даярдалган паспорттор жана жекелештирилген жалпы жарандык паспорттор так отчеттуулук бланктары болуп саналат.
66. Так отчеттуулук бланктары атайын жабдылган бөлмөдө өзүнчө мөөр басылган күйбөс сейфтерде же күйбөс шкафтарда аталыштары, сериясы, номерлери боюнча сакталат. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктары паспорттордун бланктарынан өзүнчө сакталат.
67. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бузулган бланктары белгиленген тартипте жок кылуу үчүн, тизме боюнча коштомо кат менен паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздаган ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жиберилет.
68. Даярдалган паспорттор жана жекелештирилген жалпы жарандык паспорттор жарандарга берилгенге чейин аймактык бөлүмдө алардын сакталышын камсыздоочу өзүнчө сейфтерде сакталат.
69. Так отчеттуулук бланктарын сактоого арналган бөлмө төмөнкүдөй болууга тийиш:
- кургак жана атайын жабдылган, терезелеринде металл торчолору бар жана каалгаларында ишенимдүү кулпулары бар;
- күзөттүк-өрткө каршы сигнализация менен камсыз кылынат.
Сактоочу жайга так отчеттуулук бланктарын эсепке алууга жана сактоого жооптуу адамдар жана бланктарды эсепке алуунун жана сактоонун абалын текшерүүчү начальник гана кирүүгө укуктуу.
70. Жараксыз, суралбаган, ошондой эле алмашууга тийиш паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор аймактык бөлүм тарабынан тизме боюнча коштомо кат менен паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө жок кылуу үчүн жиберилет.
71. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылган каза болгондордун паспорттору же жалпы жарандык паспорттору айына бир жолудан кем эмес, тизме боюнча андан ары жок кылуу үчүн тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жиберилет.
72. Паспортту даярдоону жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүүнү камсыздоочу бөлүнүшкө жок кылуу үчүн жиберилген паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор жок кылынганга чейин алардын сакталышын камсыздоочу өзүнчө күйбөс сейфтерде сакталат.
73. Жараксыз, бузулган жана суралбаган паспорттор, кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бузулган бланктары, паспорттордун жана жалпы жарандык паспорттордун бланктары тиешелүү комиссиянын чечиминин негизинде өрттөө же майдалоо аркылуу жок кылынат.
74. Анкета-арыздардын бланктарын кабыл алуу-өткөрүү, чет өлкөлүк мекемелер үчүн анкета-арыздардын, паспорттордун жана жалпы жарандык паспорттордун бланктарын эсепке алуу, сактоо жана жок кылуу тартиби бул Нускаманын ушул бөлүмүндө аныкталат.
75. Кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын алуу үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызмат департаменти кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын бөлүштүрүүнү камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызмат департаментинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндө анкета-арыздардын бланктарын кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колунун үлгүлөрүн берет.
76. Жоголгон паспортту калыбына келтирүү жөнүндө көктөмөнүн, № 1 формадагы арыздын, паспорт алууга (алмаштырууга) арыздын, айырма квитанцияны жоготкондугу жөнүндө арыздын, тапшырык реестринин, жиберүү реестринин, кагаз түрүндөгү анкета-арыздардын бланктарын берүүгө коштомо кагаздын формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
7. Жоопкерчилик жана форс-мажордук жагдайлар
77. Форс-мажордук жагдайларды жана алуучу өзү келбей койгон учурларды кошпогондо, акы төлөө негизинде шашылыш тартипте таризделген паспортту же жалпы жарандык паспортту алуу мөөнөттөрү бузулган учурда жаранга же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө паспортту же жалпы жарандык паспортту жалпы тартипте тариздөөгө байланышкан чыгымдарды төлөө менен, паспортту же жалпы жарандык паспортту шашылыш тариздөө боюнча кызматка төлөнгөн акынын 100 пайызы өлчөмүндө акчалай сумма кайтарылып берилет.
78. Форс-мажордук жагдайлар деп жеңилгис күч аракети, табигый мүнөздөгү кырсыктар (өрт, жер титирөө, сел жүрүү, суу ташкыны, кар көчкүнүн түшүшү, бороон-чапкын) жана паспортту даярдоо же жалпы жарандык паспортту жекелештирүү үчүн документтерди шашылыш текшерүүнү жана жеткирүүнү, ошондой эле аны шашылыш берүүнү толук же жарым-жартылай жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген аскердик иш-аракеттер түшүнүлөт.