КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 359
Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун берүү жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Жарандык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун жолжоболоштуруу, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |