Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-декабры № 690

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускамада:

- 42-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөө кызматтары жөнүндө" токтомуна ылайык" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков