Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Карантиндик фитосанитардык эрежелер (мындан ары - Эрежелер) төмөнкүлөргө багытталган:
- Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон зыяндуу организмдердин кирүүсүнүн жана тамыр жаюусунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ болгон зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн тизмегинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагында чектелүү өлчөмдө жайылган зыяндуу организмдердин (мындан ары - карантиндик зыяндуу организмдер) жайылышынын көбөйгөндүгүнүн натыйжасында экономикалык зыяндын алдын алууга же чектөөгө;
- Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдердин алкагында өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга.
2. Төмөнкүлөр карантиндик фитосанитардык контролго алынууга тийиш:
- өсүмдүктөр, өсүмдүктөрдүн бөлүгү, анын ичинен үрөндүк жана отургузуучу материал, өсүмдүктөн алынган продукция, тара, таңгак, алардын ичинде таңгактоо материалдары, жүктөр, топурак, организмдер жана Бажы союзунун 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Бажы союзунун бажы чек арасында жана Бажы союзунун бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон карантинге алынган продукциялардын (карантинге алынган жүктөрдүн, карантинге алынган материалдардын, карантинге алынган товарлардын) тизмегине киргизилген башка материалдар (мындан ары - карантинге алынган продукция);
- ар түрдүү максаттуу багыттагы жер участоктору, имараттар, курулуштар, курулмалар, резервуарлар, кампа жайлары, жабдуулар, транспорт каражаттары, контейнерлер, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнүн жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик зыяндуу организмдердин жайылуу булагы катары чыгышы мүмкүн болгон башка объекттер (мындан ары - карантинге алынган объекттер).
2. Кыргыз Республикасынын аймагына карантинге алынган продукцияны ташып киргизүүнүн эрежелери жана тартиби
3. Ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкеш келген карантинге алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жол берилет.
4. Жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын ар бир партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык таризделген фитосанитардык сертификаттын же реэкспорттук фитосанитардык сертификаттын коштоосунда ташып келиши керек.
5. Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасынын кыргыз участогу аркылуу карантинге алынган продукцияны ташып келүү, анын ичинде транзит менен алып өтүү фитосанитардык контролдоо посттору, тиешелүү түрдө жабдылган өткөрүү пункттары жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлер аркылуу ишке ашырылат.
6. Евразия экономикалык союзунун мүчөсү болбогон мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү карантинге алынган продукциянын ар бир партиясы Бажы союзунун Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте карантиндик фитосанитардык контролдон өтүүгө тийиш.
Фитосанитардык контролдоо постторунда контролдоо иш-чараларын жүзөгө ашырууда карантинге алынган продукциянын партиясы 72 сааттан ашык убакытка кармалбайт.
7. Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү карантинге алынган продукциянын ар бир партиясы ал багытталган жерде Бажы союзунун Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте карантиндик фитосанитардык контролдон өтүүгө тийиш.
Карантинге алынган продукциянын менчик ээси өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ушул продукциянын партиясы багытталган жер жайгашкан региондогу аймактык бөлүнүшүнө төмөнкү фитосанитардык тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын партиясына транспорттук (жүк ташуу) документтерди жана жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын партиясына транспорттук (жүк ташуу) документтерди жана фитосанитардык сертификатты келген күндүн кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
Карантинге алынган продукция контролдук иш-чаралар аяктагандан кийин пайдаланылат.
8. Кыргыз Республикасынын аймагына карантинге алынган продукцияны ташып келүүдө карантиндик фитосанитардык контролдоону жүргүзүү учурунда Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу системасы колдонулат, ал белгилүү бир экспортер мамлекеттерден же экспортер мамлекеттердин тобунан киргизилип жаткан карантинге алынган продукциянын түрлөрү же категориясы үчүн контролдук иш-чараларын тандоодо жана аларды жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүндө турат.
Фитосанитардык тобокелдикти башкаруу системасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
9. Карантинге алынган жүктүн бажы документтерин тариздөө карантиндик фитосанитардык контролдоодон кийин жүргүзүлөт.
10. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары карантиндик фитосанитардык контролдоо жол-жоболорун жүргүзүүдө өсүмдүктөрдүн карантини жаатында саясатты түзүү боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен методикалык көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алышат.
11. Карантинге алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү учурунда карантиндик фитосанитардык контроль ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз негизде жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасына карантинге алынган продукцияны ташып келүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү тартиби
12. Ыйгарым укуктуу органга чет мамлекеттин бүткүл аймагында же анын бөлүгүндө, чет мамлекеттердин тобунун аймактарында карантиндик объекттердин очогу пайда болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттен же чет мамлекеттердин тобунан ташып келинүүчү карантинге алынган продукциянын партияларында карантиндик объекттер дайыма аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына карантинге алынган продукцияны ташып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилиши жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына ушул карантинге алынган продукциянын партиясы өндүрүлгөн жерден, зоналардан, чет мамлекеттин бүткүл аймагынан же чет мамлекеттердин тобунун аймагынан ташып келинүүчү карантинге алынган продукцияга карата кошумча карантиндик фитосанитардык талаптар коюлушу мүмкүн.
13. Убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө же кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө кабыл алынган чечимде мындай чектөөлөрдүн жана кошумча талаптардын колдонуу мөөнөтү, ошондой эле кабыл алынган чечимдин күчүнө кирүү мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.
14. Чечимди мөөнөтсүз мындай чечимди кабыл алуунун себептери четтетилгенге чейин кабыл алууга жол берилет.
15. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана (же) кошумча талаптарды белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу төмөнкүлөргө кабарлайт:
- чет мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча кызыкдар улуттук уюмдарын;
- Евразия экономикалык комиссиясын;
- Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча улуттук уюмдарын.
16. Ыйгарым укуктуу орган киргизилген убактылуу чектөөлөр жана белгиленген кошумча талаптар жөнүндө маалыматты Интернет тарамындагы расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу ачык пайдаланууну камсыз кылат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны ташып кетүү эрежелери жана тартиби
17. Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны ташып кетүүгө импорттоочу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык фитосанитардык же реэкспорттук фитосанитардык сертификат болгон учурда жол берилет.
18. Жогорку тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык жана реэкспорттук фитосанитардык сертификат Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерге ташып кетүүдө 30 календардык күнгө жана башка мамлекеттерге ташып кетүүдө 14 күндүк мөөнөткө берилет.
19. Ыйгарым укуктуу орган карантинге алынган продукциянын партиясы багытталган жердеги мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына бул партияларга берилген фитосанитардык жана реэкспорттук фитосанитардык сертификаттар жөнүндө маалымдайт.
Продукциянын менчик ээси Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин багытталган жер боюнча ыйгарым укуктуу органына төмөнкү фитосанитардык тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын партиясына транспорттук (жүк ташуу) документтерди жана жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын партиясына транспорттук (жүк ташуу) документтерди жана фитосанитардык сертификатты келген күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирбей берет.
20. Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны жана башка товарларды ташып кетүүдө пайдаланылуучу жыгач таңгактоочу, бекитүүчү материалдар карантинге алынган мындай продукциянын импорттоочу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкештигин билдирүүчү эл аралык үлгүдөгү атайын белги менен маркировкаланышы керек.
Маркировкалоонун тартиби, аталган белгинин формасына, аны салуунун ыкмасына коюлуучу талаптар өсүмдүктөрдүн карантини жаатында саясатты түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
21. Фитосанитардык сертификаттарды жана реэкспорттук фитосанитардык сертификаттарды берүү Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
22. Карантинге алынган продукцияны ташып кетүүдө ушул Эрежелердин жоболорунун сакталышын контролдоо Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасынын кыргыз участогундагы өткөрүү пункттарында документтерди текшерүү түрүндө бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Документтик текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- фитосанитардык же реэкспорттук фитосанитардык сертификаттын болушун текшерүү;
- карантинге алынган продукцияны Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка ташып кетүүгө тийиш болгон мөөнөттө текшерүү (фитосанитардык сертификат берилген учурдан тартып 14 күндөн ашык эмес);
- фитосанитардык сертификаттоо жол-жобосу аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан коюлган пломбанын болушун текшерүү.
Жогоруда аталган талаптар бузулгандыгы аныкталган учурда бажы органы ташып кетүүгө тыюу салуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу эрежелери жана тартиби
23. Карантиндик зыяндуу организмдер жуккан жана (же) алар менен булганган карантинге алынган продукцияны пайдаланууга чыгарууга, аны сактоого, ташууга, сатууга, үрөн (үрөндүк материал) же отургузуучу материал катары колдонууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү карантинге алынган продукцияга карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, анын ичинде аны ташып кетүү максатында өндүрүлгөн карантинге алынган продукциянын ошондой түрүнө же категориясына карата тартипте эле колдонулат.
Карантиндик объекттер жуккан жана (же) алар менен булганган карантинге алынган продукцияны сактоого, ташууга аны карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу, карантиндик объекттерди жашоого жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылган ыкмалар менен кайра иштетүү максатында гана жол берилет.
Мындай карантинге алынган продукцияны сактоо, ташуу карантиндик объекттерден таза карантинге алынган продукциядан өзүнчө ишке ашырылышы керек.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, ошондой эле ташып келинген үрөндүк жана отургузуучу материал Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууда карантиндик фитосанитардык сертификат менен коштолушу керек.
Карантиндик фитосанитардык аймактарда өндүрүлгөн карантинге алынган продукцияны пайдаланууга чыгарууга ушул зона үчүн белгиленген карантиндик фитосанитардык режимге ылайык фитосанитардык сертификаттын коштоосунда гана жол берилет.
Карантиндик сертификатты берүү Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
24. Карантинге алынган продукцияны өндүрүүдө (анын ичинде иштетүүдө), сактоодо, ташууда, сатууда, жок кылууда пайдаланылуучу карантинге алынган объекттер мамлекеттик карантиндик контролдоого жана өндүрүштүк контролдоого тийиш.
25. Карантиндик объекттердин менчик ээлери карантиндик зыяндуу организмдерди өз убагында аныктоо максатында төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өндүрүштүк карантиндик фитосанитардык контролдоону уюштурууга;
- системалык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого;
- төмөнкүлөр болууга:
- текшерүү жүргүзүү планы;
- жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоо журналы;
- карантинге алынган объекттен тандап алынган үлгүлөргө (сынамдарга) лабораториялык экспертизаларга корутунду;
- отчеттуулуктун формалары жана жол-жоболору.
Организмди текшерүүдө морфологиялык белгилер боюнча карантиндик зыяндуу организмдерге окшош заттар табылган учурда, өсүмдүктөрдүн илдеттеринин симптомдору, карантинге алынган продукциянын карантиндик зыяндуу организмдер менен бузулган белгилер аныкталган учурда үлгү (сынам) экспертиза жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын лабораториясына дароо жиберилет.
26. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- карантиндик зыяндуу организмдерди эрте аныктоо;
- карантиндик зыяндуу организмдердин биологиясын изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ болгон зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн тизмегин актуалдаштыруу;
- карантиндик фитосанитардык зоналардын чек араларын белгилөө (тактоо);
- фитосанитардык талаптарды иштеп чыгуу (тактоо);
- карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программаларын иштеп чыгуу (оңдоо);
- карантиндик фитосанитардык мониторингди камсыз кылуу.
27. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- карантиндик зыяндуу организмдерди эрте аныктоо;
- карантиндик зыяндуу организмдердин биологиясын изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ болгон зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн тизмегин актуалдаштыруу;
- карантиндик фитосанитардык зоналардын чек араларын белгилөө (тактоо);
- фитосанитардык талаптарды иштеп чыгуу (тактоо);
- карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программаларын иштеп чыгуу (оңдоо);
- карантиндик фитосанитардык мониторингди камсыз кылуу.
27. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик фитосанитардык текшерүүнүн жылдык Мамлекеттик планына ылайык карантинге алынган объекттерге карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
28. Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдүн планы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен пландалган жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө карата бекитилет.
29. Облустардын, райондордун, Бишкек жана Ош шаарларынын административдик аймактарын карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдүн Мамлекеттик пландары тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен макулдашылат.
30. Карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдүн пландарына карантиндик фитосанитардык зоналарда жүзөгө ашырылуучу карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программалары менен каралган карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдүн пландары киргизилет.
31. Пландуу карантиндик фитосанитардык изилдөөлөр Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ болгон зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн тизмесине киргизилген ар бир карантиндик зыяндуу организмдер боюнча жүргүзүлөт.
32. Карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү пландоо үчүн участокту тандоо төмөнкүлөр менен аныкталат:
- республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү менен;
- карантиндик зыяндуу организмдердин биологиясы менен;
- карантиндик зыяндуу организмдерге чалдыккан өсүмдүктөрдүн (эгилген жана жапайы өскөн) жайылышы менен;
- карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсү мүмкүн болуучу пункттары жана жайылуу жолдору менен;
- импорттолгон карантинге алынуучу продукцияны сактоо жерлери менен;
- импорттолгон үрөн жана көчөт материалы пайдаланылган участоктор менен;
- чогултулган түшүм концентрацияланган жерлер;
- пайдаланылуучу сорттор менен.
33. Пландуу карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдү жүргүзүү убактысы төмөнкүлөр менен аныкталат:
- карантиндик зыяндуу организмдердин өнүгүү цикли менен;
- карантиндик зыяндуу организмдердин жана алар менен ооруган өсүмдүктөрдүн фенологиясы менен;
- карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программаларын жүргүзүү убактысы менен.
34. Жүргүзүлгөн карантиндик фитосанитардык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынган объектиге өткөрүлгөн карантиндик фитосанитардык изилдөөнүн актысын түзөт.
35. Карантиндик фитосанитардык изилдөөлөр ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикалык көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
Карантиндик фитосанитардык изилдөөлөрдүн актыларынын формалары карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдө белгиленет.
36. Морфологиялык белгилер боюнча карантиндик зыяндуу организмдерге окшош заттар табылган учурда, өсүмдүктөрдүн ооруусунун симптомдору, карантинге алынуучу продукциянын карантиндик зыяндуу организмдер менен бузулган белгилери аныкталган учурда үлгү (сынам) экспертиза жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын лабораториясына жиберилет.
37. Лабораториялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча карантиндик зыяндуу организмдердин жуккандыгы (булгангандыгы) аныкталган учурда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы төмөнкүдөй шашылыш карантиндик фитосанитардык чараларды көрөт:
1) ар кандай карантинге алынуучу продукцияны же карантиндик объекттерди жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылуучу технологиялар пайдаланылуучу жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылуучу технологиялар пайдаланылуучу карантинге алынган объекттердин реестрине киргизилген объекттерден тышкары кандайдыр бир түрдөгү карантинге алынуучу продукцияны өндүрүүдө карантинге алынган объектти пайдаланууну убактылуу токтотуу жөнүндө көрсөтмө берет.
Бул реестрди жүргүзүү тартиби өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө саясатты түзүү боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет;
2) карантинге алынган объектти карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууга көрсөтмө берет.
Карантинге алынган объектте жайгашкан жана (же) сакталган өсүмдүктөр, карантинге алынуучу продукция менчик ээсинин тандоосу боюнча карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырылууга, карантиндик объекттерди жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылуучу ыкмалар менен зыянсыздандырылууга же жок кылынууга тийиш.
Жогоруда аталган иш-чаралар аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үлгүлөрдү (сынамдарды) тандоо жана аларды лабораториялык экспертизалоо менен кайталанган карантиндик фитосанитардык изилдөөнү жүргүзөт.
Карантиндик фитосанитардык чараларды жүзөгө ашырууга чыгымдарды, лабораториялык экспертизадан тышкары карантиндик объекттердин менчик ээлери тартат.
38. Ыйгарым укуктуу орган иштердин номенклатурасына ылайык изилдөө иш-чараларын жүргүзүү боюнча каттоо документтерин жүргүзөт.
39. Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин жыл сайын ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери менен ведомстволоруна, карантинге алынуучу продукциянын импорттоочу өлкөлөрүнүн улуттук уюмдарына жана башка эл аралык уюмдарга "Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышынын серебин" жиберет жана Интернет тармагындагы расмий сайтына жайгаштырат.
40. Жеке жана юридикалык жактардын билдирмелери боюнча карантиндик фитосанитардык изилдөөлөр акы төлөө негизде ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тиешелүү кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленет.
6. Карантиндик фитосанитардык режимди киргизүүнүн жана жоюунун тартиби
41. Карантиндик фитосанитардык режим төмөнкү учурларда киргизилет:
- карантинге алынган объектиде карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу боюнча көрүлгөн шашылыш чаралар жетишсиз болсо же карантиндик зыяндуу организмдердин жашоого жөндөмдүү түрлөрүн сактоо тобокелдиги болсо;
- шашылыш чараларды карантиндик зыяндуу организмдердин ушул түрдөгү очогу үчүн колдонууга болбогон учурда.
42. Карантиндик фитосанитардык зона карантиндик зыяндуу организмдердин очогунун чек арасындагы жер участокторунда, анын ичинде очоктун буфер зонасында алардын аянтын, жердин рельефин, жер участоктордун конфигурациясын, карантиндик зыяндуу организмдердин биологиялык өзгөчөлүктөрүн, фитосанитардык тобокелдикке жүргүзүлгөн талдоону, анын ичинде аба ырайы, суу ташкыны же башка табигый факторлор менен байланышкан табигый себептерден улам карантиндик зыяндуу организмдердин мүмкүн болуучу жайылуу коркунучун эске алуу менен белгиленет.
43. Карантиндик фитосанитардык режим киргизилген мезгилде карантиндик фитосанитардык зонанын чектеринде төмөнкүлөргө карата тыюу салынышы жана (же) чектөөлөр киргизилиши мүмкүн:
1) карантиндик зыяндуу организмдердин өнүгүшүнө жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жайылышына көмөк көрсөтүүсү мүмкүн болгон айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн жер участокторун пайдалануу;
2) өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн өстүрүү жана (же) чогултуу, карантинге алынган объекттер жуккан жана (же) алар менен булганган продукцияны пайдалануу менен айыл чарба ишин жүргүзүү;
3) карантинге алынган организмдер жуккан жана (же) алар менен булганган жайытка мал жаюу;
4) карантинге алынган организмдер жуккан жана (же) алар менен булганган транспорт каражаттарын, жабдууларды көчүрүү;
5) зыяндуу заттардын аныкталгандыгына байланыштуу карантиндик фитосанитардык режим киргизилген карантиндик зыяндуу организмдердин жуккандыгы жана (же) алар менен булгангандыгы менен мүнөздөлгөн карантинге алынуучу продукцияны карантиндик фитосанитардык зонадан карантиндик сертификаты жок ташып чыгаруу.
44. Карантиндик фитосанитардык режимди киргизүү үчүн чараларды аныктоодо ар бир карантиндик зыяндуу организмдер үчүн иштелип чыгарылуучу жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө саясатты түзүү боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү методикалык көрсөтмөлөр пайдаланылат. Мында карантиндик фитосанитардык белгиленген зонада бул чараларды камсыз кылуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү эске алынат.
45. Карантиндик фитосанитардык зонаны белгилөө жана карантиндик фитосанитардык режимди киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде төмөнкү чек аралардын алкагында:
- чарба субъектинин, чарба субъекттеринин тобунун жана калктуу конуштардын чектеринде - райондук мамлекеттик администрация тарабынан;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, райондун же бир нече райондордун чектеринде - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан;
- облустун, бир нече облустун жана Кыргыз Республикасынын чектеринде - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
46. Карантиндик фитосанитардык зонаны белгилөө жана карантиндик фитосанитардык режимди киргизүү жөнүндө чечим ал кабыл алынган учурдан тартып 24 сааттын ичинде күчүнө кирет.
47. Карантиндик фитосанитардык режимди киргизүүдө карантинге алынган объекттердин менчик ээлерине карата карантиндик фитосанитардык зонада, анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдердин жана ушул карантинге алынган объекттерди пайдалануу менен өндүрүлүүчү (анын ичинде кайра иштетилүүчү), сакталуучу, сатылуучу, жок кылынуучу карантинге алынуучу продукциянын очогунун буфер зонасында жайгашкан ушул карантинге алынган объекттерге карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу жүргүзүүнүн кошумча милдеттери белгилениши мүмкүн.
48. Карантинге алынуучу продукцияны өндүрүү (анын ичинде кайра иштетүү), сактоо, сатуу, жок кылуу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө чектөөлөрдү белгилөөгө жана (же) карантинге алынган объекттердин менчик ээлерине карата ушул Эрежелердин 14-пунктунда каралбаган кошумча милдеттерди белгилөөгө жана карантиндик объектти жоюуга жол берилбейт.
49. Ыйгарым укуктуу орган карантиндик фитосанитардык зоналардын жана аларда белгиленген режимдердин электрондук форматтагы ачык маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.
50. Карантиндик фитосанитардык режим киргизилген мезгилге карата карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программасын ишке ашыруу каралат.
51. Карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программасын даярдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан фитосанитардык тобокелдикке жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарынын, карантиндик зыяндуу организмдердин очогунун биологиялык өзгөчөлүктөрүнүн жана аны аныктоонун жагдайларынын, географиялык өзгөчөлүктөрдүн, сезондук мүнөздөгү факторлордун негизинде жүзөгө ашырылат.
52. Карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдерди жоюу программасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) карантиндик фитосанитардык зонанын чек аралары жөнүндө маалымат;
2) аныкталгандыгына байланыштуу карантиндик фитосанитардык режим киргизилген карантиндик зыяндуу организмдердин очогунун аталышы;
3) карантинге алынуучу продукцияны өндүрүү (анын ичинде кайра иштетүү), сактоо, сатуу, жок кылуу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө жана (же) көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу үчүн карантинге алынган объекттерди пайдаланган жактарга карата кошумча милдеттер белгиленген чектөөлөрдүн тизмеси;
4) карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу боюнча иш-чарлардын тизмеси;
5) карантиндик фитосанитардык зонанын чек араларында жайгашкан карантинге алынган объекттерге текшерүү жүргүзүү планы;
6) карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу критерийлери жана карантиндик фитосанитардык режимди жоюу критерийлери.
53. Карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу программасы карантиндик фитосанитардык зонаны белгилөө жана карантиндик фитосанитардык режимди киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет.
54. Карантинге алынган объекттердин менчик ээлерине ыйгарым укуктуу орган тарабынан карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу же карантиндик объекттин санын басаңдатуу жана анын андан ары жайылтылышына жол бербөө боюнча карантиндик фитосанитардык чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө көрсөтмө берилет.
55. Карантиндик фитосанитардык зонада карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана (же) карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу боюнча иш-чаралар карантинге алынган объекттин менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
56. Карантиндик фитосанитардык зона белгиленген жана (же) карантин киргизилген карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынган объекттердин менчик ээлери карантинге алынуучу продукциянын тандап алынган үлгүлөрүнө кайрадан талдоо жүргүзүү укугуна ээ.
57. Карантиндик фитосанитардык режимди жоюу жөнүндө чечим, ушул режимди киргизген орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде кабыл алынат.
Карантиндик фитосанитардык зонада карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу боюнча программа менен каралган карантиндик объектти жоюу критерийлеринин жана карантиндик фитосанитардык режимди жоюу критерийлеринин негизинде карантиндик фитосанитардык текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар менен такталат.
58. Ыйгарым укуктуу орган карантиндик фитосанитардык зонаны белгилөө жана карантиндик фитосанитардык режимди киргизүү жөнүндө мамлекеттик органдын чечими кабыл алынган учурдан тартып бир күндүк мөөнөттө карантиндик фитосанитардык зонада чарба ишин жана (же) башка ишти жүргүзгөн жарандарга, юридикалык жактарга карантиндик фитосанитардык зонанын чек аралары, коюлган талаптар, убактылуу чектөөлөр, аларды бузуу үчүн жоопкерчилик жана карантиндик фитосанитардык режимди сактоонун башка шарттары жөнүндө Интернет тармагындагы өзүнүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарына аталган маалыматты жарыялоо аркылуу кабарлайт.
59. Карантиндик фитосанитардык зоналарда белгиленген режимди карантинге алынган объекттердин менчик ээлери тарабынан сакталышы жана карантиндик фитосанитардык зонада карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу боюнча программанын ишке ашырылышы карантиндик фитосанитардык зонада карантиндик зыяндуу организмдердин очогун локалдаштыруу жана карантиндик зыяндуу организмдердин очогун жоюу боюнча программага жана карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн планына ылайык ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан көзөмөлдөнөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелеринин 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү карантинге алынган продукцияларга карата карантиндик фитосанитардык ТАЛАПТАР
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Карантиндик фитосанитардык талаптар Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсүнө жана таралышына жол бербөөгө багытталган фитосанитардык талаптарга багытталган жана алынып келүүчү карантинге алынган продукцияларга, анын ичинде анын таңгактарына карата талаптарды аныктайт.
2. Карантиндик фитосанитардык талаптар Карантинге алынган продукциянын (карантинге алынган жүктөр, карантинге алынган материалдар, карантинге алынган товарлар) тизмесине киргизилген Бажы союзунун 2013-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген (мындан ары - карантинге алынган продукция) Бажы союзунун бажы чек арасында жана Бажы союзунун бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролдоого (көзөмөлгө) алынуучу Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү карантинге алынган продукцияларга карата таралат.
3. Алынып келүүчү карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ болгон Карантиндик зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн тизмесине киргизилген карантиндик зыяндуу организмдерден таза жашоого жөндөмдүү болууга тийиш.
4. Алынып келүүчү карантинге алынган продукциянын партиясында карантиндик зыяндуу организмдер болгон учурда продукциянын менчик ээси бул партияга карата карантиндик объекттердин жашоо жөндөмдүүлүгүн ажыратууну камсыз кылган (мындан ары - кайра иштетүү) же жугушсуздандырууну камсыздоочу технологияларга ылайык кайра иштетүүнү камсыздайт.
5. Жогорку фитосанитардык коркунуч тобуна киргизилген карантинге алынган продукция фитосанитардык сертификат менен же экспорттоо (реэкспорттоо) өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органы берген карантинге алынган продукциянын фитосанитардык реэкспорттук сертификаты менен коштолууга тийиш.
2. Үрөн жана көчөт материалдарына коюлуучу карантиндик фитосанитардык талаптар
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген, Үрөн жана көчөт материалдарына карата коопсуздук талаптарында белгиленген, Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ болгон жана карантиндик эмес зыяндуу организмдерди жөнгө салуучу зыянкечтердин, ылаңдардын жана отоо чөптөрдүн тизмесине киргизилген карантиндик зыяндуу организмдерден таза үрөн жана көчөт материалдарынын партиясын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жол берилет.
Эгерде алардын жугуштуулугунун даражасы Үрөн жана көчөт материалдарына карата коопсуздуктун талаптарында белгиленген чектен ашпаса, үрөн жана көчөт материалы жөнгө салынуучу карантиндик эмес организмдерден таза деп эсептелет.
7. Кыргыз Республикасына карантинге алынган продукциянын мындай түрүнө мүнөздүү болгон карантиндик зыяндуу организмдерден эркин зоналардан жана өндүрүлгөн жерлерден үрөн жана көчөт материалын алып келүүгө жол берилет. Алар өндүрүлгөн жердин статусу коштолуучу фитосанитардык сертификатта декларацияланууга тийиш.
8. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү үрөн жана көчөт материалынын ар бир партиясы карантиндик сертификатты берүү менен экинчи жолу карантиндик фитосанитардык контролдоого алынат.
9. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу процессинде үрөн жана көчөт материалынын ар бир партиясы анын жөнгө салынуучу зыяндуу организмдер менен булгануусун жокко чыгарган шарттарда сакталууга тийиш.
10. Үрөн жана селекциялык максаттарда пайдаланылуучу картошка чыныгы үрөндөрдү, Solanum (негизинен S. tuberosum түркүмүндөгү) түрлөрүнүн жемиш тамыры, майда жемиш тамырларын (азыктуу чөйрөдө өстүрүлгөн картошканын майда өсүмдүктөрүнөн алынган жемиш тамырлары) жана майда өсүмдүктөр (Solanum spp. жемиш тамырларын түзүүчү өсүмдүктүн ткандык өсүмдүгүндөгү майда өсүмдүктөр). Жогоруда аталбаган селекциялык материал башка столонду да же жемиш тамырларын түзүүчү түрлөрдү же Solanum түркүмүнүн гибридин да камтышы мүмкүн.
11. Үрөн картошкасынын партияларында продукциянын салмагынан 1%дан ашпаган кыртыштардын болушуна жол берилет.
12. Үрөн картошкасынын партиясы жаңы тарада таңгакталууга тийиш.
13. Карала өсүмдүктөрү жана тамыр системасы жабык өсүмдүктөр карантиндик зыяндуу организмдерден таза азыктуу субстратта кармалууга тийиш.
14. Кыргыз Республикасынын аймагына тамыры кыртыштагы өсүмдүктөрдү карантиндик зыяндуу организмдерден таза деп таанылган зоналардан, жерлерден жана/же өндүрүш участокторунан алып келүүгө жол берилет. Мындай жүктүн ар бир партиясы карантиндик зыяндуу организмдердин бүткүл комплексинин кыртыш менен таралууга жөндөмдүү үлгүлөрүн милдеттүү лабораториялык экспертизаны камтыган карантиндик фитосанитардык контролдоого алынат.
15. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жемиш, мөмө, декоративдик өсүмдүктөрдүн жана жүзүмдүн (земляникадан башка) көчөт материалы жалбырактары, гүлдөрү жана жемиштери жок абалда болууга тийиш.
16. Үрөн жана көчөт материалын багажда, кол жүктөрүндө жана почта жөнөтүүлөрүндө фитосанитардык сертификатысыз алып келүүгө жол берилбейт.
17. Калифорния (Q. perniciosus) таралган зонадан жана тыт (P.pentagona) чыккан өлкөнүн аймагынан көчөт жана кыйыштыруу материалын алып келүүгө жана ишке ашырууга жугушсуздандырылгандан кийин гана уруксат берилет.
18. Импорттук үрөн жана көчөт материалдарын эгүүнү (тигүүнү) жүргүзүү карантиндик фитосанитардык изилдөөгө алынат.
3. Данга (дан, буурчак, май, тоют жана техникалык өсүмдүктөргө) жана аларды кайра иштетүү продуктуларына карата коюлуучу карантиндик фитосанитардык талаптар
19. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн дан жана аны иштетүү продуктулары андан кийин кайра иштетүү үчүн карантиндик отоо чөптөрдүн үрөндөрү бар же жок экендигине карабастан мындай үрөндөрдү жана данды жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыздоочу технологияларга ылайык кайра иштетүүгө алынат.
Данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын жашоого жөндөмдүү үрөндөр менен аны кайра иштетүү жерлеринен алып чыгууга жол берилбейт.
20. Дандын калдыктарын жана аны кайра иштетүү продуктулары үрөндү жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу технология боюнча кайра иштетүүгө, утилдештирүүгө, жок кылынууга алынат.
21. Кыргыз Республикасынын аймагына стриг (Striga sp.sp) чектелүү таралган өлкөлөрдөн данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын алып келүүгө таза зоналардан жана аларды өндүрүү жерлеринен гана жол берилет.
Мындай учурда өндүрүлгөн жеринин статусу коштолуучу фитосанитардык сертификатта декларацияланууга тийиш.
22. Эрежелердин тиркемелеринде көрсөтүлгөн капр коңузу (Trogoderma granarium) таралган өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү дан жана аны кайра иштетүү продуктулары аларда активдүү абалдагы ар кандай тирүү объекттер табылганда капр коңузунун личинкаларына каршы иштетүү режими боюнча транспорт каражатында профилактикалык жугушсуздандырууга алынат, ал эми жүргүзүүгө мүмкүн болбогондо кайра кайтарылат же жок кылынат.
Капр коңузу таралган өлкөлөрдө өндүрүлгөн угутту ал дайындалган пункттарда транспорттук каражаттан түшүрүүгө транспорттук каражаттарда толук карантиндик фитосанитардык кароо жүргүзүлгөндөн кийин гана, ал эми пайдаланууга кампаларда мындай кароонун натыйжалары боюнча гана жол берилет.
23. Буурчак өсүмдүктөрү данында жана аны кайра иштетүү продуктуларында дан илдетинин (Callosobruchus chinensis L.) тирүү экземплярлары табылган дан жугушсуздандырылат, кайра кайтарылат же жок кылынат, транспорттук каражаттар жугушсуздандырылат.
24. Өсүмдүк майларынан алынган күнжараларды жана башка катуу калдыктарды карантиндик отоо чөптөрү менен (S triga spp карантиндик объекттеринен башка) алып келүүгө алардын үрөндөрүн жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу жүргүзүлгөн ишканаларга кийин жөнөтүү шарты менен гана жол берилет.
25. Индия чычаласы таралган өлкөлөрдөн буудай данын жана аны кайра иштетүү продуктуларын алып келүүгө жана пайдаланууга жол берилбейт.
26. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын ташууга карантинге алынган продукциянын төгүлүп-чачылуусун жок кылуу чараларын камсыздоо менен жол берилет.
27. Транспорт каражаттарынын данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын түшүрүүгө катуу төшөлмөсү (бетон, асфальт) бар аянттарда гана жол берилет.
Түшүрүү аянттарынын чегинен транспорт каражаттарын чыгарууга алар толук тазаланган, анын ичинде дандан жана аны кайра иштетүү продуктуларынан анын үстүнкү жактары тазаланган шартта гана жол берилет.
28. Түшүрүүчү аянттарда жана темир жолдордо түзүлүүчү данды жана аны кайра иштетүү продуктуларынын төгүлүп-чачылуусу күн сайын тазаланууга алынат.
29. Данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын сактоо, ташуу, кайра иштетүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары, идиштер, кампа жайлары жана жабдуулар төгүлүп-чачылуулардан жана дан чарлары жана аны кайра иштетүү продуктулары тазалоого алынат.
30. Чарбалык баага ээ болбогон дан чарлары жана аны кайра иштетүү продуктулары түшүрүү, сактоо жана кайра иштетүү жерлеринде өрттөө методу менен жок кылынат. Өрттөөдөн калган материал фитосанитардык аңдарда көмүлүүгө алынат же 50 смдан кем эмес тереңдикке көмүлөт.
31. Данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын сактоо жана кайра иштетүү жүргүзүлгөн карантиндик объекттер жылына бир жылдан кем эмес фумигация методу менен профилактикалык фитосанитардык туруктуу жугушсуздандырууга алынат.
32. Азык-түлүк, тоют жана техникалык жана үрөндүк техникалык максаттарга арналган данды пайдаланууга тыюу салынат.
33. Алынып келген дан, дан буурчак, май, тоют, техникалык өсүмдүктөрдүн дандары жана аларды кайра иштетүү продуктуларын сактоону жана кайра иштетүүнү ишке ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүчө болууга тийиш:
- данды жана аны кайра иштетүү продуктуларын үрөндү жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу кайра иштетүү технологиясына;
- кайтарылган аймакка;
- катуу төшөлмөсү бар түшүрүүчү аянтчаларга;
- дандын калдыктарын жана аны кайра иштетүү продуктуларын өрттөө үчүн мештерге же жабдууларга, сметокторго же таштанды үчүн фитосанитардык аңгектерге.
4. Азык-түлүк жана техникалык максаттардагы жемиштерге, жашылчаларга жана картошкаларга коюлган карантиндик фитосанитардык талаптар
34. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жемиштер жана жашылчалар жана азык-түлүк картошкасы карантиндик зыяндуу организмдерден эркин болууга тийиш.
35. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жемиштердин жана жашылчалардын ар бир таңгагы продукциянын аталышы, ал өндүрүлгөн өлкө, экспорттоочу жана/же реэкспорттоочу жөнүндө маалыматты камтыган маркировкага ээ болууга тийиш.
36. Жемиштер жана жашылчалар мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоо жол-жобосу аякталганга чейин баштапкы таңгагында болууга тийиш.
37. Эгерде партиядан тандалып алынган жемиштердин жана жашылчалардын үлгүсүндө (үлгүлөрүндө) карантиндик зыяндуу организмдер табылса, мындай партия жугушсуздандырууга алынат же аны жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда кайра кайтарылат же жок кылынат.
38. Картошкада жана башка тамыры жемиш жана тамыры жемиштүү жашылчаларда кыртыштардын калдыктары продукциянын салмагынын 1%нан ашпоого тийиш.
39. Жемиштерди жана жашылчаларды ташууда өсүмдүк материалдарына жасалган төшөлмөлөрдү пайдаланууга жол берилбейт.
5. Гүлдөрдү кыйып алууга коюлуучу карантиндик фитосанитардык талаптар
40. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жана өндүрүлүүчү гүлдөрдү кыйып алуулар карантиндик зыяндуу организмдерден эркин болууга тийиш.
41. Гүлдөрдү кыйып алуулардын ар бир таңгагында продукциянын аты, ал өндүрүлгөн өлкө жана экспорттоочу жөнүндө маалыматты камтыган маркировка болууга тийиш.
42. Кыйылган гүлдөр карантиндик фитосанитардык контролдоо жол-жобосу аякталганга чейин баштапкы таңгагында болууга тийиш.
43. Карантиндик зыяндуу организм жуккан кыйып алынган жандуу гүлдөрдүн партиясы жугушсуздандырууга алынат же аны жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда кайра кайтарылат же жок кылынат.
44. Бир нече партиялардан турган жүктө гүлдөрдүн жугуштуу партиялары табылган учурда гүлдөрдүн жугуштуу партиялары гана жугушсуздандырууга алынат же аны жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда кайра кайтарылат же жок кылынат.
45. Алар өндүрүлгөн өлкөлөрдө хризантемаларды (Chrysanthemum, Dendranthema) өндүрүү зонасы, жери же участогу хризантема аскохитозун козгоочудан Didymella ligulicola (K.F. Baker, Dimock & Davis) von Arx жана хризантеманын Puccinia horiana P. Henn козгоочудан эркин болууга тийиш. Алар өндүрүлгөн жердин статусу коштоочу фитосанитардык сертификаттарда декларацияланууга тийиш.
46. Гүлдөрдүн 1-2-гүлдестесин кол жүктөрүндө, багажда жана почта жөнөтүүлөрүндө карантиндик контролдоонун натыйжалары боюнча фитосанитардык сертификаттын коштоосуз алып келүүгө жол берилет.
6. Токой-тактай материалдарына, таңгактоочу жыгач жана бекитүүчү материалдарга коюлуучу карантиндик фитосанитардык талаптар
47. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү токой жана тактай материалдары карантиндик зыяндуу организмдерден эркин болууга тийиш.
48. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жана алынып чыгуучу жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар, анын ичинде жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдардын ремонттолгон бөлүктөрү "Эл аралык соодада жыгач таңгактоочу материалдарды жөнгө салуу боюнча колдонмонун" № 15 фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттын талаптарына ылайык жугушсуздандырылууга жана маркаланууга тийиш.
49. Жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарга карата карантиндик фитосанитардык контролдоону ишке ашырууда фитосанитардык сертификаттарды берүү талап кылынбайт. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы көрсөтүлгөн карантинге алынган продукцияны кароону же тинтип кароону ишке ашырууда аларда эл аралык үлгүдөгү атайын маркировка белгисинин бардыгын текшерет.
50. Маркировка болбогон учурда таңгактоочу жыгач жана бекитүүчү материалды карантиндик фитосанитардык контролдоонун натыйжалары боюнча алып келүүгө жол берилет.
51. Жугушсуздандырууга, кайра кайтарууга же жок кылынууга тийиш болгон токой жана тактай материалдары таңгактоочу жыгач жана бекитүүчү материалдар алар табылган учурдан тартып тиешелүү фитосанитардык чаралар колдонулганга чейин карантиндик объекттердин таралышын жокко чыгарган шарттарда сакталышы керек.
7. Фитосанитардык коркунучу төмөн карантинге алынган продукцияларга карата фитосанитардык талаптар
52. Фитосанитардык коркунучу төмөн продукция Кыргыз Республикасынын аймагына экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификатынын коштоосуз алынып келинет.
53. Фитосанитардык коркунучу төмөн карантинге алынган продукцияга карата анын карантиндик фитосанитардык абалына тандалма карантиндик фитосанитардык мониторинг жүргүзүлөт.
54. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген карантиндик объекттин карантиндик фитосанитардык мониторингинин натыйжасында фитосанитардык коркунучу төмөн карантинге алынган продукция табылган учурда мындай продукцияга карата тиешелүү фитосанитардык чаралар көрүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү карантинге алынган продукция үчүн мүнөздүү болгон карантиндик зыяндуу организмдер
Продукция түрлөрү | Карантиндик зыяндуу организмдердин аталышы |
Жемиштер жана жашылчалар | Австралия коңулдуу червеци Icerya purchasi Mask |
Чыгыш жемиш кемирүүчүсү Grapholitha molesta Busck | |
Алмурут огневиги Numonia pyrivorella Mats | |
Инжир мом алдамчы щитовкасы Ceroplastes rusci L | |
Шабдаалы кемирүүчү Carposina niponensis Wlsghm | |
Жер ортолук деңиз тукумдук чымыны Ceratitis capitata Wied | |
Филлоксера Viteus vitifolli Fitch | |
Цитрус ак көпөлөгү Dialeurodes citri Ashm | |
Цитрус күбө жегичи Phyllocnistis citrella Stainton | |
Комсток червеци Pseudococcus comstocki Kuw | |
Алма чымыны Rhagoletis pomonella Walsh | |
Япон мом алдамчы щитовкасы Ceroplastes japonicus Green | |
Соянын рак мууну Diaporthe phaseolorum (Cke, et Ell) Sacc. var caulivora Athow et Caldwell | |
Техас тамыр жегичи Phymatotrichum omnivorum (Schear) Duggar | |
Үрөн материалы (картошкадан башка) | Капр коңузу Trogoderma granarium Ev |
Кытай дан жегичи Callosobruchus chinensis L | |
Төрт темгилдүү дан жегич Callosobruchus maculatus F | |
Пахта күбөсү Pectinophora gossypiella Saund | |
Кеңири тумшуктуу амбар жегичи Caulophilus latinasus Say | |
Жүгөрү диплодиозу Stenocarpella macrospora Sutton. (Stenocarpella maydis Sutton.) | |
Индия буудай жегичи Tilletia (Neovossia) indica Mitra | |
T расадагы жүгөрүнүн түштүк гельминтоспориозу Cochliobolus heterostrophus (Drechsler) Drechsler Raca T. (Helminthosporium) maydis Nisicado et Miyake) | |
Күн карама фомопсиси Diaporthe helianthi Munt-Cvet. et al. (Phomopsis helianthi Munt-Cvet. et al.) | |
Жүгөрүнүн бактериалуу соолуусу (вилт) Erwinia stewartii (Smith) Dye | |
Шыбак амброзиясы Ambrosia artermisiifolia L | |
Үч бөлүктүү амброзия Ambrosia trifida L | |
Көп жылдык амброзия Ambrosia psilostachya D.C | |
Көп жылдык тал Iva axillaris Pursh | |
Линия жалбырактуу паслен Solanum elaegnifolium Cav | |
Тикендүү паслен (тумшуктуу) Solanum rostratum Dun | |
Үч гүлдүү паслен Solanum triflorum L | |
Каролин паслени Solanum carolinense L | |
Стригдер (бардык түрлөрү) Striga spp | |
Майда гүлдүү ценхрус (якорцевдүү) Cenchrus pauciflorus Benth. (tribuloides L.) | |
Үрөндүк картошка | Картошка күбөсү Phthorimaea operculella Zell |
Картошка рагы Synchytrium endobioticum (Schilb.) Percival | |
Картошканын күрөң чириги Ralstonia solanacearum (Smith) Yabuuchi et al. | |
Картошканын түссүз нематоду Globodera pallida (Stone) Mulvey et Stone | |
Картошканын алтын түстүү нематоду Globodera rostochiensis (Woll) M.et St | |
Колумбия тамыр галлынын нематоду Meloidogyne chitwoodi Golden et al | |
Декоративдүү, жыгач-бадал, гүлдүү жана башка өсүмдүктөрдүн көчөт материалдары, карапа өсүмдүктөрү, кыйылган гүлдөр | Азия пахта үкүсү Spodoptera litura F abr |
Америка ак көпөлөгү Hyphantria cunea Drury | |
Америка беде минери Liriomyza trifolii Burg | |
Чыгыш жемиш кемирүүчүсү Grapholitha molesta Busck | |
Алмурут огневиги Numonia pyrivorella Mats | |
Египет пахта үкүсү Spodoptera littoralis Boisd | |
Калифорния триси Frankliniella occidentalis Perg | |
Калифорния кемирүүчүсү (көчөт материалында) Quadraspidiotus perniciosus С | |
Шабдаалы кемирүүчү Carposina niponensis Wlsghm | |
Жер ортолук деңиз тукумдуу чымыны Ceratitis capitata Wied | |
Тыт жегич (көчөт материалында) Pseudaulacaspis pentagona Targ | |
Цитрус ак көпөлөгү Dialeurodes citri Ashm | |
Комсток червеци Pseudococcus comstocki Kuw | |
Алма чымыны Rhagoletis pomonella Walsh | |
Алма златкасы Agrilus mali Mats | |
Япон коңузу Popillia japonica Newm | |
Хризантема аскахитозу Didymella chrysanthemi (Tassi) gar et Gull | |
Хризантема ак коңузу Puccinia horiana P.Henn | |
Гвоздиканын бактериалуу вилти Pseudomonas caryophylli Starr et Burkholder | |
Картошка рагы Synchytrium endobioticum (Schilb.) Percival | |
Жемиш дарактарын жегичтер Erwinia amylovora (Burrill) Winslow et al | |
Картошканын түссүз нематоду Globodera pallida (Stone) Mulvey et Stone | |
Картошканын алтын түстүү нематоду Globodera rostochiensis (Woll) M.et St | |
Колумбия галлынын тамыр нематоду Meloidogyne chitwoodi Golden et al | |
Кызыл карагай сөңгөктүү нематоду Bursaphelenchus xylophilus (Steiner et Buhrer) Nickle | |
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдары | Америка ак көпөлөгү Hyphantria cunea Drury |
Чыгыш жемиш кемирүүчүсү Grapholitha molesta Busck | |
Алмурут огневиги Numonia pyrivorella Mats | |
Калифорния кемирүүчү (көчөт материалында) Quadraspidiotus perniciosus С | |
Шабдаалы кемирүүчү Carposina niponensis Wlsghm | |
Тыт жегич (на посадочном материале) Pseudaulacaspis pentagona Targ | |
Филлоксера Viteus vitifolli Fitch | |
Цитрус ак көпөлөгү Dialeurodes citri Ashm | |
Комсток червеци Pseudococcus comstocki Kuw | |
Алма златкасы Agrilus mali Mats | |
Мөмө дарак күйдүргүсү Erwinia amylovora (Burrill) Winslow et al | |
Картошканын түссүз нематоду Globodera pallida (Stone) Mulvey et Stone | |
Картошканын алтын түстүү нематоду Globodera rostochiensis (Woll) M.et St | |
Дан жана аларды кайра иштетүү продуктулары | Жүгөрүнүн батыш коңузу Diabrotica virgifera le Conte |
Капр коңузу Trogoderma granarium Ev | |
Кытай дан жегичи Callosobruchus chinensis L | |
Төрт темгилдүү дан жегич Callosobruchus maculatus F | |
Кеңири тумшуктуу амбар жегичи Caulophilus latinasus Say | |
Жүгөрү диплодиозу Stenocarpella macrospora Sutton (Stenocarpella maydis Sutton.) | |
Индия буудай жегичи Tilletia (Neovossia) indica Mitra | |
Жүгөрү жалбырагынын темгили Cochliobolus carbonum R.R.Nelson (helminthosporium carbonum) | |
T расадагы жүгөрүнүн түштүк гельминтоспориозу Cochliobolus heterostrophus (Drechsler) Drechsler Raca T. (Helminthosporium) maydis Nisicado et Miyake) | |
Күн карама фомопсиси Diaporthe helianthi Munt-Cvet et al. (Phomopsis helianthi Munt-Cvet. et al.) | |
Күрүчтүн бактериалуу күйдүргүчү Xanthomonas oryzae pv. oryzae (Ishiyama) Swings et al | |
Күрүчтүн бактериалуу темгилдери Xanthomonas oryzae pv. oryzicola (Fang. et al.) Swings et al | |
Жүгөрүнүн бактериалуу соолуусу (вилт) Erwinia stewartii (Smith) Dye | |
Буудайдын сары шилекей бактериясы Corynebacterium tritici (Hutchinson) (Clavibacter tritici (Carlson & Vidaver)) | |
Шыбак амброзиясы Ambrosia artemisiifolia L | |
Үч бөлүктүү амброзия Ambrosia trifida L | |
Көп жылдык амброзия Ambrosia psilostachya D.C | |
Көп жылдык тал Iva axillaris Pursh | |
Линия жалбырактуу паслен Solanum elaegnifolium Cav | |
Тикендүү паслен (тумшуктуу) Solanum rostratum Dun | |
Үч гүлдүү паслен Solanum triflorum L | |
Каролин паслени Solanum carolinense L | |
Калифорния күн карамасы Helianthus californicus D.C | |
Кирпиктүү күн карама Helianthus ciliaris D.C | |
Стригдер (бардык түрлөрү) Striga sp. sp | |
Майда гүлдүү ценхрус (якорцевдүү) Cenchrus pauciflorus Benth (tribuloides L.) | |
Токой жана токой тилүү материалдары | Кызыл карагай сөңгөктүү нематоду Bursaphelenchus xylophilus (Steiner et Buhrer) Nickle |
Монохамус түрүнүн бардык түрү Monochamus spp | |
Жыгач таңгактагы жана бекемдөөчү материалдар | Капр коңузу Trogoderma granarium Ev |
Кызыл карагай сөңгөктүү нематоду Bursaphelenchus xylophilus (Steiner et Buhrer) Nickle | |
Монохамус түрүнүн бардык түрү Monochamus spp |
|
| Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелеринин 2-тиркемеси |
Фитосанитардык жана реэкспорттук фитосанитардык сертификаттарды тариздөөгө карата ТАЛАПТАР
1. Сертификаттардын бланктары 1951-жылдын 6-декабрындагы Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенция сунуштаган үлгүгө ылайык келүүгө тийиш.
2. Фитосанитардык коркунучу жогорку карантинге алынуучу продукциянын алынып келген партиясынын сертификаттарын толтуруу эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, кыргыз же орус тилинде жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Сертификаттын мазмуну бланктын формасына ылайык келүүгө жана коммерциялык, транспорттук (ташуучу) документтерде көрсөтүлгөн маалыматка ылайык келүүгө тийиш.
4. Сертификатта көрсөтүлгөн карантинге алынуучу продукциянын саны анын иш жүзүндөгү санынан он жана андан ашуун пайыздан ашпоого тийиш.
5. Сертификаттагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор аны берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
6. Реэкспорттук фитосанитардык сертификат карантинге алынуучу продукция чыгарган өлкөнүн фитосанитардык сертификатынын түп нускасы же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен коштолууга тийиш.
7. Эгерде реэкспорттолуучу карантинге алынуучу продукция реэкспорт өлкөсүндө бөлүктөргө бөлүнгөн учурда ар бир бөлүк өзүнчө реэкспорттук фитосанитардык сертификат жана чыгарылган өлкөнүн фитосанитардык түп нускасы же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен коштолууга тийиш.
8. Эгерде реэкспорттолуучу карантинге алынуучу продукциянын партиясы жугуштуу ооруга же жөнгө салынуучу зыяндуу организмдер менен булганууга дуушар болуп, өзүнүн бүтүндүгүн же түп нускалуулугун жоготсо же кайра иштетилсе реэкспорт өлкөсүнүн фитосанитардык сертификаты менен коштолууга тийиш, анда карантинге алынуучу продукциянын бул партиясы чыгарылган өлкө көрсөтүлүүгө тийиш.